Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ Союзунун Башкаруусунун жыйыны

2018-03-06 / Көңүл чордонунда

2018-жылдын 21-февралында Бишкек шаарында КР ЖӨБ Союзунун Башкаруусунун кезектеги жыйыны өттү. Ага Башкаруунун мүчөлөрү жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында үч маселе каралды:

• КР ЖӨБ Союзу уюмдун мүчөлөрү үчүн берген кызмат көрсөтүүлөрдүн Тизмегинин долбоору жана 2018-2020-жылдар мезгилине КР ЖӨБ Союзунун Финансылык туруктуулук планынын долбоору;

• муниципалитеттердин кызыкчылыктарын улуттук деңгээлде коргоо механизмдери, мыйзамдарды түзүүдө жана башка чечимдерди кабыл алууда макулдашуу процессинин механизмдери;

• 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө КР Президентинин Жарлыгына карата КР ЖӨБ Союзунун сунуштары.

Үч маселе боюнча КР ЖӨБ Союзунун аткаруучу директору Алманбетов Өмүрбек Бадыевич билдирүү жасады.

Алдыга коюлган маселелерди талкуулоонун жана карап чыгуунун натыйжасында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

КР ЖӨБ Союзунун финансылык туруктуулугу боюнча Союздун туруктуу кирешелеринин өсүшү боюнча сунуш кылынган үч сценарийдин ичинен Базалык сценарий аныкталды. Ага ылайык, 2018-жылы мүчөлүк салымдарды чогултуунун  салыштырмалуу төмөн пайызы болот, бара-бара орточо жана ири эмес төлөөчүлөр категориялары боюнча өсө берет. КР ЖӨБ Союзу өз мүчөлөрү үчүн (айыл өкмөттөрү жана шаарлардын мэриялары) берген кызмат көрсөтүүлөрдүн Тизмеги бекитилди.

2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө КР Президентинин Жарлыгына карата КР ЖӨБ Союзунун сунуштары жалпысынан жактырылды жана Башкаруу мүчөлөрүнөн түшкөн сунуштарды эсепке алуу менен биротоло иштелип чыгат.

Мыйзам чыгаруу ишине катышуу жана ЖӨБдүн кызыкчылыктарын коргоо

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары, мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ассоциациялары жана жергиликтүү жамааттардын бирлештиктери менен консультацияларды жана талкууларды өткөрөт.

Узак мезгил бою практикада бул норма айрым учурларда гана иштеп келген. Акыркы жылдары КР ЖӨБ Союзу КР Өкмөт Аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун иш-чараларында болочоктогу чечимдерди талкуулоого жигердүү катышып келатат.

Жасалган иштердин жыйынтыктары боюнча, мамлекеттик органдар КР ЖӨБ Союзунун эксперттик тыянактарына мурдагы да дыкат көңүл буруп, КР Өкмөтүнүн ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун жана чечимдерин КР ЖӨБ Союзу менен көбүрөөк макулдаша баштады.

Бирок бул мамлекеттик башкаруу органдары менен жемиштүү өз ара мамилелерди түптөөдө башталыш гана. Себеби жогоруда аталган нормага ылайык, мамлекеттик органдар ЧУА долбоорлорун даярдоо этабында эле КР ЖӨБ Союзу жана КР ЖӨБ органдары менен консультацияларды жүргүзүп, КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен чечимдердин долбоорлорун макулдашканга чейин алардын пикирлерин эсепке алышы керек. 2017-2018-ж.ж. кыш мезгилинде ЖӨБ Союзу Өнүктүрүү саясат институтунун жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен тиешелүү башкаруу органдарына төмөнкү ченемдик-укуктук актыларга карата өз тыянактарын жиберди: “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуунун, оптималдаштыруунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө” КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоору; “Курултайлар жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору; КР Өкмөтүнүн 2015-жыл- дын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору; КР Жогорку Кеңеши 2017-жылдын 13-декабрында кабыл алган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамы; “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору; КР Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн механизмдери жөнүндө” токтомунун долбоору; КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында жарым стационардык социалдык тейлөөнү уюштуруу жөнүндө” токтомунун долбоору.

ЧУАнын айрым долбоорлоруна карата маанилүү сунуштар, ой-пикирлер жана каршы пикирлер берилди. Бул тууралуу толук маалыматты төмөн жактан таба аласыз.

«Курултайлар жөнүндө» Мыйзам долбооруна катчылыктын иш-милдеттерин КР ЖӨБ Союзу аткарсын деген сунуш берилди

Диалогду түзүүдө, пикир алмашууда жана эки тараптуу байланышты түзүүдө курултайлар жөнүндө мыйзам долбоорунун коом жана бийлик үчүн оң мааниси бар. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, жергиликтүү жамааттар өз ара жардамдашуу, социалдык, экономикалык жана маданият милдеттерди биргелешип чечүү, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында, өз иштерин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана формаларда коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасында 2010-жылдан бери жергиликтүү өз алдынча баш- каруу органдарынын кызыкчылыктарын борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде коргогон жалгыз легитимдүү орган иштеп келет – “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу” Юридикалык жактардын бирикмеси.

Мүчөлүк уюм катары Союзда тиешелүү башкаруу органы, аткаруучу дирекциясы бар, өз ишин туруктуу жүзөгө ашыруу үчүн укуктук шарттар түзүлгөн, республикалык элдик курултайдын катчылыгынын функциясын толук кандуу жүзөгө ашыра алат. Буга байланыштуу мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 8-пунктунун экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда жазуу сунушталат: “Катчылыктын функцияларын Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу аткарат”.

Редакциядан: Бул маселе боюнча Өнүктүрүү саясат институтунун пикири КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун пикиринен айырмаланат. ӨСИ КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун миссиясы жана функциялары ага курултайдын секретариатынын милдетин аткаруу мүмкүнчүлүгүн бербейт деп эсептейт..

Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү механизми боюнча өкмөткө каршы пикир

КР ЖӨБ Союзу “Жергиликтүү өз алдынча баш- каруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн механизмдери жөнүндө” КР Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна карата терс корутундусун жиберди. Бул токтом долбоору сунушталган редакцияда ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө мыйзамдарды натыйжалуу аткарууга бут тоскон бир катар нормаларды камтыган. Аны менен катар, токтомдун долбоору колдонуудагы Өткөрүп берүү жөнүндө Типтүү келишимди кайталап, бир топ “кескиленген”, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилген трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасы жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузган; КР Өкмөтүнө ашыкча административдик жүк салган, ошондой эле укуктук жана практикалык көз караштан алып караганда бир катар башка кемчиликтерди камтыйт.

Окшош материалы: