Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
“Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Биринчи сессия. Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун заманбап тенденциялары
Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору
2025-жылдын декабрында Ташкентте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардык жергиликтүү бийлиги жана жергиликтүү жамааттары үчүн маанилүү окуя болду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Ташкент форумуна жергиликтүү бийликтин 120дан ашык өкүлү катышты, алардын катарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын; жергиликтүү өнүктүрүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын; жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү болду. Форум Борбордук Азиянын айылдары, шаарлары жана райондору бир тилде – практикалык чечимдердин тилинде сүйлөшкөн аянтчага айланды. Инвестициялар жана жергиликтүү экономика, санариптик платформалар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары, тоолуу жана алыскы аймактардагы иштер, ошондой эле башкаруу деңгээлдери ортосунда, атүгүл өлкөлөр ортосундагы көпүрө катары муниципалдык ассоциациялардын ролу көңүл чордонунда болду. Талкууда негизги жаңылык чыкты: катышуучулар талкуулардан Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүүгө өтүүнү макулдашты. Бул Кеңеш туруктуу платформа болуп, дайындарды жана аспаптарды макулдашууга, сунуштарды даярдоого жана жарандарга түшүнүктүү болгон жыйынтыктар үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө жардам берет.
Мындай Кеңеш кондурма катары эмес, беш өлкөнүн ассоциацияларынын, тармактык министрликтеринин жана муниципалитеттеринин жумушчу “хабы” катары пландалды. Бул “хабда” инвестициялык климатты жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуучу бирдиктүү стандарттар, чечимдер жана сынамык идеялар жаралмакчы. Форумду чөлкөмдөгү эки өлкө демилгелеген – Өзбекстандын атынан Махаллалар ассоциациясы жана Кыргызстандын атынан Өнүктүрүү саясат институту.
БИРИНЧИ СЕССИЯ. БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН ЗАМАНБАП ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ
Өзбекстан: махалланы модернизациялоо жана башкаруу институттарын трансформациялоо
Форумдун биринчи сессиясында Борбордук Азиянын төрт өлкөсүндө – Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун реалдуулугу кандай, чөлкөмдө өз алдынча башкаруунун улуттук салттары, административдик реформалар жана жаңы санариптик чөйрө кандайча айкалышып жаткандыгы тууралуу маселе коюлду. Талкууну Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясынын төрагасынын биринчи орун басары Жовдатхон ИНАГАМОВ алып барды, ал салттуу махалла жергиликтүү экономиканын, санариптештирүүнүн жана социалдык туруктуулуктун куралына айланган процесстин контекстинде Өзбекстандын тажрыйбасы менен тааныштырды. Бул өңүттөн форумда төрт өлкөнүн тажрыйбасы каралып чыкты: жарандардын жамааттардын жана муниципалитеттердин деңгээлинде өзүн өзү уюштуруусунун институционалдык формалары өз кызыкчылыгы үчүн эмес, элди иш менен камсыз кылуу, киреше табуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты үчүн өзгөрүүдө.
Аянтчанын алып баруучулары катары Өзбекстандын өкүлдөрү заманбап махалла – бул фольклордук декорация эмес, коомдук башкаруунун көмөкчү элементи экенин эске салышты. Ассоциациянын материалдарында бул кыйла түз туюндурулган: махалла “эл менен мамлекеттин ортосундагы “көпүрө” болуп”, жарандардын чогулуу укуктарын коргоп, алардын иши үчүн шарттарды түзүп, жамааттардын деңгээлинде мыйзамдуу ыйгарым укуктардын аткарылышына колдоо көрсөтүшү керек. Иш жүзүндө дал ушул махаллада жаран даректүү социалдык колдоо, аяр абалдагы үй-бүлөлөр менен иштөө, көрктөндүрүү боюнча ички демилгелер, ошондой эле кайрылуулардын жана реестрлердин санариптик кызматтары аркылуу мамлекет менен жолугушат дегенди билдирет. Бирок махалланын жамааттын өзүн-өзү уюштуруу формасынан башкаруу институтуна айланышы чакырыкты пайда кылат: ыйгарым укуктар бар, ал эми ресурстар жана көндүмдөр жетишсиз болуп турганда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жандуу “кездемесин” бюрократияда кантип жоготуп албаш керек, кантип жоопкерчиликти бекитип, “кагаздагы” децентралдаштыруудан алыс болуш керек.
Махаллалар ассоциациясынын презентациясында институционалдык реформанын динамикасы көрсөтүлдү: өлкөдө 9008 махалла бар жана дал ушул тармак аркылуу көптөгөн негизги кызмат көрсөтүүлөр жана коомдук демилгелер уюштурулган; 2023-жылдан 2024-жылга чейин бул түзүмдү ирилештирүүгө жана рационалдаштырууга багыт алынган, ал эми махаллалардын саны 9452ден 9008ге чейин кыскартылган. Махаллаларды оптималдаштыруунун максаты – майдаларына кеткен чыгымдарды азайтуу, башкарууга жол берген аймактык “торчону” түзүү жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн туруктуу инфраструктураны камсыздоо.
Өнүгүүнүн өзүнчө маанилүү багыты – санариптештирүү жана башкарууну кайра куруу. Баяндаманын тезистеринде “санариптик платформалар жана булут технологиялары” белгиленди, алар эсепке алуу, тарифтер, келишимдик тартип жана тургундар менен кайтарым байланыш үчүн зарыл болгон таяныч катары каралууда; коммуналдык функцияларды заманбап логистикага которуу, кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишимдерди өнүктүрүү, махаллалардын жана райондордун деңгээлинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө шыктандыруу жөнүндө сөз болду.
Кыргызстан: натыйжалуулук, кесипкөйлүк жана “Санарип аймак” күн тартиби
Кыргызстан башка өңүтүн көрсөттү: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бүткүл вертикалын системалуу кайра түзүү жана деңгээлдердин ортосундагы өз ара аракеттенүү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин баяндамасында акыркы жылдардагы реформалар жергиликтүү өз алдынча башкарууну “тапшырмаларды аткаруучудан” өнүктүрүү саясатынын толук укуктуу катышуучусунун позициясына чейин өзгөртүүгө багытталган: муниципалитеттер “пландоо – аткаруу – мониторинг – түзөтүү” циклин түзүшөт, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоонун жаңы методикаларын өздөштүрүшөт, ал эми мамлекеттик институттар бул үчүн стандарттарды түзүп, колдошот. Тармактык мекемелер жана өнөктөштөр аркылуу миңдеген мамлекеттик кызматчы жана муниципалдык кадрлар эки жылдын ичинде окуудан өтүштү, ал эми райондордогу координациялык кеңештер формалдуулукту токтотуп, инвестициялык артыкчылыктарды макулдашуу жана жергиликтүү долбоорлорду бюджет менен байланыштыруу үчүн көбүрөөк жооп берип калышты. Мунун баары форумдун программасында да айтылды, анда күтүлгөн жыйынтыктардын арасында “инвестицияларды тартуу, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү башкарууну жакшыртуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар” түз аталды.

Форумга финансылык колдоону Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” программасы жана “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү көрсөткөн. Аталган Өнөктөштүк катышуучулардын өз каражаттарынын эсебинен каржыланат жана Швейцария Өкмөтүнөн финансылык колдоо алат.
Форумду расмий түрдө Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясынын атынан Жовдатхон ИНАГАМОВ (солдон экинчи), Өнүктүрүү саясат институтунун атынан Надежда ДОБРЕЦОВА (солдон үчүнчү), Улуу Британиянын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тимати СМАРТ (солдон төртүнчү) жана Швейцариянын Өзбекстандагы Кызматташтык бюросунун башчысы Урсула КЕЛЛЕР ачышты.
Кыргызстанда жергиликтүү өнүгүүнүн маанилүү жагдайы чоң шаарларга да, айылдык аймактарга да бирдей өлчөмдө таасир этип калыптанууда: муниципалдык кызматты кесипкөйлөштүрүү эмгек акыны жогорулатуу жана өткөрүлгөн окутуу курстарынын саны менен чектелбейт, ал процесстен жыйынтыкка, “отчет берүүдөн” “тейлөөгө” чейин жоопкерчиликтин логикасын өзгөртүүнү талап кылат. Стандарттар жана санариптик платформалар жөнүндө маселе кесиптештерди регионалдык кызматташууга чакыруу катары жаңырды: суунун сапатына, таштандыларды чыгарууга, коомдук мейкиндиктерди башкарууга жана тарифтерге карата бирдиктүү мамилелер – бул мамлекеттер аралык деңгээлде талкуулана турган жана талкууланышы керек маселелер, мына ошондо чек аранын эки тарабында жашаган тургундар күтүп жатканы менен практикасы дал келет.
Казакстан: урбанизация, регионалдык саясат жана өнүгүү жерлеринин экономикасы
Талкуунун казакстандык бөлүгү сүйлөшүүнү узак мөөнөттүү тенденциялар темасына алып чыкты. Экономист Айдана БАЙКАНОВА шаарлар жөн гана өсүштүн борборлору эмес, адамдык капитал жана инновациялар бир жерге топтолгон мейкиндикке айланып бараткан элести тартуулады. “Шаарда жашагандардын саны 10 миллион адамды түзөт, ички дүң продукциянын 60 пайызы шаарларда түзүлөт жана бул кызмат көрсөтүүнүн, инфраструктуранын, турак жайдын, коомдук транспорттун акылга сыярлык деңгээлин түзүү үчүн көп күч-аракетти талап кылат. Урбанизациянын контекстинде регионалдык саясаттын артыкчылыктары үч негизги багытка бөлүнөт. Алар: аймактардын ортосундагы ажырымды азайтуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, шаарлардын жана райондордун деңгээлдеринде ишкердикти колдоо”. Практиканын тили менен айтканда, бул жакынкы жылдарда жергиликтүү өнүгүү мейкиндик экономикасы кандайча натый-жалуу калыптанары менен өлчөнөт: эмгекти колдонуунун жаңы жерлери кайда ачылат, инвесторлор үчүн жол-жоболор канчалык анык болот, бизнес менен муниципалитеттин диалогу кандай түзүлгөн, финансы институттары жана жашоочулар ишенген “узак” шаардык долбоорлор барбы.
Тажикстан: жергиликтүү экономикалык өнүгүү, чакырыктар жана санариптик келечек
Джовид ХУСЕЙНОВ форумда практиктер үчүн регионалдык өнүктүрүүнүн пайдалуу картинасы менен тааныштырды. Жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндөгү учурдагы саясаттын негизги басымы жергиликтүү бийлик тез арада жайылта ала турган аспаптарга багытталган: эркин экономикалык зоналар жана өнөр жай парктары, өндүрүш аянтчаларын даярдоо, эл аралык компаниялар менен өнөктөштүк жана жаңы логистикалык түйүндөр аркылуу экспортко чыгаруу. Бул чаралар ири улуттук программаларга кошумча жеке инвестицияларды тартуунун жана аймактарда иш менен камсыз кылуунун бир жолу катары каралууда.
Баяндамада чектөөлөр да көрсөтүлгөн. Биринчиден, чабал санариптик инфраструктура жана интернеттин төмөн ылдамдыгы бизнес процесстерин жайлатса, экинчиден, эл аралык логистикага жетүүнүн чектелгендиги чыгымдарды көбөйтөт жана сатуу рыногун тарытат. Чек арадагы туруксуздук да соода жана транзиттик коридорлор үчүн тобокелдиктерди жаратууда. Жергиликтүү башкаруучулар үчүн тыянак жөнөкөй: өнөр жай аянтчаларын ишке киргизүү менен катар байланыш операторлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, объекттерди кошууну жөнөкөйлөштүрүү жана жакынкы хабдарга чейинки “акыркы миляны” да пландоо зарыл.
Келечектүү багыт жана актуалдуу керектөө – бул тездетилген санариптештирүү (4G/5G киргизүү, кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн өткөрүү) жана региондорду тышкы рыноктор менен байланыштырган карго-борборлорун түзүү. Өлкөнүн географиялык абалы ага Борбордук Азиядагы транзиттик түйүндүн ролун ойноого мүмкүнчүлүк берет; бул транспорттук долбоорлорду жана жеринде тейлөө стандарттарын координациялоону талап кылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн практикалык сабак айкын: “катаал” чараларды (жер, инфраструктура, хабдар) “жумшак” чаралар менен айкалыштыруу – инвесторго административдик колдоо жана тез санариптик кызматтар, мында ар бир жаңы жумуш орду белгилүү бир аймакка байланууга тийиш.
Жалпы бөлүүчү: чөлкөм “шайкештик платформасы” катары
Өлкөлөр боюнча баяндамалардан кийин залда жаңырган суроолор маанилүү бир идеяны жаратты: Борбордук Азия чөлкөмү – бул маданияттардын жана соода жолдорунун кошуналыгы гана эмес, бул ошондой эле башкаруу стандарттарынын, санариптик чечимдердин жана инвесторлор менен иштөө эрежелеринин “шайкештигинин аянтчасы”. Дал ошондуктан форумдун программасында жыйынтык тикелей бекитилген – бул субулуттук өнүгүүнүн жалпы маселелерин талкуулоо жана чечүү үчүн туруктуу платформа катары Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүүнү баштоо: жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынан жана жагымдуу инвестициялык климаттан тартып, чек арадагы өнөктөштүккө жана чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн муниципалдык ассоциациялары менен ведомстволорунун ортосунда тажрыйба алмашууга чейин болот.
Биринчи сессиянын форматы атайылап салтты жана санариптештирүүнү, административдик оптималдаштырууну жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап саясатын, башкаруу практикасын жана шаарлардын экономикасын бир катарга чогултту. Мындай "микс" өзбекстандык, кыргызстандык, казакстандык жана тажикстандык муниципалитеттердин жана жамааттардын бүгүнкү суроо-талаптары канчалык окшош экенин көрүүгө мүмкүнчүлүк берди: баарына ачык стандарттар жана каржылоонун туруктуу булактары керек; баарына калк жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө “дайындар талаасын” чындап башкарган санариптик платформалар керек; баарына инвестор менен “локацияларды” жана “жеңилдиктерди” гана эмес, өндүрүштүк программаны, келишимдик мамилелерди жана болжолдоого боло турган жол-жоболорду талкуулай алган кадрлар керек.
Бул сессия системаларды жана моделдерди сүрөттөп берүү менен гана чектелбегени маанилүү. Залдан узатылган суроолор баяндамачыларды адамдар темасына кайтарып жатты – тургундар жергиликтүү чечимдерди кабыл алууга кантип катышат, коомдук угуулар кантип өткөрүлөт жана кайтарым байланыш кантип камсыздалат.
Талкуунун өзүнчө бөлүгү – борбордун жана аймактардын балансы. Кыргызстан менен Өзбекстан ага ар кандай мамиле жасашат, бирок эки учурда тең маңызы окшош: ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүү так эрежелер, муниципалитеттер үчүн финансылык стимулдар жана мекемелер тармагын оптималдаштыруудан же тейлөө каттамдарын алмаштыруудан уттуруп жаткандар үчүн ачык-айкын компенсаторлор менен коштолууга тийиш. Максаттардын деңгээлинде форумдун уюштуруучулары муну даярдоо баскычында тапшырма катары белгилешти: “тобокелдиктерди башкаруу, административдик жана аймактык реформалардын жүрүшүндө аймактар менен борбордун кызыкчылыктарынын ортосунда тең салмактуулукту камсыздоо, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын дараметин чыңдоо боюнча сунуштарды даярдоо”.
Биринчи панелдик талкуудан кийин эле Кеңештин идеясын турмушка ишке ашырууга мүмкүн экени айкын болду, себеби ал жалпы методикалар, салыштырууга боло турган дайындар, тез алмашуу жана тобокелдиктерди башкаруунун жамааттык аспаптары аркылуу транзакциялык чыгымдарды алып салууга жардам берет.
Биринчи сессия махаллаларды жаңыртуудан баштап муниципалитеттердин деңгээлиндеги санариптик кызматтарга чейин жергиликтүү өнүгүү деңгээлиндеги милдеттердин кеңдигин гана көрсөтпөстөн, ошону менен бирге өлкөлөр үчүн жалпы багыттарды белгиледи: жергиликтүү институттар дайындарды, өз жол-жоболорун көрүп, бюджеттик жана инвестициялык чечимдерди кабыл алууда өз пикирине ээ болушу керек. Бул жаатта модератордун дагы бир формалдуу эмес, бирок өтө так сөзү жаңырды: өзгөрүүлөрдүн “куралы” ураандар эмес, башкарууга тиешелүү чечимдерди жарандар текшерип турган далилдүү саясат. Ушундан улам биринчи панелде катышуучулар улуттук моделдер жөнүндө гана эмес, регионалдык “минимумдар” жөнүндө да сөз кылышканы таң калыштуу эмес: Кеңештин жалпы иш күн тартиби мына ушундайча жаралат, ага форум жыйынтыктоочу бөлүгүндө кайрылат.
Окшош материалы:
-
№5 (163) / 2025-06-10 Аял депутаттар: квотадан сапаттуу катышууга чейинки жол. Тенденциялар, чакырыктар жана жаңы стратегиялар
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Региондорго алынган багыт: 2030-жылга перспектива
-
№2 (160) / 2025-03-03 Мамажунус АБИЛОВ: өнүктүрүү программасы Ноокат районунун жашоочуларынын суроо-талаптарына жана дараметине негизделген
-
№2 (160) / 2025-03-03 Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун КРнын Жогорку Кеңешине баяндамасы (кабыл алынган мыйзамдардын ЖӨБдү өнүктүрүүгө тийгизген таасири жөнүндө)
-
№2 (160) / 2025-03-03 ЖӨБ органдарынын ишине тиешелүү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КР Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин айрым сунуштарынын тизмеги
-
№1 (159) / 2025-01-30 “Муниципалитет” журналы окурмандарын Жаңы жыл менен куттуктап, өз жазылуучуларына – салттуу жаңы жылдык электрондук ойнотуунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды!
-
№11 (157) / 2024-12-02 Жергиликтүү кеңештерге шайлоо-2024: шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү жана USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун маалыматтык өнөктүгү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Улуттук Урбан форуму-2024: Кыргызстан үчүн шаардаштыруунун чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү

















