Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүү тууралуу “Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-2025” форумунун сунуштары
Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору
Преамбула
Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын улуттук жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык ассоциациялар, аналитикалык борборлор жана академиялык коомчулугу 2025-жылдын 11-декабрында Ташкентте өткөн “Борбордук Азияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форумуна (мындан ары – Форум) катышып, административдик башкаруудагы реформалар, аймактык оптималдаштыруу, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү тенденцияларды, субулуттук өнүктүрүүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн башка артыкчылыктарын талкуулашып, үзгүлтүксүз диалог жана биргелешкен практикалык чечимдер үчүн институционалдык регионалдык платформанын зарылдыгын тастыкташат.
Форумдун катышуучулары талкуудан өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун туруктуу аянтчасы катары Борбордук Азиянын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүүгө өтүү зарылдыгын түшүнүшөт.
Кеңеш климатка байланышкан тобокелдиктерди, санариптик трансформацияны, аймактык жана кадрдык диспропорцияларды, дайындарга болгон керектөөнү, шайкеш санариптик чечимдерди жана глобалдык сунуштарды Борбордук Азиянын контекстине ыңгайлаштырууну камтыган чөлкөмдөгү жалпы чакырыктарына жооп болуп бермекчи.
Кеңеш 2024-жылдын 9-августунда Борбордук Азиянын беш мамлекетинин башчылары кол койгон “Борбордук Азия-2040” Регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясынын рухуна жана маңызына таянат: “Кызматташтык процесстерин андан ары тереңдетүү жана мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүү Борбордук Азиянын эл аралык субъективдүүлүгүн бекемдейт, бул болсо заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтарууга мүмкүндүк берет”. Концепциянын ар бир тематикалык бөлүмүн ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын гана эмес, ошону менен бирге субулуттук деңгээлдеги башкаруу органдарынын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын да күч-аракети талап кылат.
Кеңештин максаты жана жалпы сүрөттөлүшү
Борбордук Азиянын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешинин (мындан ары – Кеңеш) максаты кызыкдар тараптарды практикалык жана колдонууга боло турган сунуштар менен камсыз кылууну (бирок алар менен чектелбестен) катышуучу өлкөлөрдүн жергиликтүү жамааттарына ийгиликтүү интеграцияланган өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен иш-аракеттерди аткарууну камтыйт.
Кеңеш климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну, жарандардын катышуусун, далилдүү пландоону жана горизонталдуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кошо алганда, тектеш темаларды эске алуу менен жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн сунуш кылынган усулдарын жана практикалык аспаптарын, инвестициялык климатты, натыйжалуу бюджеттер аралык мамилелерди жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн туруктуу регионалдык платформа катары түзүлүүгө тийиш.
Кеңеш улуттук институттардын үстүнөн “кондурма” эмес, ал чөлкөмдөгү беш өлкөнүн ассоциациялары, тармактык министрликтери жана агенттиктери, муниципалитеттери, илимий, эксперттик, жарандык коом жана жергиликтүү жамааттар үчүн динамикалык жана ачык координациялоочу аянтча катары иштейт. Башкача айтканда, Кеңеш интеллектуалдык хабдын ролун ойнойт, ал стандарттардын, мониторингдин жана прикладдык жардамдын өзгөчө “фабрикасы” катары болот, ал жергиликтүү башкарууну болжолдоого жана салыштырууга боло тургандай кылат, демек, жарандар жана инвесторлор үчүн натыйжалуураак кылат. Дал ошондуктан мамлекеттер Кеңешти колдой алышат, ал эми ага муниципалитеттер жана жергиликтүү жамааттар катышат.
Ишмердиктин принциптери
Кеңеш өз ишинде төмөнкүдөй принциптерди жетекчиликке алат: ыктыярдуу катышуу, улуттук ыкмаларды өз ара урматтоо, дайындардын жана санариптик чечимдердин шайкештиги, ачыктык жана айкындуулук, өлчөнүүчү коомдук натыйжага жана жергиликтүү чечимдердин регионалдык интеграция жана инвестициялык климат менен байланышына багытталгандык. Бул принциптер Форумдун духун жана жергиликтүү бийлик менен муниципалдык ассоциациялардын горизонталдык интеграциянын алдыңкы акторлору катары ролун чагылдырат.
Функциялар
Кеңештин негизги функциялары өзүнө дайындардын жана көрсөткүчтөрдүн топтомун иштеп чыгып, макулдашууну (сунуштама негизинде), шайкеш болгон санариптик модулдарды, аярлуу аймактар үчүн кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн стандарттарын, өлкөнүн ичинде аймактык теңсиздикти кыскартуу үчүн практикалык аспаптарды түзүүнү, бийликтин субулуттук деңгээлдерин күчтөндүрүүнү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну бекемдөөнү, жергиликтүү деңгээлде инвестицияларды тартууну, башкаруунун улуттук жана субулуттук деңгээлдеринин, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда диалогду түзүүнү камтыйт.
Өткөөл жоболор, башкаруу түзүм жана ишмердиктин формалары
Кеңеш өзүнүн ишмердигин төмөнкү формада туруктуу негизде жүзөгө ашырат:
- 2025-жылдагы Форумдун уюштуруучуларынан жана катышуучуларынан турган уюштуруу комитети (кызыккандар үчүн ачык); анын негизги максаты – Кеңештин жоболорун жана башка жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгуу. Андан ары уюштуруу комитети өз функцияларын Координациялык кеңешке жана Катчылыкка өткөрүп берет;
- Кеңештин пленардык сессиясы (катышуучулардын же алар шайлаган делегаттардын форуму же ассамблеясы – эки жылда бир жолу) – жогорку кеңеш берүүчү орган. Пленардык сессиянын деталдуу процесси жана уюштуруу ишин уюштуруу комитети иштеп чыгат;
- муниципалдык ассоциациялардын, тармактык министрликтердин өкүлдөрүнөн жана көз карандысыз эксперттерден (макулдашуу боюнча) турган Координациялык кеңеш (башкаруу), ал пленардык сессиялардын ортосунда Кеңештин ишине карата чечимдерди кабыл алат жана жумушчу топтордун ишин жетектейт;
- Катчылык (ротациялык, адистештирилген борборлордун аналитикалык колдоосу менен региондун муниципалдык ассоциацияларынын биринин базасында) – уюштуруучулук жана аналитикалык колдоо. Катчылыктын функцияларынын кеңири сүрөттөлүшүн уюштуруу комитети иштеп чыгат;
- 5-бөлүмдө көрсөтүлгөн багыттар боюнча тематикалык жумушчу топтор.
2026-2030-жылдарга иштердин артыкчылыктуу багыттары
Өз ара байланышкан беш багытка топтоштурулган биринчи тематикалык беш жылдык программа Ташкентте өткөн Форумдагы талкуулардын жыйынтыгы болуп саналат:
- Дайындардын негизинде пландоо жана болжолдоо жана инвестицияларды тартуу. Аймактардын инвестициялык профилдеринин натыйжалуу шаблондорун, өнүктүрүү программалары жана инвесторлорго “бирдиктүү терезе” практикасы үчүн макулдашылган индикаторлорду даярдоо; жер-шаар куруу чечимдери, салыктык стимулдар жана кызматтарды координациялоо чөйрөлөрүндө мыкты эл аралык тажрыйбаны колдонуу.
- Башкаруунун субулуттук деңгээлинин кадрдык дараметин өнүктүрүү. Башкаруунун муниципалдык жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу деңгээлдери үчүн биргелешкен окуу модулдары, башкаруу кадрларынын резервинин программалары, кесипкөй конкурстар, типтүү квалификациялык профилдер жана компетенциялар; жайкы мектептер, тренингдер, тажрыйба алмашуу боюнча регионалдык сапарлар жана тематикалык конференциялар.
- Өлчөөлөр жана санариптик платформалар. Дайындардын шайкеш форматтары, жергиликтүү өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн негизги санариптик модулдар, санариптик тобокелдиктерди башкаруу ыкмалары.
- Аяр абалдагы аймактарды өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары. Тоолуу жана алыскы калктуу конуштарды даректүү колдоонун мисалдарын эске алуу менен негизги кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн стандарттары жана инвестицияларды таргеттөө боюнча сунуштар.
- Жарандардын катышуусу жана горизонталдуу алмашуу. Муниципалитеттердин үзгүлтүксүз өлкөлөр аралык алмашуулары, ассоциациялар үчүн платформалар, биргелешкен отчеттор жана жылышка коомдук серептер.
Катышуу жана мүчөлүк
Катышууга жергиликтүү өнүктүрүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык ассоциациялар жана жергиликтүү башкаруу органдарынын ассоциациялары, жарандык коом уюмдары жана аналитикалык борборлор, ошондой эле академиялык чөйрө жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр чакырылат. Катышуучулардын курамы кесипкөй деңгээлдеги талкууну жана чечимдерди биргелешип даярдоону камсыз кылат.
Каржылоо
Финансирование деятельности осуществляется за счет членских взносов (устанавливаемых Пленарной сессией), грантов международных партнеров, добровольных взносов участников и средств, привлекаемых на реализацию совместных проектов. Административные расходы Секретариата могут софинансироваться принимающей организацией.
Корутунду жоболор
Өнүктүрүү саясат институтунун жана Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясынын атынан Форумдун уюштуруучулары анын катышуучуларынын арасында санариптик байланыш каражаттары аркылуу сунуштарды таратышат жана 2025-жылдын 31-мартына чейин уюшма жумушчу тобунун курамын түзүшөт.
Окшош материалы:
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Төртүнчү сессия. Инвестициялар ишеним тили катары: жергиликтүү бийлик эмнелерди жасай алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Экинчи сессия: Иллюзиясыз административдик-аймактык реформалар: чек аралар, бюджеттер, санариптик дайындар жана жашоочулар үчүн жыйынтык
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Үчүнчү сессия. Аймактарды өнүктүрүүдө жана борбор азиялык интеграцияда муниципалдык ассоциациялардын жана санариптик платформалардын ролу
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Биринчи сессия. Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун заманбап тенденциялары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Аял депутаттар: квотадан сапаттуу катышууга чейинки жол. Тенденциялар, чакырыктар жана жаңы стратегиялар
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Региондорго алынган багыт: 2030-жылга перспектива
-
№2 (160) / 2025-03-03 Мамажунус АБИЛОВ: өнүктүрүү программасы Ноокат районунун жашоочуларынын суроо-талаптарына жана дараметине негизделген
-
№2 (160) / 2025-03-03 Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун КРнын Жогорку Кеңешине баяндамасы (кабыл алынган мыйзамдардын ЖӨБдү өнүктүрүүгө тийгизген таасири жөнүндө)


















