Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эркектер менен аялдар – жамааттын бирдиктүү күчү: эркектер менен аялдардын өз ара мамилесин кантип жакшыртып, аларга үй-бүлөлөрүн жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө кантип жардам берсе болот?

2023-04-27 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Эркектер менен аялдар – жамааттын бирдиктүү күчү: эркектер менен аялдардын өз ара мамилесин кантип жакшыртып, аларга үй-бүлөлөрүн жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө кантип жардам берсе болот?

Макала “Борбор азиялык этногендердик контекстте элеттик жамааттардагы аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча иштин өзгөчөлүктөрү” аттуу долбоордун каржылык колдоосу менен басылып чыкты. Аталган долбоорду 2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын мартына чейин Борбордук Азия Университетинин колдоосу алдында Өнүктүрүү саясат институту Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы менен биргеликте ишке ашырып келди. Басылмада айтылган пикирлер, тыянактар, корутундулар жана сунуштар авторлордун позициясы менен тажрыйбасын билдирет жана Борбордук Азия Университетинин көз карашын сөзсүз эле чагылдыра бербейт.

Тренингдер тажатты. Көп сүйлөшөт, ал эми пайдасы аз. “Алар сыяктуу” жашоо бизге туура келбейт. Бөтөн бирөөлөрдүн тажрыйбасын уга берип чарчадык. “Бейөкмөтчүлөр” өздөрү жашоонун маңызын билишпейт дагы, бизди үйрөтүп эле басып жүрүшөт. Биздин аялдар андай эмес.

Элеттик жамаатта өткөн кезектеги тренингден кийин кезектеги тренер эшиктен чыгаар замат ушундай сөздөрдү укканда эмне кылыш керек? Албетте, баарына тегиз жагуу мүмкүн эместигин, нааразылар дайыма эле боло тургандыгын бетке кармап, өзүңдү сооротсоң да болот … Ошол эле кезде элеттиктер менен эмне жөнүндө жана кайсы тилде сүйлөшүп жатканыбызды, алар биздин айткандарыбызга канчалык макул экенин талдап, “алар сылыктыгынан улам үн катпай жатабы же грант алыш үчүн эле каяша айтпайбы?” деген суроолордун тегерегинде ой жүгүртүп көрсөк да болот. Элет тургундары үчүн маанилүү болгон темаларга, айрыкча эркектер менен аялдардын өз ара мамилеси же илимий тил менен айтканда “гендердик теңчилик” сыяктуу аяр мамилени талап кылган маселеде кантип ишенимдүү диалогду түзө алабыз? Бул багытта жаңы ыкмаларды табуу аракети тууралуу кийинки макаланы сунуштайбыз.

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн жана жарандык коом уюмдарынын акыркы 30 жылда аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий укуктарын кеңейтүү жаатында жасаган таасирдүү аракеттерине карабастан, Кыргыз Республикасында, өзгөчө элет жергелеринде аялдардын абалы оңолуп кеткен жок. Бул чөйрөдө иштин формасын кантип өзгөртүү керектиги тууралуу маселени элеттик жамааттар менен иш алып барган практиктер барган сайын көбүрөөк көтөрө башташты. Адам укуктары эң жогорку баалуулук катары чындап универсалдуу болуп, планетанын ар бир жашоочусу колдоно алгыдай туюндурулган. Бирок ар кайсы өлкөлөрдөгү жергиликтүү жамааттар универсалдуу баалуулуктарды бирдей жана тең даражада кабыл алып, аларды кошумча күч-аракет жумшабастан өз контекстине интеграциялай алышпайт. Алсак, Кыргыз Республикасында жарандардын үчтөн биринен азы гана адам укуктары универсалдуу жана ажыратылгыс мүнөзгө ээ экендигин түшүнөт1. Мындан тышкары, баалуулуктарды “сиңдирүү” процессинде көп учурда универсалдуу мамилелер жана чечимдер колдонулат, ал эми жергиликтүү жамааттардын турмушунун терең психологиялык, тарыхый, диний жана башка өңүттөрү козголбостон, эске алынбай кала берүүдө.

Натыйжада Кыргыз Республикасында элеттик аялдардын укуктарын кеңейтүүнү колдоого жумшалган күч-аракеттердин жана ресурстардын көлөмү менен алынган жыйынтыктын ортосунда ажырым өсүүдө. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өнүктүрүү чөйрөсүндөгү алдынкы уюмдардын бири катары Өнүктүрүү саясат институту акыркы он жылдын ичинде аялдарды колдоо практикасын изилдеп келатат. Институт колдонулган ыкмалардын көпчүлүгү аялдардын чакан гана прогрессивдүү бөлүгүнө таасирин тийигизип жатканын, ошол эле учурда колдоого муктаж аялдардын негизги үлүшү кол жеткис аралыкта кала бергенин белгилейт. Ал тургай, өнүктүрүү долбоорлоруна тартылбаган, обочодо калган жана аялуу аялдардын катары калыңдап жатат2. Бул байкоолор ӨСИни 2022-жылы Кыргыз Республикасынын этногендердик контекстин изилдөөгө арналган талкууну баштоого түрткү болду. Бул изилдөө контексттин кырдаалга тийгизген таасирин жакшыраак түшүнүп, акылга сыярлык жоопту иштеп чыгуу максатын көздөйт. Изилдөө иштери 2023-жылы да “Борбор азиялык этногендердик контекстте элеттик жамааттарда аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча иштин өзгөчөлүктөрү” Долбоорунун алкагында улантылды. Долбоорду 2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын мартына чейинки мезгил аралыгында Борбордук Азия университетинин колдоосу менен Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келген.

Жалпак тил менен айтканда, долбоордун максаты – ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамааттар менен аялдарды колдоо саясатын жана гендердик контекстти эске алуу менен аны жакшыртуунун ыкмаларын талкуулоо3.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 2022-жылы дискуссиялык семинардын катышуучулары – 4 өлкөнүн (Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан) КЭУларынын өкүлдөрү даярдап, ЖӨБ органдарына, КЭУларга жана донорлорго даректелген сунуштамалар кайрадан каралып чыкты4.

Сунуштамалар 11 фокус-топто талкууланып, ага 112 адам, анын ичинде 67 аял катышты. Фокус-топтор өз-өзүнчө өткөрүлдү, эркектер катышкан беш топ, аялдар катышкан беш топ жана бир аралаш топ. Катышуучулардын сапаттык курамына ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын 94 өкүлү, анын ичинде 55 аял; жергиликтүү кеңештердин 51 депутаты жана айыл өкмөтүнүн адистери; жарандык коомдун формалдуу эмес уюмдарынын жана жергиликтүү жамааттардын 43 өкүлү кирген. Фокус-топторго Чүй (Аламүдүн районунун Ленин АА, Ысык-Ата районунун Жээк АА, Москва районунун Беш-Терек АА) жана Ош (Кара-Суу районунун Мады АА, Ноокат районунун Гулистан АА) облустарынын муниципалитеттеринин жашоочулары чакырылган. Кошумча түрдө коммерциялык эмес уюмдардын жана өнүктүрүү долбоорлорунун гендердик маселелер боюнча адистеринин жана эксперттеринин катышуусунда фокус-топ өтүп, ага 18 адам, анын ичинде 6 эркек катышты.

Н.Н. Миклухо-Маклай атындагы Этнология жана антропология институтунун Гендердик изилдөөлөр борборунун улук илимий кызматкери, тарых илиминин кандидаты  Н. Шалыгина менен консультациялар өттү. Бул адис постсоветтик өлкөлөрдүн чөлкөмүндө этногендердик изилдөөлөрдүн башатында турат, ал этногендердик мамиле акыркы он жылда гендер социологиясындагы алдыңкы темалардын бири болуп калганын тастыктады.

Фокус-топтордун жыйынтыктары боюнча ЖӨБ органдарына, КЭУларга жана аялдардын укуктарын кеңейтүү маселелери менен алектенген өнүктүрүү долбоорлоруна даректелген такталган сунуштамалар иштелип чыкты. Фокус-топторду өткөрүүнүн жүрүшүндө сунуштамаларды ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүүчү жана тоскоолдук кылуучу факторлор табылып, толугураак сунуштамалар аныкталган, ошондой эле 30% гендердик квотаны колдоо боюнча кыска мөөнөттүү чаралардын планы иштелип чыккан.

