Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жамал Шайлообековна Тукеналиева

2023-10-02 / ЖӨБ үчүн консультациялар
Жамал Шайлообековна Тукеналиева

Консультанттар тууралуу маалыматты Нургүл ЖАМАНКУЛОВА даярдады

Консультант кызмат көрсөткөн жер

  • Токтогул шаары, Жалал-Абад облусунун Токтогул району,
  • Талас облусу

Консультанттын иш чөйрөсү:

  • жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ченемдик-укуктук негиздери, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри;
  • кызмат көрсөтүү процессинин экономикалык жана финансылык туруктуулугу. Муниципалдык заказ жана анын баскычтары;
  • мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу;
  • жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
  • жалпы инклюзивдүү өнүгүү механизмдерин эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу;
  • муниципалитеттер аралык кызматташтыктын алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу;
  • коомдук мониторинг: муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча мониторинг жүргүзүүдө системалуу ыкма;
  • акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде тарифтик саясатты уюштуруу жана башкаруу.

ЖӨБ органдары менен иштөө тажрыйбасы жана маанилүү жыйынтыктары:

  • Токтогул шаарын, Кетмен-Дөбө, Чолпон-Ата, Жаңы-Жол, А.Суеркулов айылдык аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары иштелип чыкты жана бекитилди (калктын негизги керектөөлөрүн, бул айылдардын жана шаарлардын артыкчылыктуу багыттарын, аярлуу топтордун, жаштардын, аялдардын пикирлерин эске алуу менен). Эң мыкты программага жарыяланган конкурстун жыйынтыгы боюнча аймактар байгелүү орундарга ээ болуп, 250 миң, 150 миң жана 100 миң сомдук сыйлыктарды алышты (ЖДКЖ долбоору, 2021-жылы);
  • кызмат көрсөтүүлөр уюштурулду (кызмат көр- сөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер пландары аркылуу): Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык аймагынын орто мектептеринин башталгыч класстарында ысык тамак уюштурулду (2016-2023-жылдары);
  • муниципалдык ишканалар түзүлдү же калыбына келтирилди: Токтогул шаарынын мэриясына караштуу “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы түзүлдү, кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан негизделген тарифтер калк менен талкууланып, жалпы суммасы 7 миллион сомго атайын техника сатып алынды жана ийгиликтүү иштетилип жатат; Жаңы-Жол айылдык аймагында ДЭКО муниципалдык ишканасынын иши жанданды, катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жолго коюлду, атайын техника, оргтехника ж.б. сатып алынды (2016-2023-жылдары);
  • муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында Токтогул шаарынын мэриясы, А.Суеркулов жана Жаңы-Жол АА биргелешип Токтогул шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык балдар чыгармачылык үйүн 1,5 млн сомго ремонттошту, мында бий ийрими менен машыгуу үчүн шарттар жакшыртылды, балдар эмеректери сатып алынды; Кетмен- Дөбө жана Чолпон-Ата айылдык аймактарынын муниципалитеттер аралык кызматташтыгынын алкагында калк таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө жете алышты (2016-2023-жылдары).
  • Токтогул шаарынын мэриясы, Жаңы-Жол, А. Суеркулов, Кетмен-Дөбө, Чолпон-Ата АА үчүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрлери түзүлүп, иштеп жатат (2020- жылы); Бакай-Ата жана Манас райондорунун муниципалитеттерине консультациялар берилди, алардын жыйынтыгы боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрлери түзүлдү;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга инвестициялар тартылды: кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын түзүү боюнча консультациялар берилди, бул Орос айыл өкмөтүнө жарыктандыруу үчүн 200 миң сом, Боо-Терек айыл өкмөтүнө жылытуу системасына 200 миң сом, Миң-Булак айыл өкмөтүнө оюн аянтчасына 250 миң сом, муниципалитеттер аралык кызматташтыктын алкагында Ак-Дөбө жана Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнө 2,25 миллион сом алууга мүмкүндүк берди (2023-жылы);
  • 2016-жылдан баштап азыркы мезгилге чейин Токтогул шаарынын мэриясы, Жаңы-Жол, А. Суеркулов, Кетмен-Дөбө, Чолпон-Ата АА үчүн Финансы министрлигинин сайтында тиешелүү веб-тиркеме аркылуу ЖӨБ органдарынын жарандык бюджеттерин түзүү боюнча консультациялар жана колдоо берилип турат;
  • Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору түзүлүп, Токтогул шаарынын мэриясында, Жаңы-Жол, А. Суеркулов, Кетмен-Дөбө, Чолпон- Ата ААда биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча тиешелүү жоболор бекитилди (2021-жыл).

Байланыш үчүн:

Мобилдик телефон: (+996) 777 398 553, (+996) 703 398 553

Электрондук почта дареги: j.tukenalieva@mail.ru