Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Санариптештирүү коркунуч жаратабы? Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдары үчүн санариптештирүү жөнүндө саясий ой толгоолор

2023-02-28 / Көңүл чордонунда
Санариптештирүү коркунуч жаратабы? Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдары үчүн санариптештирүү жөнүндө саясий ой толгоолор

Надежда ДОБРЕЦОВА, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору; Доктор Тони РОБЕРТС, Санарип жана технологиялык изилдөөлөр тобунун улук изилдөөчүсү, Өнүгүүнү изилдөө институту, Сассекс Университети, Улуу Британия

Башкаруудагы санариптештирүү татаал жана көп деңгээлдүү процесс, ал функцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү гана эмес, башкаруучулардын өздөрүн да камтыйт. Мындан тышкары, санариптештирүү ар кандай технологиялык өнүгүү сыяктуу эле, саясаттан тышкары кала албайт, ачык жана караңгы жактары бар, пайданы жана артыкчылыктарды гана эмес, тобокелдиктерди жана көйгөйлөрдү да алып келет. Бул макаланын максаты – семинардын байкоолору жана маалыматтары менен бөлүшүп, ЖӨБ органдарынын жетекчилерине жана кызматкерлерине технологияларга болгон мамилесин жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү милдеттерин жакшыраак түшүнүүгө жардам берүү, алардын ичинен санариптик технологияларды киргизүү процессинде пайда болгон тобокелдиктерди башкаруу негизги саясий милдет болуп саналат. Макаланын ток этээр жерин айта турган болсок, муниципалдык лидерлер санариптик технологиялар боюнча адис болууга милдеттүү эмес, бирок санариптештирүү адамдарга кандай таасир этерин, кандай тобокелдиктерди жаратарын жана аларды кантип башкарса болорун түшүнүүгө милдеттүү.

2022-жылдын декабрында Сербия Республикасынын борбору Белградда Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча башкармалыгы (SDC) уюштурган “Башкаруудагы санариптештирүү” аттуу эл аралык беш күндүк семинар өттү. Семинарга SDCнын Албаниядан, Грузиядан, Сербиядан, Швейцариядан, Украинадан, Косоводон, Кыргызстандан, Молдовадан, Тажикстандан келген кызматкерлери жана өнөктөштөрү катышты. Кыргызстандан семинарга “Муниципалитет” журналынын башкы редактору, ӨСИнин башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА катышты. ДОБРЕЦОВА семинар кесиптик өнүгүүгө гана эмес, санариптештирүүнүн глобалдык процесстерин жеке кабыл алууга да күчтүү таасир тийгизгенин белгиледи. Семинардын окуу материалдарынын базасында 2023-жылдын январында ӨСИде институттун жана БАЖБАнын кызматкерлери менен консультанттары үчүн семинар өттү. Бул семинар билимди кеңейтүү, ӨСИнин жана БАЖБАнын долбоорлорунун иш практикасына санариптештирүү тобокелдерин башкаруу аспаптарын киргизүү максатында уюштурулду.

“Санариптештирүү” деген коркунучтуу сөз

Мамлекеттик башкарууга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата колдонулганда “санариптештирүү” деген сөз жүрөктүн үшүн алган бир көрүнүш сыяктуу болуп калды. Жогорку трибуналардан саясатчылар бардык жерде башкарууда санарип ыкмаларды киргизүүгө үндөп келишет, санариптик платформаларды жана сервистерди түзүүгө олчойгон акча сарпталат, санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү адистер байыркы кудайлар сыяктуу карапайым адамга түшүнүксүз болгон, бирок сыйкырдай көрүнгөн бир нерселерди жаратууда. Башкаруу органдары санариптештирүү программаларын жана стратегияларын иштеп чыгуу менен алек. Бирок көпчүлүк мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар ичинен ишенбестикти, ал тургай коркууну сезишет. Өлкөдө “башкаруудагы санариптештирүү” деген эмне экенин жакшы түшүнгөн адистер өтө аз, болуп жаткан процесстерди дээрлик эч ким сынчыл маанайда баамдай албай жатканы көйгөйлүү маселе. Санариптик технологиялар чөйрөсүндө аткаминерлердин да, карапайым адамдардын да басымдуу көпчүлүгү муну түшүнгөндөрдүн сөзүнө ишенүүгө аргасыз болушат. Бизге санариптештирүү – бул прогресс, байгерлик, өнүгүү деп айтышат жана биз буга ишенүүгө же ишенгендей түр көрсөтүүгө аргасыз болобуз, себеби эмне болуп жатканын өзүбүз да дайыма эле толук баамдай албайбыз.

Бирок бир нерсе айдан ачык – санариптештирүү климаттын өзгөрүшү сыяктуу эле сөзсүз боло турган келечекке айланды. Каалайбызбы, каалабайбызбы, ошол өзгөрүүлөргө көнүшүбүз керек. Кадимки жашоодо балдарыбыз гаджеттерди тили чыгып, же там-туң баса баштагандан мурун эле колдонуп калганын айтып кейийбиз, сырсөздөрдү эстеп калууга, улам жаңы электрондук түзүлүштөрдү сатып алганга мажбур болгонубузга ачуубуз келет. Аткаминерлер – мамлекеттик жана муниципалдык болсун – ишинде күн сайын өлкөнүн жогорку жетекчилиги койгон милдеттерге реакция жасоого, көп учурда мындан ким, кандай пайда алып жатканын түшүнбөстөн эле башкаруу процесстерин санариптик форматка өткөрүүгө мажбур. Жалпысынан алганда, санариптештирүү башкаруу системасы үчүн туруктуу стрессти жаратты, ал эми чыгымдарды кыскартуу, процесстерди тездетүү жана коррупцияны жоюу түрүндөгү санариптик башкаруунун бардык артыкчылыктары азыркыга чейин баарына ачык эмес.

Көпчүлүк адамдар санариптештирүүнүн алдында өзүн жаман сезип, талап кылынбай калуудан, жумушсуз калуудан, жаңы түзүлүштөрдү жана тапшырмаларды аткара албай калгандан коркушат. Стресс менен ар ким колунан келишинче күрөшүп жатат. Санариптештирүү жараткан көйгөйлөрдү чечүүнүн эски, далилденген ыкмалары да жардамга келүүдө. Мисалы, айрым айылдык аймактарда кызматкерлер “Санарип аймак” санариптик системасы менен иштөөнү жеңилдетүү үчүн ... чарба китебинин кагаз түрүндөгү версияларына кайтышты. Мамлекеттик сатып алуулардын санариптик порталы менен иштөө боюнча адистер да чоң кыйынчылыктарга туш болуп жатышат жана айрым жерлерде “кара ниет” сатып алуучулар пайда болду, аларга акы төлөп берсең порталда иштей албай жаткан, электрондук панелди өз алдынча башкара албаган муниципалдык сатып алуучулардын ишин жасап беришет. Муниципалдык кызматтын резервине көптөгөн талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтө албай жатышат, ал эми ЖӨБ органдарындагы бош орундардын деңгээли 25 пайызга жетет. Элеттик ЖӨБ органдарында санариптик процесстер менен иштөөгө балдарды жана кичүү туугандарын, мектеп окуучуларын жана студенттерди бейрасмий жол менен тартуу практикасы кеңири жайылды. Бул кайрадан стрессти жаратат, себеби көйгөйдү өз алдынча чече албагандыктан, муниципалдык жетекчилер жана кызматчылар башкаруу процесстерине көзөмөлдү кандайдыр бир деңгээлде жоготуп жаткандай, бирок бул учурда жоопкерчилик алардын мойнунда кала бергенин сезишет.

Жалпысынан алганда, жергиликтүү өз алдынча башкарууда санариптештирүүгө байланыштуу көптөгөн суроолор топтолуп калды, бирок эч ким аларга жооп берүүгө ашыккан жери жок, себеби санариптештирүүдө “айтишник” деп аталган адистер көп, башкарууда адистер андан дагы көп, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкарууда санариптештирүү боюнча адистер жок. Ошол эле учурда санариптик башкарууга ыңгайлашууга байланышкан көйгөйлөр муниципалдык жетекчилердин жана кызматчылардын карьерасына тиешелүү гана маселе эмес. Бул ошондой эле жамааттын алдындагы жоопкерчилик маселеси, ал эми жамааттын олуттуу бөлүгү, мисалы, кызмат көрсөтүүнүн санариптик формасына өтүүгө ишенбеген мамиле жасап, өтө кыйынчылык менен кабыл алып жатышы мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн кыскартуу, алардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу өңдүү убада кылынган байгерлик менен бирге санариптештирүү көп сандагы тобокелдиктерди жаратып, жакырларды ого бетер жакыр кылып, калктын айрым топторун тең эмес абалга алып келип же таптакыр эле жок кылышы мүмкүн. ЖӨБ органдары санариптештирүү тобокелдиктерин кантип башкарып, анын жергиликтүү жамааттарга тийгизген терс таасиринин алдын алуу жөнүндө да ойлонууга милдеттүү.

Санариптик аборигендер жана санариптик иммигранттар

Көрсө, санариптештирүүнүн стрессин айылдык муниципалдык кызматчылар гана эмес, айылда жашабагандар да сезишет экен. Ал тургай, социологияда санариптик иммигранттар же санариптик качкындар1 деген туруктуу түшүнүк калыптанып калды, мында бардык өлкөлөрдө жана бардык континенттерде жашаган адамдардын бир нече муунун түшүнсө болот. Тигил же бул адамды санариптик иммигрант категориясына киргизген негизги фактор ... анын жаш курагы. 1985-жылга чейин төрөлгөндөрдүн дээрлик бардыгы бүгүнкү күндө бир жагынан санариптик эмес реалдуулукта чоңойгон, тарбияланган жана билим алган, мажбур түрдө жер которгон абалда калган, ал эми экинчи жагынан эркинен тышкары башка санариптик реалдуулукта калган адамга айланышты. Мына ушундай мажбурлоочу иммиграция бар.

Ал эми 1985-жылдан кийин төрөлгөндөр дээрлик бешиктен бели чыкпай жатып гаджет кучактаган санариптик аборигендер деп эсептелет. Алар үчүн санариптик технология ымыркай кезинен баштап алардын өнүгүүсүнө таасир эткен реалдуулуктун табигый өзгөчөлүгү болуп саналат. Албетте, ар кандай топто өзгөчө учурлар бар, бирок жалпысынан жаш курак адамзатты эки категорияга бөлгөн көрсөткүчкө айланды. Санариптик аборигендер – жаңы муун – технологияга көз каранды болуп калганы, ал тургай санариптик технологиялар адамзаттын биологиясына таасирин тийгизип жатканы коркунуч туудурат. Жөнөкөй тесттердин жардамы менен окумуштуулар мобилдик телефондун жеткиликтүүлүгү адамдын когнитивдик жөндөмүн азайтып, оперативдүү эс тутумун начарлатып, сынчыл ой жүгүртүүгө тоскоол болоорун далилдешти. Барган сайын бул көз карандылык улам күчөй берет, ал эми Интернет Жердин миллиарддаган тургундарынын жүрүм-турумун башкаруу ыкмасы болуп калат. Адамдын санариптик технологияга болгон көз карандылыгынан качууга мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес. Бирок тобокелдиктерди билип, эң аз зыян менен чөйрөнүн өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маанилүү. Анын ичинде жергиликтүү өнүгүүнү башкаруу көз карашынан алып караганда ушуну жасаш керек.

Башкаруудагы санариптештирүүнүн төрт катмары

Башкарууда санариптештирүүнүн артыкчылыктары жана тобокелдиктери жөнүндө сөз кылаардан мурун, процессти этаптарга же катмарларга бөлүп алуу зарыл2

Санариптештирүү таасирин тийгизе турган башкаруунун эң биринчи катмары – бул технологияларды башкаруу системасынын ичине киргизүү же мамлекеттик агенттиктердин жана түзүмдөрдүн өз ара же бири-бири менен иштешүүсүн санариптештирүү. Мисалы, жумуш убактысын автоматтык түрдө эсепке алууга жана эмгек акысын чегерүүгө өтүү; башкаруу системасынын ичиндеги маалымат алмашууну автоматташтыруу; мамлекеттик кызматка киргизүү үчүн электрондук тестирлөө – мунун баары башкаруунун ичиндеги санариптештирүүнүн мисалдары. Адатта мындай технологияларды киргизүү ачык-айкундуулукту жогорулатууга, ресурстарды үнөмдөөгө, чечимдерди ыкчам кабыл алууга жана чыгымдарды азайтууга жардам берет. Бирок, азырынча эч ким бул этапта жоготуулар кандай болгонун эсептей элек, себеби бул жоготуулар дайыма эле жөнөкөй эсептөөгө алына бербейт. Мисалы, кимдир бирөө технологияны өзгөртүүгө жана ыңгайлаштырууга кеткен чыгымдарды (мисалы, программалык камсыздоону иштеп чыгууга кеткен чыгымдарды) алынган пайда менен салыштырып көрдүбү? Же электрондук тестирлөөнү киргизүүгө байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөдө пайда болгон кыйынчылыктардын таасирин кантип баалоого болот? Баса, тесттердин суроолору бир нече жолу жөнөкөйлөтүлгөн, ал эми мүмкүн болгон 90 баллдан болгону 30 балл алган адамдар тестирлөөдөн өтүшөт, бул тесттин сапатына карата көптөгөн суроолорду жаратууда…

Санариптештирүүнүн экинчи катмары же этабы – кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү же мамлекеттин жаран жана бизнес менен өз ара мамилелерин санариптештирүү. 2022-жылы дүйнө жүзүндөгү бардык өкмөттөрдүн кеминде 1 веб-сайты болгон, ал эми 189 өкмөт (өлкөлөрдүн 98%) жок дегенде бир онлайн кызмат көрсөтүүнү сунушташкан (жалпы дүйнөлүк орточо мааниси – 16 онлайн кызмат көрсөтүү же трансакция). Бул жерде да жарандын чыгымдарынын азайганы, кызмат көрсөтүү мөөнөтүнүн кыскарышы, майда коррупциянын деңгээлинин төмөндөшү артыкчылыктардын катарында аталып келет. Мисалы, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталын (https://portal.tunduk.kg/) колдонууда жарандардын убактысы жана акчасы чындап эле үнөмдөлөт – Порталдын өзүнүн маалыматы боюнча, ал иштей баштаган учурдан бери колдонуучулар дээрлик 300 миң кызмат көрсөтүүнү алышкан жана 248 781 саат убакытты жана 19,37 миллион сомду үнөмдөй алышкан3. Бирок, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында авторизациядан өтүү татаал маселе бойдон калууда. Мисалы, ID-картанын жардамы менен катталуу үчүн кардридерди компьютерге туташтырып, TumarCSP жана Cryptosocket өңдүү атайын программалык камсыздоону орнотуу керек. Бул айыл тургуну үчүн канчалык ыңгайлуу? Дагы бир белгилүү факт – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталын киргизүүнүн жыйынтыгы катары мамлекеттик каражаттарды үнөмдөө. Бирок бул жерде да Порталдын ишине көптөгөн суроолор жаралууда, аймактарда интернет-кафенин базасында “кара ниет сатып алуучулар” пайда болгону жөн жеринен эмес, алар акы алып, башкаруу органдарынын атынан мыйзамсыз аракеттерди жасап жатышат.

Үчүнчү катмар же этап – жарандардын башкарууга катышуусунун санариптик формалары. Кыргызстан үчүн бул дагы эле салыштырмалуу жаңы көрүнүш, бирок мындай катышуунун формалары бар. Мисалы, бул Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Коомдук талкуулардын Бирдиктүү порталы (http://koomtalkuu.gov.kg), ал ар бир жаранга ченемдик укуктук актынын тигил же бул долбооруна карата өз пикирин билдирүүгө мүмкүндүк берет; бул Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарына жарандардын электрондук кайрылууларынын порталы (http://www.kattar.kg/ru/), анын жардамы менен каалаган маселе боюнча каалаган мамлекеттик органдын дарегине даттануу берүүгө же кайрылуу жазууга болот; бул Жарандык онлайн-бюджет (https://gb.minfin.kg/), ал аркылуу Кыргыз Республикасынын каалаган ЖӨБ органынын бюджетин талкуулоого катышууга болот. Бирок, бул аспаптар азырынча чоң суроо-талапка ээ боло элек, бул колдонуучулардын көндүмдөрүнүн жетишсиз деңгээлине жана жарандардын мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу маселелерин чечүүгө катышуу укуктары жөнүндө жалпы маалымдуулугунун төмөндүгүнө байланыштуу болуп жатат. 2023-жылы жарандардын башкарууга катышуусунун санариптик механизмдери жаңыдан башталууда, себеби чыныгы санариптик катышуу интерактивдүү, улануучу жана үзгүлтүксүз болушу керек. Мында интерактивдүүлүк ар кандай деңгээлдерде башкарууда жана чечим кабыл алууда жарандар менен өкмөттүн интерактивдүү (эки тараптуу) өз ара аракеттенүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр болот дегенди билдирет. Атап айтканда, ченемдик актынын долбооруна карата жарандын пикирине ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жообу болууга тийиш (азыркы учурда мамлекеттик органдар ЧУА долбоорлоруна карата жарандардын пикирлерине жана сунуштарына көп жакшы жооп кайтара албай жатышат). Улануучулук – бул петициялар, консультациялар, сурамжылоолор, бюджетти биргелешип түзүү жана саясатты иштеп чыгуу сыяктуу учурдагы кеңири адам тартылган башкаруу демилгелерин санариптештирүү дегенди билдирет. Атап айтканда, мамлекет жарандардын даттанууларына жана кайрылууларына ачык форматта жооп кайтарууга тийиш (азыркы учурда расмий порталда даттанууларга жооп тууралуу маалымат жок). Үзгүлтүксүздүк – бул көмөкчү технологияларды колдонуу менен катышуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнүн пайда болушун, ачык-айкын реалдуу убакыт режиминде, жүздөгөн же миңдеген километр аралыкта өкмөттүн ачык маалыматтарына жетүү дегенди билдирет (добуш берүүнүн жыйынтыктары, бюджеттин учурдагы чыгымдары, жыйналыштарды түз көрсөтүү).

Макаланы толук окуу...

_____________ 

1 Prensky, M. 2001a. Digital natives, digital immigrants. On the Horizon 9 (5): 1-6

2 Roberts, T., Hernandez, K., Faith, B., and Prieto Martín, P. (2022) Key Issues in Digitalisation and Governance, Bern: SDC Governance Network, Swiss Development Cooperation. https://www.shareweb.ch/site/DDLGN/topics/DigitalisationAndGovernance/Si...

3 2023-жылдын 3-январына карата Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын маалыматы боюнча.

Окшош материалы: