Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ресурстарды акыйкат башкаруу жаңжалдардын алдын алат

2011-12-30 / ЖӨБ ресурстары

Ресурстарды эффективдүү башкаруунун эсебинен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жаңжал потенциалын төмөндөтүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын күчөтүү

Ар бир жаңжалдын, жада калса аскердик кагылышуулардын өзөгүндө эмне жатат? Ресурстарга жетүү. Кыргызстан үчүн жер жана сууну тең укуктуу, акыйкат жана ачык бөлүштүрүү маселеси өзгөчө курч турат. Адамдардын көп тобу түрдүү мезгилдерде жана түрдүү себептер менен өз укуктарынын жана кызыкчылыктарынын тебеленгенин сезип, нааразылыгын билдириши мүмкүн. Муну менен коомдогу туруксуздук түзүлүп, ал өз кезегинде өлкөнүн жана ар бир адамдын өнүгүүсүнө тоскоол болот. 2010-жылдагы зомбулуктун орун алышы элге жана бийликке маселени өз убагында башкарууну жакшыртуу жана бардыгына тең бөлүштүрүү менен чечүү керектигин көрсөттү.

Ресурстарды эффективдүү башкаруунун эсебинен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жаңжал потенциалын төмөндөтүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын күчөтүү

Долбоордун сүрөттөмөсү

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын күчөтүү максатында сандык жана сапаттык жагынан масштабдуу “Ресурстарды эффективдүү башкаруунун эсебинен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы жаңжал потенциалын төмөндөтүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын күчөтүү” долбоору ишке кирген. Долбоор 2011-жылдын март айынан ноябрга чейин созулду.

Долбоор Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму (ЕККУ) тарабынан каржыланып, кыргызстандык беш бейөкмөт уюм тарабынан ишке ашырылды: Өнүктүрүү саясат институту, “Укук жана бизнести өнүктүрүү фонду” КФ, “ЛАРК Кадамжай” КФ, “Фонд развития села” КФ, “Бейөкмөт уюмдарды колдоо боюнча координациялык борбор” КФ, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” КФнын Жалал-Абаддагы филиалы. КР Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттик Кыргыз Республикасы тарабынан долбоордун расмий өнөктөшү болду.

Долбоордун максаты – ресурстарды башкаруу эффективдүүлүгүн жогорулатуу, төмөнкү өнүгүү чөйрөлөрүндө отчеттуулукту жана айкындуулукту күчөтүү:

• муниципалдык менчикти башкаруу (Өнүктүрүү саясат институту);

• айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу (“Укук жана бизнести өнүктүрүү” Коомдук Фонду жана “ЛАРК Кадамжай” Коомдук Фонду);

• коммуналдык кызмат көрсөтүү жана коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү чогултуу (“Бейөкмөт уюмдарды колдоо боюнча координациялык борбор” Коомдук Фонду);

• кызматташтык жолу менен суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу (“Фонд развития села” Коомдук Фонду);

• жаңжалдарды алдын алуу (“Эл аралык толеранттуулук үчүн” Коомдук Фондунун Жалал- Абаддагы филиалы).

Долбоордун биринчи баскычы ага 30 сынамык элеттик муниципалитеттердин катышуусун караштырган. Алар көрсөтүлгөн темалар боюнча окутуулардан өтүп, алган билимдерин өз муниципалитеттеринде практика жүзүндө колдонууга аракеттенишкен.

Экинчи баскычында ар бир сынамык аймактын үч “кол алдындагы” аймакка тажрыйбасын жайылтуу каралган: 30 сынамык аймак ментор катары коңшу үч муниципалитетти окуткан. Натыйжада бул долбоорго тартылган муниципалитеттердин саны 102 айылдык аймакка жетти. Айылдык аймактарга төмөнкүдөй стимулдаштыруучу механизмдер сунушталган: менторлордун эмгек акысы, компьютердик техника, жамаат үчүн маанилүү долбоорду ишке ашырууда субгранттык колдоо.

 

Окшош материалы: