Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“5:30” кыймылы же Венера УЗБЕКОВА эртең мененки адатты коомду өзгөртчү кыймылга кантип айландыра алды

2026-06-01 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
“5:30” кыймылы же Венера УЗБЕКОВА эртең мененки адатты коомду өзгөртчү кыймылга кантип айландыра алды

Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.

Кадамжайлык Венера УЗБЕКОВА – заман талабына жооп берген аялдардын лидерлигинин үлгүсү – мында бекем мүнөз, тартип жана адамдарды бириктире билүү жөндөмдүүлүгү коомдук өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычына айланат. Анын “Таңкы 5:30” демилгеси жашоо калыбын өзгөртүү боюнча жеке чечимден башталып, бүгүнкү күндө миңдеген аялдарды ден соолугуна кам көрүүгө, жигердүү жана ишенимдүү болууга шыктандырган масштабдуу кыймылга айланды.

ЖЕКЕ КӨЙГӨЙ КООМДУК ЧЕЧИМГЕ АЙЛАНГАНДА

Көптөгөн аялдар сыяктуу эле Венера да чарчоо сезиминен арыла албай, өзүнө убакыт таппай, мотивациясы азайып, жеке өнүгүү үчүн мейкиндик издеп жүргөн. Аялдар үй-бүлөдөгү, жумуштагы жана үй тиричилигиндеги милдеттерин айкалыштырышканы менен, адатта өз ден соолугун жана ички ресурстарын кийинкиге калтырып коюшат.

Венера кырдаалды куру сөз менен өзгөртүү мүмкүн эместигин, жандуу мисал жана иш-аракеттердин жөнөкөй системасы керектигин баамдады. “Мен аялдарга өзүнө кам көрүү укмуш бир өзгөчөлүк эмес, зарылчылык экенин көрсөткүм келди. Аял күчтүү болсо, мындан үй-бүлө гана утушта болот”, – дейт Венера.

ЛИДЕРДИН ЖОЛУ: ИДЕЯДАН ИШ-АРАКЕТКЕ

2024-жылдын сентябрь айында Венера курбусу Айзат МИТАЛИПОВА менен таңкы саат 5:30да чуркай баштаган. Бул өзүнө ташталган жеке чакырык болду: тартип, эрте туруу, кыймылдоо жана жемиштүү күнгө багыт алуу зарыл эле.

Башында бул эки аялдын гана адаты болчу. Андан кийин башка аялдар да алардын эртең мененки көнүгүүлөрүн байкай башташты.

Социалдык тармактар аркылуу бул идея тез эле жайылды – катышуучулар форматты кайталап, жыйынтыктары менен бөлүшүп, тааныштарына тарата башташты. Мотивацияны сактап калуу үчүн Венера жөнөкөй, бирок натыйжалуу системаны киргизди: 21 күн бою машыгууну калтырбаган аялдар символикалык белектерди алып турушту. Бул катышууну күчөтүп, бир жолку активдүүлүктү туруктуу адатка айландыра алды.

“Өзгөрүүлөр дүйшөмбү күнүнөн эмес, өзүңдү тандаган биринчи таңдан башталат”, – дейт ал.

БЕКЕМ МҮНӨЗ ЖАНА АЯЛДАРДЫН ЛИДЕРЛИГИ

Кыймылдын ийгилигинин артында кокустук эмес, Венеранын жеке тажрыйбасы турат. Венера билими боюнча финансист, ал 16 жылдан ашык журналистикада жана коомдук чөйрөдө иштеп, республикалык марафондорду, спорттук мелдештерди жана коомдук иш-чараларды уюштуруп келген. Мунун баары анда системалуулук, тил табыша билүү, адамдарды шыктандыруу жана аларды кыймылга түртө билүү жөндөмү сыяктуу лидердин сапаттарын калыптандырды.

Көп өтпөй бул демилгеге психолог Жылдыз АБАЗБЕКОВА жана нутрициолог Айзат МИТАЛИПОВА да кошулушту. Мунун натыйжасында долбоор спорттун алкагынан чыгып, физикалык ден соолукту, психологиялык туруктуулукту жана аң-сезимдүү жашоо маданиятын айкалыштырган комплекстүү аянтчага айланды.

МАСШТАБДЫН КЕҢЕЙИШИ ЖАНА КООМДУК ТААСИРИ

2025-жылдын 5-апрелинде миңден ашык катышуучунун башын бириктирген “Таңкы 5:30” аттуу алгачкы ири марафон өттү. Бул марафон идея суроо-талапка ээ болгонун жана улуттук кыймылдын дарамети бар экенин тастыктады.

Бүгүнкү күндө долбоордун топтору ар кайсы шаарларда жана айылдарда иш алып барышууда. Ар бир калктуу конушта координаторлор пайда болду – алар катышуучуларды чогултуп, тартипти сактап, мотивациялык чөйрө түзгөн жигердүү аялдар. Демилге аялдардын ден соолугуна гана эмес, коомдук турмушуна да таасирин тийгизди. Катышуучулар өзүнө болгон ишеним көбөйүп, эмоционалдык абалы оңолуп, коомдук жигердүүлүк күчөп, лидерлик сапаттары өнүгүп, аялдардын өз ара колдоосу көбөйгөнүн белгилешет.

Жума сайын катышуучулар тазалык маданиятын жана жоопкерчиликти калыптандыруу менен аймактарды тазалап, экологиялык акцияларды өткөрүп келишет. Бара-бара кыймылга эркектер да кошулуп, муну менен жалпы натыйжа да күчтүү болуп калды.

ӨНҮГҮҮ ПЕРСПЕКТИВАЛАРЫ

2026-жылдын май айына экинчи ири марафонду өткөрүү пландаштырылып жатат, ага 2500дөн ашык адам, анын ичинде Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан командалар катышат деп күтүлүүдө. Бул болсо демилгени Борбордук Азиянын чөлкөмдүк деңгээлине алып чыгууда. Долбоор жамааттын, жергиликтүү өнөктөштөрдүн жана элдин ишениминин эсебинен мамлекеттик системалык каржылоосуз өнүгүп жатат. Дал ушул нерсе аны туруктуу кылууда: ал тышкы ресурска эмес, катышуучулардын ички мотивациясына таянат.

ИЙГИЛИКТИН МАҢЫЗЫ

Венера УЗБЕКОВАНЫН окуясы – өзгөрүүлөрдү күтүп отурбастан, аларды өзү ишке ашырган аялдын окуясы. Венера эрте ойгонууну тартиптин символуна, чуркоону жамаатка, ал эми жеке демилгени коомдук кыймылга айландыра алды.

“Эгерде аял ойгонсо – коом өзгөрөт. Ал эми күчтүү инсан өзүнүн гана жашоосун эмес, бүтүндөй коомдун ыргагын да өзгөртө алат”, – дейт Венера.

 

 

Окшош материалы: