Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көлдүн Аялдар жамааттарынын ассоциациясы (ЫКАЖА)

2023-10-02 / ЖӨБ үчүн консультациялар
Ысык-Көлдүн Аялдар жамааттарынын ассоциациясы (ЫКАЖА)

Консультанттар тууралуу маалыматты Нургүл ЖАМАНКУЛОВА даярдады

Консультант кызмат көрсөткөн жери:

  • Каракол шаары (башкы кеңсе), Ысык-Көл облусу.
  • ЫКАЖА жергиликтүү жамааттарга, аярлуу аялдарга жана бардык категориядагы эркектерге жардам берет. Вазыйпасы – үй-бүлөдө жана коомдо аялдар менен эркектерди колдоодо жана билим берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу өнөктөштүктө жергиликтүү жамааттарга көмөктөшүү.

Ишинин негизги багыттары:

  • аялдарга, өзгөчө Ысык-Көл облусундагы аярлуу аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун санын туруктуу азайтуу;
  • дайындар базасын түзүү жана аярлуу аялдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү;
  • жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү;
  • ажырашкандардын санын азайтуу;
  • эрте никенин санын кыскартуу;
  • жергиликтүү жамааттарга жана ЖӨБ органдарына консультациялык кызматтарды көрсөтүү.

Стратегиялык өнөктөштөр:

ЫКАЖА мамлекеттик түзүмдөр, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, анын ичинде Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Каракол шаарынын мэриясы жана Ысык-Көл облусунун бардык айыл өкмөттөрү, ошондой эле облустук телевидение, Каракол шаарынын кризистик борборлору менен тыгыз кызматташып келет. Эл аралык донордук агенттиктер менен өнөктөштүк мамилелер түзүлдү (БУУ-Аялдар Кыргызстан, БУУ-Аялдар Казакстан, “Теңдик нуру” Демилгесинин регионалдык программасы, WasteNet.KG, КР Өнүктүрүү саясат институту).

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштешүү, гендердик маселелерди аныктоо жана чечүү тажрыйбасы:

  • Ысык-Көл облусунун 10 айыл өкмөтүндө айылдык аймактардын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына, анын ичинде гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларга социалдык жана гендердик өңүттөр киргизилген (Швейцария өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында, 2019-2021-жылдары);
  • Ысык-Көл облусунун алты айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджеттерди натыйжалуу башкаруу боюнча консультациялар берилген (АКШнын КРдагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын Чакан гранттар программасынын колдоосу менен, 2020-жылдын август айында);
  • Айылдык кеңештердин 25 депутаты Кызыл-Суу жана Теплоключенка айылдык аймактарынын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга гендердик-аяр мамилени киргизүүгө окутулду (“Улукман дарыгер” коомдук бирикмесинин долбоорунун алкагында, 2022-жылы);
  • Кыргыз Республикасында калдыктарды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча калк үчүн ири маалыматтык өнөктүк уюштурулду: 200 нускама-эскерткич Каракол шаарындагы 10 мектепте жана эл көп чогулган жерлерде; Каракол шаарындагы мектептердин 20 мугалими жана башчылары “Тазалык Изумруд Сервис” ЖЧКсына барышты; Каракол шаарынын бардык мектептеринде бул тема боюнча класстык сааттарды өткөрүштү; “Каракол – таза шаар!” деген темада 1 подкастты жана 3 тасманы болжол менен 420 000 адам көрүштү; бизнес түзүмдөрдүн жетекчилери (мейманканалардын, кафелердин, ТТСтердин, мектептердин жетекчилери), өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, студенттер “Жаз трэвел” ЖЧКнын урналарын ачуу акциясына катышты (“The Coca-Cola Foundation” Эл аралык фондунун жана WasteNet.KG тармагынын колдоосу менен өттү, 2022-жылы);
  • Кыргызстандын бардык аймагында 105 тренер медиация жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча билимге жана көндүмдөргө ээ болушту (БУУнун “Теңдик нуру” Демилгесинин регионалдык программасынын каржылык колдоосу алдында “Зомбулуксуз жашоо” долбоорунун алкагында, 2022-жылы);
  • Түп районунун 6 айылындагы Айылдык ден соолук комитеттери мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн расмий документтерди тариздөө көндүмдөрүн жакшырта алышты. Натыйжада Түп айылынын жашоочулары сатып алуучу компанияларга өткөрүп берүүдө сүттүн сатып алуу баасын 1 литрине 2 сомго көтөрүүгө жетишишти; Сары-Дөбө айылында АДК мүчөлөрү ички ресурстарды мобилизациялап, жергиликтүү тургундар үчүн глюкометр сатып алышты (EGAP METAKETA V’нин “Аялдардын коомдук турмушка жамааттык катышуусун активдештирүү” долбоорунун колдоосу менен, 2023-жылы);
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак- Чий ААда аялдар тобунун күчү менен турмуш шарттары оңолду: мектептин алдындагы алма багы отоо чөптөн тазаланып, паркта эс алуу үчүн отургучтар орнотулду, көчөттөрдү тосмолоп чыгуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү (I4C’нин “Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө аялдардын күчү” долбоорунун алкагында, 2021-жылы).

Байланыш жолдору: Каракол ш., Ленин көч., 152

Мобилдик телефон: (+996) 778 013 216, (+996) 709 013 216

Электрондук почта дареги: ainash77@mail.ru

Facebook: https://www.facebook.com/MissAss2016

Ютубhttps://www.youtube.com/ watch?v=EayslBAWmyM