Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин текшерүүнү ОПТИМАЛДАШТЫРУУ БОЮНЧА Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин

2015-03-16 / Көңүл чордонунда

Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрайымы Н. НИКИТЕНКО Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы К. БОКОЕВ

 
Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашыруу боюнча контролдук иш-милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөндөгүнү белгилейт:
 
мамлекеттик органдар тарабынан болгон текшерүүлөрдүн системалуу эместиги жана кайталанма текшерүүлөрдүн санынын көптүгү,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүнүн жүрүшүнө бир жактуу регламенттөөчү тартиптин жоктугу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бейөкмөттүк уюмдардын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин текшерүүнү оптималдаштыруу боюнча Коомдук технологиялар борбору менен өнөктөштүктө «Өнүктүрүү саясат институту» мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн материалдарын иликтеп, ошондой эле профилдик Комитеттердин биргелешкен жыйынында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди угушуп, чечти:
 
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин текшерүүнү оптималдаштыруу боюнча Коомдук технологиялар борбору менен өнөктөштүктөгү «Өнүктүрүү саясат институту» мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн материалдары эске алынсын (тиркелди).
  • Бул маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
  • Бул маселени талаптагыдай мыйзамдык жөнгө салуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин текшерүүнү оптималдаштырууга багытталган зарыл ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу максатында аталган иликтөөнүн материалдарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 2014-жылдын 25-ноябрындагы (2014-жылдын 03.12деги кир.№ 6-29698/14) чечими менен түзүлгөн жумушчу топтун кароосуна берилсин.

Бул маселени талаптагыдай мыйзамдык жөнгө салууга чейин сунушталсын:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин пландуу жана плансыз текшерүүнү жүзөгө ашыруучу өзүнө баш ийген Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун иштерин оптималдаштырсын жана анын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин текшерүүнүн жолжоболорун тартиптештирүүгө багытталган тиешелүү актыны кабыл алсын.
  • Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Эсептөө палатасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин прокуратура органдары жана Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмчөлөрү тарабынан текшерүү жүргүзүүнүн жол-жоболорун тартиптештирүүгө багытталган тиешелүү актыны кабыл алсын.
  • Ушул Чечимдин кабыл алынышына байланыштуу Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 2014-жылдын 25-ноябрындагы чечими менен түзүлгөн жумушчу топтун ишинин мөөнөтү 2015-жылдын 25-апрелине чейин узартылсын.
  • Ушул Чечимдин көчүрмөсү төмөндөгүлөргө жөнөтүлсүн: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө; Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына; жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө.

Окшош материалы: