Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жалал-Абад Регионалдык элеттик консультациялык кызматы – ЖА РЭКК” коомдук фонду

2023-09-07 / ЖӨБ үчүн консультациялар
“Жалал-Абад Регионалдык элеттик консультациялык кызматы – ЖА РЭКК” коомдук фонду

Динара ШАЙДИЕВА, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун эксперти

2022-жылы Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоо­су менен Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу акаде­миясынын (БАЖБА) алдында жергиликтүү өнүктүрүү боюнча Консультанттардын улуттук тармагы түзүлгөн. Тармак­тын консультант-мүчөлөрү акы алып иштешет, ошону ме­нен ЖӨБ органдарынын жардамчыларынын кесипкөй жама­атын түптөп, өз кардарларынын алдында иштин сапаты үчүн жооп бере алышат. Журналдын бул санында Жалал-Абад регионалдык элеттик консультациялык кызматтын – ЖА РЭККтин консультанты менен тааныштырабыз.

Консультанттын кызмат көрсөткөн жери

ЖА РЭККтин башкы кеңсеси Жалал-Абад шаарында жайгашкан, облустун бардык райондорунда райондук бөлүмдөрү бар. Райондук эксперт-консультанттар ЖӨБ органдарына жана Кыргызстандын элет тургундарына айыл ичиндеги жергиликтүү контекстке жараша айыл чарба чөйрөсүндө консультациялык кызматтарды көрсөтүшөт.

Консультанттын иш чөйрөсү

Уюмдун максаты – ар кандай тренингдер, консультациялар аркылуу айыл чарба продукцияларына, билимге, инновацияларга, жеңилдетилген насыяларга жана гранттарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, консультанттар тармагынын жардамы менен элеттиктердин жашоо деңгээлин жогорулатууга өз салымын кошуу. Уюм айыл чарба чөйрөсүндө кадрларды окутат жана даярдайт, айыл чарбасын жана агробизнести өнүктүрүү жаатында жаштар менен аялдардын демилгелерин колдойт, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу чөйрөсүндө алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, колдоо көрсөтөт; айылдарда дыйкандардын топторун, кооперативдерди жана чакан насыя агенттиктерин түзүү боюнча чоң тажрыйбага ээ. 2023-жылы уюмда 46 консультант, анын ичинде 16 аял иштеп жатат. 2000-жылдан тарта облустун деңгээлинде айыл чарба тармагында жеке “Белес” гезити чыгып келатат.

Иштин негизги багыттары

  • Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу ыкмалары, айыл чарба продукциясынын кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү, кайра иштетүү жана сатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
  • Ирригациялык инфраструктураны калыбына келтирүү жана сууну үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу.
  • Мал чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүү жана
  • жайыттарды талаптагыдай башкаруу.
  • Жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу.
  • Элет жергесинде жашаган жаштардын жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкка көрсөткөн кызматтарынын сапатын жогорулатуу.

Биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз

ЖА РЭЭК мамлекеттик түзүмдөр менен, тактап айтканда жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, райондук, облустук жана мамлекеттик деңгээлдерде Айыл чарба министрлиги жана райондук айыл чарба башкармалыгы менен кызматташат. Эл аралык донордук агенттиктер, биолабораториялар, айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр, илимий- изилдөө институттары, университеттер, айыл чарба чөйрөсүндө кызмат көрсөткөн өнөктөштөр, чакан финансы институттары менен өнөктөштүк мамилелер түзүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуунун тажрыйбасы жана жыйынтыктары:

  • Базар-Коргон районунун Акман айылында “Акман Тазалык таза суу” муниципалдык ишканасы уюштурулду (USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен, 2020-2021-жылдары);
  • СЭӨПтү иштеп чыгуу, “Санарип Аймак” автоматташтырылган системасын толтуруу, “Тазалык таза суу” муниципалдык ишканасын ишке киргизүү боюнча Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагына жана Ноокен районунун Шайдан, Момбеков, Сакалды айыл аймактарына көмөк көрсөтүлдү (USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен, 2022-2023-жылдары).
  • Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын он эки районунун 21 айыл өкмөтүндө аялдардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча консультациялар берилди. Жыйынтыгында аялдар үчүн спортзалдар ачылды, КР Саламаттык сактоо министрлигинин программаларына ылайык жыл сайын элеттик аялдарды заманбап диспансеризациялоо киргизилген. Аялдар ишкердикке, бизнести пландоого жана маркетингге окутулду (“Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун колдоосу менен, БУУ Аялдар, 2016-2018-жылдары).
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын 9 айыл өкмөтүнөн 40 аял лидерлик көндүмдөрүн жакшыртышты, мунун натыйжасында 21 катышуучу депутаттыкка талапкер, ал эми 11и жергиликтүү кеңештерге депутат болушту (АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен, “Жигердүү аялдар – өзгөрүүлөргө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында, 2020-2021-жылдары).
  • 40 аял өз бизнесин илгерилетүү үчүн онлайн-ресурстарды колдонуу боюнча окуудан өтүүдө, ал эми Жалал-Абад, Нарын облустарынын окуу жайларында SMM-маркетинг боюнча туруктуу иштөөчү курстар ачылууда (АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен COVID-19дан кийинки мезгилде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун алкагында, 2022-2023-жылдары).
  • Жалал-Абад облусунун төрт айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инклюзивдүү социалдык- экономикалык өнүктүрүү программаларын (ИСЭӨП) иштеп чыгууга колдоо көрсөтүү жана консультация берилди, мунун натыйжасында муниципалитеттердин экономикасын өнүктүрүүгө дем берилди, жаңы жумуш орундары түзүлдү, салык базасы кеңейтилди. “Санарип Аймак” системасын киргизүүгө колдоо көрсөтүлдү, натыйжада колдоого алынган муниципалитеттер “Санарип Аймак” системасында катталуу рейтингинде райондо биринчи жана экинчи орундарды ээлешти. Ар бир айылдык аймактын кеңири карталары чыгарылды. Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жакшыртылды (“Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” Программасынын колдоосу менен, GIZ, 2020-2022-жылдары).

Консультант менен байланышуу жолдору:

Моб.: 0772 01 01 11; 0772 03 01 02

Эл. почта.: rasja@rasja.kg;

Веб-сайт: https://www.rasja.kg/

Инстаграм: https://www.instagram.com/rasja.kg/

Фейсбук: https://www.instagram.com/rasja.kg/

Ютуб: RAS JA

1 Уюм 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси менен Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (ЭАӨФ) жана Швейцария өкмөтүнүн эгидасы алдында, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен түзүлгөн.