Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
“Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы”: башкаруунун санариптик трансформациясы үчүн лидер аялдарды кантип даярдашууда
Салия АКУЛОВА, БАЖБАнын долбоорлорунун менеджери
2026-жылдын жазында Бишкекте программа ишке кирди, бул бир караганда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн кезектеги окуудай көрүнүшү мүмкүн. Бирок, түпкүлүгүндө, бул билим берүү курсуна караганда, алда канча маңыздуу окуу. Бул – башкаруунун өзүнө болгон мамилени кайра баамдап чыгуу аракети.
Кеп “Кыргызстандын 100 санарип лидери айымы” программасы жөнүндө болуп жатат. Бул программа санариптик өзгөрүүлөрдүн шарттарында натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү лидер аялдардын жаңы муунун даярдоого багытталган.
Программа буга чейин ийгиликтүү ишке ашырылган “Кыргызстандын 100 лидер айымы” демилгесинин логикалык уландысы экенин белгилей кетүү маанилүү. Мурдагы циклдин жыйынтыгы боюнча окуудан 101 катышуучу өтүп, анын ичинен 93ү программаны аяктагандыгы тууралуу күбөлүк алышты. Жаңы этап ошол тажрыйбага негизделгени менен, кийинки кадамды жасайт – ал санариптик реалдуулукта назарды лидерликке бурат.
Программага колдоо Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосунда ишке ашырылган "Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн" өнөктөштүгүнүн алкагында көрсөтүлдү.
ЛИДЕРЛИКТЕН – САНАРИПТИК ЛИДЕРЛИККЕ ЧЕЙИН
Бүгүнкү күндө жөн гана компетенттүү жетекчи болуу жетишсиз. Башкаруу тездик менен өзгөрүүдө: чечимдер дайындардын негизинде кабыл алынууда, коммуникациялар санарип чөйрөгө өтүүдө, ал эми процесстер ийкемдүүлүктү жана ыкчамдыкты талап кылууда.
Дал ошондуктан программанын негизги фокусу – жөн гана лидерлик сапаттарды өнүктүрүү гана эмес, ошону менен бирге санариптик реалдуулукта лидерликти калыптандыруу. Санариптик аспаптар бул жерде өзүнчө көндүм катары эмес, заманбап башкаруу практикасынын негизи катары каралууда.
Программаны Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы менен биргеликте ишке ашырууда. Программа аялдардын лидерлигин өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына негизделет.
ОКУУГА КИМДЕР ЖАНА ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КЕЛИШТИ?
Программанын катышуучулары – иштеп жаткан башкаруучулар: министрлердин орун басарлары, вице-мэрлер, акимдердин орун басарлары, чечимдерди кабыл алууга катышкан башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери.
Алгачкы эки тайпада өлкөнүн булуң-бурчунан: Баткенден Чүйгө чейин, Бишкектен Ошко чейин 50дөн ашык аял бар.
Алардын ар бири жөн гана “билим алуу үчүн” эмес, өздөрүнүн практикасынан алынган конкреттүү бир тапшырма менен келгени маанилүү – бул көйгөйлүү процесс болобу, жүгү көбүрөөк кызмат көрсөтүү же ведомстволор аралык татаал өз ара байланыш болобу – ар биринде тапшырма бар. Дал ушул тапшырмалар менен катышуучулар программанын башынан аягына чейин иштешет.
ОКУУ КАНТИП ӨТӨТ: КУРС ЭМЕС, ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН ПРОЦЕССИ
Программа үч айга созулат жана үзгүлтүксүз процесс катары түзүлгөн болжол менен 120 сааттык окутууну камтыйт. Бул бетме-бет интенсивдүү модулдардын, санариптик аспаптардын жана платформалардын практикалык онлайн талкууларынын, ошондой эле насаатчылык колдоонун айкалышы, анын алкагында катышуучулар өз ишине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө колдоо алып турушат.
Мындай формат бизге классикалык “уктук – унуттук” ыкмасынан алыстап, башкаруу практикасында реалдуу өзгөрүүлөргө өтүүгө мүмкүндүк берет.
БИРИНЧИ МОДУЛ: ЖАҢЫ РЕАЛДУУЛУК МЕНЕН БЕТ КЕЛҮҮ
Мартта өткөн биринчи модул көптөгөн катышуучуларга кайра баамдап чыгуу үчүн шарт түздү.
Үч күндүн ичинде алар санариптик күн тартиби менен таанышып гана тим болбостон, ошону менен бирге өздөрүнүн башкаруу практикасын да талдап чыгышты: чечимдер кантип кабыл алынат, кайсы жерде натыйжалуулук жоголууда, санариптик аспаптардын жардамы менен кайсы процесстерди жөнөкөйлөштүрсө болот.
Мамлекеттик органдардын ишинде жасалма интеллектти колдонуу боюнча блок өзгөчө кызыгууну жаратты – себеби, аны менен документтерди даярдоодон баштап, дайындарды талдап, күнүмдүк иштерди автоматташтырса да болот. Жасалма интеллекттин тобокелдиктери жана аны коопсуз пайдалануунун эрежелери боюнча талкуу да өзгөчө маанилүү болду.
ОКУУГА КАРАТА ЖАҢЫ ЫКМА: ГЕЙМИФИКАЦИЯ (ИШКЕР ОЮНУ) ЖАНА БАШКАРУУНУ СИМУЛЯЦИЯЛОО
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууда жаңыдан колдонула баштаган геймификация программанын маанилүү элементтеринин бири болду.
Модулдун алкагында катышуучулар трансформациялык машыктыргычтар – башкарууну симуляциялоо менен иштешти, алар реалдуу процесстерди жана чечимдерди моделдештирүүгө мүмкүндүк берет. Мындай формат алдыңкы эл аралык тажрыйбага негизделген жана мамлекеттик тармактын милдеттерине ылайыкташтырылган.
Бул программа үчүн алдыңкы бизнес-мектептердин тажрыйбасы чогултулуп, адаптацияланды, анын ичинде Harvard жана MIT’те (кеңири таанымал университеттер) колдонулган ыкмалар бар, аларда жасалма интеллект доорунда санариптик башкаруу архитектурасына жана лидерлик аспаптарына басым жасалган.
Бул формат аркылуу катышуучулар Кыргызстандын мамлекеттик тармагынын реалдуу digital-кейстерин жаңыча көз караш менен талдап чыгышты, процесстерди системалуу түрдө кантип куруп, башкаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, тобокелдиктерди азайтыш керектигин түшүнүштү.
Бул жерде геймификация адамдарды тартуу үчүн катышуу болбогону маанилүү. Бул башкаруу көндүмдөрүн терең өркүндөтүүнүн аспабы: чечимдерди кабыл алуудан жана ролдорду бөлүштүрүүдөн баштап, команданын өз ара байланышына жана өзгөрүүлөрдү башкарууга чейин.
Формат башкаруудагы татаал тапшырмаларды талдап гана тим болбостон, ошону менен бирге коопсуз чөйрөдө “жашоосун” көрүүгө да мүмкүнчүлүк берет, мында чечимдерди сынап, ошол замат алардын кесепеттерин көрүүгө болот.
КАТЫШУУЧУЛАРДАН КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ: “БУЛ РЕАЛДУУ КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ЧЕЧИМДЕР ЖӨНҮНДӨ”
Биринчи модулдан кийин эле катышуучулардан алынган кайтарым байланыш программанын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн бири болду.
Көпчүлүк бул окуу аларга башкаруунун өз практикасына жана процесстерине жаңыча көз караш менен кароого мүмкүндүк бергендигин белгилешет: катышуучулар натыйжалуулук кайсы жерде жоголуп жатканын жана азыртадан эле кандай чечимдерди киргизсе болорун көрө башташты. Алардын бири белгилегендей, “мен көптөгөн процесстерди жөнөкөйлөтүп, алар башкарылчудай жасаса болорун түшүндүм”.
Программанын практикалык багыты өзгөчө баса белгиленди. Окутуунун салттуу форматтарынан айырмаланып, бул жерде катышуучулар өздөрүнүн чыныгы тапшырмалары менен иштешет, бул болсо окууну ошол замат практикага жакындатат: “мага эң жакканы – бул теория менен практиканын айкалышы – аны ишиңде кантип колдоно аларыңды дароо түшүнөсүң”.
Окуунун форматына, анын ичинде геймификацияны жана командалык симуляциялоону колдонууга да жогору баа берилди. Мындай ыкма башкаруу процесстерин жакшыраак түшүнүүгө жана аларды динамикада көрүүгө жардам берет: “Оюндар жана командалык иш аркылуу окуу абдан натыйжалуу болот экен, процесстерди жакшыраак түшүнө баштайсың”.
Санариптик аспаптарга жана жасалма интеллектке арналган блоктор көптөр үчүн ачылыш жана ошол эле учурда практикалык ресурс болуп калды: “мурда жасалма интеллект кыйындай сезилген, ал эми азыр болсо аны жумушта кантип колдонсо болору түшүнүктүү болуп калды”. Катышуучулар ошондой эле санариптик аспаптар боюнча практикалык сабактар эң пайдалуу жана колдонууга жарамдуу болгонун белгилешет.
Программа окуу катары гана эмес, кесипкөй жана жеке өсүш үчүн мейкиндик катары да кабыл алынууда. “Мен лидерлик – бул өзүңдү жакшыраак таанып-билүүнүн жана күчтүү жактарымды көрсөтүүнүн ыкмасы болгонун түшүндүм”, – дейт катышуучулардын бири.
Реалдуу кейстер менен иштөөнүн жана модулдар ортосундагы колдоонун баалуулугу өзгөчө баса белгиленди: “практикалык тапшырмалар жана реалдуу кейстер менен иштөө абдан маанилүү”, “мен практика жана реалдуу кырдаалдарды талдоо дагы көбүрөөк болушун каалайт элем”.
Программанын маңызын төмөнкү пикир тагыраак чагылдыргандай болду: “Бул – ишибизде туш болуп келаткан реалдуу тапшырмалар жана конкреттүү чечимдер жөнүндө окуу”.
ЭМНЕ ҮЧҮН БУЛ МААНИЛҮҮ?
Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары үчүн санариптик трансформация – бул абстракттуу күн тартиби эмес, бул күнүмдүк реалдуулук. Жарандардын улам көбөйүп жаткан суроо-талаптары, ачык-айкындуулукка болгон талаптар, чектелген ресурстар – мунун баары башкарууга жаңыча мамилени талап кылууда.
Бул маңызынан алып караганда санариптик аспаптар көмөкчү каражат эмес, зарылдык болуп калууда. Алар процесстерди жөнөкөйлөштүрүүгө, кабыл алынган чечимдердин сапатын жакшыртууга жана эл менен натыйжалуу байланышты түзүүгө мүмкүндүк берет. Дал ушул практикалык көндүмдөр программанын алкагында калыптанат.
МЫНДАН АРЫ ЭМНЕ БОЛОТ?
Окутуу модулдук принцип боюнча түзүлгөн: биринчи модул мартта аяктаган, экинчиси апрелге, үчүнчүсү май айына пландалды. Модулдардын ортосунда практикалык онлайн-сабактар жана тапшырмаларды өз алдынча аткаруу бар.
Буга катар эле май айында үчүнчү жана төртүнчү топторду кабыл алуу башталат, алар июндан августка чейин окуудан өтүшөт. Натыйжада программа өлкө боюнча 100 лидер аялды камтыйт.
ПРОГРАММАДАН ДА КӨБҮРӨӨК ПАЙДА
Бирок, программанын башкы жыйынтыгы – бул жөн гана билим жана көндүмдөр эмес. Бул бир тилде сүйлөп, бири-бирин колдоп, өзгөрүүлөрдү биргелешип сүрөй баштаган аялдардын кесипкөй жамаатын түзүү. Балким, дал ушул эффект эң туруктуу жыйынтык болуп берет.
Санариптик трансформация оюндун эрежелерин өзгөртүүдө. Бүгүнкү күндө ар бирибиздин алдыбызда “өзгөрүүлөр керекпи?” деген суроо эмес, “аларды ким ишке ашырат?” деген суроо турат. “Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы” программасы Кыргызстанда бул ролду өзүнө алууга даяр лидерлердин жаңы мууну калыптанып келатканын көрсөтүп турат. Ал эми бул мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун келечеги үчүн маанилүү белги.
Окшош материалы:
-
№5 (175) / 2026-06-01 “5:30” кыймылы же Венера УЗБЕКОВА эртең мененки адатты коомду өзгөртчү кыймылга кантип айландыра алды
-
№5 (175) / 2026-06-01 Кыргызстандагы аял депутаттардын дараметин чыңдоо: изилдөөнүн жана билим берүү программасынын жыйынтыктары
-
№12 (170) / 2025-12-30 Талас – Чүй – Жалал-Абад: 150 аял депутат сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн райондорду бириктиришүүдө
-
№12 (170) / 2025-12-30 Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары: окуудан – аракетке
-
№11 (169) / 2025-11-29 “Жергиликтүү кеңештин аял депутатынын жергиликтүү демилгеси-2025” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо
-
№11 (169) / 2025-11-29 Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк акция. Бакыта КАЧИКЕЕВА, укуктук эксперт: Кыргызстандагы ар бир үчүнчү аял өмүрүндө жок дегенде бир жолу зомбулукка кабылган
-
№9 (155) / 2024-09-19 Жергиликтүү кеңештердеги гендердик квота: эл колдогону менен, маалыматтык өнөктүк керек болгон айрым аймактар бар
-
№2 (148) / 2024-02-13 Большевиктин “Карлыгачы”: айылдагы алгачкы бала бакча


















