Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

IV. Мамлекеттик башкаруу

2018-11-07 / Көңүл чордонунда

4.4. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү (Стратегиянын 72-73-беттери) Келечекке көз караш: Өнүккөн жарандык коом натыйжалуу өз алдынча башкарууну түзүү үчүн негиз болуп калат. Жарандык коомдун институттары партиялар менен катар эле жергиликтүү кеңештердин депутаттык корпусун түзүүгө катышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана өнүгүүнүн жергиликтүү бюджеттерин түзүүгө умтулган шарттар түзүлөт. Жарандык коом натыйжалуу жана иштиктүү жергиликтүү өз алдынча башкарууну түзүү үчүн негиз болуп калат. 2040-жылга Кыргыз Республикасында жарандар өзүнүн, үйбүлөсүнүн жана жергиликтүү коомчулуктун алдындагы милдеттенмелерин жоопкерчиликтүү аткара баштайт. Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кесипкөй, ачык-айкын, жооптуу органдарын түзүүгө жөндөмдүү болот.

Элге кыйла жакын башкаруу институту катары жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн төмөнкү артыкчылыктары белгиленет. Коомчулуктун ишин башкарууга элдин кеңири тартылуусу маанилүү. Жергиликтүү деңгээлде башкаруу системасынын натыйжалуулугунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоонун адекваттуу механизмдери менен мамлекеттик бийликти мындан ары да борбордон ажыратуу зарыл. Кызмат көрсөтүүнүн, бюджетти түзүүнүн жана аткаруунун, ресурстарды башкаруунун туруктуу системасын уюштуруу бөлүгүндө жергиликтүү деңгээлде башкаруу системасын күчөтүү милдети турат. Ошондой эле эл койгон милдеттерди, функционалдык милдеттерди аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жана тартибин көтөрүү зарыл. Биринчи кезекте сөз ар бир мүчөсү аймакты өнүктүрүүгө өзү түшүнүп катышууга квалификациялык жактан жөндөмдүү болгон, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуу органдарын түзө алган жана аларды контролдогон жоопкерчиликтүү жергиликтүү коомчулуктарды түзүү жөнүндө жүрүп жатат. Экинчиден, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүү үчүн укуктук, методологиялык негиздерди түзүү зарыл. Кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары заказ берүүчү болот. Бюджеттик мамилелерде жана бюджеттик процессте ар бир шаарда жана айылдык аймакта өнүктүрүүнүн бюджетин түзүүгө артыкчылык берүү зарыл. Ар бир шаар жана айыл аймагы үчүн өнүктүрүүнүн бюджеттерин түзүүгө түрткү берген шарттар түзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын биргелешкен ишинин жаңы форматтары, улуттук диалогду кошкондо маанилүү маселелер боюнча, анын ичинде бюджет аралык мамилелер боюнча жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын улуттун кызыкчылыктары менен макулдашуунун механизмдери түзүлөт. Кабыл алган чечимдери үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ишинде жоопкерчилик көтөрүлөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге жаңы критерийлерди жана талаптарды киргизүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун потенциалы көтөрүлөт, укуксуз, натыйжасыз чечимдердин тобокелдиктери азайтылат.

VI. Орто мөөнөтүү этаптын биринчи кезектеги кадамдары

Күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу (Стратегиянын 121-122-беттери)

11.1-милдет. Өз ара аракеттенүү жана ыйгарым укуктар менен жоопкерчиликти бөлүштүрү. 

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды так бөлүштүрүү биринчи элемент болуп калат. Кийинки кадам – жергиликтүү өз алдынча башкарууну жөнгө салган мыйзамдарды күчөтүү, анын ичинде тармактык мыйзамдардын алкагы менен салыштырып күчөтүү болот. Улуттук пландоонун системасын өзгөртүү үчүнчү кадам болуп калат жана конкреттүү аймактарды мейкиндикте өнүктүрүүгө таянуу принциби камсыз кылынууга тийиш

11.2-милдет. Региондорду башкарууну финансылык жактан борбордон ажыратуу

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде бюджеттик саясат калдык принциби боюнча эмес, элдин муктаждыктарын камсыз кылуунун зарылдыгына негизделет. Өнүгүү бюджетинин бар болушу натыйжалуу бюджеттик процесстин негизги мүнөздөмөсү болот. Тиешелүү башкаруу органдарына жүктөлгөн функцияларга ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүү системасы өзгөрөт. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин адилеттүү, түшүнүктүү жана натыйжалуу кылып теңдөөнү камсыз кылуу максатында теңдөөчү гранттарды эсептөөнүн методикасы кайра каралат. Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын пландоонун жана аткаруунун процесстерин маалыматташтыруу жана автоматташтыруу бюджеттер аралык мамилелердин натыйжалуулугуна таасирин тийгизүүчү маанилүү милдет болуп эсептелет.

VII. Өнүгүүнү башкаруу

Өнүгүүнү башкаруунун жаңы системасы (Стратегиянын 147-бети)

Стратегиялык документтерди даярдоонун жана кабыл алуунун, ошондой эле аны бюджеттик процесс менен байланыштыруунун бирдиктүү регламентин иштеп чыгууну жана бекитүүнү, документтердин форматын, анын катышуучуларын, жол-жоболорун, тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынат. Бул мыйзам Кыргызстанда мейкиндикте, аймактарда пландоону караган комплекстүү пландоонун системасын курууга багытталат. Пландоонун комплекстүү системасы мамлекеттик бюджеттик инвестицияларды, бюджеттер аралык мамилелерди башкаруунун негизи болуп калат жана инвесторлор менен жарандар үчүн багыт болот. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана муну бюджеттик процесс менен байланыштыруу жагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана КР Өкмөтүнүн регламенттерине өзгөртүүлөр киргизилет. Өнүгүүнүн натыйжалуу институттарын, өнүгүүнүн максаттары боюнча коомдук негизги топтордун пикирлерин эске алуунун механизмдерин түзүү, саясий институттардын (парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) функцияларын жана аларга жетишкендиги жана жетишпегендиги үчүн жоопкерчилигин аныктоо зарыл.

Окшош материалы: