Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Борбор азиялык гендердик контекст: өкмөттөргө жана жергиликтүү башкаруу органдарына сунуштар

2022-10-16 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Борбор азиялык гендердик контекст: өкмөттөргө жана жергиликтүү башкаруу органдарына сунуштар

Уландысы. Башы 2022-жылдын №4-5 сандарында.

Серептин автору: Надежда ДОБРЕЦОВА, “Өнүктүрүү саясат институту” КБ башкаруу төрайымы.

Гендердик экспертизаны жүргүзгөн адис:  Кайыргул САДЫБАКАСОВА.

Талкуунун өлкөлүк фасилитаторлору жана рецензенттери: Махаббат ЕСПЕНОВА (Казакстан); Чолпон АКМАТОВА, Асель ДУНГАНАЕВА, Салтанат СУЛАЙМАНБЕКОВА (Кыргызстан); Рано ДЖУМАЕВА, Азиза ХОШИМОВА, Фарогат МУМИДЖОНОВА (Тажикстан); Дилдора АМИРКУЛОВА (Өзбекстан).

УЛУТТУК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНА СУНУШТАР

УБАКТЫЛУУ ЧАРА КАТАРЫ ТҮШҮНҮК АППАРАТЫНЫН ЖАНА ТИЛДИН ТРАНСФОРМАЦИЯСЫ

Чөлкөмдөгү мамлекеттердин универсалдуу баалуулуктарды, анын ичинде адам укуктарын жана гендердик теңчиликти карманганына карата расмий мамилени мындан ары да сактай берүү зарыл, бирок ички пайдалануудагы документтер үчүн – мамлекеттик саясатты аткаруунун субулуттук деңгээлинде пайдаланууга арналган программалар, саясаттар жана нускамалар жергиликтүү жамааттарга түшүнүктүү жана жакын болгон баалуулуктарга, терминдерге жана түшүнүктөргө таянышы керек. Субулуттук деңгээлде гендердик саясатты калыптандыруу үчүн баштапкы деңгээл үй-бүлө, салттуу баалуулуктар болууга тийиш – бул баалуулуктар алардын максаттуу жана универсалдуу баалуулуктарына карама-каршы келбеген бөлүгү болушу мүмкүн (мисалы, кичүүлөргө кам көрүү жана улууларды урматтоо). Практика бул сунушту тастыктап турат. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселеси айылдык жамааттарда аялдардын укуктарынын контекстинде каралгандан кыйла көбүрөөк көңүлдү бурат. Аялдарды жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө тартуунун экономикалык жыйынтыктарына көңүл буруу түшүнүк аппаратын трансформациялоонун экинчи ыкмасы болот. Дискуссиялык семинардын жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү деңгээлде саясаттын максаттарын карап чыгып, көңүл чордонундагы объекти катары аялдарга мамилени трансформациялап, аларды экономикалык өнүгүүнүн жигердүү субъектиси катары кабыл алууну сунуш кылышты. Мындай учурда айылдык жамааттарды өнүктүрүүдө аялдардын салымына өзгөчө басым жасалат.

“Гендердик эксперттер гендердик социалдаштыруу үй-бүлө аркылуу гана болушу керек деген идеяны талаша алат деп эсептейм, себеби үй-бүлө институту ар кандай факторлордун таасири астында бир кыйла өзгөрүп жатат, ошондуктан үй-бүлөнү социалдаштыруунун статикалык аспабы деп эсептөөгө болбойт. Социалдаштыруунун эң маанилүү агенти катары үй-бүлө гендердик сергектикти калыптандыруунун булагы болушу мүмкүн, бирок үй-бүлөнүн түптөлүшү бул үчүн жетишсиз болот. Жергиликтүү саясатчылар альтернативалык, оптималдуу жолдорду издеши керек. Бизде, Өзбекстанда жергиликтүү саясатчылар чыр-чатагы көп үй-бүлөлөрдү мажбурлап элдештирүү менен алектенген учурлар болуп келген. Мында өзгөчө аялдарды “мажбурлап” элдештирүү чаралары колдонулган, натыйжада: зомбулуктун деңгээли жана ажырашуулардын, өз жанын кыйгандардын саны көбөйгөн. Азыр расмий бийлик мажбурлап элдештирүү көп жакшы ыкма эмес деп эскертет, саясатчылар идеологиялык-тарбиялык мамилени (үй-бүлө мүчөлөрүнүн жынысына жараша милдеттенмелерине карата гендердик элементтери бар мамилени) социалдык-экономикалык, гендердик жактан сергек мамилелерге өзгөртүүгө аракет кылып жатышат”. Консультациялык семинардын катышуучусунун цитатасы.

Бул чөйрөдө колдонулган тилди трансформациялоо, “гендер” терминин жана “аял укуктары” сөз айкашын үй-бүлө жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга багыттоо, аялдардын элеттик жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө кошкон экономикалык салымына көңүл буруу зарыл. Ошондо гана саясатты түзүү жана аткаруу деңгээлдеринин ортосундагы саясий ажырымды кыскартып, жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик гендердик саясаттын тарапташтарын жана жол баштоочуларын табууга шарт түзүлөт.

Ошону менен бирге саясий милдеттенменин жетишилген деңгээлин жоготпош үчүн жана негизги түшүнүктөрдө “адашып калбоо” үчүн “гендердик адилеттүүлүк жана теңдик” түшүнүгүн улуттук деңгээлде колдонуудан баш тартууга болбойт. Субулуттук деңгээлде түшүнүк аппаратынын трансформациясын убактылуу чара катары караш керек. Муну менен келечекте узак мөөнөттүү күч-аракеттер жана билим берүү системасы аркылуу универсалдуу баалуулуктарды, гендердик теңчиликти жана адилеттүүлүктү түшүнгөн жана тең бөлүшкөн башкаруучулардын жаңы муунун калыптандырууга шарт түзүлөт.

ГЕНДЕРДИК БЮДЖЕТТӨӨНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО

Борбор Азия өлкөлөрүндө ресурстарды гендердик топтордун жана муундардын ортосунда тең бөлүштүрүү катары түшүнүлгөн гендердик бюджеттөөнү киргизүү максатында ар түрдүү аракеттер көрүлүп келе жатат. Бул багытта трансформация талап кылынат – “пассивдүү” гендердик бюджеттен гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган жигердүү бюджеттик чараларга өтүү зарыл. Пассивдүү мамиле өнүгүүнү пландаштырууда жана бюджетти түзүүдө ар кандай топтордун кызыкчылыктарын эске алуу дегенди билдирет. Жергиликтүү деңгээлде гендердик өңүттү эсепке алган бюджеттик гендердик чараларга көбүнчө, мисалы, негизги инфраструктураны, анын ичинде ичүүчү сууга жетүүнү жакшыртуу кирет, бул албетте элеттик аялдардын пайдасына иштейт. Бирок гендердик өңүттөрдү эсепке алган бюджетти түзүүнүн жигердүү ыкмаларын кеңейтүү жана жайылтуу мүмкүнчүлүгүн кылдаттык менен карап чыгуу керек. Кызыкчылыктарды көнүп калгандай эске алуудан айырмаланып, жигердүү ыкмалар аялуу гендердик топ үчүн өзгөчө артыкчылыктарды түзүү дегенди билдирет. 

Гендердик бюджеттөө заманбап мааниде негизги инфраструктурага
бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун ордуна
аялуу тараптарга артыкчылык берүүнү билдирет.

Чөлкөмдөгү өлкөлөрдө аялдар көз көрүнөө эле артта калып жаткан топ болгондуктан, гендердик бюджеттөөнүн жигердүү чараларынын арасында мамлекеттик бюджеттен аялдарга даректүү колдоо көрсөтүп турган Тажикстан менен Өзбекстандын тажрыйбасына көңүл буруу пайдалуу болот. Мисалы, жогорку окуу жайларында элеттик кыздар үчүн окуу квоталарын түзүү, айылдык студент кыздар үчүн республикалык бюджеттен стипендияларды бөлүп берүү, кыздар үчүн жеңилдетилген билим берүү насыялары; айыл жериндеги кол өнөрчүлүгүн үйрөткөн устаттарды жана алардын шакирттерин каржылык колдоо программалары; ишкер аялдар үчүн улуттук жана жергиликтүү конкурстар жана сыйлыктар; аялдардын ишкердик демилгелерин максаттуу каржылоо ушундай чаралардын тизмесинде турат. 

“ИЙКЕМДҮҮ” (“ЖУМШАК”) КӨНДҮМДӨРГӨ КӨҢҮЛ БУРУУ1

Билим берүүнүн сапаты начарлап бараткан шарттарда аялдардын экономикалык жана социалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн эң ыкчам жана натыйжалуу жолу – бул “жумшак” көндүмдөрдү бардыгы үчүн – эркектер, аялдар жана обочодо калган топтор үчүн биринчи кезекте санариптик, укуктук жана финансылык сабаттуулукту өнүктүрүүгө басым жасоо. Бул көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча чаралар калктын, өзгөчө айыл элинин турмушун жакшыртууга багытталган ар кандай мамлекеттик программалардын жана саясаттын милдеттүү элементи болууга тийиш. “Жумшак көндүмдөрдү” өнүктүрүүдө мамлекеттин негизги өнөктөшү, биринчи кезекте жарандык коом уюмдары (КЭУлар, ӨЭУлар) болушу керек, алар ар кандай гендердик жана курактагы топтор үчүн ыкчам, арзан, натыйжалуу, масштабдуу жана диверсификацияланган “жумшак көндүмдөрдү” өнүктүрүү программаларын сунуштай алышат. Мамлекет жана мамлекеттик институттар кыска мөөнөттө маселени өз алдынча чече алат деп күтүү кыйын.

КЭУЛАРДЫН ЖАНА ӨЭУЛАРДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН КОМПЛЕКСТҮҮ СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР СИСТЕМАСЫН УЮШТУРУУ

Элет жергесиндеги аялдар бир тектүү топ эмес жана басмырлоонун кайчылаш формаларына дуушар болушат, мындан улам мамлекет да, КЭУлар жана өкмөттүк эмес уюмдар да өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Эреже катары, бул топко карата расмий түзүмдөр жумшаган күч-аракеттер ведомстволор ортосундагы өз ара аракеттенүүгө байланышкан кыйынчылыктардан улам жетишсиз болуп жатат. Ошондуктан, айрым бир өлкөлөрдө (Кыргызстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда) мамлекеттик социалдык заказ механизмин жигердүү ишке ашыруу зарыл, анын жардамы менен КЭУ, ӨЭУлардын ишинин алкагында комплекстүү социалдык кызмат көрсөтүүнү натыйжалуураак уюштурууга болот (бул кызмат көрсөтүүлөр бир эле убакта социалдаштырууга, жакырчылыктан, медициналык же паллиативдик жардам көрсөтүүгө, колдоонун башка түрлөрүнө багытталат). Бул иштер ведомстволор ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кыйынчылыктарынан жапа чекпей турганы анык. Бул багытта мамлекеттик социалдык заказ мамлекеттик социалдык саясатты ишке ашыруунун туруктуу аспабына айланган Казакстандын тажрыйбасын изилдеп чыгып, жайылтуу пайдалуу болот. Мамлекеттик социалдык заказдын программаларын улуттук жана жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтардын татаалдык деңгээлине жараша бөлүштүрүп чыгыш керек, муну менен жергиликтүү башкаруу органдарына мамлекеттик социалдык заказдын программалары үчүн максаттуу аудиторияларды жана багыттарды аныктоодо иш-аракеттин белгилүү бир эркиндигин берүү зарыл. Бул ошондой эле азыркы учурда “Батыштын каржылоосунан көз каранды” деген жемелөөнү уккан, бирок калкка социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн ички каржылоо булактары аз же такыр жок болгон өкмөттүк эмес уюмдарга, коммерциялык эмес уюмдарга ишенимди көбөйтөт.

СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮДӨ АРТЫКЧЫЛЫКТАРДЫ ТҮЗҮҮ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ КЕҢЕЙТҮҮ

Жалпысынан бул блок кошумча изилдөөлөрдү жана ар бир өлкө үчүн өзүнчө конкреттүү чараларды иштеп чыгууну талап кылат. Бирок, өз алдынча иштеген аялдардын көйгөйү жана алардын экономикалык абалы тигил же бул даражада бардык өлкөлөргө мүнөздүү. Жергиликтүү жамааттарда өз алдынча иштеген аялдарды мыйзамдаштыруу жана аларга статус берүү маселеси, алардын экономиканын формалдуу эмес секторунан формалдуу секторуна өтүүсү үчүн шарттардын жоктугу өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Көмүскө экономикадан чыгаруу салыктар жана пенсиялар жагынан гана маанилүү болуп жаткан жок. Мыйзамдаштыруу аялдарга жана эркектерге социалдык камсыздоо укугун колдонууга да көмөкчү болот, б.а. убактылуу эмгекке жарамсыздык (ооруп калса, жаракат алса, кош бойлуулук маалында) болгон учурда кепилденген кирешеге ээ болууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстанда жана Өзбекстанда аялдар үчүн салык режимдерине байланышкан маселе курч турат, себеби аялдар кирешенин минималдуу деңгээлин гана камсыз кылууга мүмкүндүк берген экономикалык ишмердүүлүк менен алектенишет, муну ишкердик деп айтууга ооз барбайт. Майда соода, адатта колго жасалган товарларды же майда-чүйдөнү сатуу, кол өнөрчүлүк, айыл чарбасындагы сезондук жумуш жана башка ушул сыяктуу иштерди рентабелдүү жана экономикалык жактан пайдалуу деп эсептөөгө болбойт, аларды ишкерлердин кирешеси менен теңдештирүү туура эмес. Атүгүл патенттин минималдуу ставкалары (Кыргызстанда) же эмгек акыны жана киреше салыгын милдеттүү төлөө шарттары (Өзбекстанда) өз алдынча иштеген аялдарга бир кыйла жүк болуп, аларды расмий каттоодон, социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу системасы менен мамиле түзүүдөн баш тартууга түртүп жатат. Мындай жагдай аларды ого бетер аялуу кылууда. Ошондуктан мындай аялдар үчүн салык режиминин, пенсиялык камсыздандыруунун жана социалдык жактан коргоо укугун колдонуунун өзгөчө шарттарын карап чыгып, ишке ашыруу маанилүү болуп турат.

Уландысы бар.

__________ 

1  Жумшак же ийкемдүү көндүмдөр, көбүнчө (англисчеден алынган) soft skills – жеке сапаттар менен тыгыз байланышта болгон жалпы көндүмдөрдүн жыйындысы; алар ар кандай кесипте кандайдыр бир мааниге ээ болот. Сынчыл ой жүгүртүү, маселелерди чечүү, эл алдында сүйлөө, иштиктүү баарлашуу, командада иштөө, санариптик байланыш, иш-чараларды уюштуруу жумшак же ийкемдүү көндүмдөргө кирет, аларга лидерлик сапаттардын деңгээли, иш этикасын билүү, тартип жана жоопкерчилик сезими да таасир этет. Кандайдыр бир деңгээлде жумшак көндүмдөрдүн карама-каршылыгы кууш адистештирилген кесипкөй билимдер (англисче hard skills) болуп эсептелет, аларды өздөштүрүү кыйыныраак жана анчалык кеңири колдонулбайт.

 

 

Окшош материалы: