Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2022-2024-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорунун Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык абалына тийгизген таасирин талдоо

2021-12-17 / Көңүл чордонунда
2022-2024-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорунун Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык абалына тийгизген таасирин талдоо

Бул материал Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу тарабынан даярдалды.

Бюджеттин негизги параметрлери

Бюджеттин (мамлекеттик, республикалык жана жергиликтүү бюджеттер) жалпы параметрлерине салыштырмалуу талдоо тарыхый маалыматтарды (2017-жылдан 2020-жылга чейин) жана болжолдуу маалыматтарды (2021-жылдан 2024-жылга чейин) пайдалануу менен кирешелердин жалпыланган суммаларын салыштырууга негизделген. Бул талдоо ресурстарды борборлоштуруунун даражасын түшүнүү үчүн бюджеттердин ар кандай деңгээлдеринин ортосундагы катышты баалоого мүмкүндүк берет.

Талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасында жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин көлөмү (трансферттерди эсепке албаганда) мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелеринин ондон бир бөлүгүн түзөт, ал эми кирешелери жергиликтүү бюджеттердин жалпы кирешелеринде эң чоң үлүшкө ээ болгон Бишкек жана Ош шаарларын эсепке албаганда, республиканын бириктирилген бюджетиндеги бардык башка жергиликтүү бюджеттердин үлүшү 5 пайызга жакынды гана түзөт (1-таблицаны жана 1-диаграмманы караңыз).

1-диаграмма. Бюджеттердин кирешелеринин көлөмдөрүн салыштыруу, 2020-жыл, иш жүзүндө, млн. сом менен

Жалпысынан алганда, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин өсүштүн жалпы динамикасы менен мүнөздөөгө болот, бирок, эгерде бул көрсөткүчтөрдү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин жалпы көлөмүндөгү жергиликтүү бюджеттердин үлүшү менен салыштырсак, анда өсүш болбогону дароо байкалат. Жергиликтүү бюджеттердин үлүшү көп жылдар бою 10 пайыздан ашпаган деңгээлде сакталып келген. Бул көрсөткүч эл аралык практикада өлкөнүн финансылык децентралдаштыруу деңгээлин аныктоо үчүн колдонулат (2-диаграмманы караңыз).

2-диаграмма. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин жалпы кирешелеринде жергиликтүү бюджеттердин үлүшүнүн динамикасынын катышы, 2022-2024-жылдарга божомол

Өткөн 2020-жылдагы республикалык бюджеттин долбоорун талдоо үчүн ЖӨБ Союзу өткөн жылдын болжолдуу маалыматтарынын негизинде түзүлгөн ушуга окшош диаграмманы колдонгон жана аны менен салыштыруу абал жакшырбай жатканын (ЖӨБ Союзу муну мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн көп сандагы ар кандай жолугушуулардын жүрүшүндө сунуштаганына карабастан), алтургай начарлап баратканын ачык көрсөтүп турат (3-диаграмманы караңыз).

3-диаграмма. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин жалпы кирешелеринде жергиликтүү бюджеттердин үлүшүнүн динамикасынын катышы, 2020-жылга божомол

Диаграммаларды салыштырганда, жергиликтүү бюджеттердин жалпы суммасы көбөйгөнүнө карабастан, алардын мамлекеттик бюджеттеги үлүшү байкаларлык азайып баратканын көрүүгө болот, ал эми өткөн жылдын болжолу боюнча 2022-жылы 10 пайызды түзсө, анда бир кыйла актуалдуу божомол боюнча 9,8 пайызды түзөт, ал эми 2024-жылга чейин 9,0 пайызга чейин төмөндөйт.

Кирешелердин тик дисбалансынын негизинде атайын курулган бюджеттер аралык мамилелердин системаларында мындай абалга (ал тургай пропорционалдуу эмес катышта да) жол берилет. Бирок мындай системаларда борбор менен ЖӨБдүн ортосунда ыйгарым укуктар тийиштүү түрдө бөлүштүрүлөт, ошондой эле кошумча максаттуу гранттарды бөлүү механизмдери да бар. Кыргыз Республикасынын реалдуулугунда бир аз башкача көрүнүш байкалууда: мамлекеттик бюджеттин жалпы көлөмүндө жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин үлүшү төмөн болгон учурда, ЖӨБ органдарынын чыгаша ыйгарым укуктары өзүнө жергиликтүү маанидеги көптөгөн маселелерди, ошондой эле ашыкча жана тынымсыз өсүп жаткан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды камтыйт. Натыйжада, ЖӨБ органдары (өзгөчө айылдык) каражаттын дайыма жетишсиздигинин шарттарында жашап жатышат.

4-диаграмма. 2019-жылы жергиликтүү бюджеттердин кирешелер түзүмү, иш жүзүндө

Жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалы

Тилекке каршы, быйылкы жылы КР Финансы министрлиги жергиликтүү бюджеттердин кирешелер түзүмү тууралуу жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды берген эмес. Төмөндөгү 4-диаграмма 2019-жылдагы маалыматтарга негизделген, бул маалыматтар 2020-жылы жеткиликтүү болгон жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жалпы (бардыгы үчүн орточо) түзүмү жөнүндө түшүнүктү берет:

Ар кандай функцияларды аткарган ЖӨБ органдарынын жүгү менен салыштырганда бюджеттер аралык трансферттердин үлүшү анча чоң эмес – 14 пайызга жакын. Бирок республикалык бюджеттен теңдештирүүчү трансферттерди албаган Бишкек жана Ош шаарларын статистикадан алып таштасак, бул көрсөткүч дээрлик 25 пайызга чейин өсөт, бул жергиликтүү бюджеттердин борбордон каржылоого олуттуу көз карандылыгын көрсөтөт. Айрым айыл аймактарда бул көрсөткүч 65 пайызга жетет. Мындай көз карандылыктын негизги себеби, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (өзгөчө элеттик айыл өкмөттөрүндө) киреше потенциалынын төмөндүгү, бул өз кирешенин жетиштүү көлөмүн чогулта албай калышына алып келет.

ЖӨБ Союзу 2022-2024-жылдарга Фискалдык саясаттын негизги багыттарында (мындан ары – ФСНБ) да, 2022-2024-жылдарга бюджеттин долбооруна Түшүндүрмө катта да, Министрлер кабинетинин башка программалык документтеринде да жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын көбөйтүү боюнча эч кандай сунуштар берилбегенине өзгөчө көңүл бурат. Программалык чаралардын ордуна 2021-жылдын бюджетинде мамлекет айыл өкмөттөрүнүн кирешелеринин айрым түрлөрү боюнча пландын ашыкча аткарылышын материалдык жактан стимулдаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттердин жалпы суммасын 100 млн. сомго көбөйтүүнү сунуш кылган (айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы, Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери үчүн ижара акысы жана жайыт жерлерин колдонуу үчүн акы). Мындай кирешелерди жоопкерчиликтүү жыйноону уюштура алган айыл өкмөттөрү үчүн бул калыстык жагынан күмөндүү чара болгону менен бирге, 2022-жылга бюджеттин долбоору көрсөткөндөй, бул убактылуу чара болуп калууда. Ошол эле учурда жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн толтуруунун олуттуу резерви муниципалдык мүлктү башкарууну жакшыртуу, конкреттүү муниципалитеттин кандай мүлкү бар экендиги жана ал кандай баага сатылып же пайдаланууга ижарага берилгени тууралуу маалыматтарды камтыган ачык (санариптик) аянтчаларды камсыз кылуу болуп саналат. Бул коомдук көзөмөл механизмдери менен бирге аларды пайдалануудан жергиликтүү бюджеттерге кирешелерди көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Иш жүзүндө муниципалдык мүлктүн олуттуу саны болгон учурда ЖӨБ органдары аларды болбогон баага ижарага беришет. Ошондуктан мүлктүн жана пайдалануучулардын тизмесин толук жарыялоо жарандык сектордун жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн жакшыртууга салым кошуусуна шарт түзөт.

Реформалардын саясий өңүтү

КР Президенти жана КР Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну реформалоого чечкиндүү түрдө багыт алды. ЖӨБ Союзу 2021-2023-жылдарга республикалык бюджет жөнүндө колдонуудагы мыйзамдын тексти менен 2022-2024-жылдарга ушул эле мыйзамдын долбоорун, ошондой эле аларга түшүндүрмө каттарды салыштырып, бюджеттин долбоорунда жергиликтүү жамааттарга карата олуттуу саясий өзгөрүүлөр болбогонун аныктады. ЖӨБ Союзу бул багыттагы ЖӨБ органдарынын күтүүлөрүн төмөндөгүдөй туюндурат.

2022-2024-жылга кабыл алынган бюджет үч жылдык бюджет катары туюндурулушу керек, б.а. анын параметрлери бүткүл орто мөөнөттүү мезгил бою белгиленген мүнөзгө ээ болушу керек. Бул так пландаштыруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатат, бирок жаңы мыйзам долбоорунда бул тууралуу эч нерсе айтылбайт.

Ар кандай өкмөттүк аянтчаларда жана өкмөттүк документтерде (2022-2024-жылдарга ФСНБнын долбоорунда) бюджеттер аралык мамилелердин жаңы (райондук) деңгээлин киргизүү ниети жөнүндө айтылат. Бул бир гана ЖӨБ органдары үчүн эмес, бүтүндөй өлкө үчүн да өтө олуттуу маселе. Мамлекет ФСНБда бир гана сүйлөм менен...

Макаланы толук окуу 

 

Окшош материалы: