Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органы үчүн татаал чечим: муниципалдык ишканабы же жекеби?

2024-02-13 / Көңүл чордонунда
ЖӨБ органы үчүн татаал чечим: муниципалдык ишканабы же жекеби?

“Жеке секторду тартуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу” Усулдук колдонмосунан үзүндү.

Колдонмо “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруунун алкагында даярдалган. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташуу агенттиги аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) биргелешип ишке ашырууда. Колдонмонун толук тексти менен https://myktyaimak.gov.kg/library/additional-materials/additional-material?lang=ru&id=24 шилтемеси аркылуу же солдогу QR-коддон таанышсаңыз болот.

Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жеке секторго өткөрүп берүү ЖӨБ органдары үчүн татаал маселе бойдон кала берүүдө. Жеке жактарга ишеним артпоонун белгилүү деңгээли бар, өткөрүп берүүнүн татаал жол-жоболору кооптондурат, бардык жерде эле ЖӨБ органдарынын ишенимдүү өнөктөштөрү боло ала турган мындай жеке фирмалар боло бербейт. Бирок, кызмат көрсөтүүнү экономикалык жактан натыйжалуу башкаруу принциби ЖӨБ органдарынан бардык мүмкүнчүлүктөрдү дыкат карап чыгып, эл да ыраазы калып, кызмат көрсөтүү да туруктуу болуп, ал эми текшерүүчү органдар кынтык таба албагандай кылып кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун эң оптималдуу ыкмасын тандап алууну талап кылат. Бул макалада ЖӨБ органынын жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө жеке сектор менен кызматташуусунун оң жана терс жактары каралат. Макала ЖӨБ органдарынын прогрессивдүү жетекчилерине жана кызматкерлерине кызмат көрсөтүүнү уюштуруу формасын тандап алууда туура чечим кабыл алууга жардамчы болуп берет.

ЖӨБ органдары өз ишинде колдонгон кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун төмөнкүдөй салттуу ыкмалары бар: 

  • кызмат көрсөтүүнү муниципалдык кызматчылардын күчү менен уюштуруу;
  • муниципалдык мекеме, муниципалдык ишкана, акциялардын 51 пайыздан кем эмес үлүшү бар өзүнүн катышуусу менен акционердик коом, ЖӨБ органы уюштуруучу катары чыга турган коммерциялык эмес уюм түрүндө кызмат көрсөтүүнүн өз аткаруучусун түзүү;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууну коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардын статусуна ээ болгон тышкы уюмдарга же ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактарга өткөрүп берүү. 

Кызмат көрсөтүүнү муниципалдык кызматчылардын күчү менен уюштуруу ыкмасы “административдик” муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген чөйрөсүнө тиешелүү, аларды уюштуруу “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзам менен жөнгө салынат.

Ушул тапта Кыргыз Республикасында кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун экинчи варианты – өз аткаруучусун түзүү кеңири таралган. Адатта, өз уюмдарын түзүүнүн максатка ылайыктуулугун ЖӨБ органдары төмөнкү факторлор менен негиздешет: 

  • талап кылынган сапаттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир көлөмүн ЖӨБ органынын көзөмөлү астында үзгүлтүксүз жана кепилденген жеткирүүнү камсыз кылуу зарылчылыгы бар;
  • ЖӨБ органы кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусуна көз каранды болууну каалабайт; кырдаалды административдик ыкма менен көзөмөлдөп, бул чөйрөдө монополист бойдон калууга умтулат;
  • өз уюмунун болушу социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга көзөмөлдү жогорулатат жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү басмырлоо (жашаган аймагы боюнча, керектөөчүлөрдүн категориялары боюнча) тобокелдиктерин азайтат;
  • ЖӨБ органында өз уюмдарынын финансысын жана менчигин башкарууга таасир этүүгө чоң мүмкүнчүлүгү болот.

Бирок өзүнүн муниципалдык уюмдары болгондо деле анын ишинде тобокелчиликтер, кемчиликтер да бар: 

  • өз уюмдарынын экономикалык иши адатта ченемдик документтер менен жөнгө салынат, бул башкарууда эркиндикти чектейт. Бул биринчи кезекте баа түзүү, финансылык тартипти сактоо, эмгек жана жарандык мыйзамдардын ченемдерин аткаруу маселелерине тиешелүү. Жалпысынан алганда, бардык талаптарга жооп берүү кызмат көрсөтүүнүн бирдигине уюмдун чыгымдарын жогорулатат;
  • айрыкча мекемелер жөнүндө сөз болгондо муниципалдык уюмдардын кызматкерлеринин жеке кирешелери бекитилген эрежелер менен катуу регламенттелет. Ошондуктан, кызматкерлерде иштин натыйжалуулугун жогорулатып, иштин соңку натыйжасы үчүн тынчсызданууга мотивациясы болбойт;
  • муниципалдык уюмдарды биринчи кезекте негизги каражаттарды өткөрүп берүү формасында ар дайым өзүнүн уюштуруучулары колдоп келишет. Мындан тышкары, адатта расмий жана “жашыруун” субсидияларды төлөө практикасы көп колдонулат. Бул мындай уюмдарды акчаны үнөмдөөгө шыктандыра бербейт. Коррупциянын тобокелдиги жогору болот. Эреже катары, мындай “жардам” эсепке алынбаган, өтө жогору чыгымдарды жашырып, көмүскөдө калтырат. Ал эми бул болсо жергиликтүү бюджеттин негизсиз, кошумча чыгымдарына алып келет;
  • муниципалдык ишканалардын монополиялык абалы кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө сапаты боюнча мыкты кызмат көрсөтүүнү тандап алууга же андан баш тартууга мүмкүнчүлүк бербейт. 

Бирок мындай кемчиликтерге карабастан, ЖӨБ органдарына төмөнкү учурларда менчик муниципалдык уюмдарды түзүү сунушталат.

  • Кызмат көрсөтүүлөрдүн жоктугу
    Объективдүү себептер боюнча жеке сектордон кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга потенциалдуу талапкерлер жок болгон кырдаалда кызмат көрсөтүүнүн муниципалдык жеткирүүчүсүн түзүүгө туура келет. Мисалы, алыскы айылда кожолуктардын саны аз дейли, мында ичүүчү сууну жеткирүүдө абоненттердин саны аз болгондуктан түшкөн акча кеткен чыгымдын ордун жаппайт. 
  • Акысыз кызмат көрсөтүү үчүн каржылоонун болушу
    Мамлекеттин атынан мамлекеттик орган же ЖӨБ органы калк үчүн социалдык жактан маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз негизде жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү болушу мүмкүн жана бул үчүн адистерди тартуу менен мамлекеттик (жергиликтүү) бюджеттен максаттуу каржылоо каралган дейли. Мындай учурда муниципалдык кызмат көрсөтүүчү аркылуу акысыз кызмат көрсөтүүлөргө, мисалы, спорт секцияларына, бий ийримдерине ж.б. жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатка ылайыктуу болот. 
  • Жеке кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өнүгүү деңгээли төмөн
    Эгерде жеке кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалы сапаттуу кызмат көрсөтө ала турган деңгээлге жетпесе, анда өз жеткирүүчүнү түзүүгө туура келет. Бирок ЖӨБ органынын атынан кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жеке кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өнүгүү деңгээли жетишсиз экендиги тооруктун жыйынтыгы боюнча же кырдаалга талдоо жасалганда аныкталат. Мындай учурда өз уюмун түзүп, ар кандай иш-аракеттер аркылуу компетенттүүлүктүн зарыл деңгээлин камсыз кылуу артык болот.

ЖӨБ органынын чечими боюнча өз уюмун түзүүгө мүмкүн болгон башка жагдайлар да болушу мүмкүн.

Эгерде жеке сектор кызмат көрсөтүүнү аткаруу процессине тартылса, жергиликтүү жамаат жана ЖӨБ органы мындан кандай пайда табат жана эмнени утат? 

  • Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты
    Эгерде ЖӨБ органы жеке уюмдарга иш үчүн пайдалуу шарттарды түзсө, анда ал бул рынокто өзүнүн ордун сактап калуу максатында заказчыдан сын-пикирлерди укпаш үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга умтулат. 
  • Чыгымдарды азайтуу
    Кызмат көрсөтүүлөрдүн жеке аткаруучусун тандап алууда ЖӨБ органы наркы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, бирок сапаты боюнча да талаптарды аткарган уюмду тандоого умтулат. Бул өзүнүн уюмунун ишине салыштырмалуу жергиликтүү бюджеттен дотацияга кеткен чыгымдар аз болот же таптакыр болбойт дегенди билдирет. 
  • Убакытты үнөмдөө
    ЖӨБ органы кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун уюштуруу маселелери жана ички көйгөйлөрү менен алектенүүнүн зарылдыгынан кутулат. 
  • Кымбат сатып алуулардан арылуу
    Эгерде кызмат көрсөтүү кыймылсыз мүлккө, техникага, жабдууларга ээ болуу зарылдыгы менен байланыштуу болсо, анда ЖӨБ органы тоорукту даярдап жаткан маалда мындай мүлктүн болушун талап катары коюуга укуктуу. Ошондо ЖӨБ органы бул мүлктү өзү сатып албайт, бул болсо жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын кыйла азайтат. 
  • Атаандаштык аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын азайтуу
    Эгерде кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө атаандаштык чөйрө түзүлсө жана ал каалоочулардын көп санына туура келсе, анда ЖӨБ органы жарандар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын төмөндөтпөөнү талап кылуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн жеке аткаруучусуна жакшы таасир этүүнүн рычагына ээ болот. 
  • Коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу
    Кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусун коррупциялык иш-аракеттерге ынандыруу кыйыныраак, себеби анын пайдасы өндүрүш процесстеринен, уюмду канчалык натыйжалуу башкара аларынан көз каранды болот. Анткен менен айрыкча иштин көлөмүн кошуу бөлүгүндө коррупциянын тобокелдиктери кала берет. Бирок, ошентсе да, бул тобокелдиктер өз уюмдарынын ишине караганда бир кыйла төмөн болот.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жергиликтүү жамаат жана ЖӨБ органдары менчиктин ар кандай формасындагы ишканалардын, ошондой эле жеке жактардын катышуусу менен кызмат көрсөтүү үчүн атаандаштык чөйрөнү түзүүгө кызыкдар болушу керек. ЖӨБ органдары шаардык транспорт, суу менен камсыздоо, тиричилик агындыларын тазалоо сыяктуу маанилүү чөйрөлөрдөгү жеке компанияларга ишеним арткан эл аралык тажрыйба белгилүү.

Кыргыз Республикасында да коомдук транспорт, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу, муниципалдык жолдорду күтүү, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу, ырасым кызматтарын көрсөтүү, маданият, спорт ж.б. чөйрөлөрүндө муниципалдык жана жеке сектордун ортосунда атаандаштык байкалууда. Бирок мындай кызматташуунун көлөмү жалпысынан өлкө боюнча анчалык деле күчтүү болбогонун моюнга алуу зарыл.

Жеке сектордун кызмат көрсөтүүнү уюштурууга жана көрсөтүүгө катышуусунун бардык оң жактары бар болгону менен, мындай кызматташтыктын алкагында ЖӨБ органдары туш болушу мүмкүн болгон кандайдыр бир тобокелдиктерди да белгилей кетүү зарыл.

  • Кызмат көрсөтүүнүн сапатынын талап кылынган параметрлерге дал келбеши 
    Кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун реалдуу иши тоорук учурунда берилген өтүнмөлөргө шайкеш келбеши мүмкүн. Ошол эле маалда кызмат көрсөтүүнү токтотууга мүмкүн болбогон учурларда аткаруучуну ыкчам алмаштыруу кыйын, мисалы: ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү, көчөлөрдү жарыктандыруу ж.б. Ал эми кызмат көрсөтүүлөрдү жеке аткаруучунун ишиндеги кемчиликтерди четтетүүгө ЖӨБ органы дайыма эле ыкчам таасир эте албайт. 
  • Иштин көлөмүн көбөйтүп көрсөтүү тобокелдиги
    Эгерде кызмат көрсөтүүнү жеке аткаруучунун ишине ишенимдүү көзөмөл орнотулбаса, анда иштин көлөмүн көбөйтүп көрсөтүү тобокелдиги болот, мындан улам бийлик органдарына да субсидияларды көбөйтүү талабы коюлат. Мисалы, жарандарды коомдук транспорт менен ташуулардын көлөмүн көзөмөлдөө кыйын, ал эми жол акысы жергиликтүү бюджеттен субсидияланат. Ошол эле учурда өзүнүн муниципалдык уюмунда бул тобокелдиктер да олуттуу болоорун белгилей кетүү зарыл. 
  • Күтүлбөгөн, өзгөчө кырдаалдар болгон учурда кызмат көрсөтүүнү башкарууда кыйынчылыктар
    Мындай кырдаалда ЖӨБ органына кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусу менен чукул маселелерди ыкчам чечүү кыйыныраак болот, ал пландалбаган иштер үчүн кошумча акы сурап, же башка шарттарын кабыл алууну талап кылышы мүмкүн. 
  • Керектөөчүлөр менен жаңжалдарды башкаруудагы кыйынчылыктар
    ЖӨБ органынын атынан заказчы менен чыр-чатак чыккан учурда кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусу бир тараптуу тартипте кызмат көрсөтүү процессин токтото алат, бул болсо жарандардын нааразычылыгын жаратат. Кызмат көрсөтүү процессин токтотуу ыктымалдыгы кызмат көрсөтүүлөрдү жеке аткаруучу үчүн өз кызыкчылыктарын, баарынан мурда материалдык кызыкчылыктарын сүрөө максатында ЖӨБ органдарына таасир этүүчү рычаг болуп бере алат.

Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу ким болоору жөнүндө чечим кабыл алганда өзүнүн муниципалдык жана тартылган жеке уюмдардын ишинин жогоруда аталган бардык оң жана терс жактарын эске алуу зарыл. Кызматты ким көрсөтүшү керектиги, өзүнүн муниципалдык уюму же кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусу жөнүндө чечим кабыл алууда төмөнкү критерийлерди колдонуу сунушталат: 

  • негизги каражаттардын салымдарын эске алуу менен кызмат көрсөтүүнүн бирдигине кеткен чыгымдардын көлөмүн салыштырыш керек;
  • калктын кызмат көрсөтүүлөр үчүн экономикалык жактан негизделген тарифтер боюнча акы төлөөгө даярдыгы;
  • салыктык төлөмдөр түрүндө жергиликтүү бюджет үчүн пайда;
  • кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмү. 

Бул критерийлерди шаарда/айылдык аймакта кызмат көрсөтүүнүн квалификациялуу жеке аткаруучусу болгон учурда кароого болот. 

 

Окшош материалы: