Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Большевиктин “Карлыгачы”: айылдагы алгачкы бала бакча

2024-02-13 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Большевиктин “Карлыгачы”: айылдагы алгачкы бала бакча

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты

Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Арууке АБДУКАРИМОВА өз чөнтөгүнөн жарым миллион сом чыгарып, көптөгөн айылдаштарынын кыялын орундаткан – 2011-жылдын апрель айында Большевик айылында 25 орундуу “Айзирек нуру” бала бакчасы ачылган эле. Бул практика тууралуу Мыкты тажрыйбалар порталына жогоруда берилген QR-код менен кирип окуй аласыз.

“Көп жылдар бою бала бакчанын жоктугу Ак-Жар айылдык аймагынын Большевик айылынын тургундарынын негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп келген. Чет өлкөгө иштеп кеткен көптөгөн жаш мигрант үй-бүлөлөрдүн балдары адатта жакын жана алыскы туугандарынын, чоң ата, чоң энесинин колунда калышат эмеспи. Натыйжада, алар дайыма эле туура тамактанып, бала үчүн керектүү жашоо калыбын сактай алышпайт, ойдогудай тарбия алышпайт, мээримден куру калышат, коомдо өзүн алып жүрүүнүн, теңтуштары менен баарлашуунун эрежелерин өздөштүрө албай калышат. Ошондуктан, мектепке бара турган убак келгенде, балдарыбыз зарыл болгон билимге жана көндүмдөргө ээ болбой калчу. Башкача айтканда, наристелерибиз мектепке даяр эмес болчу”, – дейт жергиликтүү кеңештин депутаты Арууке АБДУКАРИМОВА.

Ата-энелердин тынчсыздануусу жүйөлүү эле, ушундан улам жалпынын күчү менен бош турган үйдө ремонт жасалып, ал бала бакчага айланды. Жергиликтүү тургун Темиров Урматтын бул үйү 20 жылдан ашык убакыттан бери ээн жаткан болчу. Бул процесс көптөгөн тургундардын башын бириктире алды, алар жарандык милдеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымат алмашып турушту.

25 орундуу бала бакча ачылганда 7 жаңы жумуш оруну түзүлдү. Наристелери бала бакчага бара баштаган ата-энелер керебет жана төшөнчү, идиш-аяк жана эмерек алып келип, өз салымын кошушту. Демөөрчүлөр телевизор, шкаф сатып алууга жана балдар аянтчасын курууга жардам беришти.

“Биздин бала бакча 2011-жылы каттоодон өткөн, 2012-жылдан тартып кызматкерлердин эмгек акысы республикалык бюджеттен каржылана баштаган. Ошол жылдан баштап мен жергиликтүү кеңештин депутаты катары Большевик айылынын тургундарынын атынан өлкө жетекчилигине, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Финансы министрлигине, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Өзгөн районунун акимине көп орундуу бала бакча курууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кат жөнөттүм. Ошол эле учурда биздин муниципалитеттин айыл өкмөтү долбоордук сметаны даярдап, бизге чоң жардам берди, ал эми балдардын ата-энелеринин салымы 100 миң сомго барабар болду. Биздин аракетибиз текке кеткен жок – 2015-жылы республикалык бюджеттен 20 миллион сомдук каржылоо планына 75 орундуу типтүү бала бакча куруу киргизилген”, – деп айтып берди Арууке АБДУКАРИМОВА.

Бардык шарттары бар бала бакчанын курулушу 2011-жылы башталып, 7 жылдан кийин соңуна чыккан. Ошентип, 2018-жылы бала бакча жаңы имаратка көчкөн.

