Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Астра Айтбаевна Жээналиева

2023-10-02 / ЖӨБ үчүн консультациялар
Астра Айтбаевна Жээналиева

Консультанттар тууралуу маалыматты Нургүл ЖАМАНКУЛОВА даярдады

Консультант кызмат көрсөткөн жер:

  • Ош облусунун Өзгөн жана Алай райондору;
  • Жалал-Абад облусунун Сузак району;
  • Баткен облусунун бардык райондору.

Консультанттын иш чөйрөсү:

  • инвестицияларды тартуу,
  • социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү уюштуруу.

ЖӨБ органдары менен иштөө тажрыйбасы жана маанилүү жыйынтыктары:

  • долбоорлорду гранттык каржылоого өтүнмөлөрдү жазуу, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу, фокус-топтор жана онлайн-добуш берүү аркылуу керектөөлөрдү аныктоо процессинде (АРИСтин Интернет-аянтчасында), ошондой эле Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Төрт- Көл, Баш-Дөбө, Кароол айылдык аймактарында (АРИСтин Жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоорунун алкагында, 2021-2023-жылдары) консультациялар жана эксперттик коштоо (Өзгөн районунун коомдук технологияларды колдоо борборунун атынан);
  • социалдык скрининг жана жалпы инклюзивдүү өнүгүү механизмдерин эске алуу менен калкка социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу (Баткен облусунда АРИСтин Жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору-2нин алкагында, 2023-жылы);
  • муниципалдык ишкана үчүн атайын техникаларды сатып алууга 105 000 доллар инвестиция тартууга көмөктөшүү (АРИСтин Жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоорунун алкагында, 2023-жылы);
  • Баш-Дөбө айылдык аймагынын Кашка-Терек айылында балдардын оюн аянтчасынын курулушуна каражат тартууга көмөктөшүү (АРИСтин Жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоорунун алкагында, 2021-2023-жылдары);
  • Жергиликтүү өнүгүүгө кошкон салымы үчүн Өзгөн райондук мамлекеттик администра- циясынын Ардак грамотасы менен сыйланган (АРИСтин Жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоорунун алкагында, 2021-2023-жылдары);
  • жергиликтүү кеңештин депутаты катары Үч-Дөбө айылдык аймагынын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга, экономика- лык бакубатчылыгын жогорулатууга көмөк көрсөтүү; жамааттын, анын ичинде жаштардын, аярлуу топтордун, аялдардын аймактын негизги көйгөйлөрүн аныктоого, Жаштарды өнүктүрүү планын иштеп чыгууга жигердүү катышуусуна көмөк көрсөтүү; жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу, ошондой эле коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү боюнча консультациялар (2021-2023-жылдары);
  • Ош облусунун Алай районунун жергиликтүү кеңештеринин 40 депутатын “Жергиликтүү кеңештин укуктары жана милдеттери” темасында окутуу (Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен, 2023-жылы);
  • Алай районунун дыйкандарын үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн (GALS ) бакубаттуулугуна жетишүү техникаларына окутуу, мунун натыйжасында дыйкандар максаттарга жетүү боюнча жеке пландарды түзүп, ишке ашырышты (Хельветас каржылаган “БайАлай” программасынын колдоосу менен, 2019-2021-жылдары).

Байланыш үчүн:

Мобилдик телефон: (+996) 700 220 979

Электрондук почта дареги: astrajeenalieva79@gmail.com

Facebook: Астра Жээналиева