Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Суу ресурстарын башкаруу

2011-12-30 / ЖӨБ ресурстары

Суу ресурстарын башкаруу практикасы жана Суу пайдалануучулардын ассоциациясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге иш алып баруусу

Айылдарды өнүктүрүү фонду (Rural Development Fund, мындан ары – АӨФ) «Ресурстарды эффективдүү башкаруунун эсебинен Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында жаңжал потенциалын азайтуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин күчөтүү» долбоорунун алкагында адата локалдык жаңжалдын алгачкы себеби болгон суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу үчүн жооптуу болгон. АӨФнун негизги ишмердүүлүгү – Суу пайдалануучулар ассоциациясынын (мындан ары – СПА) ЖӨБ органдары менен бирге иштешүүнүн натыйжасында ийгилик факторун чыгаруу жана изилдөө жана Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 120 айылдык округдун арасында ЖӨБ органдары менен СПАнын суу ресурстарын башкаруу боюнча жакшы практикасын жайылтуу.

Долбоордун бул бөлүгүн ишке ашырууга суу ресурстарын башкаруу боюнча эксперттер менен жолугушуулар жана алар менен жүргүзүлгөн аналитикалык иш түрткү болгон. Анын натыйжасында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Суу чарбалыгы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитет менен бирге долбоордун командасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад,Ош жана Баткен облустарындагы бүгүнкү күндөгү ийгиликтүү 10 СКА тандалып алынган. Долбоор төмөнкү суу колдонуучулар ассоциациясы менен ишин баштады:

1) Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылдык аймагынын “Сары-Талаа-Суу” СПАсы;

2) Ноокен районундагы Арал айылдык аймагындагы “Арал-Сай” СПАсы;

3) Базар-Коргон районундагы Кеңеш айылдык аймагындагы “Кеңеш-Суу” СПАсы;

4) Ноокен районундагы Арал айылдык аймагындагы “Арал-Сай” СПАсы;

5) Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылдык аймагындагы “Маз-Айкал” СПАсы;

6) Кара-Суу районундагы Шарк айылдык аймагындагы “Шарк-Увам” СПАсы;

7) Араван районундагы Араван айылдык аймагындагы “Обу-Хает” СПАсы;

8) Өзгөн районундагы Кароол айылдык аймагындагы “Кароол-Достук” СПАсы;

9) Баткен районундагы Дарын айылдык аймагындагы “Зарделек-Баткен” СПАсы;

10) Кадамжай районундагы Майдан айылдык аймагындагы “Иса-Мариям” СКАсы.

Тандалып алынган СПАны изилдөө алардын баары ирригациялык системалар ошолордун аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташаарын көрсөттү.

Биргелешип иштешүүнүн негизги элементтери төмөнкүлөр:

• Айылдык аймактар (мындан ары – АА) кошумча киреше булагына ээ болуу үчүн жергиликтүү СПАга бош жерлерди бөлүп берет;

• АА аймактагы ирригациялык системага байланыштуу маселелерди (каналдарды тазалоо, арыктарды казуу, суу бөлүштүрүүчүлөрдү орнотуу ж.б.) чечүү үчүн каражат бөлүп берет же атайын техника берет;

• Көпчүлүк АА СПАнын кеңсеси үчүн жай берген;

• АА өкүлдөрү СПА, СПАны колдоо боюнча рай ондук бөлүм менен жергиликтүү ирригациялык системанын маселелерин чечүүгө катышат;

• Жергиликтүү тургундар справка алуу үчүн кайрылганда АА алардан СПА алдындагы карызын төлөп берүүнү талап кылат жана ошондон кийин гана справка берет;

• АА жетекчилиги жана өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын суу бөлүштүрүүсүнө жана суугат сууну колдонуусуна байланышкан жыйындарга, айылдык чогулуштарга активдүү катышат;

• АА өкүлдөрү, айыл башчылары суугат суу үчүн өз убагында акча төлөө жана аны үнөмдүү пайдалануу тууралуу жергиликтүү калкты маалымдоого жардам берет;

• АА өкүлдөрү суу колдонуучулардын, ошондой эле коңшу СПА, же АА өкүлдөрү ортосунда суугат сууга байланыштуу чыккан талаштарды жөнгө салууга катышат;

• СПА жетекчилиги жана өкүлдөрү айылдык кеңештердин жер жана сууну колдонууга байланыштуу маселелерди караган сессияларына катышат;

• Сууга маалында АА өкүлдөрү СПА өкүлдөрүнө калкты мобилизациялоо иштерине көмөктөшүп, нөөмөткө чыгууда жардам берет;

• Базар-Коргон районундагы Кеңеш айылдык аймагынын оң тажрыйбасын белгилей кетүү зарыл. Бул АА СПАнын балансына атайын техниканы которгон: бир экСПАватор жана Т-150 үлгүсүндөгү бир трактор.Бул СПАнын ишин бир кыйла жеңилдеткен.Бул маселе айылдык кеңештин сессиясында каралып, СПАнын балансына техниканы өткөрүп берүү тууралуу тиешелүү чечим кабыл алынган..

Изилденген СПАлар башкаларга салыштырмалуу ийгиликтүү ишин жүргүзөт жана өз балансында офис, оргтехника, атайын техникасы бар.Бул болсо аларга жергиликтүү калкка тиешелүу деңгээлде кызмат көрсөтүүгө көмөктөшөт. Мындан тышкары аларда бир жылга, кээ биринде беш жылга келечектүү пландары бар. Зарыл болгондо бири-бирине жакын жайгашкан СПАлар өз ара тажрыйба алмашып турушат.

Эмне жасалды?

Долбоордун алкагында жаңжал потенциалын төмөндөтүү үчүн суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу максатында СПАга окутуу өткөрүү пландалган. Окуу модулун жана тренингде колдонула турган материалды иштеп чыгуу үчүн буга СПАда иштөө боюнча чоң тажрыйбага ээ эксперт Эркинбек Кожоев тартылган. Ал СПАнын ишмердүүлүгүн тескеген нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышкан; узак жылдар аралыгында суу чарба структурасында иштеп келатат. Ал иштеп чыккан окуу модулу СПАнын түзүлгөн тарыхын, башкаруу элементтерин , ЖӨБО менен СПАнын биргелешип иштөө принциптерин жана механизмдерин, андан тышкары суу ресурстарын жана СПА деңгээлинде ирригациялык системаларды башкаруу планын камтыган. Иштелип чыккан модулдун базасында 30 сынамык аймактан тандалган тренер-менторлор (ТМ) үчүн тренинг өттү.

Тренингдин программасына ылайык, эң башында катышуучулардын СПА тууралуу маалыматын жана билимин аныктоо үчүн тестирлөө өттү. Тест 25 суроодон турган. Тестирлөө айылдык аймактардын жана СПАнын өкүлдөрү СПАнын ишин жакшы түшүнөөрүн көрсөткөн. Жада калса тренингдин алкагында сунушталган «СПАны өнүктүрүүдө көйгөйлөр» аттуу тема көп суроолорду жаратып, төмөнкү учур лар тууралуу талкууларга жем таштады:

• ирригациялык кызматтар үчүн акы чогултуу (мындан ары – ИКА);

• ИКА үчүн тариф бекитүү;

• ирригациялык жана дренаждык системаны тазалоо;

• СПАдагы кадр саясаты;

• суу колдонуучулар тарабынан суунун үнөмдүү пайдаланылбаганы;

• райондук суу чарбачылыгы тарабынан суу жеткирүү боюнча кызматтын сапаты.

Семинардын башкы суроолорунун бири ЖӨБО менен СПАнын биргелешип иштешүүсүнүн принциптери жана механизмдери болуп калды. Тренингдин катышуучулары ЖӨБОнун өкүлдөрү СПАнын потенциалын өнүктүрүүдө анын өнөктөшү болушу керек деген бирдиктүү пикирге келишти.

Талкуунун жүрүшүндө ЖӨБО менен СПАнын биргелешип иштешүүсүнүн төмөнкү элементтери айтылды:

• ИКАны жыйноодо жана чарбалык-келишимдик өнөктүктө көмөктөшүү;

• жеринде ирригациялык системаны өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу максатында бизнес-планды биргелешип түзүү жана пландоо;

• айылдык округдун бюджетин кароодо ижара үчүн түшкөн акынын эсебинен ирригациялык системаны өнүктүрүүгө каражат бөлүүнү караштыруу;

• ирригациялык система, суу колдонууга байланышкан суроолорго арналган массалык иш-чараларды өткөрүүдө СПАга көмөктөшүү;

• ЖӨБОнун ирригациялык системаны инвентаризациядан өткөрүү жана Мамлекеттик каттоо органдарында ирригациялык фондду каттоого, Мамлекеттик актыны алуу иштерине катышуу.

• жаш кадрлардын республиканын окуу жайларда билим алуусуна жана квалификациясын жогорулатууна каржылык жардам көрсөтүү;

• бирдиктүү техникалык базаны (жер казуу жана башка техника) түзүү.

Тренинг тажрыйба алмашуу, биргелешип маселенин өзөгүн табу жана аны чечүүнүн жолдорун издөөдө жакшы аянтча болуп берди. Тренингдин жыйынтыгы боюнча менторлорго үй тапшырмалары берилген. Аны менторлор коңшу айылдык округдарда тренинг башталганга чейин бүтүрүшү керек болчу. Бирок, тилекке каршы, 13 гана ментордук айылдык округдардын өкүлдөрү өз убагында үй тапшырмасын аткарышкан.

Августтан сентябрга чейинки аралыкта кошуна айылдык округдарда 72 ментордук тренинг өткөн: Жалал-Абад облусу боюнча 30, Ош облусу боюнча 25 жана Баткен облусу боюнча 17 тренинг. Айрым айылдык округдарда тренингди өткөрүүгө эки тренер тең (ЖӨБО жана СПА өкүлдөрү) катышкан жана бири-бирине жардам берген.

Долбоордун адистери кошуна айылдык округдарда тренингдерди өткөрүү жана үй тапшырмаларын аткаруу боюнча кеңештерин берип турушкан. Жергиликтүү фасилитаторлор жана институционалдык өнүгүү боюнча тренерлер консультацияларды жеринде өткөрүп турса, долбоордун координаторлору, адистер жана долбоордун ассистенттери көчмө консультацияларды жүргүзүп, мындан тышкары менторлорго телефон аркылуу кеңеш берип турушкан. ошондой эле долбоордун командасы көчмө консультациялар учурунда кошумча маалыматты – ментордук айыл округдарынын профайлдарын чогултуп келишкен.

Консультация өткөрүү учурунда СПА түйүнүн түзүү тууралуу сунуш айтылды. Бул идеяны ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү колдоду. Башталгыч баскычында түйүндү эл аралык долбоорлордун алкагындагы гранттык жардамдын эсебинен колдоону уюштуруу, ал эми түйүндүн ишинин туруктуу механизмдери түзүлгөндөн кийин аны СПА жана ЖӨБОнун эсебине өткөрүп берүү болжолдонууда. Бул фонддун каражаттары бири-бирине барып туруу жана практикалык окутуулар үчүн колдонулса болот.

Муниципалитеттер аралык кызматташтык

Микрогранттар боюнча кыска мөөнөттүү адис Карыпбай уулу Эрлан тарабынан “Муниципалдар аралык кызматташуу боюнча компонентти ишке киргизүү боюнча концепция” иштелип чыкты. Ал бардык өнөктөш уюмдар тарабынан бекитилген.

“Суу ресурстарын башкаруу” багыты боюнча үч микродолбоордук сунуш түшкөн. 2011-жылдын 25-июлунда курамына ЕККУнун жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү кирген гранттык комитет тарабынан гранттык арыздарды тандоонун жыйынтыгында Найман жана Көк-Жар айылдык аймактары үчүн суу бөлүштүрүүчү система куруу тууралуу микродолбоордук сунуш тандалып алынган. Микродолбоорду ишке киргизүү 9-сентябрда башталып, планга ылайык 9-октябрда бүткөн. Техникалык көзөмөл боюнча адис жана долбоордун координатору курулуш иштерине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзсө, каражат маселелери боюнча адис каржылык отчет боюнча кеңеш берип турган. Объекттин курулушу аяктаар замат бардык процедураларга ылайык айылдык округдун балансына өткөрүлүп берилген. Объекттин ачылышына эки айылдык округдун өкүлдөрү катышып, бул суу бөлүштүрүүчү системанын курулушу сууну зарыл болгон өлчөмдө алууга көмөктөшүп,буга чейин болуп келген жанжалдардын саны азайтарын белгилешти.

Муниципалдык кызматташтык боюнча компоненттерди ишке ашырууда Көк-Жар жана Найман айылдык округдарынын башчылары долбоордун алкагында курулган суу бөлүштүрүүчү система жайгаштырыла турган арыкты тазалоо үчүн кошумча каражат бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алышкан. Мындан тышкары эки айылдык округдун тең жергиликтүү тургундары арыкты тазалоо иштерине катышкан. Эки ЖӨБОнун материалдык салымы 26 600 сомду, жергиликтүү жамааттыкы 3 200сомду түздү.

Корутунду

«Ресурстарды эффективдүү башкаруунун эсебинен Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында жаңжал потенциалын азайтуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин күчөтүү» долбоорунун бул бөлүгүнүн негизги корутундусу төмөнкүдөй: суу ресурстары потенциалдык түрдө ар кайсы тараптардын жаңжалына себепкер болгону менен, аларды сапаттуу, айкын жана акыйкат башкаруу менен жаңжалдын потенциалын азайтса болот. Ошентсе да бул үчүн СПА жана ирригациялык системалар анын аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле түрдүү муниципалитеттердин

Окшош материалы: