Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаңжалдарды башкаруу

2011-12-30 / ЖӨБ ресурстары

Долбоордун өнөктөшү болгон “Эл аралык толеранттуулук” Коомдук фонд “Жаңжал дараметин азайтуу” багыты үчүн жооп берген.

Долбоордун өнөктөшү болгон “Эл аралык толеранттуулук” Коомдук фонд “Жаңжал дараметин азайтуу” багыты үчүн жооп берген.

Тандалып алынган айылдык аймактардын потенциалдуу менторлору үчүн 2 тренинг өткөрүлгөн.

Максат – жаңжалдарды анализдөө жана чечүүдө ЖӨБ кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу. Менторлорго жаңжалды анализдөө жана жаңжалга арачы болуу жолдорунун инструментин колдонуу,мындан тышкары Тынчтык жана Жаңжалдын негизги түшүнүгү айтылып, аймактагы негизги проблемаларды аныктоо жана аларды чечүү боюнча иш планын түзүү боюнча билим берилди.

Тренингдин жыйынтыгы боюнча анын катышуучулары – АА өкүлдөрү, жергиликтүү лидерлер, аялдардын, жаштардын, аксакалдардын өкүлдөрү жаңжалдарды жеринде алдын алуу жана чечүү боюнча өз потенциалын жогорулатуу жана бул багытта билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Катышуучулар жаңжалга алып келе турган өз айылдык аймагындагы айрым проблемаларды аныктап чыгышты. Негизинен ментордук жана анын “шефтиги” алдындагы айылдык аймактарда бардык проблемалар ичүүчү жана суугат суу, жер маселелерине байланыштуу болду.

Тренингдин жүрүшүндө аныкталган ар бир маселеге ага кийлигишүүнүн планы иштелүүдө. Мисалы, Өзгөн районундагы Мырзаке жана Ак-Жар АА ортосунда суу бөлүштүрүү долбоору ишке ашырылып жатат. Ошондой эле 22-сентябрда Тепе-Курган жана Нурабад АА ортосуда “Достук көпүрөсүн” өткөрүү тууралуу Тепе-Курган айылдык аймагынын демилгеси колдоого алынды. Бул долбоорлордун ар бири ишенимди калыбына келтирүү, түрдүү улуттар ортосунда достукту бекемдөөгө багытталган.

Окшош материалы: