Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Координациялык кеңеш – Ноокат районунун экономикасын жана коомун өнүктүрүүнүн маанилүү ресурсу
Абдували ХУДАЙБЕРДИЕВ, Ноокат районунун Координациялык кеңешинин төрагасынын жарандык коом тараптан орун басары
Көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө сөз болгондо, көпчүлүк адамдар биринчи кезекте акча жөнүндө ойлонушат. Бирок акча дайыма эле универсалдуу жооп боло бербейт экен. Биздин тажрыйбабыз көрсөткөндөй, адам ресурстарын жана иштеп келаткан инфраструктураны тартуу адатта натыйжалуу болот. Дал ушинтип биз райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) даярдоо боюнча ишти баштадык.
АКЧА БААРЫН ЭЛЕ ЧЕЧЕ БЕРБЕЙТ...
Көптөр акча ресурсун универсалдуу чечим деп эсептеп, ошондон баштаганды туура көрүшөт. Бирок, акча дайыма эле мүмкүн болушунча натыйжа бере бербейт. Мисалы, элет жергесинде үйүн сатып, насыя алып, көчүп кетсе да, көйгөйлөрү чечилбей калган учурлар жок эмес. Эмне үчүн мындай болот? Себеби акча көйгөйдүн өзөгүн чече албайт.
Бардык тапшырмаларды үч өңүттөн кароону сунуштайбыз. Биринчиси – адам ресурсу. Адамдар – өзгөрүүлөрдүн негизги күчү. Мисалы: мен макаланы жарыялоо үчүн журналистти издегенде, алгач бюджетке эмес, кесиптик байланыштарга таянам.
Экинчиси – табигый же материалдык ресурс. Айылга мектеп же бала бакча куруш керек дейли. Жаңы имаратты куруунун ордуна, кароосуз калган имаратты ремонттоп чыгуу мүмкүнчүлүгүн караштырса болот. Эгерде инфраструктурасы дурус болсо, бул жаратылыш жана материалдык ресурстарды пайдалануу менен көйгөйдү тезирээк жана арзаныраак чечет.
Финансылык ресурс – бул акыркы этап. Эгерде калган ресурстар буга чейин тартылган болсо, аларды колдонуу кыйла маңыздуу жол болуп саналат. Биз СЭӨПны даярдоодо дал ушундай ыкманы колдондук.
КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШ НЕГИЗГИ РЕСУРС КАТАРЫ
Мунун баары Координациялык кеңешти түзүүдөн башталды. Конкурстун негизинде биз 62 талапкердин ичинен 21 катышуучуну тандап алдык, бул районду өнүктүрүүнү пландоого катышууга кызыгууну чагылдырган атаандаштыктын жогорку деңгээлинен кабар берет. Ар бир катышуучу – райондун өнүгүүсүнө чын дили менен кызыкдар болгон ыктыярчы. Курамы катуу критерийлер боюнча түзүлдү: 30% – ишкерлер, 30% – мамкызматчылар, 30% – өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү. Конкурстук тандоо элди шыктандырды: жеңишке жетүү жөнүндө ой жоопкерчиликти жогорулатып, катышууга түрттү.
Биз башынан эле адам ресурстарын ишке киргиздик. 2022-жылдын аягында Кеңештин курамы бекитилгенден кийин СЭӨПнын үстүнөн иштер башталды. Кеңештин мүчөлөрү айыл аймактарына барып, фокус-топторду өткөрүп, айылдарда кандай көйгөйлөр жана аларды чечүү булактары бар экендигин, кандай ишканаларды ачса болорун, элди эмнеге үйрөтүү керектигин изилдеп чыгышты.
Чогултулган маалыматтар СЭӨПнын өзөгүн түздү. Кеңештин ар бир мүчөсүнүн өз ролу болду: ишкерлер коммерциялык маселелерди талдап чыгышты; мугалимдер билим берүүдөгү көйгөйлөргө назарды бурушту; жаштар өз мууну үчүн чечимдерди сунушташты; мамлекеттик кызматчылар өз компетенциясындагы көйгөйлөрдү аныктап чыгышты. Командада иштөө райондун көйгөйлөрүндөгү ар кандай өңүттөрдү эсепке алууга жардам берди.
Бүгүнкү күндө Кеңеште 17 адам калды. Биз жигердүү катыша албагандарды чыгарып, Кеңештин курамын кайрадан карап чыктык. Кеңештин ар бир мүчөсү – бул ыктыярдуу негизде иштеген патриот. Райондун өнүгүүсү дал ушул адамдардын салымы менен мүмкүн болууда.
Кеңештин иши акча биринчи орунда эмес, колдоочу ресурс болуп калганда гана натыйжалуу өнүгүү мүмкүн экенин көрсөттү. Адамдын күч-аракети, сабаттуу пландаштыруу жана колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү талдоо чыныгы жыйынтыктарга жетишүүгө жол ачат.
АР ТАРАПТУУ КӨЗӨМӨЛ
2024-жылы маанилүү сапаттык өзгөрүү болду: Координациялык кеңештин жыйынында СЭӨПнын ишке ашырылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары, көрсөткүчтөргө жетишүүдөгү жылыш жөнүндө маалымат каралат жана СЭӨПдагы иш-чаралар планындагы аткарылган жана аткарылбай калган пункттары белгиленет. Буга чейин мындай документтер кагазда эле калып, талданбай келген.
Кеңештин мүчөлөрү ар бир жыйында СЭӨПны ишке ашыруунун учурдагы статусу жөнүндө отчет берип турушат. Келечекте СЭӨПнын электрондук версиялары жылышты үзгүлтүксүз текшерип турууга мүмкүндүк берет. Ведомстволор отчетторду көрүп турушат: пайыздар менен, пункттар боюнча, эмнелер жасалды, ал эми эмнелери кала берди. Ошол эле маалда Программа жаңыртылса болот, бирок буга чейин кошулган пункттар өзгөрүүсүз бойдон калат, бул туруктуулукту жана ырааттуулукту камсыз кылат.
Аткарылган жана аткарылбаган пункттар белгиленип, бул программанын аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
КАРЖЫЛОО
Мамлекет СЭӨПны аткарууга райондук өнүктүрүү фонддору жана дем берүүчү гранттар аркылуу акча бөлүп келет. СЭӨПга кошулбаган долбоорлор колдоого алынбашы маанилүү. Финансы министрлиги долбоорлордун программага шайкештигин текшериши керек. Бул республикалык бюджеттен инвестицияларды бөлүштүрүүгө кыйла системалуу, даректүү мүнөз берет. Мен гранттык комитеттин мүчөсү катары долбоорлорду баалоого катышып келем. Биз алардын максатка ылайыктуулугун жана учурдагы милдеттерге шайкештигин карап чыгабыз.
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Айтматов районунун СЭӨПсы: айыл чарбасындагы ишкерликти колдоо
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы Кыргызстандагы региондорду өнүктүрүүнү башкарууда жаңы методдорду киргизүүгө көмөк көрсөтөт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсы эки эсе өсүштү убада кылып жатат