Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу: укук жана жер тууралуу тең укук тең укуктууга

2011-12-30 / ЖӨБ ресурстары

Белгилүү болгондой, айылдарда кайсы бир ишти алып баруу салтында окшош система колдонулган-өнөрчүлүк атадан балага, муундан муунга берилип турган. Бирок заманбап укуктук билим менен бекемделбеген мамилелер дыйкандарга да, ЖӨБ органдарына да өнүгүүгө тоскоол болуп келген.

“Айыл чарбалык багыттагы жерлерди башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу потенциалын жогорулатуу” долбоорунун жүрүшүндө айыл өкмөт өкүлдөрүн окутууда жана алардын өз ара тажрыйба алмашуусунда “тең укуктуу – тең укуктууга” методикасы биринчи жолу колдонулду. Белгилүү болгондой, айылдарда кайсы бир ишти алып баруу салтында окшош система колдонулган – өнөрчүлүк атадан балага, муундан муунга берилип турган. Бирок заманбап укуктук билим менен бекемделбеген мамилелер дыйкандарга да, ЖӨБ органдарына да өнүгүүгө тоскоол болуп келген. 2011-жылдын апрель айында “Укук жана бизнести өнүктүрүү фонду” коомдук бирикмеси түштүк аймагында программа киргизди. Ага ылайык, айыл чарба багытындагы жерлерди эффективдүү башкаруу боюнча билим жана тажрыйбаны өткөрү берүүнү караштырган “тең укуктуу – тең укутууга” принциби колдонулган. Долбоор Кыргызстандын түштүгүндөгү үч облустагы бир нече аймактарды камтыды. Программа жана долбоор тууралуу “Айыл чарбалык багыттагы жерлерди башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу потенциалын жогорулатуу” долбоорунун менеджери Венера Болтобаева айтып берет.

- Венера Мурзаевна, “Укук жана бизнести өнүктүрүү фонду” Коомдук фонду “Айыл чарбалык багыттагы жерлерди башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу потенциалын жогорулатуу” долбоорун ишке киргизди. Анын жыйынтыгы кандай? Кандай максатты көздөйт?

- Долбоор жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттын көлөмүн көбөйтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндө айылдык аймактардын өкүлдөрүнүн потенциалын күчөтүү жолу менен айыл чарба багытындагы жерлерди (Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана жайыттарын) башкарууда ачыктыкты жана отчеттуулукту жогорулатуу максатын көздөйт.

- Долбоордун аталышы айтып тургандай, аны силер республиканын түштүгүндө гана ишке ашырган экенсиңер. Эмне үчүн мындай чечим кабыл алынды?

- Республиканын түштүгүндөгү үч облусту тандап алуу бул долбоордун алкагында ишке ашырылган ишмердүүлүктүн багытына түздөн-түз көз каранды болду.Бул жерден белгилей кетүү керек, биздин донор, ЕККУ,бул облустарда долбоордун башка багыттарын да каржылайт. Булар: жаңжалдарды алдын алуу, муниципалдык менчикти башкаруу, суу колдонуучулар ассоциациясы (СКА) менен кызматташуу, алардын потенциалын жогорулатуу, андан тышкары коммуналдык кызматтарды көрсөтүү. Долбоордун республиканын үч облусунда ишке ашырылып жатышы түштүктө Мамлекеттик фонддун жерлеринен жер тилкелерин ижарага алууну каалаган жарандардын көп болгонуна байланыштуу. Ал эми бул региондо айыл чарба продукциясын чыгарууга жараган жер аянттары өтө аз болгон үчүн жаңжалдар чыгышы ыктымал. Мунун себептери көп – жарандардын жер үлүшү өзгөчө республиканын түндүк бөлүгүндөгү жарандарга салыштырмалуу чоң эмес, суугат суу таңсыктыгы да жогору. Ушундан улам жер, суу жана башка ресурстарды бөлүштүрүүдө жаңжал ыктымалдуулугу жогорулайт. Ал эми ЕККУнун мандаты – коопсуздук жана кызматташтык.

 Ошентсе да тандалып алынган облустар бири-биринен айырмаланат. Биринчи кезекте бул жакта эмнени өстүрүүгө артыкчылык берилери маанилүү. Ми салы, Баткен облусунда өрүк, Жалал-Абад жана Ошто пахта ж.б. Албетте жарандарда жана өз алдынча башкаруу органдарында айыл чарба жерлерин иштетүүнүн түрлөрүнө байланыштуу да пайда болгон маселелердин мүнөзүндө айырмачылык бар. Баткен облусунда көп жылдык өсүмдүктөр үчүн жерлер талап кылынат. Мында айыл өкмөтүндө жерлерди трансформациялоо (жерлердин жогору жана баалуу категориядан андан төмөнкүгө өтүүсү, же тескерисинче – автор.) боюнча маселелер чыгат. Жалал-Абад облусунда дан жана пахта өндүрүү үчүн суугат жерлер көп талап кылынат. Айыл өкмөтүнүн проблемалары Айыл чарба жерлерин бөлүштүү фондунун жерлерин ижарага алуу үчүн жер салыгын, ижара үчүн карыз акчаны чогултууга байланыштуу.

- Сиздин сөзүңүзгө караганда, Мамлекеттик фонддун жерлерин башкаруу маселелери бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жалпы көйгөйлөрүнүн бир бөлүгү гана болсо керек. Бардык темаларды бир гана уюм, “Укук жана жана бизнести өнүктүрүү фонду” гана ача алдыбы?

- Сиз туура айтасыз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун көйгөйлөрү көп жана бир уюм анын баарын алып чыга албайт. Андыктан башынан эле долбоорго биздин дагы төрт өнөктөшүбүз тартылды. Булар: Өнүктүрүү саясат институту (DPI), Жалал-Абаддагы Бейөкмөт уюмдарды координациялоо борбору (CSSC), “Эл аралык толеранттуулук үчүн Коомдук Фонд” (FTI), “Айылды өнүктүрүү фонду” (RDF).

Биздин уюмдун алдында турган милдет жана максат масштабы жана географиясы жагынан чоң, бирок жетишерлик деңгээлде спецификалык болду. Биз Кыргыз Республикасындагы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 1200 өкүлүнүн айыл чарба багытындагы жерлерди эффективдүү башкаруу боюнча билимин жогорулатууну пландаштырганбыз. Бул айылдык аймактарда айыл чарба багытындагы жерлерди эффективдүү жана айкын башкаруу механизмдерин киргиздик. Калкты көйгөйлөр тууралуу өз убагында маалымдап туруунун маанилүүлүгүн түшүнүү менен, биз бул ишке жергиликтүү жана республикалык массалык маалымат каражаттарын тарттык.

- Жергиликтүү ММКлар силер менторлор тобун даярдап жатканыңар айтылды эле. Алар кимдер? Аларды эмне үчүн даярдадыңар? Менторлук – бул эмне болгон методология?

- “Ментор” – бул байыркы грек тилинен которгондо ага ишенүүгө жана андан үйрөнүүгө боло турган устат дегенди түшүндүрөт. Итаканын падышасы Одиссей алыскы сапарларга чыкканда өз мүлкүн менторго таштап кетчү. Долбоор боюнча 30 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн биздин юристтер айыл чарба багытындагы жерлерди эффективдүү башкарууга үйрөтүп, кийин алар өзүнүн жана коңшу айылдык аймактардагы кесиптештерин үйрөтүштү. Бул долбоор “тең укуктуу – тең укуктууга” принцибинин негизинде түзүлүп, билимди устаттан шакиртке өткөрүү системасын камсыздаган.

Буга ылайык, айылдык аймактардан 30 ментор практикалык мүнөзгө ээ болгон жана өзүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл чарба багытындагы жерлерин башкаруу жана колдонуу боюнча ишмердүүлүгүнүн тогуз багыты боюнча укуктук негиздерин камтыган окутуу программасынан өттү. Мисалы, алар Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин,жайыттарды башкарууну үйрөнүштү; жерлерди менчиктен алуу механизмдери боюнча билимге ээ болушту, жер трансформациясы ж.б. боюнча окуудан өтүштү.

Окуу аяктагандан кийин биздин ар бир ментор айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жана колдонуу боюнча өз аймагындагы абалды баалады жана бул диагностиканын жыйынтыгында үй тапшырма тандалып алынды. Ага болсо “Укук жана бизнести өнүктүрүү фонду” жана “ЛАРК Кадамжайдын” юристтери (эксперттери) колдоо көрсөттү. Үй тапшырма аткарылгандан кийин ментор алынган билим жана тажрыйбанын негизинде коңшу айылдык аймактын өкүлүнө жардам көрсөттү.

- Буга чейин долбоор биринчи жолу ишке ашырылып жатканы айтылган. Алдыдагы үч жылга (2012-жылдан тарта) ЕККУ программасынын кандай келечектүү пландары бар?

- Ушул тапта ЕККУнун долбоорду 2012-жылы да ишке ашырууга колдоо көрсөтүү ниети бар. Белгилей кетчү жагдай, бул жылы ЕККУ долбоорду аткарууга каржылык жактан гана колдоо көрсөтпөстөн, долбоорго тартылган 30 айылдык аймакка техникалык жардам (компьютер, принтер, интернетке байланышуу мүмкүнчүлүгү жана “Токтом” маалымат-укуктук системасына жазылуу) да көрсөттү. Буга байланыштуу мен ЕККУнун Бишкектеги борборуна ыраазычылыгымды билдирип, долбоор республикадагы бардык айыл өкмөттөрүнө олуттуу жардам берет деп үмүт артам. Бул болсо жалпы жергиликтүү жамаатка, Кыргызстан элине жардам дегенди түшүндүрөт.

 

Маектешкен Павел Громский

Окшош материалы: