Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

«Чай сүйлөшүү»: аялдардын муктаждыктары жана ийгилигине салым кошкон жеке көндүмдөрү жөнүндө баарлашуу

2022-09-19 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
«Чай сүйлөшүү»: аялдардын муктаждыктары жана ийгилигине салым кошкон жеке көндүмдөрү жөнүндө баарлашуу

Чай үстүндө баарлашуу - бул Клубдун катышуучулары үчүн актуалдуу маселелер боюнча онлайн форматындагы сааттык консультациялар/талкуулар.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” Долбоорунун колдоосу менен БАЖБА түзгөн1, Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу жергиликтүү кеңештердеги 70 аял депутаттын башын бириктирди. Клуб аялдарга жеке өнүгүүсүнө, депутаттык мандатын эркектер жана кызыкдар адамдардын топтору менен өнөктөштүктө пайдалуу иштер үчүн колдоно алышына жардам берүү максатында түзүлгөн. Клубдун алгачкы иш-чараларынын бири – 2022-жылдын 21-июлунда өткөн “Чай үстүндө баарлашуу”.

Aha.kg компаниясынын2 эксперттери катышуучулар менен баарлашып, аялдар ийгиликтүү лидер болуп, карьера кура алышы үчүн кандай көндүмдөргө муктаж экендиги жөнүндө сүйлөштү.

Aha.kg компаниясынын тренерлери жана психологдору Сейил КАЛДЫБАЕВА менен Чолпон БЕКБОЛОТОВА 22 катышуучуга “жумшак” көндүмдөрдү (soft skills) өздөштүрүп, жеке өнүгүү менен алектенишсе, жеке турмушунда жана ишинде кандай типтүү көйгөйлөрдөн оолак боло алаарын мисалдар менен көрсөтүп беришти. Адистер катышуучуларга ой жүгүртүүнү өзгөртүү зарылдыгы, өзүн-өзү баалоону жогорулатуу жолдору, эмоционалдык интеллект, туруктуу стресстин кесепеттери жөнүндө айтып беришти; чыр-чатактарды башкаруу жана адамдар ортосундагы байланыштардын натыйжалуулугун жогорулатуу көндүмдөрүн үйрөтүштү.

Тренерлер ар бир теманын маанисин жашоодон алынган жөнөкөй жана түшүнүктүү мисалдар менен ачып беришти. Жолугушуунун аягында аял депутаттар өз жамааттарындагы ийгиликтүү лидерлердин ролу алардан натыйжалуу баарлашуу, чыр-чатактарды чечүү, эмоцияларын башкара билүү жана башка багыттар боюнча билимди жана көндүмдөрдү талап кылат дегенге макул болушту. Талкуу катышуучуларды бир кыйла жандандырды. Түз ободо баарлашуу маалында чатка жазылган пикирлерге жана суроолорго караганда, чыр-чатактарды чечүү, стресс менен иштөө, үй-бүлө ичиндеги мамилелер темасы катышуучулардын көпчүлүгүн кызыктырды. Катышуучулар консультацияга ыраазы болушту, муну чатка жазылган пикирлер да тастыктап турат. Катышуучулар тренерлерге ыраазычылыгын билдирип, жакын арада ушул сыяктуу консультацияларды жана окууларды кайталап өткөрүүнү суранышты.

Иш-чаранын убактысы катышуучулардын каалоолорун эске алуу менен тандалып алынган - кечинде саат 20.00дөн 21.00гө чейин өттү. Бул маалда аялдар үй жумуштарынан бир аз бошоп, жеке өнүгүү үчүн убакыт таба алышат.

Катышуучулар менен байланышты колдоо үчүн Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу Телеграм-топ түздү. Бардык аял депутаттар, ошондой эле Телеграм-топко кошулган башка активисттер Клубдун пландары жөнүндө маалымат алып, бул тайпада жүрүм-турум эрежелерин талкуулап, макулдашып алышты.

__________ 

1 Клуб жөнүндө кененирээк маалыматты “Муниципалитет” журналынын ушул санындагы “Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубун тартуулайт” деп аталган макаладан окуй аласыз.

2 Aha.kg – бул жумшак көндүмдөрдү кыргыз тилинде үйрөткөн билим берүү платформасы. Aha.kg компаниясынын вазыйпасы: “Биз бейформал билим берүү аркылуу кыргыз тилдүү калктын жашоо көндүмдөрүн жакшыртабыз».

Окшош материалы: