Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Наримандык жаштар радикализмге жана экстремизге каршы

2018-09-07 / Жаштар өзгөрүүлөрдүн максаты жана күчү

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Нариман айылдык аймагында 45 миңден ашуун адам жашайт. Калктын 70% өзбектер, 20% кыргыздар жана 1% башка улуттун өкүлдөрү түзөт. 2010-жылдагы окуялар маалында аймакта- гы айрым айылдар жаңжалдын чордонуна айланган. Коогалаңда көптөгөн үйлөр өрттөлүп, айрым жашоочулар жараат алган же набыт болгон. Ошол окуялардан кийин аймактагы социалдык-экономикалык абал кескин начарлап, жумушсуздардын саны өскөн. Мына ушундай шарттарда диний радикализм күч алганы байкалган. Террордук уюмдардын идеологиялык таасири алдында калган адамдар “Ислам мамлекети” террордук уюмунун катарына кошулду.

Айылдардын саны 15
Калктын саны 
 
45364
Жылдык бюджети 54000 миң. сом
 
Айылдык аймактын башчыларынын маалыматы боюнча, Наримандан бир топ адам Сирияга жана Иракка кетип калышкан. Согуш оту күйүп жаткан аймактарга кеткендердин жакындарын жергиликтүүлөр жакшы таанышат, алар радикализм тамыр жайып кетишин каалашпайт. Дал ошол себептен айылдыктар радикализм деген балээге өз күчү менен каршы турууну чечишти. Бул үчүн калк арасында радикализмди жана экстремизмди алдын алууга багытталган өз долбоорун даярдап чы-
гышты. Демилгелүү топ беш адамдан турду. Алар: т.и.к., доцент Ш. АТАХАНОВ, маданият үйүнүн директору Л. НИШАНОВА, айылдык аймактын башчысынын орун басары Н. ХАСИЛОВ, жергиликтүү кеңештин депутаттары И. УРИНОВ жана А. НУЪМАНОВ. 
 
Эмнелер жасалды?
1200 адам катышкан долбоорго жергиликтүү тургундарга түшүнүктүү жана кабыл алууга жеңил болгон иш-чаралар кирди. Бул иш-чаралар адамдардын башын бириктирип, айылдык аймактын жана өлкөнүн келечеги үчүн жаштар радикализминин коркунучтуу кесепеттерин көрсөтүп берүү максатында уюштурулду. Адегенде 12 команданын арасында футбол боюнча мелдештер өттү. Бул командалардын курамына Наримандагы айылдарда жашаган түрдүү улуттардын өкүлдөрү кирди. Мелдештер 2017-жылдын июль айында эс алуу күндөрү өткөрүлдү. Бул иш-чараны айылдык кеңештин депутаттары И.ТУРСУНОВ жана А.НУЪМАНОВ демилгелешти. Мелдештерди өткөрүүгө “Жарандык союз” коомдук бирикмеси 42 000 сом бөлдү. Айылдык аймактын башчысы үстү жабык футбол аянтчасынын ижара акысы үчүн өз чөнтөгүнөн 10 000 сом, калыстын кызмат көрсөтүүсү үчүн 12 000 сом, ЖМКнын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн 8 000 сом бөлсө, маданият үйүнүн директору үн күчөткүчтөрдүн ижарасы үчүн 5000 сом төлөдү. “Ошэлектронун” башкы директору Д.ДАМИНОВ өз чөнтөгүнөн мелдештин жеңүүчүлөрүнө 11 000 сом көлөмүндө акчалай байге берди.
 
Алдын ала макулдашуу боюнча, мелдештердин коопсуздугун ИИБдин кызматкерлери камсыздашты. Футболдук турнирдин бардык турларына катышкандардын жана күйөрмандардын саны 550 болду. Алардын ичинде 86 кыргыз, 356 өзбек, башка улуттардын 108 өкүлү болду. Ошону менен бирге катышуучулардын 80 пайызын жаш муундун өкүлдөрү түздү. Кыргыз улуттук ырларын мыкты аткарууга жарыяланган кароо сынак долбоордун кийинки кадамы болуп калды. Бул сынак сегиз улуттун өкүлдөрүнүн арасында жарыяланган. Маданият үйүнүн директору Л.НИШАНОВА аталган иш-чаранын демилгечиси болду. Сынакка өзбектер, тажиктер, уйгурлар жана түрктөр катышты. Кароо сынакты өткөрүүгө “Жарандык союз” коомдук бирикмеси 28 000 сом бөлүп берген. Сынакка айылдык аймактын башчысы, айылдык кеңештин төрагасы, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле көрүүчүлөр жана күйөрмандар катышты. Маданият үйүнүн директору үн аппаратынын ижарасы үчүн 5000 сом берсе, айылдык аймактын башчысы ОшТВ телеканалынын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн 3000 сом, конкурстун калыстар тобуна 5000 сом жана иш-чаранын алып баруучусуна 6000 сом берди. Бул кароо сынакка катышкандардын жана көрүүчүлөрдүн жалпы саны 230 болду, анын ичинде 180 аял бар. 200дөн ашыгы жаштар болду. Бирок эмоционалдык жактан таасирдүү негизги иш-чара – “Наримандык жаштар радикализмге жана экстремизмге каршы” урааны алдында өткөн жөө жүрүш болду. Бул иш-чараны өткөрүү демилгесин Нурдар айылынын тургуну Ш. АТАХАНОВ көтөрүп чыкты. Бул иш-чарага үч айылдагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышты. Алар үч колоннага тизилип алып, айылдын көчөлөрүн кыдырып чыгышты. Жөө жүрүштүн катышуучулары колдоруна радикализмге, экстремизмге жана терроризмге каршы ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп алышты.
 
Бул жөө жүрүштү уюштурууга “Жарандык союз” коомдук бирикмеси 23 000 сом бөлдү. Иш-чарага 250 адам катышып, алардын ичинен 180и аялдар, 200ү жаш муундун өкүлдөрү болду. Жөө жүрүштүн соңунда катышуучулар – мектептердин директорлору, мугалимдер, мечит имамдары, айыл башчылары, айылдык кеңештердин депутаттары, Кара-Суу раймамадминистрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Кара-Суу районунун имам хатиби, Кара-Суу РИИБдин жана Ош ОИИБдин кызматкерлери, УКМКнын Кара-Суу району боюнча кызматкерлери, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Ош облустук казыятынын өкүлү, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү, Сирияда жана Иракта согушка катышкандар, бул согушта набыт болгондордун үй-бүлөлөрү жана ата-энелери “Радикализм жана экстремизм азгырыгынын өкүнүчтүү кесепеттери” деген темада тегерек стол талкуусун өткөрүштү. Талкуунун жүрүшүндө согуш талаасында болуп, эл аралык террордук уюмдардын катарында жүргөндөр башынан өткөргөн азаптары тууралуу айтып беришти. Ошол согушта кайтыш болгондордун ата-энелери да сөз сүйлөп, арманы менен бөлүштү. Алардын эмоционалдуу сөздөрү катышуучуларга өтө чоң таасир тийгизди. Баары сөз сүйлөп бүткөн соң УКМКнын кызматкерлери террордук уюмдарга азгырылгандардын аянычтуу тагдырлары тууралуу даректүү тасманы көрсөтүштү Иш-чарага жумшалган 50 000 сом чыгымды “Жарандык союз” коомдук бирикмеси көтөрдү. Тегерек столго 400гө жакын адам катышты, анын ичинде 194 аял, жаш муундун 321 өкүлү болду.
 
Жыйынтыгы кандай болду?
Көп улуттуу айылдык аймактын жашоочулары радикализм, экстремизм жана терроризмди кандай өкүнүчтүү кесепеттери болоорун баамдай алышканы өткөрүлгөн иш-чаралардын негизги жетишкендиги болду. Ушул өнөктүктөн кийин жергиликтүү тургундардын ичинен экстремисттик жана террордук уюмдарга кошулган бир да адам болгон жок. Мурда айылдык аймактын башчысы, айыл башчылары, мечиттердин имамдары радикализм, экстремизм жана терроризм тууралуу өз пикирин ачык айтуудан карманып келишсе, эми бул көрүнүшкө карата терс пикирин элге ачык айта башташты. Демилге аркылуу айылдык аймактын калкынын калың катмары заманыбыздын балээсине айланган бул көрүнүш менен жакындан тааныша алышты. Демилгени айыл аймактын башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, айыл старосталары жана мектептердин директорлору колдоп беришти. Сирия жана Иракта согушка катышкандардын, согуш талаасында кайтыш болгондордун үй-бүлө мучөлөрүнүн жана ата-энелеринин сөздөрү баарынын жүрөгүндө терең из калтырды. Иш-чара жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте кеңири чагылдырылды – ОшТВ, Youtube, “Турмуш.кг”, “Фейсбук”, “Азаттык” сайттарына видеолор жана жаңылыктар чыкты.
 
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылдык аймагы
Шавкат АТАХАНОВ