Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кара-Жээк сейил багынын жаңы деми. Жаштардын күчү менен

2018-09-07 / Жаштар өзгөрүүлөрдүн максаты жана күчү
Кара-Жээк сейил багынын жаңы деми. Жаштардын күчү менен

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Чаек айылдык аймагында 12 миңге жакын адам жашайт. Айыл аймагында жашоочулардын эс алуусу үчүн эки сейил бак бар: Ш.Исабеков атындагы борбордук парк жана Кара-Жээк участогундагы парк. Бирок эс алуу үчүн орун жетишсиз. Өзгөчө жай жана кыш мезгилдеринде наристелер жана окуучулар үчүн эс алууга, оюн ойноого ыңгайлуу болгон жер жок. Борбордук сейил бакта гана кышкысын балдар үчүн муз аянтчасы бар.

Айылдардын саны 
 
3
Калктын саны  11966
Жылдык бюджети  18749,6 миң сом

Анын аянтынын көлөмү чакан болгондуктан эл көп келген маалда балдар батпай, кезек күтүп калышат. Бүгүнкү күндө эки сейил бактын абалы канааттандырарлык эмес. Кара-Жээк участогунда жайгашкан парктын жанынан күнүгө миңдеген адамдар өтөт. Парктын аймагы тосмолонбогондуктан мал жайылып, айрым жерлер таштанды төгүүчү жайга айланган.

Эмнелер жасалды?
 
Кара-Жээк участогундагы жаштар биригип, 15 адамдан турган демилгелүү топ түзүштү. Демилгелүү топтун лидери болуп Жеңишбек АБДРАИМОВ шайланган. “Айылды көрктөндүрүүгө өз салымыбызды кошуп, жергиликтүү бийликке жардам берип, жаштарды ынтымакка чакыруу максатында жаш активисттер иш-аракеттер планын түзүп, аны ишке ашыра баштады. Алгачкы демилгелердин бири сейил бакты көрктөндүрүү болду. Бул пакта бала кезибизде бош убактыбызды өткөрчүбүз. Бирок акыркы 27 жылдан бери сейил бактын таш талканы чыкты: бак-дарактар кыйылып, уурдалып, тонолду. Биз сейил бак машине менен кирип барып эле арак ичип алып, андан ары басып кетчү жерге айланып кетүүсүн каалаган жокпуз”, – деди ал. Кара-Жээк айылынын тургундары аянты 4 гектар болгон сейил бакта ишембилик өткөрүүнү сунушташты. Эки күндүн ичинде сейил бактын тегерек-чети тазаланып, ал жерден 10 тонна таштанды чыгарылды. Парктын аймагын көрктөндүрүү үчүн демилгелүү топ карызга жылкы1 алып, аны базарда сатып, түшкөн акчага сейил бактын аймагын тосмолоп чыгуу үчүн зарыл болгондун баарын сатып алды (темир тор, темир казыктар, тикенек зымдар). Сейил бакка отургузуу үчүн көчөттөрдү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынан алып келишти.
 
Элеттеги жаштар, жеке ишкерлер, мекенинен алыста жүргөн айылдыктар да четте карап турушкан жок. Ар бири колунан келишинче жардам берди. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн жалпысынан 197 556 сом сарпталды. Долбоорду ишке ашыруу үчүн донорлордун каражаты тартылган жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу долбоордун институционалдык тарабын колдоого алып, сейил бактын аймагында чогулган таштандыны чыгаруу үчүн техника менен жардам берди. Демилгени колдогон жергиликтүү элдин жардамы менен 4 гектар жер тосулуп, парктын ичине алманын, өрүктүн жана башка мөмөлүү дарактардын 350 көчөтү отургузулду. Эки адам өз демилгеси менен паркка кароолчу болууга макулдугун беришти. Аксакалдар жакшы иш баштап жаткан жаштарга батасын берип, кеп-кеңешин айтышты.
 
 
Жеңишбек АБДРАИМОВ: “Чырпык тиксең чынар болот, мөмөсүнө эл тоёт” деген жакшы сөз бар. Бала бакчага жана мектепке барган балдарыбыз ушул жерде ойноп, экологиялык таза мөмөжемиштерди жеп чоңойсун дедик. Мындан сырткары мөмө-жемиштер элдин аярлуу катмарына жеткиликтүү баада берилип турат. Жергиликтүү жаштарда мындай демилгелер көп, алардын бири – күүлөнчөктөр, селкинчектер жана балдардын эс алуусу үчүн зарыл болгон башка оюн аянтчалары бар парк. Келечекте Кара-Жээк сейил багы Чаек айылынын ажарын ачып, райондук борборду көрктөндүрөт деп ишенебиз”. Ушул тапта “Кара-Жээк – Чаек” жамааты өз каражатынын эсебинен Кара-Жээк жана Беш-Терек айылдарын бириктирген жолду оңдоп жатышат. Бул демилге да ийгиликтүү турмушка ашат деген ишеним күч.
 
Жыйынтыгы кандай болду?
 
Жергиликтүү калк өз көйгөйлөрүн чечүү үчүн бириге алганы бул демилгенин башкы жыйынтыгы болду. Жаштарда, алардын арты менен жергиликтүү жашоочуларда да өз күчүнө ишеним пайда болду. 27 жыл бою талап-тоноолорго күбө
болгон карапайым калк алакан жайып жардам суроодон чарчады, өз тегерегиндеги зулумдуктан жана мыйзамсыздыктан тажап, тагдырын колго алууну чечти. Мындан тышкары адамдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен конструктивдүү мамилелерди түзсө болооруна жана муну жасаш керектигине ынанды. Ал эми ЖӨБ органдары өз тарабынан жарандарда чоң жаратмандык ресурсту көрө алды жана эми жамаат менен биргелешкен чоң иштерди пландай баштады. Демилгенин уландысы болду – жашоону жакшы жагына өзгөртүүгө жөндөмдүү болгонун сезген жаш активисттер демилгелүү топту “Кара-Жээк – Чаек” коомдук бирикмеси түрүндө каттоодон өткөрүштү жана жаңы демилгелерди көтөрүү менен иштин жаңы түрлөрүн кеңейтишти. Мисалы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргелешип, Өрнөк көлүнүн жээктерин бекемдөөгө киришти. Эгерде бул иштерди жасабаса, сел айылды каптамак. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаштардын коомдук бирикмесин колдоо ирээтинде ага имарат бөлүп берди.
 
Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылдык аймагы
Жеңишбек АБДРАИМОВ