Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жыйындар залы – инсандык касиеттерди жана жамаатты өнүктүрүү үчүн шарттар

2018-09-07 / Жаштар өзгөрүүлөрдүн максаты жана күчү
Жыйындар залы – инсандык касиеттерди жана жамаатты өнүктүрүү үчүн шарттар

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Узак убакыт бою Шарк айылындагы мектепте ар кандай иш-чаралар спорт залда өтүп келген. Мисалы, “Инсан” коомдук бирикмеси айына эки жолу жогорку класстын окуучулары арасында интеллектуалдык оюндарды өткөрүп жүрөт. Иш-чара маалында көрүүчүлөр класстардан отургучтарды ала келүүгө мажбур болушчу. Бул болсо сабак маалында мугалимдерге ыңгайсыздыктарды жаратчу. 1033 окуучуга жана 68 мугалимге, мектеп кызматкерлерине ушул маселе көйгөйлүү болуп келди. Ошондуктан ата-энелер чогулушу маалында спорт залды жыйындар залына айландыруу демилгеси көтөрүлдү.

Айылдардын саны
 6
Калктын саны
 43000
 
Жылдык бюджети 34053,3 миң сом
 
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында ЖМБА иш-чаралар комплексин өткөрүү процессинде бир топ көйгөйлөр аныкталды. Түрдүү топтордун көйгөйлөрү бириктирилди, мунун натыйжасында эң артыкчылыктуу, чукул арада чечилиши керек болгон көйгөй тандалып алынды. Ошол эле маалда жашоочулар “биз маселенин чечилишине таасир тийгизе алабызбы?” деп бири-биринен сурап жатышты. Адегенде мындай ишеним жок эле, бирок бара-бара кырдаал өзгөрө баштады. Карапайым элеттиктер да оозго алынаарлык жыйынтыктарга жете аларын практика көрсөттү. Мисалы, Шарктын жамааты мектептин имаратын жылуулап, окуучулардын ден соолугун сактоо үчүн эски терезелерди пластик терезелерге алмаштырып берүүгө жергиликтүү бийликти көндүрүштү. Бул болсо ийгиликтин сыры бир нерсени талап кылуу дегенди билдирбейт. Жарандар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чогуу кеңешип, биргелешип кызматташа баштаганды үйрөнгөндө гана
ийгиликтин эшиги да ачылды. Бул башталышы гана, бир катар көйгөйлөрдүн биринин чечилиши гана болду. Айталы, жеке ишкерлер жана ыктыярчылар менен биргеликте мектептеги жыйындар залынын жоктугу өңдүү көйгөй чечилди. Баары ата-
энелер менен жамааттын биргелешкен ишинин көзгө илинерлик жыйынтыгын көрө алышты. Спорт зал жыйындар залына айланып, ал жерде бардык заманбап шарттар түзүлдү.
 
 
Эмнелер жасалды?
 
“Инсан” жаштар коомдук бирикмесинин өкүлдөрү элеттиктер, курдаштар, мектептин бүтүрүүчүлөрү, ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүп турушту. Мектепте ата-энелер чогулуштарында өз демилгелерин көтөрүп чыгышып, ЖӨБ органдары менен келишим түзүп, ишин баштады. Демилгени “Инсан” коомдук бирикмесинин жетекчиси, мектептин мурдагы бүтүрүүчүсү Музаффар КОЧКАРОВ көтөрдү. Демилгени ишке ашырууга айылдын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабагандардын баары катышты. Кызматташтыкты мектепте ата-энелердин чогулушунан башташты. Бул чогулушка окуучулардын аталары жана айыл аксакалдары чакырылды. Катышуучуларды демилгенин максаты жана ишке ашыруу планы менен тааныштырып чыгышты. Катышуучулар өз пикирлери, сунуштары менен бөлүшүп, жаштардын демилгесин колдоого алышты. Чогулушка аталардын жана айыл аксакалдардын катышуусу кызматташтыкты ар тараптан уюштуруу боюнча жакшы жыйынтыктарды берди. Мектептеги эстетикалык жана ыңгайлуу шарттар элеттиктердин жашоосунда чоң мааниге ээ болчу. Ошондуктан бул демилгени ишке ашырууга айылдын дээрлик бардык тургундары катышты. Мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн марафону уюштурулуп, кайсы бир өлчөмдөгү акча чогулганы менен, залды толугу менен алмаштырууга каражат тартыш болду. Ошондуктан активисттер айылдын таасирлүү адамдарына, аксакалдарга, ата-энелерге кайрылышты. Алардын ичинде курулуш материалдарын саткан түрдүү уюмдардын жетекчилери да бар эле. Сунушту “Инсан” жаштар коомдук бирикмеси колдоп берди. Жергиликтүү ишкерлер зарыл болгон жабдуулар менен камсыздап берсе, мектептин мурдагы бүтүрүүчүсү залдын дизайнын даярдап берүүгө жардам берди.
 
Мында жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын өнөктөштүгүнүн ролу чечүүчү ролду ойноду. Мектептин көйгөйүн чечүүгө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери өтө олуттуу мамиле жасашып, зал үчүн адистерди табууга жардам беришти. Жергиликтүү бийлик чакан чогулуштар маалында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, курулуш материалдарын ташып жеткирүүгө жана машинелерге май куюга да кол кабыш кылды. Мектептин администрациясы ата-энелер кеңешинин отчеттук чогулушун өткөрүүнү чечкенде күн тартибине демилгелүү топтун жана айыл өкмөт башчынын баяндамалары да кошулду. Сөз алгандардын баяндамасы слайддар жана фотоматериалдар менен коштолду. Чогулуштун соңунда айыл өкмөт башчысы демилгелүү топтун мүчөлөрүн айылдын өнүгүүсүнө жигердүү катышканы үчүн грамоталар менен сыйлады. Демилгени ишке ашырууда ишкерлердин курулуш товарларына кеткен чыгымы 254 000 сомду түздү. Жаштар ремонт иштерине өз ыктыяры менен жардам берип, эмгек салымын кошту. Жергиликтүү эмерек жасаган ишкерлер 150 000 сомго отургучтарды жасап берсе, кийим тигүүчүлөр 36 00 сомдук пардаларды тигип беришти. Ошондой эле финансылык жардам “Өнүгүү” ата-энелер фондунан түштү. Бул демилгеге донорлордун каражаты тартылган жок.
 
Жыйынтыгы кандай болду?
 
Бүгүнкү күндө мурдагы спорт зал заманбап, ыңгайлуу жана жакшы жабдылган жыйындар залына айланды. Учурда бул зал мектепке жана окуучуларга гана эмес, ошондой эле жалпы жамаатка да кызмат кылып жатат. Бул жерде жалпы айылдык аймактын деңгээлинде түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келатат. Бирок окуучулардын иш-чаралары үчүн ыңгайлуу, мыкты шарттардын түзүлгөнү эң негизги жыйынтык болду. Окуунун сапаты да жогорулап, мугалимдер администрациянын бардык талаптарына ылайык жана өз убагында ачык сабактарды өтүп жатышат. Мектеп менен жамааттын ортосундагы байланыш бекемделип, элдин ЖӨБ органдарына болгон ишеними жогорулады. Баса, ЖӨБ органдары өздөрү мурдагыдан ачык болуп, калк алдындагы отчеттуулугу да өстү. ЭҮЖӨБОЖ долбоору берген кеңештердин жардамы менен бюджет боюнча коомдук угуулар белгиленген стандарттар боюнча өткөрүлүп келатат. Угуулар жаңы залда өтүп, иш-чаралар боюнча протокол түзүлүп, жарандардын суроолоруна жооптор тийиштүү органдарга жиберилип жатат. Бул болсо катышуучулардын кызыгуусун, мотивациясын арттырып, угууларга келген адамдардын саны көбөйдү. Көчөлөрдө чогулушка чакырган баннерлер, афишалар пайда болду. Калкка коомдук угууларга чакыруу билеттери таратыла баштады. ЖӨБдүн кызматкерлери мындай иш-чараларга мурдагыдан дагы дыкат даярданып, иш-чаралар маалында бюджет тууралуу жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде даярдалган баракчаларды таратып беришти. Мындай чаралар жарандардын айыл өкмөтүнүн бюджети тууралуу маалымдуулугун жогорулатат.
 
Абдукадир ЭРГАШЕВ, айыл башчысы: “Мектептин өтө чоң көйгөйү чечилди. Мектептин жетекчилиги демилгени сунуштаганда, натыйжада мына ушундай кооз, заманбап жыйындар залын көрөм деп элестеткен эмесмин. Бирок баарынан да айылдык жаштарда, жеке ишкерлерде, долбоорго жигердүү катышкан калкта пайда болгон кызыгуу мени таң калтырды жана азыр жетине албай турам”. Балтабай ТУРАХАНОВ, пенсияга чыккан мугалим: “Мен өмүр бою ушул мектепте иштедим. Бүгүн жергиликтүү көйгөйлөрдү донорлорсуз, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу өнөктөштүк түзүү жолу менен эле чечсе болооруна ынандым. Айылдын таянычы болгон жаштар көйгөйлөрдү акылдашып, биргелешип, сапаттуу чече алаарын көрсөттү. Мунун жандуу мисалы – кооз, заманбап, бардык шарттар түзүлгөн жыйын залы”.
 
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылдык аймагы Юлдашева Р.