Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандагы аял депутаттардын дараметин чыңдоо: изилдөөнүн жана билим берүү программасынын жыйынтыктары

2026-06-01 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Кыргызстандагы аял депутаттардын дараметин чыңдоо: изилдөөнүн жана билим берүү программасынын жыйынтыктары

Айгерим АЛМАНБЕТ кызы, БАЖБАнын долбоорлор боюнча ассистенти

Акыркы жылдары Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында аялдардын ролу кыйла мааниге ээ болду. Ушул тапта алар аймактарды өнүктүрүү, социалдык маселелерди чечүү жана коомдук демилгелерди ишке ашыруу процесстерине жигердүү катышууда. Бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештердеги депутаттык мандаттардын 39,75 пайызга жакыны аялдарга таандык. Бул көрсөткүч аялдардын жергиликтүү деңгээлдеги саясий процесстерге катышуусунда байкалаарлык өсүш бар болгонунан кабар берүүдө.
Бирок депутаттык ишмердик жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти, терең укуктук билимди, эл менен натыйжалуу өз ара байланыш түзүүнүн көндүмдөрүн жана стратегиялык ой жүгүртүүнү талап кылат. Ушуга байланыштуу аял депутаттардын кесипкөй дараметин жогорулатуу, алардын билимин жана көндүмдөрүн өнүктүрүү маселеси өзгөчө актуалдуу болуп турат. Себеби, депутаттык функцияларды аткаруу комплекстүү билимди жана практикалык көндүмдөрдү талап кылат. Мында бюджеттик процессти түшүнүп, ченем жаратуудан баштап, жарандар жана аткаруу бийлик органдары менен натыйжалуу байланыш түзгөнгө чейин баары маанилүү. Бул чакырыктарга жооп катары Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы аял депутаттардын билимге болгон муктаждыктарын аныктоого жана тийиштүү окутуу программасын даярдоого багытталган онлайн-изилдөө жүргүздү.

Окуунун өзгөчө көп суроо-талапка ээ болгон темаларын аныктоо, аял депутаттар ишинде туш болуп жаткан негизги кыйынчылыктарды талдоо жана алынган маалыматтардын негизинде натыйжалуу билим берүү программасын даярдоо онлайн-изилдөөнүн негизги максаты болду.

Онлайн-сурамжылоого өлкөнүн бардык аймактарынан 325 аял депутат катышты. Респонденттердин басымдуу бөлүгү (92,9%) айылдык кеңештерде иштейт, бул болсо айылдарда ресурс өтө чектелүү болгон шарттарда иштеген депутаттардын керектөөлөрүнө көңүл бурууга мүмкүндүк берди.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй аял-депутаттар бир катар системалуу кыйынчылыктарга туш болуп келишет. Алардын арасында бюджетти түзүү жана мыйзам чыгаруу жаатындагы билимдин, квалификацияны жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү болушу, убакыттын тартыштыгы, ошондой эле аткаруу органдары менен өз ара байланыш түзүүдөгү кыйынчылыктар бар.

“Депутат болуп жаңыдан иштей баштаганда бюджеттик процессти түшүнчү эмесмин. Чечимдер тез кабыл алынат, ал эми аларды жакшылап терең түшүнүүгө убакыт калбай калат. Мындай кыска мөөнөттүү окуу программалары бул боштуктарды системалуу түрдө толтуруп турууга мүмкүндүк берет”, – дейт Нарын облусунун айылдык кеңешинин депутаты.

Окутуунун салттуу форматтары аял депутаттар үчүн дайыма эле жеткиликтүү боло бербестигин түшүнүү изилдөөнүн негизги тыянактарынын бири болду. Аялдардын убактысы өтө тар – алар депутаттык ишти, кесиптик ишти жана үй-бүлөлүк милдеттерди айкалыштырып келишет. Ошол себептен кечки маалда онлайн-форматта өтүүчү сабактар кыйла ыңгайлуу болду.

“Күндүз өз түйшүгүбүз менен алек болобуз, жашоочулар менен иш алып барабыз, жолугушуулар жана сессиялар өтүп турат. Кечинде гана окууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Саат 20:00дөн кийинки вебинар форматы биз үчүн эң ыңгайлуусу болуп калды”, – деп бөлүштү программанын Жалал-Абад облусунан катышуучусу.

Ушул факторлорду эске алуу менен 2026-жылдын башынан бери Zoom платформасында жума сайын өткөрүлүп келаткан вебинарлардын сериясы иштелип чыкты. Ар бир сессияга орточо эсеп менен өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 90дон 100гө чейин аял депутат катышууда.

ОКУУНУН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫ

Окуу программасы темалардын кеңири өңүтүн камтыйт, анын ичинде аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик саясат, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү, муниципалдык менчикти башкаруу, жергиликтүү кеңештердин ишинин укуктук негиздери, ченем жаратуучулук, коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү жана инвестицияларды тартуу бар. Ошондой эле бюджеттик процесс, социалдык-экономикалык өнүгүү, гендердик талдоо, медиа сабаттуулук, жасалма интеллектти колдонуу, экологиялык саясат жана калдыктарды иштетүү маселелери каралууда. Катышуучулардын ортосунда ийгиликтүү тажрыйба алмашуу боюнча сессиялар программанын маанилүү элементи болуп калды.

Программанын негизги максаты – аял депутаттардын кесипкөй компетенттүүлүгүн жогорулатуу, аларды ишке кереги тийчү практикалык аспаптар менен камсыз кылуу, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн аянтча түзүү.

Катышуучулар иштин практикалык өңүттөрүнө – ченемдик укуктук актыларды даярдоого, коомдук угууларды уюштурууга жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө өзгөчө кызыгуусун көрсөтүштү.

“Мага эл менен байланыш түзүү жана коомдук угуулар боюнча темалар өзгөчө пайдалуу болду. Эми алардын маанилүүлүгүн жана тургундар менен кантип диалог түзүп, аларды чечимдерди кабыл алууга кантип тартса болорун жакшы түшүнүп калдым”, – дейт вебинардын катышуучусу, шаардык кеңештин депутаты.

Ошондой эле санариптик компетенцияларды өнүктүрүү, анын ичинде киберкоопсуздук, социалдык тармактарда иштөө жана жасалма интеллекттин аспаптарын колдонуу программанын маанилүү компоненти болуп калды.

Билим берүүдөн тышкары, программа аял депутаттардын кесипкөй коомчулугун түзүү боюнча маанилүү функцияны аткарат. Вебинарлардын алкагында тажрыйба алмашуу сессиялары уюштурулуп, мында катышуучулар ийгиликтүү тажрыйбалар жана чечимдер менен бөлүшөт.

“Мен үчүн окуу гана эмес, ошону менен бирге башка региондордогу кесиптештердин пикирин угуу мүмкүнчүлүгү да баалуу. Биз туш болуп жаткан көйгөйлөр окшош болуп жатканын жана биргеликте чечимдерди таба аларыбызды көрүп турабыз”, – деп белгиледи катышуучулардын бири.

Уюштуруучулар ошондой эле жалпысынан жергиликтүү башкарууну өнүктүрүү үчүн мындай демилгелердин маанисин белгилешти.

“Аял депутаттардын компетенцияларын өнүктүрүүгө инвестиция салуу жергиликтүү деңгээлде кабыл алынган чечимдердин сапатына тикелей таасирин тийгизет. Бул гендердик теңчиликке гана эмес, ошону менен бирге жергиликтүү деңгээлдеги туруктуу өнүгүүгө да салым болуп саналат”, – деп белгиледи Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын долбоорлор боюнча менеджери, программанын куратору Салия АКУЛОВА.

МЫНДАН АРЫ ЭМНЕЛЕР БОЛОТ?

Окутуу программасын ишке ашыруу азыртадан эле катышуу жогорку деңгээлде болгонун жана суроо-талапка ээ экенин көрсөтүүдө. Ар кайсы аймактардан келген аял депутаттардын туруктуу катышуусу окуунун тандалып алынган форматынын жана мазмунунун актуалдуулугун тастыктап турат.

Узак мөөнөттүү келечекте программа төмөнкүлөргө багытталган: 

  • ченем жаратуу ишинин сапатын жогорулатууга;
  • жарандардын алдында жоопкерчиликти жана өз ара байланышты күчөтүүгө;
  • аялдардын лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө;
  • жергиликтүү кеңештердин институционалдык дараметин чыңдоого.

Ошентип, демилге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кыйла натыйжалуу жана инклюзивдүү системасын түзүүгө көмөктөшүүдө.

Жергиликтүү кеңештерге аялдардын жигердүү катышуусу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу башкаруунун сапатын жогорулатуунун жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү факторуна айланууда. Реалдуу муктаждыктарга негизделген системалуу билим берүү программалары аял-депутаттардын кесипкөй компетенцияларын чыңдоого гана эмес, алардын коомдук-саясий турмушка кыйла жигердүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө да мүмкүндүк берет.

Программа жаңы катышуучулар үчүн ачык бойдон калууда, муну менен аларга квалификациясын жогорулатууга, кесипкөй байланыштарын кеңейтүүгө жана өз жамааттардын өнүгүшүнө салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Бардык видеожазууларды YouTube каналынан табууга болот: https://www.youtube.com/@local_governance_academy_of_CA/videos же төмөндөгү QR-код боюнча ача аласыз: 

Окшош материалы: