Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эмне үчүн ЖӨБ органдары коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенбеши керек?

2018-03-02 / Көңүл чордонунда
Эмне үчүн ЖӨБ органдары коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенбеши керек?

Өнүктүрүү саясат институтунун, ЖӨБ Союзунун, ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө; Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына; өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө жана алардын долбоорлоруна КАЙРЫЛУУСУ ЖӨБ органдарынын коммерциялык уюмдарды түзүү практикасы (жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатын көздөгөн муниципалдык ишканаларды кошпогондо) мамлекеттик башкаруунун азыркы принциптерине, рынок экономикасына, мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн позициясына карама-каршы келет.

Соңку бир нече жылдан бери ЖМКда тигил же бул ЖӨБ органы коммерциялык уюм ачып жатканы тууралуу бир нече кабар чыкты. Өнүгүү боюнча көптөгөн эл аралык өнөктөштөр, донорлор жана алардын долбоорлору ЖӨБ органдарына жарандарга мисалы, айыл чарба чөйрөсүндөгү коммерциялык кызматтарды көрсөтүүнү сунуштап келишет. Ошону менен бирге бул фактылар оң маанайдагы практика катары тартууланат – бул муниципалитеттерге кошумча киреше таап, дотациядан чыгып, жумушчу орундарды түзүп, жакырчылыктын деңгээлин азайтып, зарыл болгон кызмат көрсөтүүнү түзүүгө ж.б. жардам берет дешет. Чындыгында бул мамлекеттик башкаруунун заманбап принциптерине, рынок экономикасына, мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн позициясына карама-каршы келген жарабаган практика.

Мамлекеттик башкаруунун заманбап принциптерине карама-каршылык

Кыргыз Республикасы заманбап “тейлөөчү” мамлекетти куруп жатат. Мындай мамлекеттин принциби – ал ишмердүүлүк менен гана алектенип, жеке сектор бере албаган же катуу мамлекеттик жөнгө салууну жана мамлекеттик көзөмөлдү талап кылган коомдук кызматтарды гана көрсөтөт. Мамлекеттик чек араны коргоо функциясын жеке секторго өткөрүп берүүгө болбойт. Кыргызстандын бүтүндөй аймагында ичүүчү сууга же электр энергиясына жеткиликтүүлүктү көзөмөлдөш керек. Жарандардын жеке орто билим берүү үчүн жөндөмдүүлүгүнө же жөндөмсүздүгүнө карабастан бардыгы үчүн орточо билим берүүнү камсыз кылуу өтө зарыл. Бирок талааны айдап, нан бышырып, шым тигип же ресторанда тейлөө менен алектенүүгө мамлекеттин зарылчылыгы жок. Мунун баары – кызмат көрсөтүүлөр, аларды жумушчу орундардын негизги бөлүгүн түзгөн жана улуттук байлыктын бир кыйла үлүшүн чыгарган жеке сектор алектене алат жана ал муну жасашы керек.

Азыр эч ким четке кагууга аракет кылбаган бир аксиома бар – мамлекет бизнес менен өзү алектенбеши керек. Мамлекет атаандаштык чөйрөсүн коргоо менен ишкерликти өнүктүрүү үчүн шарттарды гана түзүп берүүгө тийиш. ЖӨБ органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген мамлекеттик бийлик системасынын бир бөлүгү болуп саналат. Ишкер катары рынок экономикасына кийлигишпөө принциби ЖӨБ органдарына да толук тиешелүү. Бул жерде “кийлигишпөө” деген түшүнүк экономикалык өнүгүүнү жөнгө салуунун жоктугун эмес, мамлекеттин коммерциялык ишке тикелей катышпоосун билдире турганын түшүнүү маанилүү. Экономикалык өнүгүүнүн деңгээли түрдүү болушу ыктымал жана бул жерде биз карай турган предмет эмес. Мындан тышкары мамлекетте өзгөчө кадыресе монополияларга карата тикелей экономикалык функциялары да бар.

Бүгүнкү күндө ЖӨБ органдары кандай ишканаларды түзүп жатышат? Наабайканаларды, ресторандарды, балык жана эт цехтерин, жыгач иштетүүчү жана кыш куюучу устаканаларды, машина-трактор станцияларын жана башкаларды ачууда. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасында ЖӨБ органдарынын коммерциялык уюмдарды түзүү практикасы көрсөткөндөй, ЖӨБ органдары чакан жана орто бизнес өзү деле жасоого жөндөмдүү болгон тамак-аш өндүрүшү жана кызмат көрсөтүүлөр менен алектенип жатышат. Бул болсо ЖӨБ органдары чакан жана орто бизнес чөйрөсүнө тикелей кийлигишип жатат дегенди билдирет.

Бул эмнеге алып келет, кесепеттери кандай болот?

Кесепеттерин билүү үчүн “макул” болгон жүйөлөрдү мындай коммерциялык ишмердүүлүктөн пайда болгон реалдуу эффект менен салыштырып көрүш керек. Мисалы, көпчүлүк айыл өкмөт башчылары мындай бизнес жергиликтүү бюджеттерге өз алдынча акча “таап”, дотациядан чыгууга жардам берээрин айтышат. Дотациядан кеп кылалы. Дотация же теңдештирүүчү грант – бул мамлекеттеги бюджет аралык мамилелердин саясатынын натыйжасы. Бул саясат мындайча түзүлгөн – мамлекет адегенде аймактардан дээрлик бардык салык кирешелерин алат, андан соң аларды кайра региондорго дотация же теңдештирүүчү гранттар түрүндө кайтарып берет. Ошондой эле ЖӨБ органдары кандай гана аракеттерди жасабасын, бирок теңдештирүү дайыма болот. Анткени аймактардын экономикалык потенциалы айырмалуу жана дайыма айырмаланып турат: он миңдеген адамдар жашаган, өрөөн боюнда орун алган, соода жана өндүрүш жигердүү өнүгүп жаткан айылды эки миңге жакын адам жашаган, соода жүрбөгөн жана эч кандай өндүрүшү болбогон чакан тоолуу айыл менен эч качан салыштырбаш керек. Эми “акча табуу” жөнүндө сөз кылсак. Бир нече ишканага жасалган анализ көрсөткөндөй1, мындай ишканалар кирешелүү болбойт, жергиликтүү бюджеттен дотацияланат, киреше эмес, чыгаша беренесине айланат. Мисалы, жөнөкөй эсептер көрсөткөндөй, алыскы аймактын жергиликтүү бюджетинен ресторандын курулушуна деп бөлүнгөн 5 миллион сомдук салымы өзүн актай башташы үчүн бери дегенде 10 жыл талап кылынат. Бирок он жылдан кийин имаратка капиталдык ремонт жасап, жабдууларын жаңыртыш керек жана бул цикл кайрадан башталат. Ошону менен бирге муниципалдык ишканалар жеке ишканалардан айырмаланып, салык төлөөчүлөрдүн акчасын чоң тобокелдикке түртүп жатышат. Себеби жеке ишканалардын кожоюндары өз акчасын инвестициялаганда өзгөчө сак болушат. Жеке бизнестин өз каражаттарын колдонуусу менен ЖӨБ органдарынын салык төлөөчүлөрдүн акчасын пайдаланганы ортосунда айырма өтө чоң. Муниципалдык ишкананын негизги максаты – акылга сыярлык баада жогорку сапаттагы кызматтарды көрсөтүү. Бирок башка артыкчылыктар пайда болгон сайын бул максат улам эстен чыга берет. Муниципалдык ишканалар жергиликтүү өз алдынча башкарууда же мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген таасирдүү адамдардын көрсөтмөсү менен жумушка туугандарды жана тааныштарды ала турганы жашы- руун эмес; мунун баары коррупциянын жогорку тобокелдигине, натыйжанын жоктугуна жана кесиптик шалаакылыкка алып келет.

Кийинки жүйө – коммерциялык кызмат көрсөтүүлөр аркылуу айыл өкмөтү жеке сектор жасабаган же өтө кымбат болгон кызмат көрсөтүүлөргө болгон жарандардын суроо-талаптарын канааттандырат. ЖӨБ органдары айыл чарба техникасын активдүү түрдө сатып ала баштаган акыркы эки жылдан бери өтө мүнөздүү жана популярдуу болгон кийинки мисал буга жооп боло алат. Айыл өкмөтү 400 миң сомго эски эки комбайн сатып алып, эки жылдан кийин алар иштебей калган; жарандар комбайнердин арзан кызмат көрсөтүүлөрүнөн 120 миң сом үнөмдөп калды; жеке комбайнер чыгашага учурады. Ким утту? Эч ким. Баары утулду, ал эми финансы жагынан баарынан да жергиликтүү бюджет жапа чекти. Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү жөнүндө жүйө эч суу кечпейт, себеби жогоруда айтылгандай, ЖӨБ органдарынын мындай коммерциялык демилгелери атаандаштыкты өлтүрүп, чакан бизнести муунтат.

Ошентип, ЖӨБ органдарынын бизнесинин реалдуу кесепеттери төмөнкүдөй болот:

• атаандаштык чөйрөсү талкаланууда, себеби жеке бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшкөндүн ордуна ЖӨБ органдары өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жок кылууда;

• жергиликтүү бюджеттердин каражаттары натыйжасыз сарпталууда, себеби мындай ишканаларда башкаруунун квалификациясы төмөн, уурулуктун жана коррупциянын деңгээли жогору, ишканалар узакка иштеп кете албайт, банкрот болот же менчиктештирилет;

• ЖӨБ органдарынын өз функцияларын атка руу сапаты төмөндөйт, себеби алар өздөрүнө мүнөздүү болбогон иштерди аткарууга кеткен финансылык жана адам ресурстарын алагды кылат;

• теңсиздик жана коррупциянын деңгээли өсөт, себеби ЖӨБ органдарынын жетекчилери бул ишканаларды жеке максаттары үчүн пайдаланышат;

• жарандардын жалпысынан башкаруу системасына болгон ишеним деңгээли түшөт, себеби пайда табууга багытталган мындай ишканалардын коммерциялык мүнөзү жарандарды бардык бийлик системасына карата пикирин өзгөртүүгө түртөт: жарандар бийлик жеке пайда табуу максатында гана иш алып барат деп ойлоно башташат.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршылык

Жогоруда айтылган кесепеттердин баары логика чөйрөсүнө, экономикалык мыйзамдарга жана башкаруу тажрыйбасына тиешелүү болот. Бирок алардан тышкары да колдонуудагы мыйзамдар менен тикелей карама-каршылык да бар. КР Конституциясынын 110-беренесинде айтылгандай, жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүү мүмкүнчүлүгү.

КР Конституциясынын 5-беренесине ылайык, мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикти өз каалоосу боюнча сатып алат, ээлик кылат, пайдаланат жана тескей алышат. Жогоруда айтылган коммерциялык ишмердүүлүктүн чөйрөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер жана ЖӨБ органдарынын өз функциялары болуп саналбайт.

Ошондой эле ЖӨБ органдары мекеме формасында коммерциялык эмес уюмдар түрүндө юридикалык жак катары катталган. Менчик ээси тарабынан башкаруучу, социалдык-маданий же коммерциялык эмес башка функцияларды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн жана ал тарабынан толук же жарым-жартылай каржылануучу мамлекеттик же башка уюм мекеме катары таанылат (КР Граждандык кодексинин 164-беренеси). КР Граждандык кодексинин 85-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн уставындагы максаттарга зарыл болгон өлчөмдө, б.а., аларга жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн гана ишкердик кыла алат. Граждандык кодекстин 84-беренесинин 1-бөлүгү муниципалдык жана мамлекеттик ишканалардын укук жөндөмдүүлүктөрү чектелүү болгонун так көрсөтүп турат. Алар башка коммерциялык уюмдардан айырмаланып, иш жүргүзүүнүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай түрүн ишке ашырууга зарыл болгон жарандык укуктарга жана милдеттерге ээ эмес.

Ошентип, жогоруда айтылгандай, ЖӨБ органдарынын укук жөндөмдүүлүгү Конституция жана мыйзамдар менен аныкталган ыйгарым укуктар менен чектелген. Мунун натыйжасында ЖӨБ органдары өз милдеттерине кирген кызматтарды гана көрсөтүү үчүн муниципалдык ишканаларды түзүүгө укуктуу. Муниципалдык ишканалардын укук жөндөмдүүлүгү ЖӨБ органдарынын компетенциясынын чектери менен аныкталат жана аларга карата экинчи кезекте болуп саналат. Муниципалдык ишканалар ЖӨБ органдарынын функциясынын чегинде түзүлө албайт жана өз ишин жүргүзө албайт. Башкача айтканда, негиздөөчү катары ЖӨБ органдары муниципалдык ишканаларга өз функциясынын чегинен чыккан ишмердикти жүзөгө ашырууга укук бере албайт. ЖӨБ органдары башкаруу органы катары рынокту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт жана ЖӨБ органдарынын милдети болуп саналган кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, рыноктун тикелей катышуучусу боло албайт.

Узак убакыттан бери эксперттер жана эл аралык уюмдар ЖӨБ органдарынын бизнес менен алектенүү мүмкүнчүлуктөрүн негиздеп берүүгө аракет кылып келишти. Бир пикирге келүү үчүн жогоруда келтирилген мыйзамдарга шилтемелер жетишсиз болду.

Ошону менен бирге ЖӨБдүн бизнес жүргүзүүсүн “коргогондор” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 18-беренесинин 1-пунктун негизги жүйө катары бетке кармап келишти. Ага ылайык, жергиликтүү маанидеги маселелерге “тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” кирет. “Аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу” деген сөз айкашы айрым эксперттерге мыйзамдын бул пункту ЖӨБ органдарына бизнес менен алектенүүгө уруксат берет деп ырастоого жол ачты. Жумшак айтканда, бул мыйзамдарды туура эмес түшүнүү жана чечмелөө ал жүйөгө карама-каршы келет. “Камсыз кылуу” деген сөздү экономика чөйрөсүндө бийлик органына карата колдонуу тапшырманы аткаруу үчүн – биз сөз кылып жаткан учурда аймактын экономикалык өнүгүү тапшырмаларын аткаруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү дегенди билдирет. Бул экономикалык ишке тикелей катышуу жана рынок экономикасына кийлигишүү дегенди билдирбейт. Башка бир маселе – жергиликтүү өз алдынча башкаруу экономикалык өнүгүү үчүн кандай шарттарды жана конкреттүү түрдө кантип түзүп бериши керектигин мыйзам чыгаруучу көрсөткөн эмес. Экономикалык өнүгүүдө ЖӨБ органдарынын ролун дагы да так аныктоо – бул жакынкы келечекте жасалчу иштердин бири. Ошону менен бирге дүйнөлүк практика жалпысынан ЖӨБ органдарынын жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө таасир этүү милдеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө – жерлерди жана ресурстарды ачык айкын башкаруу, өз ыйгарым укуктарынын чегинде салык чөйрөсүн жөнгө салуу, инвесторлор жана жаңы ишкерлер үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү ж.б.

Бирок бизнести өз алдынча жүргүзүү жөнүндө сөз да жок! Ошондуктан мыйзамдын бул пунктунун тегерегиндеги талкуулар жасалма мүнөзгө ээ жана эки себептен улам пайда болушу ыктымал: же мамлекеттик жана жалпысынан муниципалдык башкаруу маселелериндеги компетенттүүлүктүн жоктугунан улам; же болбосо мыйзамдын так эместигинен пайдаланып, өзүнүн жеке кызыкчылыктарын чечип алууга умтулгандыктан улам.

Ошондой эле ЖӨБдүн ишкерчилик ролун жактагандар Граждандык кодекске шилтеме жасашууда. Кодекс ЖӨБ органдарына коммерциялык уюм болгон муниципалдык ишкана формасында юридикалык жакты түзүүгө уруксат берет (87, 227, жана 230-беренелер). Бирок Кыргыз Республикасынын Президенти 2018-жылдын 27-январында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюп, бул талаш-тартыштарга чекит койду. Мыйзамда 62-берененин редакциясы өзгөртүлдү, ал ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерден тышкары коммерциялык иш менен алектенүүгө укугу барбы деген суроого так жооп берет. Айталы, 62-берененин 3-пунктуна (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктары”) ылайык, “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн милдеттерине кирген кызматтарды көрсөтүү үчүн муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзөт”.

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жана ЖӨБ органдарынын өз функциясын аткаруу үчүн арналбаган ЖӨБ органдарынын мүлкүнө карата чечим кабыл алуунун алгоритми жана бул мүлктү  тескөө ыкмаларынын мисалдары1

1    Бул таблицада шарттуу, схемалык финансылык сценарийлер келтирилди. Ар бир конкреттүү учурда реалдуу көрсөткүчтөрдү – чыгымдардын баасын, рынок шарттарын, башка жеткирип берүүчүлөрдү ж.б. колдонуп, так эсептерди жүргүзүш керек

Мүлктүн түрү

Мүлктүн багыты, иш жүзүндө кантип колдонулуп жатат?

Мүлктүн функциялары ЖӨБ

органдарынын милдеттерине киреби?

Мүлк ЖӨБдүн өз милдеттерин аткаруусу үчүн гана колдонулса, анда ал рентабелдүү болушу ыктымалбы (өзүн жана амортизациялык чегерүүлөрдү актайбы)?

Мүлктү ЖӨБдүн милдеттерине жараша өзгөртүү

Финансылык сценарийлер1

Чечим

Комбайн

Эгин жыйноо

Жок

Колдонууга болбойт (эгерде буга чейинки суроого жооп “жок” болсо, анда бул сапта дайыма “колдонууга болбойт” деген жооп турат

Жок

Сатуу – чыгым 100 миң сом

 

Иштетпей калтырып коюу – чыгым 400 миң сом

 

Ижарага берүү – чыгым 200 миң сом

Сатуу

Ресторандын имараты

Жеке жана үй-бүлөлүк тойлорду өткөрүү

Жок

Колдонууга болбойт

Ооба, клуб кылып өзгөртсө болот

Клубга айландыруу – бюджеттин чыгымы 500 миң сом

 

Сатуу – чыгым 200 миң сом болот

Сатуу туура чечим болчудай. Бирок жергиликтүү жамаат клубга муктаж болсо жана ЖӨБ органынан клуб ачып берүүнү талап кылып жатса, ресторанды клубга айландырууга болот.

Чиркегичи бар трактор

Жарандар үчүн жүк ташуу, короолордо чарба иштерин аткаруу

Ооба, сөз коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу жүрүп жатса

Жок, калкка акыга кызмат көрсөтүүнү уюштуруу зарыл (жарым-жартылай ижарага берүү)

Талап кылынбайт

ЖӨБдүн менчигинде калат – күтүүгө кеткен чыгаша жарым- жартылай ижарага берүүдөн түшкөн киреше менен жабылат.

 

Сатуу – амортизациялык эмес баасынын ордун толуктоо

ЖӨБ органдын менчигинде кала берет, бирок жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө колдонулат.

Жарандарга кызмат көрсөтүүдө жарым-жартылай ижарага берилет.

Наабай- кана

Нан жана кондитердик азыктардын өндүрүшү

Жок, бирок арзан нанга муктаждар бар, жергиликтүү кеңештин чечими менен аларга тамак- аштан жардам

көрсөтүлүш керек. Ошондой эле мектептер да арзан баада нанга муктаж

Колдонууга болбойт

Жок

Сатуу – наабайкананы ачууга кеткен чыгымды толуктоо

 

Ижарага берүү – амортизацияны, соңунда чыгымдын ордун толуктаган чакан киреше

 

Иштетпей калтырып коюу

– жабдуулар эскирип, аны кайтарууга чыгымдар кетет.

Атаандаштыктын негизинде сатуу (менчиктештирүү). Колу жукалардын жана мектептердин арзан нанга муктаждыгын канааттандыруу үчүн аутсорсинг колдонулат: колу жукалар үчүн арзан баа боюнча нан алууга талондор, мектептердин ашканалары үчүн нанды жеке бизнестен алуу  үчүн мамлекеттик сатып алуулар же мектептерге нан бышыруучу жабдуу сатып берүү

 

 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн позициясына карама-каршылык

Соңку эки-үч жылдан бери КР Өкмөтүнүн облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары машина-трактор станцияларын (МТС) ачууга мажбурлап жатышканы тууралуу ЖӨБ органдарынын жетекчилеринен кабарлар түшүүдө. Мамлекеттик бийлик органдары КР Өкмөтүнүн чечимине шилтеме жасап жатканы белгилүү болду. Аталган мамлекеттик органдар менен кеңешмелерде МТС түзгөндөн тышкары, ЖӨБ органдарынын ишмилдеттеринин алкагынан чыккан кандайдыр бир коммерциялык муниципалдык ишканаларды түзгөн ЖӨБ органдарынын жетекчилери мактоо угуп, шыктандырылып жаткан имиш. Ал эми муну жасай албаган же жасагысы келбеген жетекчилерге жаза-чара колдонулуп жатканы айтылды. Бирок чындыгында ушундай болуп жатабы же жокпу – анык маалыматтар жок. Бирок кандай болгон күндө да бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн позициясын жеткирип коюуну туура көрдүк.

Бул позиция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №107-р Тескемесинде ачык көрсөтүлгөн. Анда “элеттик товар өндүрүүчүлөргө өз убагында жана сапаттуу механизацияланган кызматтарды көрсөтүү, лизингди өнүктүрүү, агрардык тармакты жаңылоо жана техникалык жактан модернизациялоо максатында” ЖӨБ органдарына муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага берүү же сатуу, зарыл инфраструктураны колдоо жолу менен бул процесске көмөк көрсөтүү сунушталган.

Өкмөттүн бардык тескемелеринде коммерциялык муниципалдык ишканаларды түзүү жөнүндө бир да сөз жок! Мындай болушу да мүмкүн эмес, себеби бул мыйзамсыз, логикага сыйбаган жана зыяндуу практика! Жер-жерлерде бул тескемени башкача чечмелеп, кеңейтиши ыктымал болсо, анда бул башка маселе. Бирок бул үчүн бардык жоопкерчилик ЖӨБ башчыларына жүктөлгөн, алар өздөрү тескемелерди жана мыйзамдарды окуп чыгып, аларды сакташы керек. МТСти, ресторанды же тигүүчү цехти ачуу тууралуу чечим эмнеге негизделгенин прокуратура органдарына түшүндүрүү кыйын болот.

Донорлордун, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн жана алардын долбоорлорунун назарына! Консультанттардын жоопкерчилик прицниптерине карама-каршылык

Консультанттардын өз кардарлары алдындагы эл аралык коомчулук тарабынан таанылган, жазылган жана жазылбаган жоопкерчилик принциптери бар. Жооптуу консультанттардын маанилүү принциптеринин бири – кардарга зыян тийгизиши мүмкүн болгон кеп-кеңештерди бербөө. Тилекке каршы, күнүмдүк ишинде долбоорлор дайыма эле бул принципти сактай бербейт. Себеби долбоордун максаттары жана милдеттери артыкчылыктуу болуп, принциптер экинчи планга жылып калат. Кээде долбоорлор билбестиктен же купуя максаттарынан улам коммерциялык ишкананы ачууга жардам берүүнү талап кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетегинде калышат. Мисалы, айыл өкмөт башчы калкка комбайн же башка айыл чарба техникасы өтө зарыл деп долбоорду ынандырат. Долбоор мындай техниканы сатып алууга макул болуп, өз чечимин жамааттын керектөөсү менен негиздейт. Ошону менен бирге долбоор да, ЖӨБ органы да көп өтпөй пайда болушу ыктымал жогоруда сүрөттөлгөн кесепеттерге маани бербей калат. ЖӨБ органынын жетекчисине карата мындай позиция түшүнүктүү – алардын айрымдары кызматта турган учурда же атүгүл алдыдагы отчеттук мезгилдеги кызыкчылыктарын гана ойлошот. Бирок эл аралык долбоорлор үчүн мындай чечимдерди кабыл алууга уруксат берилбейт, себеби алар көптөгөн объективдүү прин- циптерге жана жогоруда сүрөттөлгөн факторлорго карама-каршы келет.

Ушундан улам суроо жаралат: эгерде мындай жардам көрсөтүлүп калса, анда мындан ары эмне кылыш керек? Эгерде ЖӨБ органы донорлордон жана алардын долбоорлорунан өз милдеттеринин чегинде колдонулбай турган жана колдонулбашы керек болгон мүлктү алып койсо эмне кылыш керек?

Мыйзамсыз ачылган ишканаларды жана ЖӨБ органдарынын милдеттеринин чегинде мыйзамдуу түрдө пайдаланууга болбой турган мүлктү эмне кылыш керек?

Кайрылуунун авторлору Кыргыз Республикасынын аймагындагы дээрлик бардык ЖӨБ органдары менен иштешип жүрүп, мыйзамсыз коммерциялык ишканаларды түзүү жана ЖӨБ органдары өз милдеттеринин чегинде колдонууга укугу болбогон мүлктү сатып алуу көрүнүшү кеңири жайылганын билишет. Ошондой эле прогрессивдүү жана жоопкерчиликтүү ЖӨБ органдары кырдаалды кантип жөнгө салып, санкциялардан жана куугунтуктан кантип оолак болуш керек деген суроолорду өздөрүнө узатып келишкенин да билишет. Буга жооп катары уюмдардын адистери – бул кайрылу- унун авторлору мүлктүн тигил же бул түрүнө карата чечим кабыл алуунун алгоритмин, сунуштамаларды иштеп чыгышты. Ар бир конкреттүү учурду карап чыгуу үчүн бир катар суроолорго ырааттуу жооп берип, зарыл болгон, мыйзамдуу жана ыктымал чечим тууралуу логикалык тыянакка келиш керек. Төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөндөй, мүмкүн болсо мүлктүн түрүнө жараша аракеттениш керек.

Мисалы, айыл өкмөтүнүн менчигинде эгинди оруп-жыйноочу комбайн бар дейли. Суроо бериш керек: бул комбайн кандай функцияларды аткарат? Жооп – дан өсүмдүктөрүн жыйнайт. Кийинки суроо: бул иш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциясына киреби? Жооп: Кирбейт. Суроо: бул мүлктү жергиликтүү маанидеги кандайдыр бир маселени чечүү үчүн колдонууга болобу? Жооп: болбойт. Суроо: Бул мүлктү эми эмне кылыш керек? Сатыш керекпи? Ижарага бериш керекпи? Эч колдонбой таштап салыш керекпи? Иш-аракеттердин вариантын тандап алуу үчүн финансылык сценарийлерди карап чыгып, эсептеп, чечим кабыл алуу зарыл. Комбайнге карата айта турган болсок, эң туура чечим – аны сатыш керек. Мындай жол менен мүлктүн ар бир бирдигин карап чыгуу зарыл, бирок мүлктүк комплекстерди чогуу караса да болот. Төмөндөгү таблицада Кыргызстанда эң кеңири жайылган мисалдар келтирилген. Көпчүлүк учурларда ЖӨБ органы зыянга учурай турганын түшүнүү зарыл. Бул бизнести ачуу жөнүндө башында кабыл алынган туура эмес чечимдин кесепети болуп саналат. Бирок жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү бюджет үчүн да, ЖӨБ органдарынын жетекчилери үчүн да пайда болчу башка кесепеттерге салыштырмалуу, мындай чыгымдар – эң жеңил жол. Ал эми донордук жардам берген долбоорлор мындай чечимдер жергиликтүү бюджет үчүн терс финансылык кесепеттерди жарата турганын эстен чыгарбашы керек.

Финансылык сценарийди эсептеп чыгуу үчүн финансисттердин жана көрсөтүлгөн чөйрөнү жакшы билген эксперттердин аракеттери жана билими талап кылынат.

Корутунду

Сөз соңунда кайрылуунун авторлору төмөнкүлөргө үндөйт:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүсүнө байланышпаган коммерциялык ишмердүүлүгүнө карата дагы бир жолу өз позициясын так билдириши керек жана өз саясатын бул позицияга ылайык жүргүзүшү керек;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн милдеттерине кирген кызмат көрсөтүүлөргө байланышпаган ишкердик ишинин мыйзамсыз жана зыяндуу практикасын токтотушу керек жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында колдонууга мүмкүн болбогон жана жергиликтүү бюджеттен жүйөсүз чыгашаны талап кылган мүлккө карата туура чечим кабыл алууга тийиш; прокуратура органдары муниципалдык ишканаларды түзүүдө ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарын так аныктаган мыйзамдын күчүнө киргенине көңүл бурушу керек (2018-жылдын 27-январындагы редакциядагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 62-беренесинин 3-пункту);

эл аралык жана эксперттик жамаат терс укуктук жана финансылык кесепеттерди жарата турган мыйзамсыз жана натыйжасыз коммерциялык кызмат көрсөтүүлөргө жана коммерциялык өндүрүшкө багытталган консультацияларды, техникалык жана финансылык жардамдарды ЖӨБ органдарына берген учурларды болтурбашы керек; жетишкендиктери тууралуу гана эмес, каталары жөнүндө да маалыматты жайылтуу менен, өз ара маалымат алмашууну жакшыртышы зарыл; долбоорлордун дизайнын иштеп чыгуу баскычында, ошондой эле аларды аткаруунун жүрүшүндө, өзгөчө техникалык жардам берүү бөлүгүндө төмөнкүлөр менен консультацияларды жүргүзүшү керек:

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн позициясын жана керектөөлөрүн тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен;

• жамааттардын керектөөлөрүн жана мыйзамдардын талаптарын тактап алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу менен.

Окшош материалы: