Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аялдардын жамааттык аракеттери элет жергесиндеги социалдык жана экономикалык кырдаалды өзгөртүүдө

2023-06-22 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Аялдардын жамааттык аракеттери элет жергесиндеги социалдык жана экономикалык кырдаалды өзгөртүүдө

Автор: Мирлан МОЛДОБЕКОВ, ӨСИнин долбоорлорунун менеджери

Жеринде турмуш шарттарын жакшыртуу максатында жарандардын, анын ичинде аялдар топторунун коомдук турмушка катышуусун кеңейтүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Алар жергиликтүү өнүгүүгө, айрыкча социалдык чөйрөнү жакшыртууга кандай салым кошо алышат? 2023-жылдын март айында Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында башталган жана 2023-жылдын май айынын аягында бүтө турган тренингдердин жүрүшүндө МИҢДЕН АШУУН элеттик аял ушул жана башка суроолорго жоопторду талкуулашууда. Жыйынтыктар азыртадан эле көзгө урунууда: аялдар топтору кызмат көрсөтүүдө, үй-бүлөнүн эс алуусу үчүн коомдук мейкиндиктерди уюштурууда жана айыл чарба продукцияларын сатып алуу баасын жогорулатууда оң жылыштарга умтулуп жатышат, муну менен алар аялдардын үлүшүнө социалдык маселелер гана тиет деген мифти жокко чыгарууда. Жамааттык иш-аракеттердин көндүмдөрүн жакшыртуу ийгиликтин негизги фактору болду.

2023-жылдын январь-февраль айларында Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында 150 Айылдык ден соолук комитетинин өкүлдөрү үчүн маалыматтык жолугушуулар өткөрүлгөн. Жолугушууларга катышкандардын жалпы саны 2178 адамды түздү, анын ичинде 1972си – аялдар. Жергиликтүү өнүктүрүү маселелерин чечүүгө катышуу практикасына тиешелүү маселелер боюнча маалыматтык жолугушууларга аялдар жана жергиликтүү жамааттардын лидерлери катышты.

Маалыматтык жолугушууларды өткөргөндөн кийин компьютердик рандомизациялоонун жардамы менен туш келди түрдө 75 АДК тандалып алынган, алар үчүн төмөнкү темалар боюнча төрт тренинг уюштурулган: жергиликтүү өнүктүрүүгө аялдардын катышуусу; өзүн-өзү өнүктүрүү жана жеке өсүү көндүмдөрүн жакшыртуу; жамааттык иш-аракеттер жана тынчтык куруу. Тренингдерди EGAP Metaketa Vнын “Аялдардын коомдук турмушка жамааттык катышуусун активдештирүү” деп аталган долбоорун ишке ашыруунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту өткөрдү. Аталган долбоорду Мамлекеттик башкаруу жана саясат маселелерин изилдөө боюнча глобалдык тармак (EGAP) каржылайт. 

Катышуучулардын басымдуу бөлүгү өз жөндөмүн көрсөтүүдө, ошондой эле айылдарды өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр кантип чечилерине таасир этүүдө, башкаруу органдарынын ишинин күн тартибине “аялдардын артыкчылыктарын” киргизүүдө көптөгөн тоскоолдуктарга туш болушарын белгилешти. Катышуучулардын бир тобу эң көп кездешкен тоскоолдуктар катары “коомдук өнүгүүдө аялдарга орун жок” деген калыптанып калган жаңылыш ойду белгилесе, экинчи топ жаш курагына карата сын-пикирлер айтыларын белгилешти: билимдин жана тажрыйбанын жетишсиздигин шылтоолоп, жаштарды четтетүү аракети байкалат, ал эми пенсия курагына жеткен аялдарга “жаштарга орун бошотуп, неберелери менен үйдө отурушу керек” дешет. Колдоо таап, коомдук турмушка катышуу мүмкүнчүлүгү бар болсо дагы, аялдар өз жөндөмдөрүнөн жана билиминен күмөн санашат. Элеттик аялдар көпчүлүк учурда маалыматка жете албай, жергиликтүү бюджет тууралуу билими же финансылык сабаттуулугу жок экенин айткан катышуучулар да болду. Ошондуктан катышуучулар тренинг учурунда алган билимдери жергиликтүү өнүгүүгө натыйжалуу катышуу үчүн өз күчүнө болгон ишенимин жогорулатууга, чечкиндүү болууга жардам берерин белгилешти.

“Өнүгүүнү пландоо аялдардын муктаждыктарын аныктабаганын жана эске албаганын байкап, биз биригүүнү чечтик. Мен аялдар көбүрөөк жоопкерчиликтүү болушат, ар дайым баштаган ишинин өтөсүнө чыгышат деп ишенем. Биз ар кандай көйгөйлөрдү толугу менен карап чыгабыз, майда-чүйдө нерселерди көңүл сыртында калтырбайбыз, эң татаал жана аяр жерлерин байкайбыз жана маселени бардык жагдайларды эске алуу менен чечүүгө аракет кылабыз. Ошондуктан биз көп учурда азыраак зыян келтирүүчү, көбүрөөк кызыкдар топтордун талаптарына жооп берген чечимдерди сунуш-тайбыз. Ошол себептен аялдардын жергиликтүү деңгээлде өнүгүү процесстерине катышуусун кеңейтүү зарыл”, – деп белгиледи Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айылдык аймагынын АДК мүчөсү Бүбүсара АМАНБАЕВА.

Долбоордун Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы тренери Индира БАЙГАЗЫ кызы тренингдин программасынын мазмуну катышуучулардын күткөнүнөн ашып түшкөнүн белгилейт: “Катышуучулардын арасында үйдө отурган аялдар, жигердүү аялдар жана аял депутаттар болду, алар өздөрүнүн кеңешинде депутат болгонуна карабастан мындай билимге ээ болбогонун моюнга алышты”.

Жалпысынан тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн жолдорун кызуу талкуулашты, көптөгөн суроолорду узатып, жамааттык аракеттердин көндүмдөрүн өздөштүрүштү, өз убактысын натыйжалуу пайдаланып, жыйынтыктарга жетишүү үчүн практикалык мисалдар жана окуялары менен бөлүшүштү.

Аялдардын таштанды менен кармашы

Нарын облусунун Нарын районундагы Он-Арча айылынын АДК төрайымы Дамира ТОКТАЛИЕВА элеттик аялдар түптөлүп калган социалдык эрежелердин айынан көйгөйлөрдү биргелешип чечүүнү пландоо көндүмдөрүнүн жана байланыштын жоктугунан улам өздөрүнүн лидерлик дараметин ача албай жатканына кейийт. ТОКТАЛИЕВА ошондой эле аялдардын өз пикирин билдирүүсү жана алардын жергиликтүү деңгээлдеги өнүгүү процесстерине тикелей катышуусу үчүн учурдагы тоскоолдуктарды жоюу максатында атайын чараларды иштеп чыгууну зарыл деп эсептейт. “Тренингдер биздин коммуникация көндүмдөрүбүздү жакшыртты. Алсак, тренингдерге катышуунун жыйынтыгы боюнча биз айыл өкмөтүнө кат жазып, WasteNet.KG бизнес тармагынын катышуучусу болдук. WasteNet. KG – Кыргыз Республикасында калдыктарды башкаруу системасын жакшыртууга кызыкдар бардык жактарды бириктирүү үчүн биргелешкен бизнес-платформа. Бүгүнкү күндө айыл аймагындагы таштанды маселеси адамдардын жашоо шарты жана ден соолугу көз карашынан алганда да, айлана-чөйрөнү эске алганда да курч турат. Биздин иш-аракеттердин натыйжасында Он-Арча айыл өкмөтү WasteNet.KG тармагына кошулуп, “Таштандыны кайра иштетүүнүн мыкты тажрыйбасы” белгисин алууга жана экологиялык сертификациялоого (прототипке) өтүнмө берди”.

Аялдар коомдук мейкиндиктерди түзүшүүдө: волейбол жана оюн аянтчалары 

“Тренингдерге катышып жатып, бир нерсени баамдадым: аялдар эркектердей эле укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин башкаларга жеткирүү үчүн бул тууралуу айта беришибиз керек. Элге үнүбүздү жеткирип, муктаж болгондорго жардам берип, коомго пайдалуу иштер менен алектенүү үчүн кантип биригүү керектиги боюнча билимге ээ болдум”, – дейт тренингдин катышуучусу, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айылындагы АДКнын лидери Шайыргүл БЕКТУРОВА. – “Топто эриш-аркак иштешүү билим-ди, көндүмдөрдү кеңейтүүгө, башка адамдар менен баарлашуунун жана байланыш түзүүнүн жаңы тажрыйбасына ээ болууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, биринчи тренингде “Кыял” деп аталган көнүгүүнү аткарып жаткан учурда биз беш жылдан кийин айылыбызды кандай көргүбүз келээрин элестеттик. Ал эми бул кыялды ишке ашыруу үчүн чечишибиз керек болгон маселелерди аныктап алдык. Биздин АДКнын мүчөлөрү Төрт-Күл айылынын Кара-Суу участогунда балдар аянтчасынын жоктугу өңдүү маселени чечүүнүн жолдорун табышты. Биз балдардын сыртта, жаңы селкинчектерде ойноп жатканын, чоң энелерибиздин көлөкөдө отургучтарда эс алып жатканын, жаштардын волейбол ойноп жүргөнүн элестеттик. Ошентип биригип, оюн аянтчасын түзүүнү чечтик. “Жамааттык иш-аракет” деп аталган тренингдин жүрүшүндө иш планыбызды түзүп, айыл өкмөтүнүн башчысына балдар аянтчасында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жана жашылдандырууга уруксат алуу үчүн кайрылуу жолдодук. Уруксат алгандан кийин АДКнын бардык 14 мүчөсү ишембилик уюштуруп, ошол эле жерде балдар аянтчасынын долбоорун иштеп чыгып, аны ватманга тарттык. Андан кийин үй-бүлөбүз менен акылдашып, идеябызды ортого салсак, балдарыбыз бизди колдоп, балдар аянтчасынын макетин жасап беришти. Үй-бүлөбүздүн колдоосу жана жамааттык катышуу биз үчүн күчтүү мотивация болду.

Биздин АДКнын мүчөлөрүнүн бири 17 даана туя көчөтүн карызга алып келип, аларды отургузуп жаткан маалда көптөгөн тургундар жана көчөдө жөн эле ойноп жүргөн балдар жардам бере башташты, ал эми биз болсо өз пландарыбыз менен бөлүштүк. Ошентип, жамааттык катышуу ар дайым өз жемишин берерине ынандык, айыл башчысы жана тургундар акчалай түрүндө демөөрчүлүк колдоо көрсөтүштү. Эки күндөн кийин көчөттөрдүн карызын төлөп кутулдук, ал тургай акча артып да калды. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, тосмо орнотуп, таза суу менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүүнү чечти.

Биримдиктин күчүн сезип, алган билимибизди толук пайдаланып, кызыкдар тараптарды таап, маалыматты туура жеткире алганыбыз бизди абдан кубандырды. Баарыбыз мурункуга караганда көбүрөөк шыктанып, өз күчүбүзгө, жагдайды өзгөртө алган жөндөмүбүзгө көбүрөөк ишенип калдык. Макетти көргөн айыл жаштары волейбол аянтчасын толугу менен каржылап берүүнү сунушташты. Алдыда дагы көптөгөн жакшы пландаштырылган иш-чаралар бар. Эгерде биз айылыбызды өнүктүрүү боюнча ишти баштасак, анда аны жасай алаарыбызга дагы бир жолу ынандык. Баса, демөөрчүлөр жашылдандыруу үчүн бир машине топурак төгүп беришти”.

Аялдардын сүттү сатып алуунун баасын көтөрүү аракети

Тренингдин катышуучулары биргелешкен аракеттер менен Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айылындагы сүттүн сатып алуу баасын жогорулатуу маселесин чече алышты. Жамааттык аракеттерге үйрөтүү аялдар топторунун адвокация, өз кызыкчылыктарын коргоо жөндөмүнө чоң таасирин тийгизди. Аялдар тобу биригип, сүттүн баасы жөнүндө маселени көтөрүштү: элет жеринде мал чарбачылыгы калктын негизги иши болуп саналбайт, бирок көпчүлүгү сүттүн баасы базар баасына туура келбей жатканына даттанышкан. Ысык-Көл ААнын жергиликтүү кеңешинин депутаты Аида ИМАШЕВА жана АДК мүчөлөрү бул ишти колго алышкан. Аялдар өзүнүн иликтөөсүн жүргүзүп чыгып, сүттүн сатып алуу баасы чындап эле өтө төмөн болгонун, аны өндүрүүгө кеткен чыгымдарды жаппаганын, бул дыйкандарга олуттуу кыйынчылыктарды жаратып жатканын аныктап чыгышкан.  Аялдар тобу Каракол шаарындагы “Мол-Булак” ЖЧКнын сүттү негизги сатып алуучуларына жана Жылуу-Булак айылындагы сүттү кайра иштетүүчү “Dairy Spring” заводунун жетекчилигине сүттүн баасын көтөрүү жөнүндө өтүнүч жолдошкон. Аялдар жазуу жүзүндө жооп берүүнү же расмий өкүлдөрүн жиберүүнү суранышкан. Алардын өтүнүчү көңүл сыртында калган жок. Бир катар сүйлөшүүлөр жана консультациялар болуп, натыйжада сүттүн сатып алуу баасын 26 сомдон 28 сомго жогорулатуу тууралуу чечими кабыл алынган. Ошентип, 2023-жылдын 28-апрелинде маанилүү экономикалык маселенин мисалында аялдар тобу өз кызыкчылыктарын коргоо боюнча жамааттык иш-аракеттер жана жигердүү позиция олуттуу жемиш берерине ынанышкан. Аялдар шыктанып, жергиликтүү дыйкандардын кызыкчылыктарын коргоп, айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн ушул багытта иштөөнү улантышууда.

Корутунду сөздүн ордуна

“Бүгүнкү күндө аялдар биздин үй-бүлөлөрдүн, айылдардын, уюмдардын жана өлкөнүн жашоосун гана өзгөртүп тим болбостон, лидерликтин аныктамасын жаңыртып, жалпы жамааттын өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатышат. Бул мүмкүнчүлүктөр жөнүндө билимди кеңейтип, процесске мүмкүн болушунча көп катышуучуларды тартуу үчүн тренингдер стратегиялык жыйынтык алууга багытталды: окуудан өткөн катышуучулар билимин башка аялдар менен бөлүшүп, аларды колдой алышат. Аялдар короосунан чыгып, жергиликтүү жамааттардын жашоосуна канчалык көп катыша баштаса, өздөрүнүн гана эмес, үй-бүлөлөрүнүн да мүмкүнчүлүктөрү ошончолук кең болот. Бирок бул үчүн биздин катышуучулар социалдык чөйрөдө жакшы багыт алып, коомдук иштерге катышуунун формалары жана ыкмалары үйрөнүп, жергиликтүү деңгээлде өз демилгелерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө көбүрөөк билим алууга тийиш”, – дейт долбоордун тренингдер боюнча координатору Айнура БАЛАКУНОВА. 

Долбоорду ишке ашыруу процессинде аялдардын демилгелерин колдоо үчүн чакан гранттар программасы каралган.

Чакан гранттар программасынын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • демилгелерин каржылоо жолу менен жарандардын, алардын бирикмелеринин жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине жигердүү катышуусуна дем берүү;
  • демилгелүү топторго финансылык каражаттарды, атап айтканда бюджеттен тышкаркы каражаттарды пландаштыруу, бөлүштүрүү жана натыйжалуу башкаруу көндүмдөрүн бекемдөөгө көмөктөшүү.

Программага өтүнмө ээлеринин жынысына карабастан Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын элеттик муниципалитеттеринин демилгелүү топтору катыша алышат.

Программага катышууга тиешелүү маселелер боюнча анын координатору Султан МАЙРАМБЕКОВго электрондук почта дареги боюнча кайрылсаңыз болот: smairambekov@dpi.kg

 

Окшош материалы: