Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Депутаттыкка жол ачылды”: Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан 65 аял жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга даяр

2021-04-05 / ЖДКЖ долбоорунун жаңылыктары
“Депутаттыкка жол ачылды”: Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан 65 аял жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга даяр

2021-жылдын февраль айында 23 жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдар үчүн Лидерлик мектебинде окуудан өтүштү. Бул окууга Кочкор-Ата жана Чолпон-Ата шаарларынан 36, ал эми Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан 29 аял катышты. Мектепти “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору уюштурган. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы аркылуу Швейцария өкмөтү каржылап, “Хельветас” уюму жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келет.

Мектептин милдеттерине жергиликтүү кеңештин депутаты болуу тууралуу билимди өткөрүп берүү гана эмес, ошондой эле шайлоого катышуу үчүн практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү, андан тышкары, аялдарда өз күчүнө жана ийгиликтүү депутат боло аларына ишенимди жогорулатуу кирет. Мектеп үч күнгө созулуп, анын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча билим жана практикалык көндүмдөргө ээ болушту: лидерлик сапаттар жана эл менен натыйжалуу байланыш түзүү көндүмдөрү; ЖӨБ органдарынын негиздерин жана системасын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары; жергиликтүү деңгээлдеги шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү; БШКнын талаптарына жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн бөлүнгөн 30% квота, талапкер катары катталуу жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери; шайлоо программасын даярдап, үгүт иштерин жүргүзүү стратегиялары. Мектептеги окутуунун үчүнчү күнүндө катышуучулар шайлоо программаларын жана аларды жүзөгө ашыруу пландарын өз алдынча даярдап, тааныштырышты. 

Абды СУЕРКУЛОВ атындагы музейдин директору, 58 жаштагы Гүлсара КУТТУБАЕВА тренингге Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнөн келген. Гүлсаранын иши көп болгонуна карабастан, ал өз айылындагы аялдардын укугун коргоодо ар дайым жигердүү иш жүргүзүп келатат. Гүлсара КУТТУБАЕВА аялдар кеңешинин төрайымы, мониторинг жана баалоо тобунун төрайымы, ар кандай майыптыгы бар аялдар менен иштешет. Гүлсара “жергиликтүү бийлик аялдардын жана калктын аялуу катмарынын көйгөйлөрүнө жетиштүү көңүл бурбайт, бул маселелерди чечүү үчүн көп жакшы аракет жасабайт” деп эсептегендиктен, депутаттыкка талапкерлигин коюуну чечкен. Гүлсара КУТТУБАЕВАнын айтымында, үч күндүк тренингдин жүрүшүндө алган билими ага депутат болууга жол ачып, шайлоого көбүрөөк ишеним менен катышууга дем берди. 

Катышуучулардын арасында ЖӨБ органдарына катышуу укугун колдонууда өзгөчө тоскоолдуктарга туш болгон кыз-келиндер да болду. Аялдардын көпчүлүгү коомдо “саясат аялдар үчүн эмес” деген туура эмес көз караш калыптанып калганын белгилешти. Мындан да жаманы, аялдардын саясатка катышуусуна каршы болгондор адамдын жаш курагын чектөө, кемчилик катары карашат. Болгондо да алар жаштыкты да, карылыкты да кемчилик деп эсептешет. Айталы, алар билимдин жана тажрыйбанын жетишсиздигин шылтоолоп, жаштарды саясаттан четтетүүгө аракет кылышат, ошол эле кезде “улгайган аялдар жаштарга жол берип, неберелерди багып, үйдө отурушу керек” дешет. Аялдарды колдоп, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюуну суранган күндө да, аялдар өзүлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн жана билиминен күмөн санашат.

Бирок коркуу сезимдерин жана күмөн саноолорду жеңип, кайраттуу чечимдерди кабыл алган аялдар да аз эмес. Мисалы, Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын тургуну, 28 жаштагы Эльнура КАРАБЕКОВА документтерин аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) ийгиликтүү тапшырып туруп, тренингге келген. 

Катышуучулардын арасында Бүргөндү айыл өкмөтүнөн келген өзбек улутунун өкүлү Мовлуда ХАЖИМАТОВА дагы болду. Окуунун соңунда ал лидерлик сапаттарга, ЖӨБ органдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерди түзүү процесстерине байланыштуу абдан пайдалуу билим алганын белгиледи: “Тренингдин аягында тесттен өткөндө жаңы билимди өздөштүргөнүмө ынандым. Окуунун башында тапшырган тесттен айырмаланып, тренингден кийин бардык суроолорго туура жооп бере алдым. Жергиликтүү кеңешке барсам, жаштардын Бишкекке жана Орусияга агымын токтотуу үчүн аларга жумуш орундарын түзүү боюнча маселени көтөрүп чыгам”. 

Баса, Бүргөндү ААда 10 470 адам жашайт, алардын 6 749у өзбек улутунун өкүлдөрү. Жергиликтүү кеңештин азыркы чакырылышында 21 депутаттын бешөө өзбек улутунун өкүлдөрү, бирок алардын арасында бир да аял жок.

Мектептин катышуучулары өздөштүргөн көндүмдөр, бири-бирине дем берип, шыктандырганы аялдарда өзүнө болгон ишенимди жаратып, аларды “шайлоого сөзсүз катышам” деген чечим кабыл алууга түрттү. Катышуучулардын бири элеттик аялдар көпчүлүк учурда маалыматка ээ болбогонун, жергиликтүү бюджетти билбегенин, финансылык сабаттуулугу ойдогудай эместигин, мындан улам жергиликтүү деңгээлдеги тийиштүү процесстерге катышууда кыйналышарын белгиледи.

Октябрь ААдан келген Кыял АСАНАЛИЕВА элеттиктердин жашоо деңгээли аны депутаттыкка талапкерлигин коюуга түрткү болгонун айтты: “Мен Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштейм. Шаарда иштегениме карабастан, өмүр бою айылда жашап келатам. Айылдын, айрыкча аялдардын жашоосу начарлап бараткан көрүп, кырдаалды өзгөртүүгө салымымды кошуу максатында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына өз талапкерлигимди коюуну чечтим. Мен аялдар жоопкерчиликтүү, тартиптүү жана баштаган ишин аягына чыгарат деп эсептейм. Алар ар бир көйгөйдү лупадан карагандай көрүп, көпчүлүктүн көз жаздымында калган нерселерди байкап, маселелерди ийгиликтүү чечишет. Ошондуктан, аялдар сөзсүз түрдө жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышууга тийиш”.

Мектептин жүрүшүндө аялдар тажрыйба алмашышты, практикалык тапшырмаларды жигердүү аткарышты, ошондой эле шайлоо процесси боюнча суроолорун беришти. Тренинг учурунда жергиликтүү кеңештерге талапкер болуп катталган беш катышуучу АШКга маалымат сурап кайрылганда кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып беришти. Мектептин тренерлеринин жана уюштуруучуларынын жардамы менен катышуучулар БШКнын талаптары, атап айтканда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө каржылык камсыздоо, шайлоо фондунан акча каражаттарын пайдалануу, ошондой эле депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн талап кылынган документтерди чогултуу маселелери боюнча актуалдуу суроолорго жооп алышты.

Тренингдин акыркы күнүндө катышуучулар Аялдар үчүн лидерлик мектеп жөнүндө пикирлерин калтырып, мектептин программасынын мазмуну алардын үмүтүн ашыгы менен актаганын белгилешти. Катышуучулардын арасында бир нече депутат да болду, алар өз кезегинде көптөн бери депутат болгонуна карабастан, мындай терең билимге ээ эместигин моюнга алышты. Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Айнура ӨМҮРКАНОВА тренингдин уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип, буларды айтты: “Мен Октябрь жергиликтүү кеңешинин 21 депутатынын арасында жалгыз аялмын. Жаңы депутат болуп келгенде эч ким бизди окуткан эмес, Жергиликтүү кеңешке депутаттардын ишмердүүлүгү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жөнүндө эч кандай маалыматы жок келгенибизге карабастан, иш процессинин жүрүшүндө билим алып, мыйзамдар менен өз алдынча таанышып чыкканбыз. Мен үчүн андай билимдин жоктугу айрым бир жыйынтыктарга жетүүдө тоскоолдук болду. Бирок бүгүн, үч күндүк тренингден кийин, мен эл менен натыйжалуу байланыш түзүү, шайлоо өнөктүгүн өткөрүү эрежелери (мыйзамдарды бузбастан) жөнүндө билим алдым деп ишенимдүү айта алам. Мен үчүн жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү, эл өкүлү катары депутаттын статусу жана ыйгарым укуктары эң маанилүү темалар болду”.

Мектептин уюштуруучуларынын жардамы тренингден кийин да токтоп калган жок, катышуучуларга консультациялык жардам түрүндө колдоо көрсөтүлүүдө.

 

Окшош материалы: