Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча пландары

2017-03-09 / ЖДКЖ ДОЛБООРУНУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

2016-жылдагы гранттык программанын натыйжасында Швейцария Өкмөтү каржылаган жана ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн менен Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоору 26 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планынын (КЖАП) ичинен мыкты 14 КЖАПты тандап алды (Ысык-Көл облусу боюнча 6, Жалал-Абад облусу боюнча 8). Добоордун 1-когортасынын бардык 14 пилоттук муниципалитети өз КЖАПтарын кароого жиберишкен. Бирок атаандаштык күчтүү болгондуктан 12 муниципалитет гана өз долбоору иштеп кете алаарын далилдей алышты.

КЖАП темалары төмөнкүдөй болду:артыкчылыктуу деп тандалып алынганы күтүүсүз окуя болгон жок. Анткени дал ушул көйгөй айылдык чогулуштарда жана жергиликтүү жамааттардын фокус-топторунда биринчи орунга чыгат. Бирок бул кызмат көрсөтүүдөн тышкары мектепке чейинки билим берүүнүн алкагында балдардын, ДМЧ балдардын муктаждыктары, ошондой эле жашоочулардын бардык категориялары үчүн бош убакытты өткөрүү кызмат көрсөтүүлөрү да көңүл бурдурат. 2017-жылдын март-апрель айларында экинчи когортанын 16 пилоттук муниципалитети долбоордун гранттык программасына катышып, Өз КЖАПтарын сунушташат.
 
АӨ КЖАП
Өз салы-
мы (сом)
Өз салы-
мы (сом)
Өз салы-
мы (сом)
Ысык-Көл облусу
Жети-Өгүз району
Жети-Өгүз
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү (ДМЧ) бал-
дар үчүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн жак-
шыртуу (ДМЧ балдар үчүн коррекциялык класстар)
538 280 2 070 000
Тикелей 40 бала (ДМЧ
балдар) жана кыйыр түрдө
200 бала
Липенка
Айылдагы балдарга мектепке чейинки билим берүү
жана тарбиялоо кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу
(Бала бакчанын ремонту, курулмасы, эмерек)
870 129 2 070 000
Тикелей 118 бала, кыйыр
түрдө 220 (ата-эне)
Ысык-Көл району
Бостери
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга
инклюзивдүү билим берүү жана адаптациялоо кыз-
мат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу (ДМЧ балдар үчүн
коррекциялык класстар)
200 000 2 000 000
Тикелей 54 бала (ДМЧ
балдар)
Кумбел
Жаңы конуштун жашоочуларын таза суу менен кам-
сыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу
852 524 5 000 000
Тикелей 54 бала (ДМЧ
балдар)
Улахол
Жаштар жана балдар үчүн бош убакытты өткөрүү
кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу (Маданият үйү
жана китепкана)
530 600 4 263 220 Кыйыр түрдө 2397 киши
Ак-Суу району
Ак-Чий
Социалдык объекттерди (мектепти, бала бакча-
ны, ФАПты) таза суу менен камсыздоо кызмат
көрсөтүүлөрүн жакшыртуу
709 997 2 699 971
Тикелей 820 жана кыйыр
түрдө 1027 киши
Жалал-Абад облусу
Ноокен району
Сакалды
Таза суу менен камсыздоо боюнча кызмат
көрсөтүүлөрдү жакшыртуу
454 000 3 800 000 Кыйыр түрдө 3910 киши
Масы
Таза суу менен камсыздоо боюнча кызмат
көрсөтүүлөрдү жакшыртуу
86 300 474 000 Кыйыр түрдө 17068 киши
Сузак району
Ленин
Айылдык жашочулары үчүн маданий жана көңүл
ачуу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу (сейил бак)
355 130 3 100 000 Кыйыр түрдө 7050 киши
Багыш
Таза суу менен камсыздоо боюнча кызмат
көрсөтүүлөрдү жакшыртуу
1 173 000 4 419 398 Кыйыр түрдө 5823 киши
Чаткал району
Сумсар
Кош бойлуу аялдардын саламаттыгы үчүн тейлөө
сапатын жогорулатуу (төрөт үйү үчүн жабдуу)
111 700 887 000
Тикелей түрдө 91 (кош
бойлуу) жана кыйыр түрдө
534 (аял)
Ала-Бука району
Жолдорду оңдоо, таштанды чыгаруу жана таза суу
менен камсыздоо кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу
(атайын техника)
1 000 000 3 300 000 Кыйыр түрдө 25243 киши
Мектептеги тазалык боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн
жакшыртуу
744 678 669 602
1468 (балдар жана ата-
энелер)

 

 

Окшош материалы: