Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жамааттардын кайрымдуулугу – жаштардын камкордугу

2018-09-07 / Жаштар өзгөрүүлөрдүн максаты жана күчү
Жамааттардын кайрымдуулугу – жаштардын камкордугу

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Куршаб айыл өкмөтүндө 200дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө катталган. Айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана жигердүү жаштардын катышуусу менен бул үйбүлөлөргө кантип жардам берсе болот деген талкуу уюштурулду. Чогулушта айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин жана алардын социалдык абалы тууралуу маалымат беришти. Жаш лидерлер бул үй-бүлөлөргө көрсөтүлгөн колдоону күчөтүү максатында азыктүлүк менен камсыздоону, бул көйгөйгө кайдыгер эмес айыл тургундарынан акча чогултууну сунуштап, бул сунуш колдоо тапты. Талкууга активдүү катышкандардын ичинен демилгелүү топ түзүлүп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү, айылдык аймактын башчысы да кирди.

Айылдардын саны  
Калктын саны 22204 
 Жылдык бюджети 30100,0 миң сом

Демилгени ишке ашыруу максатында айылдагы 300дөн ашуун адамдын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 24 сааттын ичинде 100 462 сом чогулду. Бул акчаны үч жеке ишкер, бир дарыгер, жергиликтүү футбол командасынын 15 оюнчусу, чет өлкөдө иштеген 12 мигрант, үч пенсионер, беш аял берди. Мындан тышкары Кореяда окуган жана иштеп жүргөн айылдаштар мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга 30 төшөк салып жиберишкен.

Демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө чогулган каражатка 1 тонна ун, 200 кап макарон, 400 литр май сатып алынды. 2018-жылдын 18-июнунда ушул азык-түлүктү таратып чыгуу үчүн демилгелүү топтун мүчөлөрү “Хюндай Портер” үлгүсүндөгү эки машинени жана беш жеңил автоунааны жалдап беришти. Комиссия түзүлүп, анын курамына айыл өкмөттүн социалдык маселелер боюнча адиси, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана “Куршабды өнүктүрүү фондунун” мүчөлөрү кирди. Азыктүлүктү тизме боюнча таратып чыгуу үчүн “Вотсаптагы” топ аркылуу 20 активист тартылып, алар азык-түлүктү даректер боюнча жеткирип беришти. Бул демилгенин натыйжасында адамдар канчалык мобилдүү экенин, жакыр үй-бүлөлөргө чоң жардам көрсөтө алаарын түшүнүштү. Ошондой эле бул ишке чоң кызыгуу пайда болду. Бул иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги абдан сезилди. Алар бул иш-чаралар айыл үчүн эбегейсиз чоң жардам экенин баса белгилешип, ар тараптан колдоо көрсөтүшүп, мындан кийинки д е м и л г е л е р д и уюштурууда биргелешип иш алып барууну сунушташты. Д е м и л г е л ү ү топ демөөрчүлөргө жана жалпы коомчулукка социалдык тармактар (“Вотсап”, “Одноклассники”) жана мессенджерлер аркылуу сүрөттөр жана видеолор түрүндө отчетторду беришти. Куршаб айыл өкмөтү, “Куршабды өнүктүрүү фонду” жана айыл тургундары демилгелер боюнча өнөктөштөр болуп калышты.

Жыйынтыгында эмне болду?

Бул демилге 2018-жылдын июнь айында ишке ашырылган. Ушул тажрыйбадан кийин “Куршабды өнүктүрүү фондуна” кайрылгандардын саны абдан көбөйдү. Айрымдар жардам сурап кайрылса, башкалары колдо болгон жардамын берип туруу үчүн фондго мүчө болгусу келди. Мындан сырткары Куршаб айылынын тургундарынын жана чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн айылдаштардын фондго болгон ишеними артып, кайрымдуулукка кошулгусу келгендердин саны өстү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен кызматташуу фонд үчүн баалуу тажрыйба болуп калды. Мындай өнөктөштүк тараптардын бири-бирине болгон ишенимин, ошондой эле калк тарабынан өнөктөштөргө болгон ишеним деңгээлин жогорулатты.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылдык аймагы Нурбек АКМАТАЛИЕВ