Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ишкер аялдар элеттин районун өнүктүрүүнүн фактору катары

2023-06-22 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Ишкер аялдар элеттин районун өнүктүрүүнүн фактору катары

Автор: Нураим МАНАПБАЕВА, “Курак” Аялдар форумунун эксперти

52 жаштагы Нургүл СООРОНБАЕВА төрт жылдан бери Ат-Башы айылында балык чарбасын өнүктүрүү менен алектенип келет. Бизнес-планды жазардан мурун ал бир нече идеяларды карап чыккан: тигүү цехин же чач тарачты ачыш керекпи же канаттуулар бизнеси пайда алып келеби? Бирок эмнегедир майнап чыкпай койгон.

Аялдын колунан келет 

Бара-бара каржылоо маселеси да чечилген: “Кичүү уулум Орусияда иштеп жүрүп, мага акча салып турган. Ошол акчаны топтоп отуруп, уулума иш баштоону сунуш кылдым. Мен эки көлмөдөн баштагам, беш миң чабактан жылына 10 тоннага жакын балык чыгат. Азыр бизде 12 көлмө бар, жерлерди айыл өкмөттөн ижарага алып жатам. Айланамдагылардын баары эле бир ооздон “бул аялдын иши эмес” деп айтышат, – деп күлөт Нургүл СООРОНБАЕВА. – “Бул уулумдун бизнеси” деп эле жылмайып коём. Мен өзүм билимим боюнча медайыммын, Бишкектеги бейтапканада 25 жылдан ашык эмгектендим. Анан ар кандай тренингдерден өтүп, бизнес-план жазганды үйрөнгөм”.

Көптөгөн жаңы ишкерлер сынап көрүп, ката кетирүү жолу менен тажрыйба топтошот. Биздин маектешибиз ишти эмнеден баштап, көлмөнү кантип куруш керектигин адегенде Ысык-Көлдөгү балык чарбасынан, андан кийин Токмоктон изилдеп, форель багып жүргөн агасынан да кеңеш алып, көп маалыматты Интернеттен тапкан.

“Эң кыйыны – чабактар ооруп калганда ихтиологдорду табуу оңой эмес экен, Ат-Башыда алар такыр эле жок да. 2022-жылдын октябрында мен ишимди бир аз кеңейте алдым, 50 миң чабак менен иштей баштадым, бирок дээрлик жарымы жашап кеткен жок. Мурда бир жигит Ат-Башыда чабак багып жүрчү, бирок кийин ал туризм тармагына өтүп кеткендиктен, аны издеп Бишкекке барууга туура келди. Балким, чабактарга климат жакпагандыр, же жолдо кычкылтек жетишсиз болуп калдыбы, билбейм... Бактыга жараша, Токмоктон ихтиологду таба алдык, ал бизге балыктарды жарым-жартылай сактап калууга жардам берди. Ошондуктан чабактарды көбөйтүүнү өз колубузга алуу кийинки жылдын планында бар.

Эң башкысы – балыкты салмагы килограммга жеткенге чейин өстүрүү, ал эми сата келгенде маселе чыкпайт экен – балыкты Бишкекке алып келебиз же Ат-Башыдагы айылдаштарга сатабыз. Жайында кууруп туруп эле сата беребиз. Жергиликтүү тургундар майда балыктарды жакшы көрүшөт, алар даамдуу дешет. Кээде бизге туристтер баш багып калышат. Өкүнүчтүүсү, бизде мейманканалар жок, ошондуктан чет элдиктер ары-бери өткөндө гана болбосо, негизинен дароо эле Нарынга кетишет. Ошондой эле жыл бою балык кууруп сата ала тургандай кышкы ашкананы кургум келип жүрөт. Бул сезондо 5-6 жумушчуну жалдайм го. Ишимди кеңейткенге чейин уулум экөөбүз баш-көз болуп жатканбыз. Эгерде балык өндүрүүнү жылына 30-40 тоннага чейин жеткирсем, ассоциациялар менен кызматташып, аларга өз продукциямды сата алам”, – дейт Нургүл СООРОНБАЕВА.

Кыргыз бизнесвумендин портрети

Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоп, өнүктүрүү үчүн 2022-2026-жылдарга тиешелүү программа бекитилди.

Документте кадимки ишкер аялдын портрети аныкталган: 40-50 жашта, орто билимдүү, чакан же орто ишкананы башкарат, үй-бүлөлүү, балдары бар жана жумуш менен үй тиричилигин айкалыштырууда көйгөйлөргө туш болот. Адатта өз бизнесин 30 жашында – башка тармактарда тажрыйба топтогондон кийин баштайт. Көз карандысыздыкка умтулуу, өз кирешесин алуу же жумушка орношо албоо өз бизнесин ачууга түрткү болгон негизги факторлор.

Кыргызстандык кыз-келиндер өз бизнесин баштоодо туш болгон көйгөйлөрдүн көбү каржы маселесине, бизнести жүргүзүү жана башкаруу тууралуу маалыматтын, билимдин жоктугуна, ошондой эле үй-бүлөдөгү жана жумуштагы күнүмдүк милдеттерди чогуу алып кете албай калуу көйгөйүнө байланыштуу болот. Күнүмдүк ишинде аялдар жумуш менен жеке жашоонун ортосунда тең салмактуулукту сактаганга аракет кылып, көндүмдөрүн өнүктүрүп, квалификацияны жогорулатуу үчүн убактысы жетпей калууда.

Тилекке каршы, жер-жерлерде мамлекеттик программанын бар экендигин ишин жаңыдан гана баштаган ишкерлер аз билишет. Маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатуу максатында 2022-жылдын аягында Ош облусунун Ноокат районунда жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча адвокациялык иштер жүргүзүлдү. Бул “Экономикалык өнүгүү максатында натыйжалуу башкаруу (EGED)” долбоорунун алкагында мүмкүн болду. Долбоор ACTED уюмунун каржылоосу менен Өнүктүрүү саясат институтунун колдоосу аркылуу ишке ашырылып келатат.

Көйгөйлөр окшош, чечимдер керек 

Эки район бири-биринен географиялык, климаттык жана демографиялык жактан айыр-маланганына карабастан, жолугушуунун катышуу-чуларынын көз караштары бири-бириникине дал келип, алардын көйгөйлөрү окшош болуп, атүгүл бирдей сунуштарды да беришти.

“Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү программасы 2021-жылы эле кабыл алынган, бирок семинардын катышуучуларынын ал жөнүндө маалымдуулугу өтө төмөн, дээрлик жокко эсе экенин белгилей кетүү керек. Алардын көпчүлүгү мындай программа бар экендигин уккан, бирок анын мазмуну жана ишкер айымдарды колдоо багыттары жөнүндө эч ким билген эмес, себеби программа Бишкек же чоң шаарлар үчүн гана жеткиликтүү деп эсептешкен. Мындан улам катышуучулардын эч кимиси мамлекеттик программа алар үчүн кандай пайда алып келиши мүмкүн экендигин билген эмес, мамлекет кепилдеген кандай жеңилдиктер менен артыкчылыктарды пайдалана алам деген суроолорго жооп бере алышкан жок”, – дейт “Курак” аялдар форумунун аткаруучу директору Нуржан АЗИМОВА.

Анын айтымында, катышуучулар менен иштөө көп нерсени ачыкка чыгарды: алар бизнес ачуу үчүн документтерди даярдоо, чогултуу жана каттоо эрежелери жөнүндө өтө начар билишет, жеңилдетилген насыяларды алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматка ээ эмес, ишеним артпагандыктан жеке банктардын иши жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн түрлөрү менен тааныш эмес, бирок мамлекеттик капиталдын катышуусу менен банктардын иши жөнүндө билишет экен.

Мындан тышкары, алар өз ишин өнүктүрүүдө гендердик тоскоолдуктарга туш болушарын, атап айтканда, күрөөнү камсыз кылуу татаал маселе экенин белгилешти. Адатта айрыкча элет жергесиндеги аялдар таризделген кыймылсыз мүлккө же башка мүлккө ээ эмес; өз ишин ачып, көз карандысыз болуу каалоосуна эркек туугандары же ишеним артышпайт, же терс кабыл алышат.

Окутуу тренингинен кийин Ат-Башыда ишкер айымдар өз ассоциациясын түзүштү, ага 50дөн ашык адам кошулду, башка каалоочулар да бар.

“Ишкер айымдар үчүн эң башкы көйгөй – бизнести эмнеден баштап, кантип алдыга жылуу керектигин билбегендик. Мындай пайдалуу сабактар аймактарда көбүрөөк өткөрүлсө, абдан кызыктуу болмок, бирок убакыт жагынан жетпей калууда. Жолугушууда аялдар үчүн жеңилдетилген насыя алса болот деп уктум, эми ушул тууралуу ойлонуп жатам”, – деп ой бөлүштү Нургүл СООРОНБАЕВА.

“Курак” форуму аялдар ишкердигинин мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы жөнүндө сапаттуу жана толук маалыматка жетүү аялдардын эмгек миграциясына кеткен агымын азайта аларына ишенет. Стереотиптерди жеңүү аялдардын райондун экономикасына жигердүү катышуусуна жана анын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзө алат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү ишкерлердин мамлекеттик программа жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жумуш орундарын пайда кылуу менен аймактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп берет. Бирок бул үчүн ар кандай деңгээлде натыйжалуу коммуникацияларды түзүп, жергиликтүү бийликти да, аялдарды да окутуп, маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды, санариптик жана укуктук сабаттуулук боюнча тренингдерди өткөрүү зарыл. 

Окшош материалы: