Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Токмоктогу Жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңеш шаарды өнүктүрүүнү пландоого кошулду

2021-01-16 / Жаштар өзгөрүүлөрдүн максаты жана күчү
Токмоктогу Жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңеш шаарды өнүктүрүүнү пландоого кошулду

Түрмөктү Өнүктүрүү саясат институтунун буйрутмасы менен Айнура ЖУНУШАЛИЕВА, Гузель ЖАНАЛИЕВА жана Жылдыз КЕРИМОВА даярдашты.

Карим Ва-Ахунов болгону 17 жашта, ал Токмоктогу Борбор Азиядагы Эл аралык университетке караштуу Гуманитардык-Техникалык колледждин 2-курсунун студенти. Бирок Карим шаардын жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңештин өзүнө ишенген мүчөсү болуп калды.

“Мен дайыма шаардагы бардык көйгөйлөрдү ЖӨБ органдары өздөрү гана чечиши керек деп ойлочумун. “Шаардыктар салык төлөп жатпайбы, бул жетиштүү” – мына ушундай ойдо элем. Бирок Консультативдик кеңештин мүчөсү болгондон кийин ар бирибизде коомдук ишмер жашай турганын түшүндүм. Күн сайын үйдө отурганда биз кайсы бир маселени талкуулайбыз, мэрия аны кантип чечиши керектигин билебиз. Бирок шаардын көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен кошо пландоого жана чечүүгө айрымдарыбыз гана убакыт жана мүмкүнчүлүк таба алат экенбиз”.

Токмок шаарындагы жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңеш 2019-жылы жергиликтүү жаштар саясатын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле жаштардын өзүн шаардын маселелерин чечүүгө тартуу максатында түзүлгөн. Башында кеңештин курамына 15 адам кирди. Алар: окуучулар, студенттер, жигердүү жаштардын өкүлдөрү, ошондой эле мэриянын кызматкерлери. 2020-жылы кеңештин курамы кеңейе берди. Консультативдик кеңеш – бул Токмок үчүн мындай биринчи тажрыйба. Буга чейин мэрияда кандайдыр бир жаштар уюмдары, кеңештер же комитеттер болгон эмес. Бул болсо жаштар менен ишти мэриянын кызматкерлери гана жүргүзүп келгенинен, шаардык жаштар өздөрү жигердүү тартылбаганынан кабар берет.

Жаштар иштери боюнча жаңы Консультативдик кеңештин пайда болушу менен көп нерсе өзгөрдү.

Көптөгөн жаңы идеялар жана мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Өспүрүмдөр жана жаштар Консультативдик кеңештин ишине катышуу менен азыртадан эле көп маселелерин чечишүүдө, эң негизгиси – шаар дагы балдардын жана жаштардын абалын жакшыртууга умтулуп жатышат. Бул кеңеш өспүрүмдөрдүн жана жаштардын түрдүү топторуна чогулуу үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берди. Мисалы, мурда мектептин гана деңгээлинде иштей алган мектеп парламенттеринин кеңеши жаңы деңгээлге чыгып, Консультативдик кеңешке жана жалпы шаардын өнүгүүсүнө катышуунун алкагында пайдалуу болгонун тастыктай алды.

Консультативдик кеңеш шаар бийлиги менен жаштар ортосунда “көпүрө” кызматын аткарып, көп нерсеге жете алды. Шаардын мэри Данияр АМАНГЕЛЬДИЕВ жана вице-мэр Сергей СТУПНИКОВ менен тыгыз кызматташтыкта бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу, инфраструктура, маданият өңдүү көптөгөн маселелер чечилди. Ошондой эле балдардын жана жаштардын укуктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө тиешелүү маселелер да чечилип жатат. Эми жаштарда көбүрөөк чогулуп, шаардын көйгөйлөрүн чогуу талкуулап, чечүү мүмкүнчүлүгү бар.

2019-жылдын этегинде Консультативдик кеңештин мүчөлөрү шаардын бюджетин кароого, ошондой эле Токмок шаарынын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын даярдоого катышты. Консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн активдүүлүгүнүн натыйжасында шаарды өнүктүрүү программасына балдар аянтчасынын жана чакан футбол аянтчасынын курулушу өңдүү маселелер кирип, азыркы тапта чечилип калды. Жакын арада шаарда жүгүрүү үчүн жолдорду оңдоо пландалып жатат.

2020-жылы Консультативдик кеңештин өтүнүчү менен Токмок мэриясы кеңештин 15 мүчөсү, аярлуу үй-бүлөлөрдө өскөн 29 бала үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине атайын тааныштыруу сапарын уюштурган. Жаштар парламенттин депутаттары менен жолугушуп, аларга суроо узатып, парламенттик иш процесси менен жакындан тааныша алышты. Бул сапарды уюштуруу үчүн мэрия жергиликтүү бюджеттен атайын каражат бөлүп берди. Мындан тышкары мэрия Консультативдик кеңеш үчүн иш-чараларды, мисалы, финансылык сабаттуулук боюнча тренингдерди, ошондой эле жаштардын кошумча билими боюнча иш-чараларды колдоп, каржылап турат.

Консультативдик кеңеш күчүнүн болушунча иштеп жатканы кубандырат: рэкетке каршы мектеп терде маалымат өнөктүктөрү өткөрүлдү (баннерлер атайын даярдалып, шаардагы мектептерде орнотулду); “Сергек жашоо үчүн” марафону, веложүрүшуюштурулду. Жаштарды өнүктүрүү маселелери боюнча башка шаарлардагы оппоненттер менен дебаттык таймаштарды өткөрүү пландалып жатат.

Консультативдик кеңешти уюштуруу шаардын жаштарына өз үнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууга жеткирүүгө, шаар башчысы менен түз байланыш түзүүгө, ага балдардын жана жаштардын көйгөйлөрүн ачык айтууга жардам берди. Кеңеш түзүлө электе жаштар мэрияга расмий суроо-талап каттары аркылуу кайрыла алышчу, ал эми каттарга жооп кээде үстүрт мүнөздө жазылып калчу. Консультативдик кеңешти түзүү менен мектеп парламенттеринин кеңешинин мүчөлөрү шаардын көйгөйлөрүн чечүүгө мурдагыдан да жигердүү тартыла башташты. Өз кезегинде мэрия да жаштар менен көбүрөөк байланышты түзүп, алардын пикирин жана муктаждыктарын жаштардын өз оозунан уга баштады.