Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
“Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Үчүнчү сессия. Аймактарды өнүктүрүүдө жана борбор азиялык интеграцияда муниципалдык ассоциациялардын жана санариптик платформалардын ролу
Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору
Үчүнчү сессия үч маанилүү тенденцияны бириктирди, аларсыз заманбап жергиликтүү өнүгүү мындан ары ишке ашпайт: муниципалитеттердин уюшулган үнү, дайындардын санариптик платформалары жана даректүү пландоонун жаңы аспаптары. Талкуунун программасына Кыргызстандын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун практикалары, Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясынын тажрыйбасы, кварталдын жана жамааттын деңгээлинде керектөөлөрдүн “тымызын” картинасын көрүүгө мүмкүндүк берген аналитикалык чечимдердин презентациясы камтылган. Микродайындар жана жамааттардын кызыкчылыктары жогорку сапаттагы саясий жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн ылдыйдан өйдө карай дайындарды берүүнүн бирдиктүү системасы менен бириктирилет.
КР ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ презентацияны ЖӨБ Союзу жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүү институту болуп саналат деген конкреттүү, бирок принципиалдуу тыянактан баштады. Уюм кезектеги “бирикме үчүн бирикме” деген ооз учундагы сөз үчүн эмес, жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон конституциялык укукту тараптардын пикирлерин, регламенттерин жана милдеттерин жеткире алган өз каналдары бар туруктуу диалог системасына айландыруу үчүн керек. Кыргызстанда ЖӨБ Союзу мыйзам чыгаруу процессинде жана бюджетти талкууларда гана болбостон, муниципалитеттер үчүн үзгүлтүксүз кайтарым байланышты да уюштурат – ишеним телефонунан көчмө методикалык жардамга чейин бар. Мындай процессте ассоциация жашоонун күнүмдүк сапаты үчүн жооптуу болгон ар бир адам үчүн сервистик платформага айланат.
Муниципалдык ассоциациялар аркылуу борбор менен жамааттардын ортосундагы диалогдун платформаларынын натыйжалуулугун эл аралык тажрыйба да кеңири тастыктап турат. Шейн КУИНН (SALAR International) ассоциациялар жөнүндө регионалдык интеграциянын механизми катары айтты: ар кайсы өлкөлөр жеринде башкаруу чөйрөсүндөгү чечимдердин жалпы рыногун түзгөндө – кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынан санариптик продуктыларга чейин – мындан баары утат, себеби алар шайкеш келген практиканы топтоп, каталардын баасын азайтышат. Бул моделде ассоциациялар кесипкөй жамааттар жана администрациялар үчүн дайындарды жана билимди камсыздоочу болуп калышат. Мындай мамиле сессиянын концепциясына тикелей киргизилген жана форумдун программасында чагылдырылган.
Бирикмелер жөнүндө сүйлөшүүгө Өзбекстандын тажрыйбасы органикалык түрдө айкалышып кетүүдө, себеби, бул өлкөдө үй-бүлөлөр жана жергиликтүү инфраструктура менен иштөөнүн баштапкы звеносу болгон махаллалардын айланасында бирдиктүү экосистема курулат. Дүйнөлүк банктын улук экономисти Икуко УОЧИнин презентациясы махаллалардын деңгээлинде кантип орточо алынган статистикадан даректүү чечимдерге өтүүгө болорун көрсөттү. Project Targeting Index негизги аспап болуп саналат – бул “долбоорлорду мейкиндикке багыттоо боюнча далилдүү методика”, ал “долбоорлорду өлкөнүн өнүгүү максаттарына шайкеш жайгаштырууну макулдашат” жана “эң муктаж болгон аймактарга жетүүнү камсыз кылууга” жардам берет. Бул жөн эле туюндурмалар эмес: алар көрсөткүчтөрдүн стандартка салынышын, жалпы салмактарды жана кварталдык масштабга чейинки артыкчылыктардын картасын ачып берет. Индекс махалла паспортунун жана геомаалыматтын негизинде чогултулат, андан кийин инвестиция мүмкүн болушунча көбүрөөк коомдук жыйынтыкты бере турган мамлекеттик жардам үчүн аймактарды тандап алуу максатында колдонулат.
Форумдун аудиториясы үчүн “аярлуулук индекси” тууралуу маалымат өзгөчө көрсөтмөлүү болду. Жумушсуздардын, балдарга жөлөкпулдарды жана даректүү жардамды алуучулардын үлүшүнүн көрсөткүчтөрүнүн негизинде мейкиндик схемасында “муктаж жерлер” көрүнүп турат, алар бакубат региондордо да кездешет. Мындай ракурс социалдык саясат үчүн гана пайдалуу эмес: ал шаарларда кайсы жерде транспорттун жеткиликтүүлүгү же биринчи звенодогу кызмат көрсөтүүлөр аксап жатканын, үй-бүлөлүк медицина пункту, бала бакча же чакан өндүрүш кластери болсун, жардамды биринчи кезекте кайсы жакка багытташ керектигин көрсөтөт.
Өзбекстандын кейсинин маанилүү деталы – ал “Жакырчылыктан бакубатчылыкка” деген кеңири мамлекеттик циклге киргизилген, мында максаттар (жакырчылыкты кыскартуу, иш менен камсыз кылуу, кызмат көрсөтүүнүн масштабын кеңейтүү) конкреттүү чаралар жана көрсөткүчтөр менен коштолот. Материалдарда чечимдердин хронологиясы да, тийгизген таасирдин масштабы да көрүнүп турат: жүз миңдеген чакан долбоорлордон жана ишкердик инкубаторлорунан баштап, мектепке чейинки билим берүүгө жана баштапкы медицинага жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө чейин бар; жетиш керек болгон деңгээл – район, махалла, кожолук. Мындай көлөм муниципалдык жана социалдык саясатка бир тилде – дайындардын жана өлчөнгөн жыйынтыктардын тилинде сүйлөөгө мүмкүндүк берет.
Икуко УОЧИнин баяндамасынын контекстинде Өнүктүрүү саясат институтунун атынан уюштуруучулар маанилүү байкоого көңүл бурушту: аймактарды өнүктүрүүнү даректүү, чакан дайындарга негизделген башкарууга өтүү – бул Өзбекстандын инновациясы гана эмес, бул ошону менен бирге чөлкөмдөгү тенденция да болуп саналат, себеби Кыргызстан да 2025-2026-жылдары тоолуу жана алыскы аймактарга мамлекеттик колдоо боюнча ушул өңдүү эле ишти жүргүзмөкчү; өнүгүүгө мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн инновациялык системасынын контекстинде Тажикстан да караштырып жатат.
Андан ары сессия кайсы жерде жардам керек деген суроодон кантип жакшыраак башкаруу керек деген суроого өттү. ULUT Soft компаниясынын директору Мирбек ОКЕНОВ автоматташтыруунун аспаптары жана жасалма интеллекттин элементтери кантип ар бир адис ар түрдүү тапшырмаларды аткарышы керек болгон чакан администрациялар үчүн “көмөкчү колго” айланып баратканын көрсөттү. Мындай санариптештирүүнүн өзүнүн талап кылынган логикасы бар: “Комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүү тармактык пландарды, регионалдык жана жергиликтүү программаларды жана мейкиндикти пландоону теңдештирүүнү талап кылат”, ал эми бул болсо “макулдашылган процесстер, жалпы көрсөткүчтөр жана жогорудан ылдый карай жана төмөндөн жогору карай маалыматтын өтмө агымдары” менен гана мүмкүн болот. Башкача айтканда, адегенде дайындар жана жол-жоболор уюштурулат, андан кийин алар үчүн сервистер жана модулдар туураланат. Бул – теориялык каалоо эмес, бул – муниципалдык деңгээл мындан ары “кара куту” болбой калган иерархиялык, пландоонун дайындарга негизделген системасын куруунун жол картасы.
Баса, кийинки сессияда Форум (Максим СЕМЕНЯКтын баяндамасында) райондук өнүктүрүү программаларынын “тармактардын профилдеринде” жеке инвестициялык керектөөлөрдү жана мамлекеттик салымдардагы керектөөлөрдү кантип баалоого болорун; дайындардын жеткиликтүүлүгү жана моделдердин пайда болушу кеңейген сайын инвестициялардын натыйжалуулугунун божомолун кантип курууга болорун; жана бул тыянактарды бюджет түзүү үчүн түшүнүктүү форматтарга кантип которууга болорун көрсөттү. Ошондой эле колдонууга боло турган да мисал келтирилди: Ысык-Көл облусунун райондорунун биринде инвестицияларды туура пландоону жана болжолдоону туура түзүү менен туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү үч жылдын ичинде эки эсе көбөйтүүгө болот – бул “кереметтин” эсебинен эмес, чектелген ресурстарды сарамжалдуу бөлүштүрүүнүн аркасында ишке ашат.
Ассоциацияларга кайта турган болсок, алардын бул санариптик архитектурадагы ролу дээрлик инженердик болуп калат. Кыргыз Республикасындагы ЖӨБ Союзу “өз ара аракеттенүү институтунун” жарыяланган алкагына ылайык, жеринде жаңырган суроо-талаптарды топтоштуруп, аларды парламенттик угууларга катышуудан тартып бюджеттик саясат боюнча сунуштарга чейин ченемдердин жана жол-жоболордун тилине которот. Бул муниципалитеттердин горизонталдык тажрыйбасын ыйгарым укуктардын вертикалы менен бириктирет жана жаңы тажрыйбаларды киргизүү үчүн туруктуу каналдарды камсыздайт.
Өзбекстандын тажрыйбасы бул системаны кантип күчөтүү керектигин сунуштайт: чөлкөмдүн же өлкөнүн деңгээлинде кабыл алынган саясий чечимдер даректүүлүгүн жоготуп албашы үчүн ассоциативдик механизмдерди аймактардын “паспорттору” жана муктаждык индекстери менен айкалыштырыш керек. Дүйнөлүк банктын материалдарында “махалланын деңгээлинде PTI жыйынтыктары бир региондун чегинде да көрсөткүчтөр боюнча олуттуу айырмачылыктарды аныктап жатат”, ошондуктан “көрсөткүчтөр программанын максаттарына жараша тандалышы керек” деп өзүнчө белгиленген. Жалпак тил менен айтканда, бир эле бакубат райондун ичинде “аярлуу жерлер” болушу мүмкүн – жана аларга долбоорлор, кызмат көрсөтүүлөр жана бюджеттер даректелүүгө тийиш.
Акыры, бул сессияда адатта көшөгө артында калып келаткан дагы бир тыянак да жаңырды: туруктуу жергиликтүү өнүгүү – бул технология же формалдуу ыйгарым укуктар гана эмес, бул ошону менен бирге кесипкөй жамааттардын инфраструктурасы жөнүндө да. Ар бир кийинки кадам конкреттүү бир үй-бүлөгө, көчөгө же кварталга олуттуу пайда алып келиши үчүн ассоциациялар муниципалитеттер, министрликтер жана эксперттер сүйлөгөн тилди түзөт; санариптик платформалар бул тилди өлчөнө турган көрсөткүчкө айлантат; ал эми аналитикалык аспаптар аны картага түшүрөт.
Сессиянын жалпы тыянагы муниципалдык союздар жана ассоциациялар пикирлерди жана жамааттык экспертизаны жеткирүү үчүн туруктуу каналдардын алып жүрүүчүсү болуп саналат; санариптик платформалар – бул дайындар менен тажрыйбаны сактаган архив; индекстер жана моделдер – керектөөлөргө жана мүмкүнчүлүктөргө негизделген издөө системасы. Алар баары биригип, жергиликтүү башкаруунун жаңы тартибин түзүшөт: адегенде дайындар менен текшерилген картина, андан кийин текшерилген долбоордук себет, ушундан соң гана чечимдер.
Окшош материалы:
-
№1 (171) / 2026-02-06 Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүү тууралуу “Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-2025” форумунун сунуштары
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Төртүнчү сессия. Инвестициялар ишеним тили катары: жергиликтүү бийлик эмнелерди жасай алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Экинчи сессия: Иллюзиясыз административдик-аймактык реформалар: чек аралар, бюджеттер, санариптик дайындар жана жашоочулар үчүн жыйынтык
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Биринчи сессия. Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун заманбап тенденциялары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Аял депутаттар: квотадан сапаттуу катышууга чейинки жол. Тенденциялар, чакырыктар жана жаңы стратегиялар
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Региондорго алынган багыт: 2030-жылга перспектива
-
№2 (160) / 2025-03-03 Мамажунус АБИЛОВ: өнүктүрүү программасы Ноокат районунун жашоочуларынын суроо-талаптарына жана дараметине негизделген
-
№2 (160) / 2025-03-03 Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун КРнын Жогорку Кеңешине баяндамасы (кабыл алынган мыйзамдардын ЖӨБдү өнүктүрүүгө тийгизген таасири жөнүндө)


















