Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чыгашалуулуктан туруктуулукка чейин: муниципалдык ишкананы өнүктүрүү

2023-07-18 / Көңүл чордонунда
Чыгашалуулуктан туруктуулукка чейин: муниципалдык ишкананы өнүктүрүү

Гульнара САЯКБАЕВА, ЖДККЖ Долбоорунун эксперти

Ишкананын экономикасын башкаруунун дүйнөлүк тажрыйбасында “чыгашаларды эсепке алуу” түшүнүгү постсоветтик адабияттарга жана практикага караганда кеңири чечмеленип келет. Ал документтештирүүнү, иш жүзүндө кеткен чыгымдардын эсебин чагылдырууну жана продукциянын өздүк наркын эсептөөнү гана эмес, ошондой эле ички башкаруу боюнча стратегиянын жана тактиканын бардык маалыматтык камсыздоосун да камтыйт. Ал чыгымдарды эсепке алуу, өндүрүштү эсепке алуу же өндүрүш программасы деп аталат.

Сунушталган макала муниципалдык ишкананын башкаруучулук эсеби боюнча негизги талаптарды ачып берет жана ал жөн жерден жарыяланып жаткан жок, себеби Швейцария өкмөтүнүн “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун иш жүзүндөгү практикалык тажрыйбасына негизделген, анын максаты – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдары менен өнөктөштүк кызматташуунун натыйжасында алынган кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана муниципалдык ишканалардын сыноодон өтүп, иштеп жаткан моделдерин тереңдетүү жана кеңейтүү. Кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруунун жакшы тажрыйбасын башка муниципалитеттерде колдонуу бир шартта мүмкүн болот: муниципалдык кызматчылардын жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин рынок экономикасынын шарттарында жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуу түзүлүшү жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен башка тармактык ченемдик укуктук актыларын дайыма өзгөртүү жөнүндө жетиштүү билими болгондо бул ишке ашат. Бул макала Долбоор менен өнөктөш мамилелерди түзүү учурунда кызмат көрсөтүү, ишкананы башкаруу, финансылык, экономикалык жана укуктук эсепке алуу чөйрөсүндө дарамети төмөн болгон Ысык- Көл жана Жалал-Абад облустарынын муниципалдык ишканалары менен тыгыз практикалык кызматташуунун узак тажрыйбаларына негизделди. Тармактык бөлүштүрүлүшү бар муниципалдык ишканалардын тизмеси 1-таблицада көрсөтүлгөн.

СИЗДИН МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАҢЫЗ ЭВОЛЮЦИЯНЫН КАЙСЫ БАСКЫЧЫНДА ТУРАТ?

 

1-таблица. Бул басылмада практикасы жалпыланган муниципалдык ишканалардын тизмеси

 

1-таблицадан көрүнүп тургандай, ар бир ишкананын өзүнүн ишинин багыттары бар, алар тармактар боюнча бөлүштүрүлгөн жана бир караганда алар абдан окшош. Муниципалдык ишканалардын тизмесин карап жатып, окурман тармактык иштин багыттарынын иденттүүлүгүнөн улам алар менен иштөө өтө жөнөкөй болгон деген ойдо калат. Бирок бул бир караганда эле ушундай! Чындыгында болсо, жергиликтүү менталитетти, географиялык мүнөздөмөлөрдү, материалдык- техникалык жабдууларды, уюштуруучу – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан да, жергиликтүү тургундар тарабынан да жетиштүү каржылоонун жоктугун же бар болгонун эске алуу менен ишкананын ар бир кызматкерин окутуу боюнча чоң иштер жасалды. Башкача айтканда, ар бир ишканага жекече мамиле жасалды.

Азыркы жетекчилер жана бухгалтерлер, ошондой эле муниципалдык ишканалардын кызматкерлери жумушту баштаганга чейин кууш профилдеги адистер эмес эле. Негизинен алар ар кандай кесиптеги адистер болушкан, ал тургай айрымдарынын иш тажрыйбасы да болгон эмес. Практикалык эсепке алуу ишинин тажрыйбасы алардын эмгек жолунда чечүүчү ролду ойноду, себеби бул адамдар ишкананын бардык бөлүмдөрүн камтыган туруктуу эсепке алуунун жардамы менен ыкчам пландоо жана көзөмөлдүк жүргүзүү чөйрөсүндө адистерге айланышты.

Заманбап өндүрүштүк эсепке алуу системасын изилдөө бул адистерге дүйнө таанымын кеңейтип, бухгалтердин жана директордун ролун түшүнүүгө жардам берди. Төмөнкү суроолорго жоопторду жакшы өздөштүрө алышты: Муниципалдык ишкананын “кожоюну” ким жана ал кимге баш ийет? Кызмат көрсөтүүлөр үчүн ким төлөшү керек? Техниканы оңдоо үчүн ким төлөшү керек? Күйүүчү-майлоочу материалдар жана тетиктер менен ким камсыз кылат? Муниципалдык ишкананын кызматкерлерине эмгек акы кантип белгиленет жана кызматкерлерге аны ким төлөшү керек? Салык салуу системасын кантип туура колдонуш керек? Бул макаланы окуп чыккандан кийин журналдын окурмандары бул суроолорго жоопторду таба алышат.

Ар бир ишкана үчүн жеке өнүгүү методикасын түзөөрдөн мурун, аларга изилдөө жүргүзүлүп чык- кан, анын жыйынтыгында бардык ишканалар эки категорияга бөлүнгөн: 1) эми гана түзүлгөн (“жаңы төрөлгөн”) муниципалдык ишкана жана 2) үч же андан көп жыл мурун түзүлгөн муниципалдык ишкана. Учурдагы кырдаалды талдоо көрсөткөндөй, бирдей болгон табиятына байланыштуу ишканалардын эки категориясы тең бирдей көйгөйлөргө ээ.

Муниципалдык ишкананы түзүүдө максат коюлбаган көйгөй. Изилденген муниципалдык ишканалардын бир бөлүгү адистештирилген техника түрүндө инвестицияларды тартуу үчүн түзүлгөн. Башкача айтканда, ишканалар инвестордун же демөөрчүнүн талабы боюнча түзүлгөн – көптөгөн өнүктүрүү долбоорлору гранттарды жана инвестицияларды муниципалдык ишканаларды өнүктүрүү үчүн гана беришкен.

Кадрлардын бир орунда кармалбаган көйгөйү. Туруктуу эмгек акынын жоктугу жана кызматкерлердин эмгек акысынын көбөйбөгөнү жумушчулардын ишканада көпкө турбай калышына алып келди.

Атайын техниканы кармоого финансылык каражаттын жетишсиздиги көйгөйү. Муниципалдык ишкананын мүлкүнө туура эмес мамиле жасагандыктан, кызмат көрсөтүүдө пайдаланылып жаткан атайын техника бузулган учурда иш-аракеттердин варианттары каралган эмес.

Талдоонун жыйынтыгы боюнча эксперименталдык аянтча түрүндө экинчи категориядагы муниципалдык ишканалар тандалып алынган. Биринчи категориядагы ишканалар экспериментке катышкандардын ийгиликтүү жыйынтыктарын үлгү катары алып, өз аракетин көрүп жатышат.

ЖДКЖ Долбоорунун өнөктөштөрү болгон муниципалдык ишканалардын тарыхына жана түптөлүшүнө жасалган талдоо алардын ар биринин өнүгүү эволюциясын көрсөттү. Эволюция акырындык менен, ар бир ишкана басып өткөн баскычтар боюнча, ошондой эле өнүгүү деңгээлинин жана башкаруунун натыйжалуулугунун алкагында өттү, шарттуу түрдө төмөнкүдөй атоого болот: “Багуудагы адам” ишканасы; “Плановик” ишканасы, “Финансист” ишканасы, “Социалдык өнөктөш” ишканасы, “Башкаруучу” ишканасы. Бул категориялар бири-биринен эмнеси менен айырмаланарын жана башкаруунун кайсы моделин ийгиликтүү практиканын мисалы катары караса болоорун байкап көрөлү.

“БАГУУДАГЫ АДАМ” ИШКАНАСЫ

Кыргызстандагы көптөгөн ишканалар сыяктуу эле бир нече жыл мурда түзүлгөн муниципалдык ишканалар сметалык принцип боюнча иштеп келишкен, башкача айтканда, жалпысынан же толугу менен жергиликтүү бюджетке көз каранды болушкан. Жергиликтүү бюджеттен каржылоо ишкананын бюджеттик сметалык багытынын негизинде жүргүзүлгөн. Ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысы так белгиленген жана анын өндүрүмдүүлүгүнө көз каранды эмес болчу. Ишкананын өнүгүү келечеги болгон эмес, жумуш барбы же жокпу – эмгек акысы баары бир төлөнүп турчу. Күйүүчү майга жана оңдоо иштерине кеткен чыгымдар нормага салынчу эмес, эсепке алуу жүргүзүлчү эмес, ушундан улам техника тез-тез бузулуп, иштебей турган. Муниципалдык ишкананы өнүктүрүүгө карата жасалган мындай мамиле сөзсүз түрдө жан бактылыкка жана банкроттукка алып келет. Уюштуруучу – ЖӨБ органы менен ишкананын кызматкерлеринин ортосунда көптөгөн чыр-чатактар пайда болуп, бул жергиликтүү калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенимин кыйла төмөндөткөн. Мунун натыйжасында жарандар көрсөтүлгөн кызматтарга дээрлик акы төлөбөй калышкан. Ишкана акырындык менен жана атайылап банкротко учурайт. Ишкананын кызматкерлеринин алдында да, ошондой эле жеткирүүчүлөрдүн, салык органынын, Социалдык фонддун алдында да карыздык милдеттенмелер көбөйө берди. Ишкананын жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдары ишкананы кризистик кырдаалдан чыгаруу үчүн көптөгөн натыйжасыз аракеттерди жасап келишкен.

Жалпысынан алганда, ишкана өзүнүн табияты боюнча субъект катары жумушчулар үчүн таптакыр жагымсыз болуп, бул кадрлардын тез алмашуусуна алып келди. Адистештирилген техниканын тез- тез бузулушу жарандардын суроо-талаптарын өз убагында канааттандырууну мүмкүн кылбай калды, бул кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн ар кандай катмарынын ортосунда чыр-чатакка себепчи болду. Натыйжада төлөмдөрдүн деңгээли төмөндөп, уюштуруучу тарабынан да, жергиликтүү калк тарабынан да ишенимсиздик күч алды. Ишкананын өнүгүүсүнө болгон позитивдүү маанай критикалык минимумга түштү…

“ПЛАНОВИК” ИШКАНАСЫ

Иш жүзүндө, тилекке каршы, өндүрүштү пландоо жана кызмат көрсөтүүлөр системасы структурасы же пландоо ыкмалары боюнча идеалдуулуктан алыс. Ошондуктан, өркүндөтүүгө мүмкүн болгон пландоонун жана көзөмөлдөөнүн өңүттөрүнө басым жасап, ишканалар менен иштөө ЖДКЖ Долбоорунун колдоосунун маанилүү өңүтү болуп калды.

Ишкананы башкаруу өндүрүштү сапаттуу пландоого түздөн-түз көз каранды. Өндүрүштү пландоонун өзү көрсөтүлгөн кызматтарды же жумуштарды уюштуруу учурунда ишкананын колунда болгон иш жүзүндөгү ресурстарга негизделет. Сапаттуу ресурстар – бул ишкананын кызматкерлеринин курамы жана алардын процесске болгон кызыгуусу, товардык- материалдык баалуулуктар, материалдык- техникалык жабдуулар жана эң башкы жана негизги ресурс – бул керектөөчүлөр. Болгондо да акыркы ресурс эң маанилүү, негизги ресурс болуп саналат, себеби көрсөтүлгөн кызматтар үчүн керектөөчүлөрдүн акы төлөө деңгээлинен ишкананын андан аркы өнүгүүсү да көз каранды болот. Бирок керектөөчүлөрдүн эмгек акысы туруктуу болушу үчүн кызмат көрсөтүүнүн өзү сапаттуу жана үзгүлтүксүз процесс түрүндө жеткирилиши керек. Сапат жана үзгүлтүксүздүк ишкананын өндүрүштүк ишин пландоодо биринчи орунда турат, бул өндүрүштү 1-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, өз ара байланыштагы звенолордун чынжырына айландырат.

 

1-сүрөт. Муниципалдык ишкананын өндүрүш процессинин схемасы

 

1-сүрөттөгү схема көрсөтүлгөн кызматты пландоо процессин чагылдырып, бир катар суроолорго жооп берүүгө жардам берет: Кызмат көрсөтүүнү кантип атаса болот? Кызматты кимге көрсөтүш керек? Кызмат көрсөтүүнү кандай ресурстар менен жеткириш керек? Кызмат көрсөтүүнүн баасы канча турат?

Ар бир муниципалдык ишкана бул суроолорго жооп бере алышы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине шай- кеш келген зарыл документтер иштелип чыккан. Алсак, ишканалардын колдонуудагы уставдары жеткире иштелип чыккан, “Оймо-биллинг” программалык камсыздоосуна абоненттик базалар киргизилген, муниципалдык ишкананын мүлкүнүн реестрлери (МИМР) иштелип чыккан, аны ЖӨБ органдары ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда өткөрүп беришкен. Муниципалдык ишкананын мүлкүнүн реестрлерин иштеп чыгуу процессинде ЖӨБ органдарында Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри (ММБР) аркылуу муниципалдык мүлктү башкаруу болбогондугу аныкталган. Мүлктүк мамилелердин бул бөлүгүн өнөктөш ЖӨБ органдарына өздөрүнүн бирдиктүү реестрлерин иштеп чыгууга жардам берген ЖДКЖ долбоору да камтыган.

Баа түзүү кызмат көрсөтүүнү пландоонун жана уюштуруунун эң маанилүү өңүттөрүнүн бири болуп саналат, себеби “туура” баадан кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, туруктуулугу, ошондой эле ишкананын өнүгүшүнө көмөктөшө алаары белгилүү болот. Келечекте рыноктун ченемдерине жана стандарттарына жооп берген, туура эсептелген баа керектөөчүлөр менен да, текшерүүчү мамлекеттик органдар менен да өз ара мамилелерде бир катар көйгөйлөрдүн алдын алат, ошондой эле туура салык салууга өбөлгө болуп берет. Ошондуктан, ЖДКЖ Долбоору ченемге салуу, пландоо жана эсептөө жолу менен өнөктөш муниципалдык ишканалар үчүн баа түзүү системасын иштеп чыккан. Ушундай жол менен түзүлгөн баалардын прейскуранттарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдары бекиткен. Мисалы, Теплоключенка айылынын муниципалдык ишканасы үчүн катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алууну башкаруу системасы иштелип чыккан, ал эми Кызыл-Суу айылынын муниципалдык ишканасы үчүн муниципалитеттер аралык кызматташуунун өзгөчөлүктөрүн чагылдырган бухгалтердик эсеп системасы даярдалган. Ак-Жол айылдык аймагынын муниципалдык ишканасы үчүн бюджеттик ссудаларды берүү жана төлөө механизми иштелип чыкса, “Элдин Куту” муниципалдык ишканасына тармактык курулуш принциби боюнча сервистик иштер жолго коюлган.

“ФИНАНСИСТ” ИШКАНАСЫ

Муниципалдык ишкананы өнүктүрүүнүн эң күчтүү фактору болуп финансылык план эсептелет. Бул пландоонун аспабы болуп саналат жана күтүлгөн окуяларды чагылдырып турат. Ошондой эле финансылык план абдан кеңири колдонулган көзөмөлдөөчү аспап да болуп саналат, себеби көзөмөлдөөнүн жыйынтыгы боюнча финансылык пландын көрсөткүчтөрү менен иш жүзүндөгү жыйынтыктарды салыштырууну пайда кылган иш- аракеттер көрүлөт. Бир нерсенин (тамак-аштын, буюмдун, чач жасалгасынын) баасын төмөн же жогору деп аныктоодо бааны башка нерсе менен, мисалы, кимдир бирөө дээрлик ошол эле нерсе же кызмат үчүн төлөгөн сумма же колубузда болгон сумма менен салыштыргандыктан биз бул сөздөрдү колдонобуз.

Өндүрүштүк программанын финансылык курамы пландалган финансылык жылга болжолду камтыйт. Болжолдоо үч негизги финансылык көйгөйдү эске алуу менен буга чейинки финансылык мезгилдердин иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнүн негизинде эсептелет. Алар: ликвиддүүлүк, кирешелүүлүк жана активдердин же капиталдын түзүмү. Болгондо да өтүмдүүлүк жана кирешелүүлүк үчүнчү көйгөйдөн келип чыгат – активдердин же капиталдын түзүмүнөн. Активдердин жана капиталдын туура түптөлгөн түзүмү ишкананын кызмат көрсөтүүсүнүн өтүмдүүлүгүн жана кирешелүүлүгүн майда- чүйдөсүнө чейин ачып берет. Бул бөлүктө ишканаларга өндүрүш программасын жана ишкананын сметасын иштеп чыгуу менен да колдоо көрсөтүлдү. Финансылык эсепке эсептердин планы, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет жана баланстык отчет киргизилген.

“Бостери-Тазалык” муниципалдык ишканасын финансист-ишкана деп ишенимдүү эсептесе болот. Бул ишкана башкалар сыяктуу эле классикалык сценарий боюнча өнүккөн жана окшош эле көйгөйлөргө туш болгон: чыгашалуу, жагымдуу эмес жана функционалдык эмес болуп, бирок бир гана финансылык жылдын ичинде 200 миң сомдон ашык киреше түрүндө жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алды.

“Бостери Тазалык” МИси жакшы жыйынтык- тарды жана башка муниципалдык ишканаларга үлгү көрсөтүү менен мындан ары да рентабелдүү ишмердүүлүктү камсыз кылууга умтулушу керек, себеби дал ушул “Бостери Тазалык” МИсинде республикада биринчи жолу ишкананын финансылык-чарбалык ишинин экономикалык көрсөткүчтөрүн деталдаштыруу боюнча ушундай ийгиликтүү иш жүргүзүлдү.

“СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШ” ИШКАНАСЫ

Социалдык өнөктөштүк түшүнүгү биринчи жолу Эл аралык эмгек уюмунун 1949-жылдын №98 “Жамааттык келишимдерди уюштурууга жана түзүүгө укуктун принциптерин колдонуу жөнүндө” Конвенциясында пайда болгон. Бул Конвенцияда жамааттык келишимдерди түзүү аркылуу эмгек шарттарын жөнгө салуу максатында иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин уюмдарынын ортосунда ыктыярдуу негизде жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жол-жоболорун өнүктүрүүгө жана колдонууга шыктандыруу жана көмөктөшүү жөнүндө сөз болгон.

Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, “Кесиптик бирликтер жөнүндө”, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Иш берүүчүлөрдүн бирикмеси жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары түзөт.

Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү ишкананы башкаруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кызмат көрсөтүүнү пландоодо кызматкер менен жумуш берүүчүнүн ортосунда социалдык өңүткө негизделген өнөктөш мамилелерди түзүү абдан маанилүү.

Мындай мамилелерди Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы “Масы-Тазалык” муниципалдык ишканасынын мисалында карап көрөлү.

Алсак, ишканада эмгекти коргоонун жана социалдык шыктандыруунун төмөнкү элементтери киргизилген: жеке коргонуу каражаттары, күн сайын бир жолу ысык тамак, эмгектин зыяндуу шарттары үчүн үстөк акча, санаториялык- курорттук дарыланууга жолдомолор, тейлөө зонасын кеңейтүү үчүн сыйакылар, абоненттик базаны көбөйтүү үчүн кошумча төлөмдөр жана сыйакылар, жаңы жылдык майрамдарга жана балдарды коргоо күнүнө карата балдарга белектер.

Ошондой эле эмгек акыны чегерүүгө карата да мамиле өзгөрдү. Кызматкерлер эмгек акыны белгиленген өлчөмдө эмес, соңку жыйынтыкты эсепке алуу менен ала башташты, бул болсо кызматкердин өзү жумушчу участогуна кызыкдар жана жоопкерчиликтүү болот деп айтууга жол берет. Ошондой эле системага бригадалык подряд ыкмасы киргизилген. Эми административдик- башкаруучу кызматкерлердин эмгек акысы жумушчулардын өндүрүмдүүлүгүнө түздөн-түз көз каранды. Алсак, эгерде мурда эмгек акы иштин жыйынтыгына көз каранды болбосо жана бардык кызматкерлер ай сайын белгиленген сумманы алып турушса, эми эмгек акы аткарылган жумуштарга жана түшкөн акча каражаттарына түз өлчөмдөш бөлүштүрүлөт. Мындай мамиле кызматкерлердин бардык категорияларын тейлөө аймагын кеңейтүүгө жана аткарылып жаткан жумуштардын көлөмүн көбөйтүүгө шыктандырат.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын ийгиликтүү мисалы да бар. Бул ишканада түшкү тыныгуу учурунда бардык кызматкерлер үчүн ысык тамак уюштурулду. Ушул максатта бардык шаймандары бар ашкана курулуп, жумушчулар менен макулдашылган күнүмдүк меню түзүлгөн.

Мындай мамиле кызматкерлердин бардык категорияларын тейлөө чөйрөсүн кеңейтүүгө, аткарылып жаткан жумуштун көлөмүн, туруктуулукту жана эртеңки жумуш күнүнө болгон ишенимди жогорулатууга түрткү берет.

“БАШКАРУУЧУ“ ИШКАНАСЫ

Өндүрүштү ийгиликтүү башкаруу жогорудагы процесстердин бардыгын камтыйт. Ар бир процессти башкаруу менен гана, бирок ошол эле кезде аларды “Ишкананын экономикалык туруктуулугу” деп аталган бир чоң маселени чечүү процессине бириктирүү менен кыска убакыттын ичинде оң жыйынтыктарга жетишүүгө болот. Натыйжалуу башкаруу оңой иш болбосо да, ошол эле учурда, бул катышуучулардын өнүгүүсүнө көмөктөшкөн абдан кызыктуу иш болгонун түшүнүү маанилүү. Алсак, муниципалдык ишкананын калыптануу процессинде ага катышкан бардык тараптар жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу чөйрөсүндө жаңы жана заманбап көндүмдөр менен билимдерге ээ болушат; чарбалык эсептөө принциптеринин негизинде өндүрүштү жүргүзүшөт. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын менчик укугунда муниципалдык ишканага таандык болгон мүлк комплекси катары муниципалдык ишкананы башкаруу жаатындагы потенциалы кыйла жогорулайт.

Чарбакер катары ишкананын экономикалык туруктуулугу ишкананын өзүнүн табиятын түшүнгөнүн өзгөртүүдө турат: муниципалдык ишкана – бул кирешенин жана баюунун булагы эмес, киреше алуу максатында түзүлгөн бизнес эмес жана жергиликтүү бюджетке туруктуу чыгымдар менен түйшүк салган объект эмес. Муниципалдык ишкана – бул кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз вазыйпасын аткаруунун, “өнүгүүнүн локомотиви” жана жергиликтүү калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу үчүн ачык-айкын, маданий, социалдык, тиричилик, өз ара пайдалуу шарттарды түзүүнүн ыкмасы.

Муниципалдык ишкананын муниципалитеттин экономикасына кириши бир жагынан подрядчы уюм, бирок экинчи жагынан инвестор катары чыгуу менен өнүгүүдө жигердүү ролду ойношу керек деп болжолдойт. Ушундай болгон шарттарда гана ал продукцияны жаңыртуу, өндүрүштү кеңейтүү үчүн каражатка ээ болуп, рынок экономикасынын шарттарында атаандаштыкка туруштук бере алат.

ЖДКЖ Долбоорунун өнөктөшүнө айланган бардык ишканалар башкаруучу-ишкана деп деп аталууга укуктуу, себеби алардын ар бири өзгөрүүлөрдүн, кайра түзүүлөрдүн жана өнүгүүнүн жолунда турат. Реформалардын жана өнүгүүнүн жолун тандап алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муну менен муниципалитеттин экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык багытын аныкташат.

 

Окшош материалы: