Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Назира Кубанычбековна Касеева

2023-10-02 / ЖӨБ үчүн консультациялар
Назира Кубанычбековна Касеева

Консультанттар тууралуу маалыматты Нургүл ЖАМАНКУЛОВА даярдады

Консультанттын жашаган жана иштеген жери:

  • Бишкек шаары

Консультанттын иш чөйрөсү:

  • стратегия түзүү, өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу: муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин иштеп чыгуу; мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу; мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү;
  • мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү;
  • ЖӨБ органдарынын бизнес-процесстерин талдоо;
  • муниципалдык заказ;
  • азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыз кылууда 7калктын аярлуу топторун социалдык жактан коргоо боюнча консультациялар.

ЖӨБ органдары менен иштөө тажрыйбасы жана маанилүү жыйынтыктары

Пландоо чөйрөсүндө:

  • Жалал-Абад облусунун Аксы районунун беш муниципалитетинин Жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну кошо алганда, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү программаларын даярдоодо чоң тажрыйба (2020-2021-жылдары);
  • туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу боюнча Ош облусунун 16 айылдык аймагындагы жумушчу топторду окутуу жана консультациялык колдоо көрсөтүү (2017-жылы);
  • Токмок шаарында жана Красная речка айылында Жаштарды өнүктүрүү стратегиясы аркылуу жаштарды өнүктүрүү маселесин социалдык- экономикалык өнүктүрүү программасына интеграциялоо боюнча консультациялар (2017- жылы);
  • “Жаштар иштери боюнча ЖӨБ органдарынын лидерлери жана адистери үчүн жаштарды өнүктүрүүнүн жергиликтүү стратегиялары” Окуу- усулдук жыйнагынын авторлошу (Жаштарды өнүктүрүү институту, 2016-жылы чыгып, эки жылдан кийин толукталып иштелип чыккан), анын негизинде ЖӨБ органдарынын жаштар иштери боюнча адистерин жана өлкөнүн жергиликтүү лидерлерин окутуу жүргүзүлүп турат;
  • КРнын алты муниципалитетинде ЖӨБ органдарынын өз ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча бизнес-процесстерди функционалдык талдоого катышуу аркылуу ЖӨБ органдарынын бир катар функцияларын оптималдаштырууга салым кошуу; (КР ЖӨБ Союзу менен биргеликте, 2014-2015-жылдары).

Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө:

  • Токмок жана Баткен шаарларындагы Тейлөө Борбору – бирдиктүү терезелер аркылуу муниципалдык кызмат көрсөтө баштоо (КР ЖӨБ Союзу аркылуу, 2013-2014-жылдары);
  • Токмок шаарынын жана Военно-Антоновка айылынын Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин иштеп чыгуу (КР ЖӨБ Союзу аркылуу, 2015-жылы);
  • Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө коомдук мониторинг жүргүзүү методикасын иштеп чыгууга жана сыноого катышуу (2015-жылы). Бул методиканы КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия бекиткен;
  • өлкөнүн 7 облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын аткарылышына коомдук мониторинг жүргүзүү жолу менен кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Ведомстволор аралык комиссиясын колдоо (2015-2016-жылдары);
  • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына экспертиза жүргүзүүгө катышуу (2016-2017-жылдары).

Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу чөйрөсүндө:

  • лидерлерди жана жергиликтүү активисттерди мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө коомдук мониторинг жүргүзүү технологияларына окутуу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү (анын ичинде Калкты тейлөө борборлорунда көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтарды) уюштуруудагы жана сунуштоодогу кемчиликтерди четтетүү. Эң көп талап кылынган 10 кызмат көрсөтүүгө мониторинг үч жыл аралыгында 7 региондун айрым муниципалитеттеринде, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлгөн, сунуштамалар берилген мониторингдин жыйынтыктары чечим кабыл алуучулардын катышуусу менен коомдук талкууга коюлган (2015-2018-жылдары);
  • Жалал-Абад облусунун беш айылдык аймагында инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу процессине бизнестин өкүлдөрүн (туризм, соода, мал чарбачылыгын, аарычылык, багбанчылык жана башка продукцияларды өндүрүү жана кайра иштетүү), жарандык коомдун жана калктын аярлуу катмарын тартуу (2021-2022-жылдары);
  • Жалал-Абад облусунун беш айылдык аймагында туристтик кластерди түзүүгө көмөктөшүү (2021-2022-жылдары).

Кошумча маалымат

  • 2023-2027-жылдарга КРнын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын иштеп чыгууга катышуу (азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыз кылууда калктын аярлуу топторунун социалдык жактан корголушуна талдоо).
  • КРнын Азык-түлүк системасынын улуттук программасын иштеп чыгуу процессин координациялоо (2021-жылы).

Байланыш үчүн:

Мобилдик телефон: (+996) 770 895 000, (+996) 707 021 228 (WhatsApp)

Электрондук почта дареги: nkaseeva@gmail.com

Facebook: NaziraKaseeva