“Биз демөөрчүлөрдү же жергиликтүү бюджеттен жардам күтүп отурбаганга аракет кылабыз. Жок. Биз конкурстарга катышып, меценаттарды жана кайдыгер эмес айылдаштарды өз алдынча издеп келебиз. Мисалы, 2019-жылы “Айзирек нуру” бала бакчасы Швейцария өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” долбоорунун алкагында өткөн конкурска катышып, 100 000 сом утуп алганбыз. Бул каражатка түстүү принтерди, оюнчуктарды жана телевизорду сатып алдык, муну менен административдик-материалдык базаны жакшырта алдык”, – деди депутат.

Бул демилгени турмушка ашыруудан Большевик айылындагы 500 үй-бүлө, ошондой эле коңшу айылдардан дагы 500 үй-бүлө пайда көрүштү, аларда да бул практика кызыгуу жаратып, шыктандыра алды. Балдар тийиштүү тарбия жана билим ала башташты, алардын ата-энелери, өзгөчө энелери жумушка чыгууга мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми башка өлкөдө акча табууга аргасыз болгон мигранттар балдары үчүн санаага батпай калышты. Себеби, азыр балдары эртең мененки саат 8ден кечки 5ке чейин тынымсыз көзөмөлдө болуп, өз убагында жана тең салмактуу тамактануу менен камсыздалып калды. Бала бакчага барган наристелер үчүн күн сайын акыл-эсин өнүктүргөн оюндар уюштурулуп, алар таза, коопсуз жерде мектепте билим алууга даярданып жатышат.

2019-2022-окуу жылдары бала бакчанын базасында жаңы тайпалар ачылып, бүгүнкү күндө бала бакчада 1,5 жаштан 6 жашка чейинки курактагы 120 бала тарбияланууда (бүгүнкү күнгө чейин “Айзирек нуру” бала бакчасында 220 бала мектепке даярдыктан өткөн). Бала бакчада иштеген 22 адам ай сайын 10-15 миң сом айлык алып турушат, ал эми жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөдө чоңоюп жаткан 5 наристе бала бакчага акысыз барышат.

“Айыл өкмөтүбүзгө жана депутат Абдукаримова Аруукеге абдан ыраазымын. Менин кызым Ажыбекова Раяна ДЦП оорулуу. Кызым төрт жашка чыкканга чейин мен аны карап үйдө отурууга аргасыз болдум. Мен иштей албагандыктан, өтө эле оор болду. Ошондо Аруукеге барып, кызымды бала бакчага кабыл алуусун өтүндүм. Ал кызыма өз баласындай мамиле жасап, адаптациялоого жардам берип, мектепке даярдады”, – деди Ак-Жар айылынын тургуну Роза АЖЫБЕКОВА.

Ошондой эле үй-бүлөлүк чыр-чатактардын саны кыйла азайганы да белгилүү болду. Барган сайын айылдыктар жергиликтүү бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүүгө таасир эте алаарын баамдаганда, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине кызыга башташты. Алар коомдук угууларга, айылдын актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоого жигердүү катышып жатышат. Мектепке чейинки курактагы балдарга карата зомбулук жана жугуштуу оорулар фактылары азайганы байкалууда.

“Буга чейин биздин айылда бала бакча ачыла электе жубайым экөөбүз базарда иштеп жүргөндө башкалардан балдарыбызды карап берүүсүн суранууга мажбур элек. Эми эч нерседен кам санабай, эртең мененден баштап кечке чейин бакчага таштап, Өзгөн базарында тынч иштеп калдык. Балдар таза жүрүшөт, убагында уктап, ойноп, курдаштары менен баарлашып, кечинде үйлөрүнө жакшы маанайда кайтышат. Мына ушунун баары үчүн мен жергиликтүү кеңештин депутаты Абдукаримова Аруукеге абдан ыраазымын, себеби ал бала бакчаны уюштуруу маселесин чечүүгө жардам берип, бардык инстанцияларды кыдырып чыгып, бала бакчанын курулушун бүткөнчө чуркап жүрдү”, – деди Большевик айылынын тургуну, жеке ишкер МАМАТОВ Канат. 

 

Окшош материалы: