Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (171) 6 Февраль 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Экинчи сессия: Иллюзиясыз административдик-аймактык реформалар: чек аралар, бюджеттер, санариптик дайындар жана жашоочулар үчүн жыйынтык

2026-02-06 / Көңүл чордонунда
“Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Экинчи сессия: Иллюзиясыз административдик-аймактык  реформалар: чек аралар, бюджеттер, санариптик дайындар жана жашоочулар үчүн жыйынтык

Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору

Экинчи сессиянын принципиалдуу баарлашуусу административдик чек аралардын жаңы схемаларын, реалдуу акчаны жана адамдар күн сайын сезип жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын кантип бириктирсе болот деген тууралуу болду. Административдик-аймактык реформа сөзсүз түрдө эки карама-каршылыкты ачыкка чыгарат: ири масштабда үнөмдөө жана кесипкөйлүк, ал эми чакан масштабда жашоочуларга жакындык жана жакшы кайтарым байланышты берет. Баяндамачылар реформа административдик чек аралар өзгөргөндөн кийин таза суу менен камсыз кылуу, коомдук транспорт, көрктөндүрүү, социалдык колдоо кызмат көрсөтүүлөрү канчалык тез жакшырып, жергиликтүү башкаруу канчалык ачык-айкын болоору менен өлчөнүшү керектигин айтышты.

Өзгөртүүлөрдүн логикасы Кыргызстандын тажрыйбасында көрсөтүлдү, аны КР Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Искандарбек МАМАТОВ тааныштырды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү деңгээлин ирилештирүүнүн жыйынтыктары өлкөнүн майда муниципалитеттердеги бытырандылыктан жана ресурстардын өнөкөт тартыштыгынан арылууга умтулуусун көрсөтүп турат. Өзгөртүүлөрдүн мааниси – жергиликтүү бийлик бир нече жылга алдын ала пландап, кесипкөй команданы түзүп, жыйынтыкка жооп бере алышы үчүн башкаруучулук жана финансылык кубаттуулукту кыйла туруктуураак бирдиктерге топтоштуруу. Бул моделде муниципалдык ишканалар мэриялардын жана айылдык аймактардын иш аспабына айланат: алар суу менен камсыздоо системасын модернизациялоого, таштандыларды иштетүүгө, шаардык чөйрөгө жана жарыктандырууга жооптуу. Ошол эле учурда санариптик интеграция – жашоочулардын жана мүлктүн реестрлери, электрондук биллинг жана кайрылуулардын сервистери, мамлекеттик дайындар базалары менен байланыш. Мунун баары “сандарга” мода жөнүндө эмес, бул башкаруу тартиби жөнүндө: жетекчи “өзүнүн” аймагынын өнүгүү көрсөткүчтөрүн фактыларда, реалдуу убакыт режиминде көргөндө, сөз мындан ары декларациялар жөнүндө эмес, далилденген натыйжалуулук тууралуу болот.

Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлиси-нин Мыйзам чыгаруу палатасынын демократиялык институттарды жана жарандык коомду өнүктүрүү маселелери боюнча Комитетинин Төрагасынын орун басары Абдулло АСЛОНОВ башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында Өзбекстанда махаллаларды аймактык оптималдаштыруу боюнча стратегиялык көз караш менен тааныштырды. 2025-жылы Өзбекстан биринчи этапта 500гө жакын жамаатты бириктирип, махаллалардын санын кыскарта баштады. Бийлик оптималдаштыруу жолу менен чечүүгө аракет кылып жаткан негизги чакырык – бул жарандар бийликке кайрылган маселелерди чечүү үчүн махаллалардын жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Алсак, 2025-жылы, АСЛОНОВдун айтымында, махаллалар жарандардын суроо-талаптарынын 84% жооп берген, бирок көрсөткүч өсүшү керек жана жоопторго канааттануу жогорулоого тийиш. Ошондуктан оптимизациялоо менен бир эле учурда Өзбекстанда махаллаларда сервистик компаниялардын системасы курулуп жатат, алар жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүгө багытталган коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле жарандарга жана кожолуктарга кызмат көрсөтүүлөрдү – жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн 26 түрүн жеткиришет. Бул чөлкөмдөгү өлкөлөр үчүн жаңы аралаш модель, алардын басымдуу бөлүгү муниципалдык жана жеке кызмат көрсөтүүчүлөрдү бөлүп турат. Модель финансылык туруктуулук чөйрөсүндө кызыктуу жыйынтыктарды көрсөтө алат, бирок ошол эле учурда атаандаштык чөйрө үчүн тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн. Бирок, ыкмалардын өзү, албетте, инновациялык жана коңшу өлкөлөргө келечектеги сунуштарды иштеп чыгуу үчүн көңүл бурууга жана талдоого татыктуу.

Европалык көз караш Борбордук Азиядагы жергиликтүү бийликтерге кандайдыр бир иллюзиялардан алыс болууга жардам берет. Улуу Британиянын райондук кеңешинин тармагынын саясат боюнча улук кеңешчиси Шарлотта МАГУАЙР Британиядагы деволюция тажрыйбасы1 менен тааныштырды. Ага ылайык, жергиликтүү органдын “ойдогудай өлчөмү” жок. Чоң аймактар чындап эле масштабдан үнөмдөөгө жана штатта күчтүү команданы – аудиторлорду, инженерлерди, сатып алуулар боюнча адистерди кармоого мүмкүндүк берет. Чакан түзүмдөр, тескерисинче, жашоочулар менен тыгыз байланышты камсыздап, ички көйгөйлөрдү тезирээк байкап турат. Деволюциянын мааниси универсалдуу жооп издөөдө эмес, ар бир аймак үчүн ыйгарым укуктардын жана милдеттердин конкреттүү топтому тууралуу тил табышууда, аларды анык макулдашууларда жана ачык-айкын финансылык эрежелерде бекитүүдө. Мындай макулдашуусуз башталган реформа жарым жолдо “катып калары” талашсыз: карта өзгөрдү, бирок кызмат көрсөтүүнүн сапаты ошол бойдон калды, ал эми элдин ишеними жоголууда.

Ушул жерден анан тобокелдиктер жана компенсациялар жөнүндө сүйлөшүүлөр башталат. Мекемелердин тармагын ар кандай оптималдаштыруу “кууш жерлерди” жаратат: бир жерде чакан мектеп жабылат, бир жерде автобустун каттамы өзгөрөт, дагы бир жерде бейтапкана алысыраак болот. Эгерде бул кесепеттер алдын ала баамдалбаса жана даректүү чаралар сунушталбаса, эл реформаны колдоп кете албайт. Өнүктүрүү саясат институтунун Словакиядагы консультанты Роберт БОДО тааныштырган Чыгыш Европанын практикасы өткөөл мезгилде өтө жөнөкөй аспаптар иштей турганын көрсөтүп турат. Мисалы, негизги кызмат көрсөтүүлөргө узагыраак жол басып жете тургандар үчүн транспорттук ваучерлерди киргизүүгө болот; мамлекет “тургундардын үйүнө келиши үчүн” адистердин мобилдик бригадаларын түзүүгө болот; “казык чекиттерин” уюштурса да болот – бул негизги функциялар болгон жана жаңы административдик-аймактык конфигурацияда кызмат көрсөтүүнү кантип алса болору жөнүндө маалымат сакталган жерлер. Чараларды ойлоп табуу гана эмес, ошондой эле аларды алдын ала жарыялоо да маанилүү, мында мөөнөттөрдү белгилеш керек, ушул мөөнөттөрдөн кийин убактылуу чечимдер жокко чыгарылууга тийиш. Ошондо коом реформанын максаты гана эмес, ошону менен бирге өзгөрүүлөрдүн түйшүктүү мезгилинен өтүүнүн чынчыл планы бар экенин да көрө алат.

Кийинки катмар – финансы. Акчаны кошо бербей туруп ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү – бул борбордон ажыратуу эмес, бул бир иштерди жасоого мүмкүнчүлүк бербестен эле жоопкерчиликтерди бөлүштүрүп чыгуу дегенди билдирет. Швециянын Жергиликтүү бийлик органдарынын жана аймактарынын ассоциациясынын бөлүмү болгон SALAR International долбоорлорунун менеджери Шейн КУИНН тааныштырган финансылык децентралдаштыруу сабактары жөнөкөй эрежени эске салды: функциялар менен бирге болжолдуу кирешелер төмөндөшү керек, ал эми бюджеттер аралык трансферттер ачык жана түшүнүктүү болууга тийиш. Муниципалитеттерге нормативдик “скелет” керек – бекитилген салыктардын үлүштөрү, теңдештирүү формулалары, жыйынтык үчүн стимулдар. Ошондо гана жергиликтүү бийликте кирешелердин базасын мыйзамдуу ыкмалар менен өнүктүрүүгө стимул пайда болот: алар жер жана мүлк менен иштейт, төлөм тартибин жакшыртышат, тарифтерди ирээтке келтиришет, аймактын экономикасын кеңейтүүчү инвестициялык долбоорлорду сүрөй башташат. Эгерде финансылык бөлүк деталдуу пландалбаса, ар кандай административдик схеманы жыл сайын кайра карай бере аласыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты баары бир кокустукка жараша болот жана аткаминердин саясий эркине көз каранды маселе болуп кала берет.

Ошол эле маалда санариптик чечимдер жалпы конструкциянын бириктирүүчү звеносу болуп калат. Алар божомолдордун деңгээлинде талашып-тартышпастан, "буга чейинки" жана "кийинки" көрсөткүчтөрдү салыштырууга мүмкүндүк берет. Иштеп чыгуу убактысы кыскардыбы? Суу үчүн төлөгөндөрдүн саны көбөйдүбү? Техникалык жоготуулар азайдыбы? Таштандыларды чыгаруу боюнча келишимдер ачык-айкын болуп калдыбы? Эгерде бул суроолорго ар бир муниципалитет боюнча сандык жооптор бар болсо, коом реформаны колдоп берет. Ал эми инвесторлор шаардан шаарга бир эле дайындар тилинде сүйлөөгө мүмкүнчүлүк алышат, бул болсо чечимдерди кабыл алуудагы чыгымдарды кыйла азайтат.

Натыйжада, экинчи сессия чөлкөмдөгү өлкөлөр үчүн түшүнүктүү жол картасына айланды. Административдик-аймактык реформа бүтүндөй системанын бир бөлүгү катары гана мааниге ээ: алдын ала эсептелген социалдык чыгымдар жана аларды компенсациялоо механизмдери менен; жергиликтүү бийликке реалдуу финансылык негиз берген фискалдык эрежелер менен; башкарууну өлчөөгө боло турган процесске айландыруучу санариптик платформалар менен; кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы стандарттарын аткарууга даяр муниципалдык ишканалар жана өнөктөштүктөр менен. Ошондо “чоңбу же кичинеби” дегендин айланасындагы талаш андан да маанилүү суроого орун бошотуп берет: кимдер эмнелер үчүн жооп берет, алар кандай ресурстарга таянат жана жаран өзү жашаган жерде анын жыйынтыгын кантип көрөт.

Бул сүйлөшүү Борбордук Азиянын беш өлкөсү үчүн жалпы бир шайкештик минимумун белгилегени менен да маанилүү болду: кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн так негизги стандарттары, сапатты салыштырууга боло турган көрсөткүчтөрү, инфраструктура жана инвестициялык даярдык боюнча ачык дайындардын бирдиктүү форматтары. Мындай минимум өлкөлөрдүн ортосундагы айырмачылыктарды жокко чыгарбайт, бирок ишке байланышкан тажрыйбалар менен алмашууга мүмкүндүк берет. Дал ушунун негизинде регионалдык кызматташтыкты жана улуттук реформаларды курууга болот: максат жана аспаптар алдын ала сүрөттөлгөндө, өзгөрүүлөр башкарылуучу процесске айланат, мында бийликтин ар бир деңгээлинин өз милдеттери, ресурстары жана ийгилик критерийлери болот.

___________ 

1 Деволюция – мыйзамда бекитилген ыйгарым укуктардын жана акчанын бир бөлүгүн борбордук бийликтен аймактарга жана шаарларга туруктуу негизде өткөрүп берүү. Жергиликтүү бийлик органдары өз аймагынын иштери боюнча өз алдынча чечим кабыл алуу укугуна ээ жана алардын жыйынтыктары үчүн жооп беришет, ал эми жалпы мамлекеттик функциялар (мисалы, коргонуу жана тышкы саясат) борбордо калат. Жалпак тил менен айтканда, мамлекеттин биримдигин өзгөртпөстөн, “жеринде көбүрөөк укуктарды жана милдеттерди” берүү.

Окшош материалы: