Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сенин үнүңдү баары уксун! ЖӨБдүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында социалдык жана гендердик өңүттөрдүн чагылдырылышы

2022-05-09 / ЖДКЖ долбоорунун жаңылыктары
Сенин үнүңдү баары уксун! ЖӨБдүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында социалдык жана гендердик өңүттөрдүн чагылдырылышы

2022-жылдын 8-апрелинде Бишкектеги “City Hotel” мейманканасында муниципалитеттердин социалдык-экономикалык өнүгүү программаларында социалдык жана гендердик сезимталдык принциптерин чагылдыруунун мыкты үлгүлөрү боюнча тегерек стол өттү.

Иш-чараны КР ЖӨБ Союзу менен биргеликте Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту биргелешип ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору уюштурган. Социалдык жана гендердик сезимталдык деген эмне жана ал документте кантип чагылдырылышы мүмкүн? Муниципалдык өнүктүрүү программаларын талкуулоо жана даярдоо процессине коомчулуктун мүмкүн болушунча көбүрөөк өкүлдөрүн, өзгөчө калктын аялуу катмарын тартуу эмне үчүн маанилүү? 2015-жылы БУУ кабыл алган Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын өзүнө алган милдеттенмесин аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде кандай кадамдарды жасаса болот?

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору калктын бардык катмарынын муктаждыктарын эске алуу үчүн жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоого жарандардын жигердүү катышуусу өтө маанилүү деп эсептейт. Аялдардын, жаштардын, майыптардын, этностук азчылыктардын, аз камсыз болгон жарандардын пикирлери канчалык көп угулса, алардын кызыкчылыктарын чагылдырган өнүгүү программасын иштеп чыгуу ошончолук жеңил болот.

Долбоордун пилоттук муниципалитеттери өздөрүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) даярдап жатканда мүмкүн болушунча көбүрөөк жарандарды тартууга жана мурда угулбаган үндөрдү угууга аракет кылышкан. 2022-жылдын февраль жана март айларында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 47 пилоттук муниципалитетинин арасында социалдык жана гендердик сезимталдыктын принциптерин чагылдырган муниципалитеттердин социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн эң мыкты программасына конкурс өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы менен 6 жеңүүчү аныкталды. Дагы алты муниципалитет кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду.

Пилоттук муниципалитеттердин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлордун жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн тегерек стол аймактарды өнүктүрүү программаларында калктын аялуу катмарынын кызыкчылыктарын чагылдыруунун эң ийгиликтүү мисалдарын, аларды иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрүн жана келечекте эске алынышы керек болгон сабактарды талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Конкурстун жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун (200 000 сомдук сыйлык): Светлая Поляна АА (Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу); Чолпон-Ата АА (Токтогул району, Жалал-Абад облусу).
  • 2-орун (150 000 сом): Теплоключенка АА (Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу); Токтогул шаары (Жалал-Абад облусу).
  • 3-орун (100 000 сом): Бостери АА (Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу); Масы АА (Ноокен району, Жалал-Абад облусу).

Кызыктыруучу сыйлыктар (ар бири 50 000 сомдон):

  • 1. Кумбел АА (Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу)
  • 2. Кызыл-Суу АА (Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району)
  • 3. Жаңы-Жол АА (Жалал-Абад облусу, Токтогул району)
  • 4. Оргочор АА (Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району)
  • 5. Тоң АА (Ысык-Көл облусу, Тоң району)
  • 6. Жаңы-Жол АА (Жалал-Абад облусу, Аксы району)

Окшош материалы: