Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аймактык башкаруу жана өнүгүү: өнүгүүнүн административдик- буйрук берүүчү жана прогрессивдүү жолу ортосундагы тандоо

2018-04-03 / Көңүл чордонунда
Аймактык башкаруу жана  өнүгүү: өнүгүүнүн административдик- буйрук берүүчү жана прогрессивдүү жолу ортосундагы тандоо

2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен жөн жеринен жарыяланган жок. Өндүрүш деңгээли, жашоо сапаты, жарандардын өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрү ортосундагы чоң аймактык ажырымдар Кыргызстандын экономикалык, саясий жана социалдык бүтүндүгүнө коркунуч жаратууда.

Коомдун бардык катмары, башкаруу системасынын бардык бөлүктөрү көйгөйдү тигил же бул деңгээлинде түшүнүп жатышат. Бирок ошол эле маалда бул көйгөйдү ар ким өзүнүн көз карашынан баалоодо. Бул болсо ошол адамдын жеке турмуштук тажрыйбасы, билими, кызматы, жеке максаттары жана башкалар менен шартталган.
 
Регионалдык өнүктүрүү деп эмнени эсептесе болот жана муну кантип башкаруу керек деген маселеде бирдей түшүнүк өлкөдө жок. Бирок мындай түшүнүктүн башкаруу системасында, чечим кабыл алган адамдарда жоктугу баарынан оор маселе болуп турат. Ошондуктан регионалдык саясатты иштеп чыгуу бөлүгүндө КР Президентинин Жарлыгын ишке ашырууда алгачкы кадам – мазмунун туура белгилеп алуу, биз регионалдык өнүгүү деп эмнени эсептей турганыбызды, алдыга кандай максаттарды жана тапшырмаларды коюп жатканыбызды аныктоо.
 
Ошондон кийин гана аймактарды өнүктүрүү саясатын ишке ашыруунун ыкмаларын жана формаларын аныктап алуу мүмкүн болот. Бул макала ошол суроолорго жооп берүүгө аракет жасайт. Макала соңку тыянак деген макамды талашпайт жана бардык жерде колдонулчу рецепттерди сунуштаган жери жок. Бирок эксперттерди жана саясатчыларды ушул багытта ой жүгүртүп көрүүгө түртүшү толук ыктымал.
 
Регион – бул окшош жана бири-бирин толуктап турган, өзүнүн ички жана тышкы байланыштарына ээ болгон аймактардын (муниципалитеттердин) бирикмеси. Регион пландоо, конкреттүү чөйрөдө же бир нече чөйрөлөрдүн (темалардын) жыйындысында таасир тийгизүү объектиси болуп саналат. Региондун “темасына” жараша алардын аймактык чек аралары дал келбеши мүмкүн. Бир эле маалда регионалдык маселелер боюнча жетиштүү башкаруу системасы болушу мүмкүн жана жалпы өлкөлүк башкаруу системасынын бир бөлүгү болуп саналат.
 
Литвадагы регионалдык саясаттын максаттары:
 
1) Литва Республикасынын аймагын тегиз өнүктүрүү;
 
2) Литванын бардык аймактарында тең баалуулуктарга негизделген мыкты жашоо шарттарын түзүү максатында жашоо, иштөө жана эс алуу үчүн адекваттуу, сергек жана гармониялуу чөйрөнү түзүү;
 
3) калктуу конуштарды жана инфраструктура системаларын өнүктүрүү саясатын түзүү;
 
4) “жерлерди резервге калтыруу” – калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн аймактарды аныктап алуу;
 
5) жаратылыш ресурстарын, табигый жана маданий мурастарды, рекреациялык ресурстарды коргоо, рационалдуу колдонуу жана калыбына келтирүү;
 
6) экологиялык тең салмактуулукка колдоо көрсөтүү же аны калыбына келтирүү;
 
7) жеке жана юридикалык жактардын же алардын топторунун кызыкчылыктарын, ошондой эле аймактарды жана жер участокторун пайдалануу шарттарына карата, аймактагы ишмердүүлүктүн түрлөрүнө карата да коомчулуктун, муниципалитеттердин жана мамлекеттин кызыкчылыктарын үндөштүрүү;
 
8) социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн инвестицияларга дем берүү үчүн. КРдагы регионалдык саясаттын болжолдуу максаттары
 
  •  Өлкөнү өнүктүрүүдө моночордончул каркастын ордуна поличордончул каркасты түзүү – бул туруктуу өнүгүүнүн альфа жана омегасы. Поличордончул өлкөлөр аша чаап кетип, атүгүл мамлекеттүүлүктүн маңызын жоготуп алышы ыктымал. Айталы, калктын баары бир мегаполисте топтолуп, ал эми калган аймактар ээнсиреп, деградация боло баштайт.
  • Балансталбаган аймактык өнүгүүнүн тобокелдиктерин азайтуу. Ошол эле поличордончул миграция, аймактын бүтүндүгүнүн чабалдыгы, пауперизация жана экстремизм өңдүү терс кесепеттердин жана көрүнүштөрдүн бара-бара көбөйүшүнө сөзсүз алып келет.
  • Аймактардын жыйындысынын атаандаштыктарынын артыкчылыктарын ишке ашыруу (мультипликативдик эффект), себеби көптөгөн административдик-аймактык бирдиктер эффективдүү өнүгүү үчүн потенциалга ээ эмес. Бирок потенциалдарды бириктирген учурда алардын алдында жаңы горизонттор ачылууда.
  •  Жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Эгерде өлкө, мисалы, Индия жана Кытайдагыдай өндүрүштүк күчтөрдү жайгаштырууга карата бир кыйла поличордончул позицияда болсо, анда жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк бүтүндөй аймактарда бирдей камсыз кылынышы үчүн кам көрүүгө кезек жетет. Тарыхый жактан алганда көптөгөн өлкөлөр бул тууралуу экономикалык поличордончулукту түзгөндөн кийин гана ойлоно башташты. Бирок башкаруу тармагында өз убагында алынган билим саясатчыларга бул процесстерди бир эле маалда баштоого жол ачат.
  • Мамлекеттик инвестициялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу. Бул тапшырманы да жогоруда айтылгандар менен параллелдүү чечиш керек. Себеби ал көбүрөөк практикада колдонулуучу мүнөзгө ээ. Бирок мамлекет жана анын башкаруу органдары үчүн ал чоң саясий жана социалдык мааниге ээ. Ошондуктан ыктымал максаттардын бири катары келтирилди.

Уландысы:

/upload/file/Aimaktkonygyy.pdf

/upload/file/komplekstyyplandoo.pdf

/upload/file/KRregiononygyy.pdf  

/upload/file/onygyy.pdf /upload/file/tizme.pdf

____________________________________________________________________________

Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) башкаруу төрайымы; “КР ЖӨБ Союзу” ЮЖБ атынан Өмүрбек АЛМАНБЕТОВдун, Кадыралы ИМАНОВдун, Айнура ЧАНДЫБАЕВАнын, Нуржан КОЖОШЕВАнын; ошондой эле ӨСИнин эксперттери Асель БЕКТЕНОВАнын, Бекболот БЕКИЕВдин, Бектурган ОРОЗБАЕВдин катышуусу менен