Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ноокат – келечеги кең, бирок көйгөйлөрү да аз эмес шаар

2025-03-03 / Абалың кандай, район?
Ноокат – келечеги кең, бирок көйгөйлөрү да аз эмес шаар

Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлк департаментинин директору ДАНИЯР уулу Мансур – жаш жана дымагы күчтүү адам. Ал шаардын өнүгүү процесстерин башкарууга даяр экендигин баамдаганда, бул кызматка талапкерлигин өзү көрсөткөн. КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын бүтүрүүчүсү жумушчу топтун жана Координациялык кеңештин мүчөсү болуп, 2024-2026-жылдарга Ноокат районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) даярдоого катышкан. Ал шаардын келечеги кандай элестетээрин жана эмне үчүн жаштардын муктаждыктарына өзгөчө көңүл буруш керектигин айтып берди.

– Программаны даярдоо процесси кандай өттү, бул документ мурункусунан эмнеси менен айырмаланат? 

– Мурда райондук социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары болгон эмес. Үч жылдык СЭӨП айылдык аймактардын деңгээлинде болуп, Бюджеттик кодекстин талаптарына ылайык түзүлүп келген. Чынын айтканда, алар күтүлгөн жыйынтыктарды бере алган жок, себеби башкы документ СЭӨП эмес, бюджет болчу. Ал эми райондук деңгээлде бюджеттер да, СЭӨП да болгон эмес жана райондук мамлекеттик администрациянын өнүгүүдөгү ролу так аныкталган эмес.

Өнүктүрүү программалары каражаттарды “сиңирип” эле албастан, салынган ресурстарды актай алган процесстерге түрткү болуп бергени өтө маанилүү. Бул маанисинен алып караганда, райондук программалар узак мөөнөттүү өнүгүүгө багытталгандыктан артыкчылыктарга ээ.

СЭӨП даярдалган форма аткаруу үчүн да, иш-чараларга мониторинг жүргүзүү үчүн да ыңгайлуу. Бул иш-аракеттердин статусун баалоого, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет. Мисалы, байкоолордун жыйынтыгы боюнча натыйжасыз механизмдердин ордуна ийгиликтүү механизмдер келет.

– Жеке сиз өзүңүз райондун программасына кандай сунуштарды киргиздиңиз?

– Мен Ноокатты туристтик хаб кылуу идеясын сунуштадым. Шаардын өзүндө тарыхый-маданий объектилердин жоктугуна карабастан, райондо табигый кооз жерлер – Абшыр-Ата шаркыратмасы, Кыргыз-Ата паркы, Сахаба эс алуу зонасы орун алган. Ноокаттан келген туристтер сапарларды пландаштырып, гиддерди жалдап, керектүү маалыматтарды ала алышмак. Ушул тапта мындай артыкчылыктарды Ош шаары алууда, ал аркылуу коноктор биздин туробъектилерге келип жатышат. Биз дайыма маанилүү бир нерсени өткөрүп жиберип жаткандай эле сезиле берчү.

Албетте, башында туристтер бара турган облустук шаар менен атаандашуу кыйынга турат. Бирок биз, жергиликтүү тургундар, менталитетти, салттарды, пейзажды жакшы билебиз, бөлүшкүбүз келген маалыматыбыз да көп, келген адамды сөзсүз таң калтыра алабыз жана убакыттын өтүшү менен бул жерде меймандостук индустриясын уюштура алабыз.

Менин сунушум Координациялык кеңеште талкууланып, колдоого алынды. Азыр биз зоналарды, каттамдарды, логистиканы сүрөттөгөн туристтик картаны даярдап жатабыз. Ошол эле учурда кандай объектилерди куруу керектигине талдоо жасалууда. Ноокат районунда бир дагы мейманкана жок, ошол себептен биринчи кезекте ушундан башташыбыз керектиги талашсыз. Бизнес бул идеяны ишке ашырышы үчүн ишкерлерди тартып, айылдын аймактары жана өнүктүрүү фонддору менен кызматташып келатабыз.

Абшыр-Ата – Ноокат районундагы эң белгилүү жаратылышы ажайып бир жер. Бул Ош шаарынан 70 чакырымдай алыстыкта жайгашкан жана биринчи кезекте андагы өзгөчө шаркыратмасы менен белгилүү болгон капчыгай. Шаркыратма аскадан “суурулуп” чыккандай. Суу асканын тешигинен чыгып, тоонун ичинен чыккандай таасир калтырат. Капчыгай бийик аскалар менен курчалган. Шаркыратманын жанында минералдык булак бар, анын суусу дарылык касиетке ээ деп эсептелет.

Бул жер кыргызстандыктар үчүн ыйык деп саналат. Уламыштарга караганда, бул жердеги суу тазалоочу касиетке ээ жана көптөгөн адамдар бул жакка жуунуп же суу алып кетүү үчүн келишет.

Абшыр-Ата бир гана Кыргызстандан эмес, чет өлкөлөрдөн да туристтерди өзүнө тартып турат. Бул жерде көздүн жоосун алган сүрөттөрдү тартып, шаардын ызы-чуусунан мээни сергитүүгө болот. Бул жердеги пейзаждар ушунчалык кооз болгондуктан, Кыргызстандын жаратылыш кереметтеринин бири деп аталат.

– Сиз жетектеген ведомство СЭӨПнын аткарылышына кандай таасир эте алат? 

– Биздин департамент шаардын турмуш-тиричилигин жүргүзүү үчүн шаардын менчигиндеги муниципалдык мүлктү башкарат. 

Департамент 2011-жылы Ноокат шаарга айланганда түзүлгөн. Буга чейин мындай структура болгон эмес, бирок 2019-жылга чейин бөлүмдүн иши түзүлүп отуруп, 2019-жылдан кийин сапаттуу секирик жасалган, анын ичинде эл аралык өнүктү-рүү долбоорунун колдоосу менен департаменттин ченемдик укуктук базасын олуттуу жакшыртууга, бардык зарыл документтерди, жоболорду иштеп чыгууга мүмкүн болгон1. Мүлктү башкаруунун экономикалык натыйжалуулугу мэриянын жалпы натыйжалуулугуна олуттуу таасир этээри түшүнүктүү болду, себеби кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сабаттуу башкаруу СЭӨПда каралган иш-чараларды аткаруу үчүн шарттарды түзөт. Коомдук транспорт, жарыктандыруу, таштандыларды чогултуу жана утилдештирүү, таза сууга жеткиликтүүлүк – бул кызмат көрсөтүүлөр да департаменттин катышуусу менен уюштурулат.

Шаар бүтүндөй райондун өнүгүүсүнө таасирин тийгизет, себеби бул жерде негизги социалдык объектилер, бизнес, административдик имараттар, базарлар, дүкөндөр жайгашкан. Азыр, мисалы, буга чейин жеке колго өтүп кеткен автобекетти муниципалитеттин менчигине кайтарууга жетиштик. Бул транспорттук каттамдарды иретке келтирип, шаар тургундары жана райондун тургундары үчүн ыңгайлуулуктарды түзүү үчүн керек.

Өткөн жылы селдин натыйжасында өкмөттүн көрсөтмөсү менен атайын комиссия түзүлүп, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, шаардын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар кирип, мындай өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин кайталанышын алдын алуу боюнча иштерди жасашкан. Комиссиянын ишинин жүрүшүндө мыйзамсыз коммерциялык курулуштар аныкталып, аларды бизнес өкүлдөрү өз ыктыяры менен алып чыгышкан. Бирок, натыйжада кредит төлөгөн, балдары бар аялдар кирешеден куру калышты. Бизнеси токтотулган ишкерлердин кийинки тагдыры ойлонуштурулган эмес. Мисалы, Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги ишкерлер жаңы рынокко көчүрүлүп, бизнести улантууга шарт түзүлүүдө. Бизде өзгөчө кырдаалдардан жапа чеккен ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бош жерлердин жоктугунан улам мындай демилгелер дээрлик ишке ашпай жатат.

Ноокат районунун Мирмахмудов айылдык аймагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жаңы базар курулуп жатат, бирок ал жакта жерлер сатылат, мындай көрүнүш жабыр тарткан ишкерлер үчүн бул жерлерди жеткиликсиз кылууда. Шаарда соода жүргүзүү үчүн бош орундар жок, бирок райондордо аларды табууга болот.

Мындан тышкары, шаарда бош жердин жоктугунан улам негизги инфраструктуралык маселелерди чечүү бир топ кыйын болуп жатат. Мисалы, канализация системасын орнотуу үчүн биз коңшу айылдык аймактан жерлерди ижарага алуу вариантын карап чыгууга мажбурбуз. Ушундай эле көйгөй көп кабаттуу үйлөрдү куруу долбоорлорунда да болуп жатат. Мамлекеттик ипотекалык компания өз демилгелерин ишке ашыра баштоого даяр, бирок жер тилкелеринин жоктугу бул процессти токтотуп жатат.

Көк-Жар жана Он-Эки-Бел сыяктуу коңшу айылдык аймактар административдик-аймактык реформанын алкагында биригип, ушунун эсебинен аларда кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Ноокат шаарынын өзү, тилекке каршы, бул реформадан сырткары калып, көп жылдык көйгөйлөр актуалдуу бойдон кала берүүдө.

Ошондой эле мен шаардын калкынын саны 50 миң адамга жетсе, ал экономикалык жактан кыйла туруктуу болуп калат деген теорияны карманам. Учурда Ноокатта 15 миңге жакын адам жашайт. Биз жөн гана экономикалык туруктуулукка жетүү үчүн шаардын аймагын кеңейтүүнүн варианттарын карап чыгышыбыз керек.

Анын үстүнө Ноокаттын 2022-жылдан 2040-жылга өнүгүүнүн башкы планы бар, анда коңшу айылдык аймактарды шаардын курамына киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган. 

– Ноокат шаар статусун мындан 20 жыл мурун алган, бул жылдар аралыгында элдин жашоо жана өнүгүү шарттарын канчалык урбанизациялоо мүмкүн болду? 

– Ноокат шаар статусун 2003-жылы алган жана биз шаар жандана түшкөнүн ошол заматта эле байкаганбыз. Муну бул жакка көп келе баштаган журналисттер да байкай баштаган. Бишкек-Ош-Баткен жолун реконструкциялоо жагымдуу таасирин тийгизди. Жолдун боюндагы объекттерге жаңы талаптар коюлду: кафелер, коммерциялык мекемелер эми белгилүү бир дизайнга шайкеш келиши керек, өзгөчө шаарда жарыктандыруу жакшыртылууга тийиш. Эгерде бул “жогору жакта” көтөрүлгөн демилге болбогондо, мындай өзгөрүүлөр орун алмак эместиги талашсыз. Биз өзгөрө баштадык, себеби стандарттар жана талаптар пайда болду. Мындай түрткү болбосо, биз мурдагы абалыбызда дагы канча жашай бермектигибиз белгисиз.

Ноокат административдик борбор катары жалпы райондун өнүгүшүнө кандай таасир этери жана мен үчүн шаарыбыз статуска шайкеш келгени абдан маанилүү. Ноокат – бул эл бир гана соода менен алек болгон базар эмес. Шаардын жүзү, өнүгүү жана эс алуу жайлары болушу керек. Китепканалар, маданий борборлор, жаштар аянтчалары болбосо, шаар өз милдетин аткарбайт.

– Ал эми жаштардын шаардын жашоосуна жана СЭӨПны аткарууга катышуусун кандай баалайт элеңиз? Себеби, бул калктын ар кандай топторунун пикирин эске алган инклюзивдүү программа эмеспи. 

– Жетекчи болгондон кийин Ноокатта жаштар шаардын активинде дээрлик жок экенин байкадым. Кыргызстандын башка облустарына тажрыйба алмашуу сапарлары менен барып калганда ал жактагы жаштар канчалык жигердүү болгонун көрүп жүрөм. Жаштар чечим кабыл алуу процессине катышса, бул адаттан тыш көрүнүш деп эсептелбейт экен – алар өз идеяларын жеткирген, коомдун бир бөлүгү катары кабыл алынат. Бизде болсо кырдаал башкача, улуу жана кичүү деген белгиленген иерархия бар. Жаш адам өз тармагында мыкты адис болсо дагы, аксакалдар сүйлөп жатканда үн катпай отурууга аргасыз болот. Ага “акылдуу көрүнбөш үчүн” билимин көрсөтүп, демилгени көтөрүп чыгуу оңой болбойт.

“Келечек жаштардын колунда” дешет. Келечек кандай болорун алдын ала божомолдоп айтуу мүмкүн эмес, бирок бир нерсе анык: биз жаш муундун кызыгуусун жана мотивациясын ойготуунун үстүнөн иштөөгө милдеттүүбүз. Ушундай жол менен гана биз аларга коомдун жигердүү катышуучулары болууга мүмкүнчүлүк бере алабыз.

Менин демилгем менен Ноокатта жаштар борборунун курулушу башталды. Координациялык кеңештин мүчөсү катары мен жаштардын катышуусу менен чогулуш өткөрүүнү сунуштадым. Бул чогулушта Ноокаттын жашоочулары жаштар жолугушуп, бош убактысын өткөрө ала турган жердин жоктугун артыкчылыктуу көйгөй катары аныкташты. Бул көйгөйдү чечүү тапшырмасы СЭӨПга киргизилип, жаштар борборун курууга каражат чогултуу иштери башталды. Мэрия 1 миллион сом, ал эми БУУӨП 10 миллион сом бөлүп беришкен. Борбор улуттук стилде жасалгаланып, боз үй формасындагы башкы имарат, конференциялар жана жолугушуулар үчүн корпус, ошондой эле жаштар комитетинин кеңсеси болот. Борборду 2025-жылдын 1-май күнү пайдаланууга берүү пландалып жатат. Эгерде биз шаардын жаштарын мобилизациялай алсак, бул райондордун жигиттерин да тартат деп ойлойм.

Ноокатта студенттердин жамаатын калыптандырган жана жаш тургундардын жигердүүлүгүнө көмөктөшкөн жогорку окуу жайлар жок. Жаштарды чечимдерди кабыл алуу процессине натыйжалуу тартуу үчүн жаш жарандарда зарыл болгон минималдуу билим деңгээли, кенен дүйнө таанымы болгону маанилүү, ошондо атаандаштык, алдыга максаттарды коё билүү жана аларга жетүү каалоосу пайда болот. Бирок Ноокатта жаш активисттер жок эмес. Мисалы, мамлекеттик органдар үчүн сайттарды жасап берген  балдарды таба алдык. Биз аларды мамлекеттик администрациянын сайтын түзүүгө тарттык, аким өзү да веб-иштеп чыгуучулар менен жолугушту. Алар да шаардын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканына жетине албай турушту. Жалпысынан алганда “айти балдарды” коомдук ишке көбүрөөк тарткыбыз келет, тактап айтканда, акыркы эки жылдан бери Ноокатта “Коопсуз шаар” деп аталган республикалык долбоорду киргизүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. 

– Жогоруда сиз айткан жаш куракка байланышкан иерархияны эске алганда, директорлукка кантип келип калдыңыз? Сиз кыйла жаш жетекчисиз да.

– Мен өз каалоом менен директор болдум. Мурунку жетекчи кызматтан кеткенде өзүнүн талапкерлигин мага сунуштаган. Буга чейин шаардык мэриянын аппарат жетекчиси, ошондой эле жаштар бөлүмүндө эмгектенип, өзүмдү чыгармачылык жол менен таанытып, жакшы тажрыйба топтой алган болчумун. 

Мен Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча бакалаврды, Бишкектеги КР Президентине караштуу Башкаруу академиясында ушул эле адистик боюнча магистратураны бүтүргөм. Бул адистикти жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча тандап алгам, себеби бюджеттик квота каралган болчу, бирок буга чейин аскер кызматкери же юрист болгум келчү. Иштин өзгөчөлүгү менен кенен таанышып чыгып, кесипти баамдап, туура тандаганыма көзүм жетти.

– Бардык пландарыңыз аткарылып, ишиңиз илгери болсун!

______________ 

1 Тектеш макалалар: “Муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестри шаардын мүлкүн башкарууга байланыштуу чыгымдарды түшүнүүгө жана жергиликтүү бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө кантип жардам берет”, “Ноокат шаары муниципалдык башкаруунун жаңы, кыйла натыйжалуу ыкмаларына үйрөндү”, журналдын 2021-жылдагы май айындагы чыгарылышы, http://www.municipalitet.kg/ky/archive/full/198.html

 

Окшош материалы: