Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштар жарык үчүн күрөштү. Жаштар жеңди

2018-09-07 / Жаштар өзгөрүүлөрдүн максаты жана күчү

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Кыш мезгилинде эрте жарыкта эле караңгы болуп калат. Ат-Башы райондук борборунун көптөгөн жашоочулары жумуштан же окуудан кайтып келатканда капкараңгы көчөлөрдү аралап өтүүгө мажбур. Туристтердин саны аймакта барган сайын көбөйүп жатканы менен, мындай абал аларга да жакпай жүргөн. Себеби кеч кирээр замат айылдагы көчөлөрдө же мушташуулар же башка жагымсыз окуялар болуп тураар эле. Кээде кылмыштар да болуп, мал уурдалган учурлар катталчу. Ата-энелер күн сайын балдарын мектепке узатып, кечинде тосуп алууга мажбур эле. Айылдын жаштары мындай кырдаалга кайдыгер карап тура албай, 2016-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттагына талапкерлер менен жолугушуу учурунда жарык берүү маселесин эң көйгөйлүү деп аташты. Бул жолугушууларда талапкерлер жардам берүүнү убада кылышкан. Ошондой эле жаштар тобу прожекторлорду орнотуп берүү өтүнүчү менен айыл өкмөтүнө да кайрылышкан.

Айылдардын саны  
Калктын саны 14323 
Жылдык бюджети  22 605,9 миң сом

Эмнелер жасалды?

Жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдөн кийин жаштар көчөлөрдү жарыктандыруу көйгөйүн чече алышты. Жаштардын талабы жана айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси менен бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен 870 миң сом бөлүнүп берилди. Ошентип кеч киргенде көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн прожекторлор орнотулду. Болгондо да Ат-Башынын бардык көчөлөрүндө жана кварталдарында 470 прожектор орнотулгандан кийин жарык жана коопсуз болушу үчүн жарандар электр жарыгын убактылуу өчүрүүгө да даяр турушту.

Жыйынтыгында эмне болду?

Эми балдар кечкисин көчөлөрдө жана короолордо ээн-эркин ойноп, ата-энелер да мурдагыдай тынчсызданбай калышты. Жаштар болсо бош убактысында жарык болуп турган аянтчаларда футбол ойноп жатышат. Түнкүсүн айыл үрөйдү учурбай, туристтер, жаштар, түгөйлөр көчөлөрдү кыдырып басып калышты. Кечки сейилге айылдын карылары да чыгып жатышат. Долбоордон жалпысынан 13 миң тургун, жыл сайын 5 миңге жакын турист пайда көрүүдө.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылдык аймагы Бектурган ӨМҮРКУЛОВ