Изилдөөнүн негизги тыянактарынын бири – элеттик жамааттар менен иштөө үчүн гендердик теңчилик маселелерине жаңыча мамиле жасаш керек, үй-бүлөнүн баалуулугу жөнүндө ишенимдүү баарлашуу талап кылынат. Бул жерде “үй-бүлө” деген сөз жалгыз гана жубайды же анын жолдошу эмес, ошону менен бирге ата-энесин, эже-сиңдилерин, ага-инилерин, башка жакын туугандарын жана досторун камтыган үй-бүлө түшүнүгүн билдирет (Кыргызстандын жарандарынын 66% “шерине” тибиндеги салттуу тилектештик топторуна кирет5). Дал ушул чөйрө жана анын кызыкчылыктары Кыргыз Республикасынын көпчүлүк жарандары үчүн эң жогорку баалуулукту чагылдырып турат. Алсак, “жакшы жарандын” сапаттарынын ичинен КР жарандарынын басымдуу көпчүлүгү үй-бүлөсүн, жумушун, досторун жакшы көрүүнү (97%, рейтингде биринчи орун), ошондой эле балдарды төрөп жана/же тарбиялоону (96%) эң негизги сапат деп эсептешет6. Тажрыйба көрсөткөндөй, үй-бүлөнүн баалуулугу, эркек да, аял да үй-бүлөгө салым кошуу зарылдыгы тууралуу сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын бардык жеринде элеттик жамааттар жакшы кабыл алышат.

Изилдөөнүн кийинки маанилүү тыянагы – өлкө кылымдар бою жергиликтүү калкка мүнөздүү болгон маданий жүрүм-турум коддорунун жыйындысын сактап келүүдө, анын ичинде сабырдуулук, эмоцияларды көрсөтпөй ичинде катуу; жыныстардын ортосундагы мамилелерге тиешелүү көп сандагы тыюу салынган темалар; салттарды жана үрп-адаттарды сактоо; үй-бүлөгө тиешелүү бардык нерселер жөнүндө маалыматтарды бекем сактоо жана башкалар. Буга ислам баалуулуктарын чечмелөөдө радикалдык идеялардын таасири кошулуп отуруп, улууларга урмат деген сыяктуу кылымдардан бери келе жаткан адаттарга олуттуу таасирин тийгизе баштады. “Гендер жөнүндө” ашыкча түз сүйлөшүүлөр айыл тургундарынын чөйрөсүндө “гендер” жана “гендердик теңчилик” деген сөздөргө карата терс мамиленин калыптанышына алып келди. Мындай терс кабылдоо дагы бир жагы менен өзгөчө кооптуу: мамлекеттик саясатты аткаруучулар – субулуттук деңгээлде башкаруу органдарынын жетекчилери жергиликтүү жамааттардын мүчөсү болуп туруп, улуттук деңгээлде саясатта жарыяланган баалуулуктарды жана багыттарды түшүнүшпөйт, ал эми кээ бир учурларда ал саясатка кошулушпайт.

Маалымат топтоо процессинде жергиликтүү саясий элитанын өкүлдөрүн, өнүктүрүү долбоорлорунун жана КЭУлардын кызматкерлерин кошкондо, курамы боюнча эркектер тобу максаттуу түрдө түзүлдү. Ошондуктан эркек катышуучулар айткан талаштуу жана түшүнүксүз тыянактарды жана пикирлерди изилдөөгө киргизүү анын жыйынтыгы боюнча отчеттун айырмалоочу өзгөчөлүгү болуп калды. Бул кадамга авторлор эркектердин позициясына көңүл бурдуруу үчүн барышкан.

Үй-бүлөнүн экономикалык абалына аялдын салымын кантип көбөйтсө болот?

Аялдар колдоого жана өнүгүүгө муктаж, бирок үй-бүлөнүн экономикалык абалын жакшыртуу үчүн көнүмүш болуп калган милдеттердин чөйрөсүнөн өз алдынча чыгып кетүү алар үчүн оор. Чакан шаарларда жана өзгөчө айыл жергесинде кыз-келиндер үчүн коомдук мейкиндиктерди түзүү боюнча программаны иштеп чыгып, мамлекет ошол чараларды колдоп берүүгө тийиш. Бул үй-бүлө менен чогуу убакыт өткөрүп, билим жана көндүмдөрдү алуу үчүн маалымат алмашуу жана социалдык өнүктүрүү жайлары болушу керек. Көпчүлүк айылдарда эркектерге багытталган сейил бактарды, клубдарды, спорттук жайларды мына ушундай мазмун менен толтуруп чыгуу зарыл. Бул объекттер аялдар үчүн да, үй-бүлө үчүн да жагымдуу болгону маанилүү. Мисалы, Жалал-Абад облусундагы айылдык аймактардын биринде эки кабаттуу өзүнчө имаратта аялдар үчүн фитнес-зал, чач тарач, тигүү жана кол өнөрчүлүк товарларын даярдоо боюнча устакана ачылган. Спорт комплексинде аялдар үчүн футбол, күрөш боюнча секциялар ачык. Бирок башка да мисалдар бар: Чүй облусундагы айылдык аймактардын биринде ата-энелердин кысымы менен күрөш боюнча аялдар секциясы жабылган, себеби анын машыктыруучусу эркек болчу. Болжол менен ушул эле мезгилде, ошол эле Чүй облусундагы башка ААда аял машыктыруучунун жетекчилиги алдында күрөш боюнча аялдар секциясы ачылган. Машыктыруучунун эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

Пассивдүү материалдык жардамдан акырындык менен өнүктүрүүнүн жигердүү чараларына, анын ичинде жигердүү гендердик бюджеттөөгө өтүү керек. Жергиликтүү деңгээлде бул аялдар башкарган же аялдар жана аялуу топтор үчүн жумуш орундарын түзгөн бизнес үчүн өзгөчө шарттар, финансылык сабаттуулукту жана башка “жумшак” көндүмдөрдү өнүктүрүү программалары, өз алдынча иштеген аялдар жана кол өнөрчүлөр үчүн өзгөчө шарттар, насаатчылыкты колдоо программалары, кыздарды стипендия менен колдоо ж.б. болушу ыктымал.

Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына инклюзивдүү өнүктүрүү чараларын киргизүү зарыл: адамдын өнүгүүсүжана өз алдынча дүйнө таанымын кеңейте алышы үчүн шарттарды түзүү (кайра окутуу, кесипке багыт берүү, эс алуу үчүн жайлар, “жумшак” көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн курстар, гендердик багыттагы спорттук жана ден соолукту чыңдоочу объекттер). Мисалы, аял депутаттар жалпы санынын 45 пайызын түзгөн айылдык аймакта социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы аярлуу топ катары аялдарга багытталган атайын чараларды камтыйт: болочок энелердин репродуктивдик ден соолугун жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 100 000 сом бөлүнгөн, бул каражаттын эсебинен аз камсыз үй-бүлөдөгү кыздар жана аялдар томографиялык изилдөөлөрдү кошкондо диспансеризациядан өтүшөт; айыл өкмөтүнүн имаратында “Энеканаларды” түзүү пландаштырылган (эмизген энелер, кош бойлуу аялдар үчүн зал); жыл сайын 22 аял үчүн финансылык сабаттуулук курстары уюштурулат (программа 5 жылга эсептелген жана 11 айылдан 110 аялды камтыйт). Инклюзивдүү өнүктүрүү чаралары адам укуктарына сый мамиле жасоого тарбиялаган тең укуктуу үй-бүлөлүк моделди бекемдөөгө жана кеңейтүүгө, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн муктаждыктарын (үй-бүлөлүк эс алуу үчүн жайлар, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү үчүн иш-чаралар) эске алууга багытталышы керек. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн категорияларынын, ар кандай курактагы эркектердин жана аялдардын – кайната-кайнененин, келиндин, улуу балдардын, кичүү балдардын, кайын журттун6 ж.б. муктаждыктарын изилдеп чыгып, эске алуу керек). Бирок эркектердин муктаждыктарын изилдөө үчүн атайын аспаптар жана көндүмдөр талап кылынат, себеби көптөгөн эркектер муктаждыктарын ачык моюнга ала беришпейт. Маданий, спорттук иш-чараларды “дүжүр” үй-бүлөлөрдүн катышуусу менен эмес, “катышпоо уят”, “баары катышып жатат”, “эл эмне дейт” өңдүү салттарды киргизүү менен өткөрүү керек. Бош убакытты уюштурган жана этногендердик контекстти эске алуу менен өнүгүү үчүн шарттарды түзгөн адистерди даярдоо, мисалы, эки жынысты бирдей машыктырган спорт тренерлери.

Ар бир жамаатта үй-бүлөдөгү милдеттерди адилеттүү бөлүштүрүүгө көмөктөшкөн эркектерди жана жаштарды табуу маанилүү. Мисалы, эгерде аял экономикалык жактан жигердүү болсо, анда эркектер үй-бүлөлүк милдеттерди аткарууга көмөк көрсөтө алышат. Эркектер бул жөнүндө үй-бүлөдөгү жоопкерчиликти аял менен тең бөлүшүүдөн тартынбастан, бул жүрүм-турумдун заманбап нормасы экендигин баса белгилеп, эркин айта алууга тийиш. Өзүнчө сунуштаманы эркектер беришти: гендердик теңчилик боюнча ишке диниятчыларды тартыш керек. Мисалы, диниятчылар Курандагы сүрөлөрдү же Библияда аялдарды колдогон аяттарды айта алышат. Бул үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өзгөчө натыйжалуу болот.

КЭУларды гендердик саясатты ишке ашырууда ЖӨБ органдарынын негизги өнөктөштөрү кылуу керек. Механизм катары мамлекеттик социалдык заказды, жергиликтүү бюджеттен жергиликтүү демилгелерди каржылоону, аялдар үчүн квота бөлүү менен демилгелүү бюджеттөөнү (катышуу бюджеттери) ж.б. активдүү ишке ашыруу керек. Бирок КЭУлар өздөрү аялдардын да, эркектердин да муктаждыктарынын жана кабылдоолорунун психологиялык өңүттөрүн эске алуу менен үй-бүлөлүк баалуулуктарга, биргелешкен технологияларга негизделген жаңы иш ыкмаларын киргизүү менен иштөө усулдарын кеңейтүүгө тийиш.

Инклюзивдүү өнүктүрүү жана гендердик теңчилик боюнча өзүнчө курстарды ЖӨБ органдарынын жетекчилери үчүн өткөрүү зарыл (тренингдерге адатта социалдык маселелер боюнча адистер жөнөтүлөт, алар негизинен аялдар). Бардык иш-чараларды өткөрүү учурунда “бир жыныстагы адамдардын 30 пайыздан кем эмеси” деген принципти кармануу зарыл.

Колдоонун стандарттуу эмес технологияларын (жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү, психологиялык курстар, “жогорудан төмөн карай” насаатчылыгы ж.б.) колдонгон прогрессивдүү борбордук гендердик багыттагы уюмдар менен формалдуу жана формалдуу эмес активисттердин жергиликтүү топторунун ортосунда байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө кадам таштап, ошондой эле жергиликтүү КЭУлар менен тармактык бизнес-ассоциациялардын ортосунда биргелешкен долбоорлорго колдоо көрсөтүү маанилүү.

Бул сунуштамалар төмөнкү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет: үй-бүлө үчүн, кыздардын жана аялдардын өнүгүүсү үчүн коомдук мейкиндиктердин жана мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздиги; социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын инфраструктурага багыттап, бирок адамды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзбөө; гендердик басмырлоо стереотиптеринин “айлампасы”; гендердик теңчиликке карата кырдаалды жакшыртууда башкаруу органдарынын потенциалынын жана мотивациясынын жетишсиздиги; аялдарды экономикалык жигердүүлүккө тартуунун эскирген моделдери.

Жамааттын жашоо шартын жакшыртууга салым кошууга аялдарга кантип жардам берсе болот?

Гендердик теңчилик маселелери менен иштөөнүн жаңы ыкмаларын табуу аракети мамлекеттик саясаттын контекстинде өзгөчө актуалдуу болуп турат. Ушул тапта жергиликтүү кеңештерге шайлоого 30 пайыздык гендердик квотаны киргизүү жолу менен аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү ыкмалары колдонулууда. 2021-жылы квотаны киргизүүнүн натыйжасында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 37% же 3351 мандатты аялдар алышкан7, мында 2000ге жакын аял биринчи жолу депутат болушкан. Шайлоо этабында эле аял депутаттар үчүн башкы “сынак” алдыда экени айкын болду: депутат болуу жетишсиз экени, чыныгы жыйынтык үчүн ийгиликтүү жана натыйжалуу депутат болуу талап кылынары аныкталды. 2023-жылы шайлоо циклинин ортосунда кырдаалга баа берип, аял депутаттарга шайлоочулардын ишенимин мүмкүн болгон деңгээлде актоого жардам берүү зарылчылыгы бар. 2025-жылы кийинки шайлоо цикли үчүн квотаны сактап калуу өтө маанилүү, себеби элеттик жамааттарда гендердик теңчиликке карата туруктуу өзгөрүүлөргө жетишүү үчүн бир шайлоо цикли жетишсиз болот. Эл аралык байкоолорго ылайык, көпчүлүк жарандар саясатта жана коомдук турмушта аялдарга болгон мамилесин өзгөрткөнгө чейин аялдардын саясий өкүлчүлүгү көп жылдар бою максаттуу түрдө сакталууга тийиш8.

Квота жөнүндө толук жана калыс түшүнүккө ээ болуу үчүн жергиликтүү деңгээлде аялдарга өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жана жамааттын жашоосун жакшыртууга салым кошууга жардам берүү үчүн аракеттер көрүлүшү керек.

Мисалы, тынчтык орнотуучу аялдарды, каада-салтты сактоочу аялдарды9, кесиптеги аялдарды ж.б. шыктандыруу зарыл. Саясий жигердүүлүгүнө жана кызмат ордуна карабастан аялдардын салымдарын таанууга көмөктөшүү зарыл, алардын салымы көзгө көп жакшы урунбаса да, эмгектенип жана өнүгүүгө жардам берип жаткан карапайым аялдардын салымы бааланууга тийиш.

Гендердик теңчиликти тигил же бул жол менен колдогон же көмөктөшкөн эркектердин салымын да өзүнчө таанып, бул ишке шыктандырган чараларды иштеп чыгып, киргизиш керек (мисалы, эркектик касиетинен эч ким шек санабаган эркектердин мисалында идиш жууганга уят эмес экенин көрсөтсө болот (“Ашканадагы Шварценеггер” сыяктуу)).

Изилдөө жүргүзүү жана акы төлөнбөгөн үй тиричилиги менен алектенген аялдын үй-бүлөнү гана эмес, жамаатты да өнүктүрүүгө кошкон салымын акча менен баалап, төлөп берүү зарыл. Бул салымдын сандык туюнтмасын табыш керек. Балким, бул үчүн БУУнун аялдар түзүмү колдонгон баалоо ыкмаларын пайдаланса болот. БУУ кам көрүү, багуу экономикасын баалап чыккан. Сапаттуу жана сандык, өзгөчө финансылык маалыматтар түрүндө үй-бүлөнү, жамаатты жана мамлекетти өнүктүрүүгө аялдын кошкон салымы жөнүндө маалыматтарды колдонуу менен маалыматтык өнөктүк өткөрсө болот.

Өз жетишкендиктери жана ийгиликтери менен ачык бөлүшкөн аял депутаттарды жана үй кожойкелерин элге көрсөткөн программаларды чыгарса да болот (“Кыйын” телекөрсөтүүсүнүн мисалында10) .

Аялдар бири-бирине колдоо көрсөтө турган горизонталдуу тармактарды түзүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашыруу зарыл.

Аял депутаттардын катышуусу аз байкалган айылдык кеңештерге талдоо жүргүзүп, мунун себептерин иликтеп, бул аял депутаттарга максаттуу колдоо көрсөтүш керек. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан алынган реалдуу мисалдарга негизделген жергиликтүү кеңештин аял депутатынын позитивдүү жана ийгиликтүү образын коомго жеткире бериш керек. Тажрыйбасы аз аял депутаттарга тажрыйбалуу эркек да, аял да депутаттар насаатчылык демилгелерин ишке ашыруу зарыл. Эркек кесиптеши менен өнөктөштүктү орнотуу боюнча аял депутаттар үчүн тренингдерди өткөрүп, ошондой эле депутаттардын аралаш топтору тарабынан паритеттик жыныстык курамы менен сунушталган депутаттык демилгелерди колдоо долбоорлорун ишке ашыруу зарыл. Жергиликтүү кеңеште аял депутаттардын саясий маданиятка тийгизген оң таасирин жана ишинин натыйжалуулугун көрсөткөн мисалдарды чогултуп, жалпылап, жайылтыш керек.

Аялдардын жигердүү иш-аракетинин натыйжасында коомдо жашоо шарты олуттуу оңолоорун далилдеген ынанымдуу экономикалык көрсөткүчтөрдү жана мисалдарды даярдап чыгып, жайылтуу зарыл.

Келинге коомдук жигердүүлүктө колдоо көрсөтүүгө ынандыруу үчүн элеттик жамааттардагы кадыр-барктуу аялдар менен иш алып барыш керек.

Жогоруда берилген сунуштамалар аялдар кошкон салымдын маанисин төмөндөтүү, аларды эл алдында таанытуу жана шыктандыруу жок болгон чөйрөнү өзгөртүүгө; коалиция куруу чөйрөсүндө аялдардын көндүмдөрүн күчөтүүгө; эркектердеги коркуу жана адилетсиздик сезимдерин жоюуга; азыркы учурда саясий укуктарды чектөөнүн фактору болуп саналган келиндин социалдык статусун жогорулатууга багытталган.

* * *

Изилдөөнүн жыйынтыктары жана сунуштамалар элеттик жамааттарда гендердик теңчиликке жетишүү чөйрөсүндө иш алып барган ЖӨБ органдарына, өнүктүрүү долбоорлоруна жана КЭУларга, тиешелүү мамлекеттик саясат үчүн жооптуу саясатчыларга, ошондой эле Кыргыз Республикасында этногендердик контексттин аялдардын абалына тийгизген таасиринин өңүттөрүн андан ары изилдөөгө кызыкдар болгон изилдөөчүлөргө жана академиялык чөйрөлөргө (саясат таануучуларга, социологдорго, антропологдорго ж.б.) даректелет.

Талкууну улантып, сунуштамаларды андан ары тереңирээк даярдоо үчүн отчеттун авторлору электрондук почта аркылуу байланышка чыгууга чакырышат: ndobretsova@dpi.kg жана amusaeva@dpi.kg

_____________ 

1 Кыргыз Республикасынын калкынын жарандуулук деңгээлин баалоо. Аналитикалык отчет. “Смарт Жаран” ассоциациясы, “ПИЛ” ЖЧКсы, Борбордук Азия Университети, «Сорос – Кыргызстан» Фонду, 2022-жыл. // https://soros.kg/wp-content/uploads/2022/04/civic-literacy.pdf 

2 ӨСИнин ишинин масштабы жөнүндө көбүрөөк маалыматты сайттан тапса болот: www.dpi.kg

3 Долбоордун максаты расмий түрдө төмөнкүчө туюндурулган: моделдин алкагында жана анын факторлорун эске алып, Кыргызстандын элеттик жамааттары менен гендердик теңчилик чөйрөсүндө иштөө практикасына борбор азиялык этногендердик моделдин сунуштамаларын киргизүүгө көмөктөшүү.

4 Борбор азиялык гендердик контекст: элеттик жамааттарда гендердик теңчиликке жетишүү үчүн кийлигишүүнү өзгөртүү боюнча сунуштамалар. Талкуу семинарынын жыйынтыктарына сереп. БАЖБА, ӨСИ. Бишкек, 2022-жыл. http://dpi.kg/ru/library/full/367.html

5 Кайын журт аялдын социалдык статусуна олуттуу таасир эткен күчкө ээ.

6 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 9-январына карата маалыматтары // https://shailoo.gov.kg/ru/zhenshiny-i-vybory/zhenshiny-v-predstavitelnyh-organah/

7 Clayton, Amanda. «Electoral Gender Quotas and Attitudes Toward Traditional Leaders: A Policy Experiment on Lesotho.» Journal of Policy Analysis and Management 33.4 (2014): 1007-26.

8 Бул материалдык эмес тарыхый мурасты сактоо дегенди билдирет. Мындай иш-чараларга өтө кылдаттык менен мамиле жасап, аларды мыкты салттарды сактоого, эскирген жана зыяндуу салттардан баш тартууга шыктандырууга түртүшү керек.

9 “Говори.ТВ” мультимедиалык маалымат агенттигинин берүүсү.