Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы аялдар

2018-03-01 / Көңүл чордонунда
Жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы аялдар

Чечим кабыл алуу процессинде, жалпак тил менен айтканда, бийликке таасир тийгизип, бийликке катышууда аялдардын укуктарына карата реалдуу кырдаал чеке жылытпайт. Кыргызстанда соңку жылдары түзүлгөн мындай кырдаалды “Чечим кабыл алчу жерде – эркектер, иштегени келгенде – аялдар” деп сүрөттөсө болчудай.

Тилекке каршы, Өнүктүрүү саясат институтунун муниципалитеттердеги ишинин практикалык тажрыйбасы бул сөз чын болгонун тастыктап жатат. Эркектер чечим кабыл алуу үчүн чогулушат, ал эми ошол чечимдин алдындагы даярдык иштеринин олуттуу үлүшүн жана аны аткаруу боюнча иштин басымдуу бөлүгүн аялдар аткарышат. Бул сөздөрүбүздү жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы гендердик статистика да тастыктап турат. Бул статистиканы биз 8-март – Жаз майрамын эсепке алуу менен, эч кандай өзгөчө жоромол жасабастан жарыялоону чечтик. Адатта бул күнү аялдын коомдун өнүгүүсүндөгү ролун эстеп калат эмеспизби. Статистиканы аялдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы абалына карата иш жүзүндөгү кырдаалды так чагылдырган “жандуу сүрөттөр” менен гана көрсөтүп берүүнү чечтик. Ошондой эле бул “жазгы салатты” шайлоо процесстериндеги гендердик баланстын сакталышына жүргүзүлгөн изилдөөнүн үзүндүлөрү менен толуктадык. Биздин кадырлуу окурманыбыз тыянакты өз алдынча жасап алат деп ишенебиз.     

1-таблица. ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын (айыл өкмөт башчылар жана шаарлардын мэрлери) жетекчилигинде гендердик курам1

 

Облус

 

А

 

Э

Пайыздар менен

Чуй

4

107

3,6

Ош

1

90

1,1

Нарын

3

64

4,5

Баткен

0

36

0,0

Ысык-Көл

1

63

1,6

Жалал-Абад

3

73

3,9

Талас

1

38

2,6

БААРЫ

13

471

 

Орточо Кыргыз Республикасы боюнча

 

 

 

2,5

1 Бул таблицада ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун маалыматтары колдонулду.

АЯЛДАР ЖӨБдүн АТКАРУУ ОРГАНДАРЫНДА1

Аялдар бардык муниципалдык кызматтарда 37,0% ээлейт. Бирок саясий кызматтарда аялдардын үлүшү болгону 4,0%, жогорку кызматтарда – 13,0% түзөт. Негизги кызматта – 46,0%, башкыда – 41,0%, кичүүдө – 34,0%, патронаттык кызматта – 25,0%. Башкача айтканда, кызмат канчалык төмөн болуп, буга жараша айлык акынын деңгээли да аз, ал эми “кара” жумуш көп болсо, бул кызматты ээлеген аялдардын саны да көп болот.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү аялдар үчүн муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүк ушундай эле абалда турган эркектерге караганда начар. Айталы, муниципалдык кызматтарда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 134 адам иштейт, анын ичинен 117си эркек жана 17си аял. III топтогу майыптар – 51 (38%), алардын ичинен аялдар 12 (24%); II топтогу майыптар – 70 (52%), алардын ичинен аялдар 17 (24%);  I топтогу майыптар – 14 (10%).

1               Бул бөлүмдө “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу, 2015-2016. “Муниципалитет” журналына маалыматтык- аналитикалык тиркеме” басылмасынан алынган маалыматтар колдонулду.

АЯЛДАР ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДЕ1

Элеттеги жергиликтүү кеңештерде аялдардын көрсөтүлгөн деңгээлинин азайышы. Жалпысынан Кыргыз Республикасы боюнча 2016-жылдагы шайлоодон кийин аялдардын элеттеги жергиликтүү кеңештерде орун алышы 2% азайып, депутаттардын жалпы санынан 13% түздү. Аялдардын бул кызматтарда көрсөтүлгөн деңгээлинин өзгөчө азайганы Нарын облусунда (5%) жана Чүй облусунда (6%) байкалат. Талас жана Жалал-Абад облустарында айрым бир өсүш байкалды. Аялдардын жергиликтүү кеңештерде орун алуусунун эң төмөнкү деңгээли Ош облусунда байкалат. Шаардык кеңештердин курамындагы аялдардын үлүшү да азайды – 24,6 пайыздан 20,5% чейин кыскарды. Жалпысынан шаардык кеңештерде кырдаал өлкө боюнча жана облустар боюнча орточо алып караганда аздыр-көптүр жакшы. 2016-жылдагы шайлоонун жыйынтыктары боюнча кеңеште бир да аял болбогон шаар пайда болду – бул Кант шаары. Жа- лал-Абад, Таш-Көмүр жана Өзгөндөгү кеңештерде аялдар 10% азыраак. Жалпы тарабынан кабыл алынган 30% деңгээлге Айдаркен, Кемин, Ноокат, Токтогул, Чолпон-Ата, Шопоков, Сүлүктү шаарлары жакындап келатат. Көк-Жаңгак шаарында гана 30% босогодон ашышты, бул жерде аялдардын кеңештеги үлүшү 38,1 пайызды түздү же 21 депутаттын сегизи аялдар.

1  Бул бөлүмдө “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу, 2015-2016. “Муниципалитет” журналына маалыматтык-аналитикалык тиркеме” басылмасынан алынган маалыматтар колдонулду.

2-таблица. Аялдардын шаардык кеңештердеги көрсөтүлгөн деңгээли1

 

2012-жылдагы шайлоодон кийин

2016-жылдагы шайлоодон кийин

Шаар

 

Э

 

А

 

Баары

Аялдардын үлүшү

 

Э

 

А

 

Баары

Аялдардын үлүшү

Кербен

24

7

31

22,6%

24

7

31

22,6%

Айдаркен

15

6

21

28,6%

15

6

21

28,6%

Балыкчы

24

7

31

22,6%

24

7

31

22,6%

Баткен

26

5

31

16,1%

24

7

31

22,6%

Бишкек

 

 

 

 

36

9

45

20,0%

Жалал-Абад

27

4

31

12,9%

29

2

31

6,5%

Исфана

25

6

31

19,4%

27

4

31

12,9%

Кадамжай

14

7

21

33,3%

16

5

21

23,8%

Кайыңды

18

4

22

18,2%

17

4

21

19,0%

Кант

20

11

31

35,5%

21

0

21

0,0%

Кара-Балта

20

11

31

35,5%

25

6

31

19,4%

Каракол

23

8

31

25,8%

23

8

31

25,8%

Кара-Көл

 

 

 

 

25

6

31

19,4%

Кара-Суу

26

5

31

16,1%

26

5

31

16,1%

Кемин

16

5

21

23,8%

15

6

21

28,6%

Көк-Жаңгак

 

 

0

 

13

8

21

38,1%

Кочкор-Ата

 

 

0

 

18

3

21

14,3%

Кызыл-Кыя

22

9

31

29,0%

24

7

31

22,6%

Майлуу-Суу

26

5

31

16,1%

26

5

31

16,1%

Нарын

22

9

31

29,0%

24

7

31

22,6%

Ноокат

15

6

21

28,6%

15

6

21

28,6%

Орловка

14

7

21

33,3%

17

4

21

19,0%

Ош

37

8

45

17,8%

37

8

45

17,8%

Сүлүктү

22

9

31

29,0%

22

9

31

29,0%

Талас

29

1

30

3,3%

25

6

31

19,4%

Таш-Көмүр

21

10

31

32,3%

28

3

31

9,7%

Токмок

26

5

31

16,1%

26

5

31

16,1%

Токтогул

15

6

21

28,6%

15

6

21

28,6%

Өзгөн

25

6

31

19,4%

28

3

31

9,7%

Чолпон-Ата

14

7

21

33,3%

15

6

21

28,6%

Шопоков

13

8

21

38,1%

15

6

21

28,6%

Жалпы жыйынтык:

 

695

 

174

 

761

 

24,6%

 

695

 

174

 

869

 

20,5%

1 2012-жылдагы чакырылыш жөнүндө маалыматтар шаарларга суроо-талаптарды жөнөтүү жолу менен чогултулду, алардын ичинде маалыматтарды бербегендер да болду.

 

Эмесе, аялдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы үлүшү жөнөндө айрым бир фактылар:

–    саясий кызматтарда аялдардын үлүшү болгону 4 пайызды гана түзөт;

–    ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү муниципалдык кызматчылардын арасында аялдар жумуш орундарынын болгону 14,5% ээлейт;

2016-жылдагы аялдардын

шайлоодон            кийин

элеттеги

жергиликтүү

кеңештердеги кызмат орду 2% кыскарып, депутаттардын жалпы санынан 13% түздү;

–       шаардык кеңештердин курамында аялдардын үлүшү түштү – 24,6 пайыздан 20,5% чейин;

–       2016-жылдагы шайлоодон кийин жергиликтүү кеңеште бир да аял болбогон шаар пайда болду – Кант шаары;

–       Жалал-Абад, Таш-Көмүр жана Өзгөндөгү кеңештерде аялдар 10% ашпайт.

 

ГЕНДЕРДИК КӨРҮНҮШ: ПРАКТИКТЕРДИН ЖАНА ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨРДҮН БАЙКООЛОРУ

Өнүктүрүү саясат институту жана башка бейөкмөт уюмдар элеттик жамааттарда көптөгөн иш-чараларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүп келишет. Бул иш-чаралар гендердик теңдикке байланышкан реалдуу кырдаалга карата байкоолордун топтомун түзүүгө жол ачат. Төмөндөгү байкоолор кырдаалды толук сүрөттөбөйт, бирок жергиликтүү жамааттарда аялдардын чыныгы абалы кандай болгону, алардын чечим кабыл алуу процессине катышуу, өнүгүү үчүн бакубатчылыкка жана шарттарга жеткиликтүүлүк укуктары кантип ишке ашырылып жатканы тууралуу жалпы элести берет.

Эркек балдарга салыштырмалуу кыздардын өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрү азыраак

Соңку жылдары жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктары көп учурларда инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, таштанды тазалоо, жергиликтүү жолдорду оңдоо) болгон базалык керектөөлөрдү канааттандыруудан түрдүү социалдык маселелерди, анын ичинде билим берүү, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү маселелерди чечүүгө өттү. Көпчүлүк муниципалитеттерде спорт аянтчалары курулуп, спорт залдар ачылып, таймаштар өткөрүлүп келет. Бирок бул спорттук объекттердин басымдуу бөлүгү негизинен эркектер алектене ала турган спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө арналган. Айталы, муниципалитеттерде футбол талаалары курулуп, күрөш, бокс, машыктыруучу ж.б. залдар ачылууда. Ошентип спорттук секциялар жана объекттер кыздар жана аялдар үчүн эмес, негизинен балдар, жигиттер жана эркектер үчүн жеткиликтүү болууда. Бул спорттук объекттерди колдонгон гендердик баланска карата статистика жүргүзүлбөйт. Бирок эркектер үчүн спорттук объекттер тууралуу кабарлар абдан көп, ал эми аялдар үчүн спорттук кызмат көрсөтүүлөр ачылганы тууралуу жаңылыктар ушунчалык сейрек болгондуктан, сенсациялуу кабар катары кабыл алынат. Бирок акыйкаттык үчүн белгилей кетиш керек, мындай кабарлар бар. Мисалы, Чүй облусунун Гроздь айылында аялдар үчүн спорт зал ачылса, Жалал-Абад облусунун Масы айылында талаада кыздардын волейбол командасы машыгып турат. Бирок чындап эле мындай көрүнүштөр өтө сейрек кездешет.

Аялдардын башкаруу органдарында иштөө укугу шектенүүнү пайда кылууда

Тоолуу райондордун бириндеги айыл өкмөтүндө жалгыз келин иштейт. Бирок анын жумушка болгон укугун коомчулук шектенүү менен кабыл алгандыктан, келиндин күйөөсү аны күн сайын жумушка узатып барууга мажбур. Келиндин жолдошу жумуш күнү бүткөнгө чейин анын жанында отурат, антпесе кызматтык милдеттерин аткарып жатканда чоочун эркектер менен сүйлөшүүгө туура келгендиктен үй-бүлөлүү аял катары аброюна шек келүүдө.

“Жакшы кыз” деген социалдык стереотип кыздардын социалдашуусуна тоскоол болууда1

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жамааттарда кыздарга, алардын жашоо образына, каалоолоруна жана карьералык дымактарына карата өтө катаал гендердик стереотиптер калыптанып калган. Булар кыздарга социалдык басым жасап, аларга өз кыялдарына жана максаттарына жетүүгө бут тосууда. Эң кеңири жайылган стереотиптердин бири болуп “жакшы кыз” деген түшүнүк эсептелинет. Бул стереотип кыздын үйдө жана жамаатта карманышы керек болгон жүрүм-турум моделинин жыйындысы болуп саналат. Биринчи кезекте бул стереотип кыздын тышкы келбетине тиешелүү. “Жакшы кыз” денесинин кайсы бир жерин бөлүп көрсөтпөгөн жупуну кийим кийип жүрөт; көпчүлүк “жакшы кыздар” жоолук салынып, хижаб кийишет. “Жакшы кыз” эркектер менен сүйлөшпөйт, үй жумуштарын мыкты аткарат, ата-энесин угат жана эч кандай дымактуу карьералык пландарды курбайт. Мындай кыздар мектептеги жана жамааттагы коомдук иш-чараларга тартыл- байт. Фокус-топтор маалында түзүлгөн портретке ылайык, “жакшы кыз” ата-энесинин жана улуулардын тандоосуна көнөт; 18 жаштан кеч калбай турмушка чыгып, үй-бүлө күтөт. Бул стереотип кыздардын жогорку билим алуусуна, атүгүл орто-атайын билим алуусуна да бут тосууда. Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, кыздар ичинен каршы болуп жатса да, өзүнүн ролун коомдук пикирге ылайык кабыл алууга мажбур. Кыз- дар эркин болуп, билим алып, хижаб кийбей жүрүү тууралуу кыялдары менен бөлүштү, бирок алар өз жамааттарындагы коомдук пикирге өз алдынча каршы тура алышпайт. Социалдык нормалардан жана “жакшы кыз” стереотибинен четтесе, мунун кесепеттери оор болот – социалдык изоляцияда калып, коомдук айыптоого туш болот.

КЫРДААЛГА ТААСИР ТИЙГИЗСЕ БОЛОБУ?

Жергиликтүү жамааттардагы иш практикасы көрсөткөндөй, каалоо болсо жамаат аялдарды чечим кабыл алуу процессине тартып, гендердик балансты өзгөртүп, теңдештире алат. Коомдук талкууларда жана инвестициялоо үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду тандоодо аялдардын катышуу деңгээли кантип өсө турганын ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жергиликтүү жамааттар менен иш тажрыйбасы көрсөттү. Ошону менен бирге көп учурларда аялдардын катышуусунун эффективдүүлүгү эркектерге салыштырмалуу жогору болуп чыга келет. Бул жерде аялдар эркектерге салыштырмалуу өздөрү сунуштаган долбоорлорду канчалык ийгиликтүү коргогону тууралуу сөз болуп жатат. Айталы, 2017-жылы Чүй облусунда инвестициялоо үчүн өз долбоорлору менен тааныштырган аялдардын арасында ар бир экинчи аял жамаат тарабынан колдоого ээ болгон – аялдар сунуштаган 14 долбоордун жетөө колдоо тапкан. Эркектер арасында ийгиликтүү ба- яндамачылар азыраак болду – ар бир бешинчи эркек колдоо тапкан, себеби жамаат эркектер сунуш- таган 20 долбоордун ичинен төртөөн гана колдоп берген. 2018-жылы Ош жана Нарын облустарында аялдардын арасынан ийгиликтүү баяндамачылар- дын үлүшү 42 пайызды, эркектер арасында 39 пайызды түздү. Чүйдөгү муниципалитеттерде добуш берүү да- ярдалган аудитория- да жүргөнүн белгилей кетүү зарыл – эки жыл бою ЭҮЖӨБОЖ Долбоору анын ичинде гендердик теңдик маселелери боюнча да бул муниципалитеттерде иш алып барган. Нарын жана Ош облустарында иш эми гана башталды. Бирок бул жерлерде да аялдар арасында ийгиликтүү баяндамачылар бир аз да болсо көбүрөөк болуп чыкты. Бардык облустарда чогулуштардын катышуучуларынын басымдуу бөлүгүн эркектер түзгөнү маанилүү фактор. Бул демек аялдар сунуштаган долбоорлор үчүн аялдар да, эркектер да добуш берди дегенди билдирет.

1  КРдагы ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын филиалынын буйрутмасы боюнча “Youth of Osh” коомдук бирикмеси тарабынан аткарылган иликтөөдөн алынды.

Окшош материалы: