Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Портал жергиликтүү кеңештерде байкоочулар үчүн консультацияларды өткөрдү

2021-04-30 / ЖДКЖ долбоорунун жаңылыктары
Портал жергиликтүү кеңештерде байкоочулар үчүн консультацияларды өткөрдү

Портал 2021-жылдын 8-апрелинде жергиликтүү кеңештерге байкоочулар үчүн “Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдар үчүн лидерлик мектебинин” кезектеги онлайн консультацияны өткөрдү.

Жолугушууда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо байкоочулар үчүн нускамалар берилди. Жолугушуунун жүрүшүндө талапкер аялдар жана алардын байкоочулары шайлоо процесстериндеги байкоочулардын укуктары жана милдеттери жөнүндө кеңири маалымат алышты, ошондой эле төмөнкү темалар боюнча билимге ээ болушту:

  • шайлоо участогун уюштуруу;
  • шайлоо күнү аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттери;
  • добуш берүүнү уюштуруу тартиби;
  • аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун тартиби;
  • имараттын тышында добуш берүүнү уюштуруу.

Эске салсак, “Жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкер аялдар үчүн Лидерлик мектеби” Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас-Кыргызстан жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө каттоодон ийгиликтүү өткөн аял талапкерлердин саны 65 катышуучунун ичинен 56ны түзөт (86%). 9 аял (14%) ар кандай себептер менен шайлоого катышуудан баш тартышты.

Окшош материалы: