Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эмнелер жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын аялдарга жана аялуу топтордун муктаждыктарына көбүрөөк көңүл бура тургандай кылат?

2021-06-01 / ЖДКЖ долбоорунун жаңылыктары
Эмнелер жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын аялдарга жана аялуу топтордун муктаждыктарына көбүрөөк көңүл бура тургандай кылат?

Жылдыз АБДЫЛДАЕВА, ЖДККЖ Долбоорунун гендердик маселелер жана билимди башкаруу боюнча адиси.

2021-жылы 22-апрелде коммерциялык эмес уюмдардын, эл аралык уюмдардын 30га жакын өкүлүнүн жана гендердик эксперттердин катышуусунда тегерек стол талкуусу (оффлайн жана онлайн форматында) өткөрүлдү. Талкуу аялдардын жана аялуу катмардын өзгөчө муктаждыктарын канааттандырууга багытталган атайын иш-чараларды жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына (СЭӨП) киргизүүнүн жыйынтыктарына арналган. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын өкмөттүк эмес уюмдары бул жааттагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү, алар ЖДККЖ Долбоорунун колдоосу алдында 2020-жылы долбоордун максаттуу муниципалитеттери менен СЭӨПтүн социалдык жана гендердик сезимталдыгын жогорулатуунун үстүнөн иш алып барышты.

“Элеттик жашоо” коомдук бирикмесинин, “Аялдардын тынчтык банкы” Коомдук фондунун жана “Лидер” Жарандык демилгелер борбору” Коомдук бирикмесинин өкүлдөрү бир нече муниципалитеттерде иштешип, ЖӨБ органдарына аялдардын жана аялуу топтордун муктаждыктары менен керектөөлөрүнө багытталган иш-чараларды СЭӨПга кошууга жардам беришкен. Мисалы, Бөрү-Баш АӨ ата-энеси компьютер сатып ала албаган окуучулар үчүн мектепти компьютер менен жабдууну СЭӨПга киргизди; Каракол АӨ жаштарга мектептен тышкары кошумча билим берүү үчүн спорт секцияларын жана ийримдерин ачууну; Сары-Булак АӨ аялуу топтордун өкүлдөрү үчүн бизнес-инкубатор түзүүнү программага киргизди, анда аялуу катмардагы адамдар окуу курстарынан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат (компьютердик сабаттуулук, туристтик тейлөө ж.б.); Тепке АӨ аялдар топторунун күнөсканалардагы жана парниктердеги ишин, сүттү кайра иштетүүнү колдоп, тигүү цехин ачууга шарт түзүүнү; Талды-Суу АӨ аялуу үй-бүлөлөрдүн жумуш таап, киреше ала турган “Шамбала” туристтик тейлөө комплексин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү СЭӨПга киргизишти.

Коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү COVID-19 пандемиясынын шартында кыйынчылыктарга жана чектөөлөргө карабастан кантип иштешкендигин, кандай олуттуу жыйынтыктарга жете алышканын айтып беришти. Алар муниципалитеттердин СЭӨПсына кандай социалдык жана гендердик мүнөздөмөлөр киргизилгенин көрсөтүштү.

ӨСИнин Башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА “Инклюзивдүү жергиликтүү өнүгүү” темасында презентация жасап, анда “инклюзивдүү” же “баарын камтыган” өсүү жана өнүгүү түшүнүгүн ачып берди, анын маңызы – коомдун көбүрөөк туруктуулугуна жетүү максатында адамдардын ар кандай топторунун ортосундагы теңсиздикти кыскартуу. Ошондой эле ал катышуучуларды СЭӨПнын инклюзивдүүлүгүнүн аудитинин жүргүзүү үчүн жаңы аспаптын концепциясы менен тааныштырды. Бул аспап ЖӨБ органдарына СЭӨПнын инклюзивдүүлүгүн баалоо үчүн, аялуу топтордун эч кимиси көз жаздымында калбашын текшерүү үчүн пайдалуу болот.

Катышуучулар муниципалитеттердин СЭӨПсы кайсы критерийлердин негизинде социалдык-гендердик сезимтал деп таанылышы мүмкүн экенине кызыгышты. Ошондой эле ЖӨБ органдары бул иш-чараларды өз компетенцияларынын чегинен чыкпай ишке ашырышы үчүн СЭӨПдагы иш-чараларды туура формулировкалоо зарылдыгы белгиленди. Мисалы, ЖӨБ органы коммерциялык ишкананы, тактап айтканда, сүттү кайра иштетүүчү цехти түзүүнү пландаштыра албайт, бирок аны түзүүгө көмөктөшсө болот. Сунуш иретинде жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жана социалдык-инклюзивдүү жана гендердик-сезимтал иш-чараларга гендердик маркер деп аталганды (мисалы, 30%) киргизүү сунушу да айтылды. Катышуучулардын көпчүлүгү жергиликтүү деңгээлде социалдык-гендердик сезимтал саясатты жүзөгө ашыруу зарылчылыгы жөнүндө бир пикирге келишти жана бул иштин мыкты тажрыйбаларын башка муниципалитеттер менен бөлүшүүнү уланта берүүнү чечишти.

 

Окшош материалы: