Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштар тарбиялоонун объектиси эмес, алар өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү

2021-01-16 / Жаштар өзгөрүүлөрдүн максаты жана күчү
Жаштар тарбиялоонун объектиси эмес, алар өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү

Түрмөктү Өнүктүрүү саясат институтунун буйрутмасы менен Айнура ЖУНУШАЛИЕВА, Гузель ЖАНАЛИЕВА жана Жылдыз КЕРИМОВА даярдашты.

Өнүктүрүү саясат институту көп жылдардан бери КР ЖӨБ органдарына калк менен, анын ичинде балдарды жана жаштарды кошкондо айрым максаттуу топтор менен ишти өркүндөтүүгө жардам берип келатат. “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу муниципалитеттер” Долбоорунун[1] алкагында ӨСИ Кыргызстандын 32 шаардык жана элеттик муниципалитеттеринде “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” демилгесин адаптациялап, киргизүүгө көмөк көрсөттү.

Натыйжада ЖӨБдүн деңгээлинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жаштар менен иш алып баруусунда айрым жаңы аспаптар даяр болду. Алар Кыргызстандын төмөнкүдөй муниципалитеттер тобунда иш жүзүндө колдонула баштады:

  • Ош, Жалал-Абад, Ноокат, Кара-Суу, Кызыл-Кыя шаарлары;
  • Ош облусундагы Гүлистан айылдык аймагы (мындан ары – АА) жана Алля-Анаров АА;
  • Жалал-Абад облусунун Сузак, Курманбек, Кызыл-Туу, Багыш, Ырыс, Таш-Булак АА;
  • Чүй облусунун Кочкорбаев, Юрьевка, Люксембург, Узун-Кыр, Ново-Покровка АА;
  • Ысык-Көл облусунун Сары-Булак АА, Нарын облусунун Үгүт АА жана Талас облусунун Кара-Буура АА.

Долбоордун алкагында ЖӨБ органдарынын кызматкерлери жана жетекчилери, жергиликтүү жамааттардын жаш мүчөлөрү (балдар жана жаштар) өспүрүмдөр менен жаштардын өзгөчөлүү муктаждыктары, көбүнчө жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк жаатындагы муктаждыктары тууралуу билимин жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар жергиликтүү өнүктүрүү саясатын өспүрүмдөр менен жаштардын кызыкчылыктарын эсепке алып пландоо жана ишке ашыруу көндүмдөрүнө, усулдарына үйрөнүштү. Долбоорду пилоттук негизде киргизүүнүн натыйжасында балдар менен жаштардын муктаждыктарына, керектөөлөрүнө жана укуктарына жооп берген, иштеп кете алган өнүктүрүү пландары пайда болду.

Балдарда жана жаштарда муктаждыктарды жана керектөөлөрдү баалоого, кырдаалга анализ жасоого, жергиликтүү стратегияларды ишке ашыруу пландарын, бюджетти түзүүгө, жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүүгө катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мектеп парламенттери, жаштар топтору өңдүү формалдуу жана бейформал туруктуу жаштар институттары,топтор жаштардын бул процесстерге катышуусун камсыз кылган механизмге айланышты. Алар чечим кабыл алган адамдарга жаштардын көйгөйлөрү тууралуу маалыматты жеткирүүгө жардам беришүүдө.

Долбоордун ишинин жыйынтыгы боюнча ЖӨБ органдары үчүн колдонмо иштелип чыкты. Анда муниципалитеттин деңгээлинде жаштар саясатын кантип даярдап, ишке ашырса болоору баяндалган. Колдонмодо балдар менен жаштардын муктаждыктарын, керектөөлөрүн аныктоодон баштап, конкреттүү иш-чараларды аткаруу аспаптарын колдонууга чейин процесс толук камтылган. “Муниципалитет” журналынын бул санында ЖӨБдүн жаштар саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессинин катышуучуларынын ролдору баяндалат. Журналдын кийинки санында жаштардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн изилдөөнүн аспаптарын, ошондой эле жаштар саясатын ишке ашыруучу айрым аспаптарды сүрөттөгөн макала жарыяланат. Практикалык көз караштан алганда ЖӨБ органдары үчүн бул маселе боюнча айрым муниципалитеттердин ушул журналда баяндалган тажрыйбасы маанилүү жана кызыктуу болот деп ойлойбуз. Мыкты практиканын мисалдары менен дагы да толук таанышууну кааласаңыз Мыкты практикалар порталына кайрылууну сунуш кылабыз. Дареги: www.myktyaimak.gov.kg

Коом кескин өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан учурда жаштар ошол өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчүнө айланган учурлар Кыргызстандын жана дүйнөнүн жаңы тарыхында аз эмес. Айталы, ХХ кылымдын башында ал кезде Кыргыз ССРи болгон коомдун турмушуна өзгөрүүлөрдү илимди, маданиятты жана искусствону жигердүү түрдө өнүктүрө баштаган интеллигент жаштар алып келген. Ал эми ХХI кылымдын башында жаштардын жаңы мууну өзгөрүүлөрдү, башкаруу процессин демократиялаштырууну талап кылып, Бишкектин борбордук аянтында кылкылдап турган. 2020-жылы Кыргызстанда жаштар жалпы калктын 26% түздү.

10 жылдан кийин жаштардын саны 18 пайызга көбөйүп, бул көрсөткүч 2 миллион адамдан ашат деп күтүлүүдө. Башкаруунун улуттук деңгээлинде, өкмөттө жаштар мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу боло аларын баамдай башташты. Себеби жаштар эбегейсиз чоң социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалга ээ. 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясынын[2] кабыл алынганы да мындан кабар берет. Концепцияда жаштар коомду кайра өзгөртүүнүн активдүү субъекти, өлкөнү өнүктүрүүнүн жана лидерлигинин драйвери, ошондой эле социалдаштыруунун объектиси, экономикалык өсүштүн жана муундардын бакубаттуулугун камсыздоочу эң баалуу кадрдык ресурс катары каралган. Жаш жаранды өз алдынча инсан катары өнүктүрүү, анын позитивдүү көз карашын жана талап кылынган компетенцияларын калыптандыруу башкы артыкчылыктар деп таанылат.

Концепцияга ылайык, жаштар саясаты алкагындагы бардык күч-аракеттер төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө багытталууга тийиш:

  • жаштар жооптуу чечимдерди кабыл алууда түздөн-түз катышуучу болуп саналат;
  • жаштар өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн жетиштүү билимге жана көндүмдөргө, жакшы ден соолукка ээ болот;
  • жаштар финансылык туруктуулукка жетүүгө жөндөмдүү;
  • жаштар өз максаттарына жетүү үчүн шарттарды түзүүнү демилгелейт жана ал шарттарды түзүүгө катышат;
  • жаштар коомдун мүчөлөрүн мобилизациялоо менен өз кызыкчылыктарын илгерилетет;
  • өнүктүрүү процессине активдүү катышкан жаштардын саны өсөт;
  • жаштар мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнүн толук укуктуу жана толук кандуу субъектиси болуп саналат.

Макаланы толук окуу...

 

____________________

[1] Долбоор DFID (Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги) менен БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун финансылык колдоосу алдында, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте ишке ашырылып жатат.

[2] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы №562 Токтому менен бекитилген 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