Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы элеттик муниципалитеттер жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жана ишке ашырууга жеке секторду тартуунун ыкмаларын үйрөнүп жатышат

2020-12-15 / ЖДКЖ долбоорунун жаңылыктары
Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы элеттик муниципалитеттер жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жана ишке ашырууга жеке секторду тартуунун ыкмаларын үйрөнүп жатышат

ЖДККЖ Долбоору Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын бардык элеттик муниципалитеттери үчүн жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жана ишке ашырууга жеке секторду тартуу боюнча бир катар семинарларды өткөрдү.

Жалпы жонунан беш семинарга (Жалал-Абадда, Ала-Букада, Токтогулда, Балыкчыда жана Караколдо) Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы элеттик муниципалитеттердин 108 башчысы жана кызматкерлери катышты, алардын ичинде 13 аял бар.

Жеке секторду кызмат көрсөтүүгө тартуу менен жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын азайтууга болот, ЖӨБ органы уюштуруу иштери жана кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун ички маселелери менен алек болбой калат, негизги каражаттарды сатып алууга, аны күтүүгө зарылчылык жаралбайт.

Семинарларда жеке сектор менен КТК жыйноо жана чыгаруу, маданият жана бош убакытты өткөрүү чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, коомдук аймактарды жарыктандыруу жана көрктөндүрүү өңдүү багыттар боюнча кызматташтыктын реалдуу мисалдары каралды.

Семинардын соңунда Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш АА башчысы Урмат ШАРШЕЕВ буларды белгиледи: “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жеке сектор менен кызматташтыкты колдойм. Анткени ушундай ыкма кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртып, коррупциянын деңгээлин азайта алат”.

Семинардын жыйынтыктары боюнча ЖДККЖ Долбоору тийиштүү онлайн курсту ачып, ар бир облуста кызмат көрсөтүүгө жеке секторду тартуунун бери дегенде бир ийгиликтүү мисалын сүрөттөп берүүнү пландап жатат. Бул тажрыйбалар келечекте Мыкты практикалар порталына жайгаштырылмакчы. Мунун натыйжасында башка ЖӨБ органдары ошол тажрыйбаны өз муниципалитеттеринде да колдоно алышат.

COVID-19дун мындан ары да жайылышын болтурбай, тобокелчиликтерди азайтуу максатында семинарлар максаттуу облустардын түрдүү райондорунун өкүлдөрү үчүн өз-өзүнчө өткөрүлүп жатат. Семинарларда бардык санитардык-гигиеналык талаптар сакталып, аз сандагы адамдардын катышуусу менен өтүп жатат. Бардык катышуучулар медициналык беткаптар, антисептиктер менен камсыздалып, социалдык аралыкты сакташууда.

 

Окшош материалы: