Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өнүктүрүү боюнча консультанттардын улуттук түйүнү: мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүн жөнөкөйлөтүлгөн жол менен сатып алуу мүмкүн

2023-10-02 / ЖӨБ үчүн консультациялар

Салия АКУЛОВА, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын долбоорунун менеджери, Консультанттар тууралуу маалыматты Нургүл ЖАМАНКУЛОВА даярдады

2021-жылдан бери Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу Академиясы (мындан ары – БАЖБА) жергиликтүү өнүгүү боюнча консультанттардын Улуттук түйүнүн түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатат. Ага жергиликтүү маанидеги маселелерге адистешкен консультанттар (уюмдар жана жеке ишкерлер) кирет. Түйүн Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен түзүлгөн. Түйүндүн консультант- мүчөлөрү акы алып иштешет, ошону менен ЖӨБ органдарынын жардамчыларынын кесипкөй жамаатын түптөп, өз кардарларынын алдында иштин сапаты үчүн жооп бере алышат.

 

Түйүндү өнүктүрүүнүн алкагында БАЖБА консультанттарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар порталында каттоого техникалык колдоо көрсөтүп келүүдө, бул болсо аларга ЖӨБ органдары менен келишимдерди түзүүгө мүмкүндүк берип жатат. Консультанттар менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы кызматташтыкты жеңилдетүү максатында БАЖБА Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментине кайрылып, ЖӨБ органдары үчүн актуалдуу кызмат көрсөтүүлөрдү “Тандоо” деп аталган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук каталогуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун муктаждыктары үчүн изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмүнө кошууну өтүнгөн.

БАЖБАнын кайрылуусунун негизинде Департамент 2023-жылдын май айынан июль айына чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун муктаждыктары үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү тизмеги боюнча Мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторуна (МСЖК) жаңы позицияларды кошуп чыккан.

  • 73510000 – 5 “Аймактардын социалдык- экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр”.
  • 73520000 – 6 “ЖӨБ органдары үчүн муници- палдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр”.
  • 73520000 – 7 “ЖӨБ органдары үчүн КР аймагында калкты ичүүчү суу менен камсыз- доо кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды (тариф- терди) эсептөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр”.
  • 73540000 – 8 “ЖӨБ органдары үчүн катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө бааларды (тарифтерди) эсептөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр”.

Каталогго кошуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги ЖӨБ органдарынын консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрүн баалоонун негизинде жана жергиликтүү өнүгүү боюнча Улуттук түйүндүн консультант-мүчөлөрүнүн сунуштарын жана квалификациясын эске алуу менен аныкталган.

Каталогду колдонуу ЖӨБ органдарына кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга кеткен убакытты кыскартат, бааларга мониторинг жүргүзүү процессин жөнөкөйлөтөт, ал эми консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү даяр техникалык сыпаттамалар менен сунушталат, башкача айтканда ЖӨБ органдарына консультанттар үчүн техникалык тапшырмаларды (ТТ) иштеп чыгуу үчүн убакытты же кошумча ресурстарды коротуунун кереги болбой калат.

Консультанттар үчүн Каталогду колдонуу алдын-ала квалификациялоо жол-жобосунун эсебинен убакытты кыйла үнөмдөйт. Алдын ала квалификациялоо процесси сатып алуучу уюмдун ар бир конкурс боюнча квалификациялык талаптарын белгилебей коюуга, каталогдо болгон консультанттардын квалификациясын колдонууга мүмкүндүк берет. Эгерде ЖӨБ органы (сатып алуучу уюм) Порталда консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга кызыкдар болгонун билдирсе, анда консультант бул тууралуу автоматтык түрдө кабар алат.

Өз кезегинде БАЖБА Мамлекеттик сатып алуулар департаментине ЖӨБ органдарынын муктаждыктары үчүн Каталогдун бөлүмүн стандарттуу товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр менен толтурууга көмөк көрсөткөн.

“Тандоо” аттуу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук каталогу аркылуу ЖӨБ органдарынын муктаждыктары үчүн консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу жөнүндө ЖӨБ органдарын маалымдоо максатында БАЖБА ЖӨБ Союзу менен биргеликте 2023-жылдын августунда эки маалыматтык вебинар өткөрдү. Бул вебинарлардын ар биринде ЖӨБ органдарынын жүздөн ашык башчылары жана республиканын ар кайсы райондорунан айыл өкмөттөрүнүн жана мэриялардын сатып алуулар боюнча адистери катышты.

Бул санда Түйүндүн алты консультанты менен тааныштырабыз: Ысык-Көлдүн Аялдар жамааттарынын Ассоциациясы (ЫКАЖА), ошондой эле жеке ишкерлер Назира КАСЕЕВА, Шербек ДОСУЕВ, Астра ЖЭЭНАЛИЕВА, Мээрим АЗИМЖАНОВА, Жамал ТУКЕНАЛИЕВА, Нургуль АКИМОВА.