Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Ноокат районунун СЭӨПсын аткаруу – инвестиция үч эсе өсүп, миңге жакын жаңы жумуш орун пайда болду
Ноокат району 2022-жылдан бери “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” (EGED) программасы ишке ашырылып жаткан Ош облусундагы жалгыз пилоттук район болуп калды.
EGED – бул Борбордук Азияга техникалык көмөк көрсөтүү боюнча Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган беш жылдык программа. Программа Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда жүзөгө ашырылып, экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Кыргызстанда аны “Өнүктүрүү саясат институту” Коомдук бирикмеси ишке ашырууда.
Ноокат районунда Координациялык кеңеш1 – түзүлгөн, бул – консультативдик-кеңеш берүүчү орган, ал 2024-2026-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (мындан ары – СЭӨП) даярдоого катышкан. Кеңеш райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, ишкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомдук уюмдардын, анын ичинде жаштар жана аялдар уюмдарынын өкүлдөрү биргелешип райондун башкы документин иштеп чыккан аянтчага айланды. Программа калктын бардык топторунун кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эске алуу менен районду комплекстүү өнүктүрүү максатын көздөйт.
Координациялык кеңеш 2022-жылдын 6-октябрында түзүлгөн. Башында анын 21 мүчөсү болсо, азыр ал сан 17ге түштү. Координациялык кеңеш өз жыйындарында программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты карайт; мазмуну жана көрсөткүчтөрү боюнча сунуштамаларды берет, максаттуу багыттарга жетишүүнү көзөмөлдөп, баалайт.
2024-жылдын 19-декабрында Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйында аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү негизги маселелердин бири болду. Ошондой эле жыйындын катышуучулары туризмдин келечегине токтолушту: туристтик инфраструктураны жакшыртып, райондун кайталангыс кооз жерлерин таанытуу зарылдыгын карап чыгышты.
2024-2026-жылдарга Ноокат районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын өзгөчөлүктөрү
2024-2026-жылдарга Ноокат районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, татыктуу жумуш орундарын түзүүгө, айылдык аймактарды бир кылка өнүктүрүүгө, өндүрүш дараметин жогорулатууга, инновациялык илимди жана технологияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле калктын татыктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Документ Координациялык кеңештин колдоосу менен Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын негизинде иштелип чыгып, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы 2023-жылдын 27-декабрында бекиткен. Бул документте Иш-чаралар планы камтылган.
СЭӨП төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт: райондун жалпы мүнөздөмөсү, калкы жана эмгек ресурстары, социалдык инфраструктурасы, экономикалык өнүгүүсү, укук, экология, өнүгүү ресурстары.
Программа төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүүгө багытталган:
- жылдык экономикалык өсүштүн реалдуу ыргагын орточо 5% деңгээлинде камсыз кылуу;
- жумушсуздуктун деңгээлин 3,6 пайызга чейин төмөндөтүү (калктын өсүшүн эске алуу менен);
- чет өлкөлүк түз инвестициялардын жылдык агымын бери дегенде 13 пайызга чейин көбөйтүү;
- калктын жакырчылык деңгээлин 20 пайызга чейин кыскартуу;
- жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бери дегенде 50 пайызын функционалдык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жеткирүү.
Ноокат районунун СЭӨПсын 2024-жылы ишке ашыруунун жыйынтыктары
Өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүү ыргагы 105 пайызды түздү (2023-жылы 5,017 млрд болсо, 2024-жылы 5,046 млрд болду). Өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн индексинин өсүшү 106,4 пайызды түздү.
Өнөр жай (40 ишкана), кызмат көрсөтүү (22 ишкана), айыл чарбасы (7 ишкана) жана соода (2 ишкана) тармактарында 71 жаңы ишкана катталды. 342 жаңы жумуш орду түзүлүп, жалпы жонунан 424 млн сом инвестиция тартылды.
Тартылган инвестициялардын көлөмүнүн өсүш ыргагы 344,4 пайызды түздү (2023-жылы 1,419 млрд болсо, 2024-жылы 4,888 млрд болду). Тартылган инвестициялардын түзүмү: 32% – чет өлкөлүк инвестициялар, 67% – ички инвестициялар, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, жеке сектордон жана капиталдык курулуштун эсебинен тартылган инвестициялар. 956 туруктуу жумуш орду түзүлдү.
Ушул тапта пландаштырылган 46 иш-чаранын ичинен 26сы аткарылды, ал эми 20сы ишке ашыруу процессинде турат. Каржылоо ар кандай булактардан жүзөгө ашырылып жатат: республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, райондук өнүктүрүү фондунан, жеке инвесторлордон, ошондой эле эл аралык уюмдардан. Мисалы, мектептин курулушу жана суу түтүктөрүн реконструкциялоо республикалык бюджеттен, көчөлөрдү жарыктандыруу жана суу чыгаруу боюнча долбоорлор райондук өнүктүрүү фондунан, ал эми тигүү цехтерин ачууну жеке ишкерлер жана АРИС каржылап жатат. Мында райондук мамлекеттик администрациянын ролу өтө чоң, ал ар кандай типтеги инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, секторлор аралык кеңешмелерди уюштуруп, Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешине сунуштарды киргизип, акимдин тапшырмасы боюнча райондун аймагындагы жерлерди трансформациялоо боюнча иштерди жүргүзүп, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аларга жер участокторун берип келет.
Аягына чыгарылган долбоорлордун арасында төмөнкүлөр бар:
- Т. ЗУЛПУЕВ атындагы айылдык аймакта 275 орундуу орто мектептин курулушу, ал республикалык бюджеттен 117 млн сомго каржыланган;
- республикалык бюджеттен 46 млн сомго каржыланган Көк-Бел айылдык аймагындагы суу түтүк тармактарын реконструкциялоо;
- Ноокат райондук өнүктүрүү фонду 1,2 млн сомго каржылаган Көк-Бел айылдык аймагындагы Ак-Буура дарыясынан суу өткөрүү долбоору;
- Ноокат райондук өнүктүрүү фонду 2,526 млн сомго каржыланган Ноокат шаарынын көчөлөрүн жарыктандыруу долбоору;
- Ноокат шаарында пластик эшиктерди жана терезелерди чыгаруучу цех ачылып, 4 жумуш орун түзүлүп, жеке ишкер 2 млн сомго каржылап берген;
- Көк-Жар айылдык аймагында жеке ишкер 4,6 млн сомго каржылаган 40 жумуш орундуу тигүү цехи ачылды (ЖӨБ органдарынын колдоосу менен цехке ыңгайлуу ижара шартында имарат берилген);
- Кыргыз-Ата айылдык аймагында жеке ишкер 15 млн сомго каржылаган 100 жумуш орундуу тигүү цехи ачылды (Кыргыз-Ата айылындагы бош имаратты атайын шарттарда жеке ишкерге берген ЖӨБ органдарынын колдоосу менен);
- Жаңы-Ноокат айылдык аймагында 90 жумуш орундуу тигүү цехи ачылды, аны АРИС 8,6 млн сомго жана жеке ишкер 4,6 млн сомго каржылап берген (инвесторлор социалдык комплексти куруп беришти, анын имараттарынын бири тигүү устаканасына ылайыкташтырылып даярдалды. Имарат толугу менен муниципалдык баланста болгондуктан, АРИС аркылуу 90 жумушчу орунга тигүүчү машиналар сатып алынып, ижара акысын төлөө шарты менен жеке ишкерге өткөрүлүп берилди).
Ушул тапта “Ноокат алмасы” айыл чарба кооперативинин жетекчилиги алдында сыйымдуулугу 1200 тонна алма сактоочу заманбап сактоочу жайдын курулушу улантылууда. КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтому менен Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы аркылуу “Аргоөнөржай” комплексин өнүктүрүү үчүн көп жылдык мөөнөткө жер участоктору бөлүнгөн. Долбоорду АРИС 27,84 млн сомго, USAID 80 миң АКШ долларына каржылап жатат, ал эми кооперативдин өздүк каражаттарынын эсебинен 75 млн сом бөлүнгөн. Сезон маалында 50гө жакын убактылуу жумуш орду жана 10 туруктуу жумуш орду түзүлөт деп күтүлүүдө.
Төмөнкү долбоорлор ишке ашыруу процессинде турат:
- Т.Кулатов атындагы айылдык аймагында минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча заводду куруу, инвестору – кытай компаниясы, инвестициялардын көлөмү 200 млн АКШ долларын түзөт, 3000 жумушчу орун түзүү пландаштырылууда;
- Ынтымак айылдык аймагында кубаттуулугу жылына 1 млн тонна цемент заводун куруу, инвестору – “Стандарт цемент” ЖЧКсы, инвестициялардын көлөмү 86 млн АКШ долларын түзөт; 500-600 жумуш ордун түзүү пландаштырылууда;
- Мирмахмудов айылдык аймагындагы трансформацияланган 10 гектар участокко логистикалык индустриалдык борборду куруу, инвестициялардын көлөмү 2 млрд сомго жакын болот, 1000ге жакын жумушчу орун түзүлөт;
- Жаңы-Ноокат айылдык аймагындагы 89,763 гектар жерди “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу, жергиликтүү бюджеттен каржылоо 210 миң сомду түзөт;
- Кара-Таш айылдык аймагындагы “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына 126,6 гектар жерди которуу, жергиликтүү бюджеттен каржылоо 225 миң сомду түзөт.
Административдик-аймактык реформанын тийгизген таасири
Кыргыз Республикасынын Президенти 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн Ноокат районунда айылдык аймактардын саны 19 пайызга кыскарды: 16 айылдык аймактан 13 аймак түзүлдү. Төмөнкүдөй айылдык аймактар бириктирилди:
- Т. Кулатов жана Ынтымак айылдык аймактары ирилештирилип, мунун натыйжасында Кызыл-Булак айылындагы административдик борбору бар айылдык Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн муниципалдык мекемеси түзүлдү.
- Көк-Жар, Найман жана Он-Эки-Бел айылдык аймактары Көк-Жар айылындагы административдик борбору бар Көк-Жар айыл өкмөтүнө бириктирилди.
- Он-Эки-Бел айылдык аймагынан Өрнөк калктуу конушу Төөлөс айылдык аймагынын курамына киргизилип, административдик борбору Муркут айылында жайгашкан Төлөс айыл өкмөтү болуп кайра түзүлгөн.
ААРга чейин райондо 383 муниципалдык кызматчы иштеген, реформадан кийин алардын саны 168ге чейин кыскарган. Ошол эле учурда 103 кызматкер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келишимдик негизде ишке орношкон, ал эми 112 кызматкер кыскарууга дуушар болгон. Алардын көпчүлүгү пенсия курагына жеткен, ал эми калгандары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык резервине киргизилген.
Учурда Ноокат шаарынын курамына жакын жайгашкан калктуу конуштарды киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат, бирок акыркы чечим жергиликтүү тургундардын пикирин жана шаар куруу пландарын эске алуу менен кабыл алынат.
2024-жылдагы өзгөчө кырдаалдан жабыркаган ишкерлерге бийликтин жардамы
2024-жылдын июнь жана июль айларында Т.Кулатов айылдык аймагындагы Абшыр-Ата туристтик зонасынын аймагында болгон катуу селдин кесепетинен соода кылган жана эс алуучуларга кызмат көрсөткөн ишкерлер жабыркаган. Туристтердин агымы 2024-жылдын августунан тартып кыйла кыскаргандыгына байланыштуу ЖӨБ органдары жабыр тарткан ишкерлерди ижара төлөмдөрүнөн бошотуу тууралуу чечимди кабыл алышты.
___________
1 Нарын облусунун Ат-Башы районундагы EGED программасынын орто аралыктагы жыйынтыктары жөнүндө толук маалыматты “Муниципалитет” журналынын 2024-жылдын декабрь айындагы санынан төмөнкү шилтемелер боюнча окуй аласыз: http://www. municipalitet.kg/ru/archive/full/271.html (орус тилинде) жана http://www.municipalitet.kg/ky/archive/full/272.html (кыргыз тилинде).
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Айтматов районунун СЭӨПсы: айыл чарбасындагы ишкерликти колдоо
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы Кыргызстандагы региондорду өнүктүрүүнү башкарууда жаңы методдорду киргизүүгө көмөк көрсөтөт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсы эки эсе өсүштү убада кылып жатат