Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын форумунун РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

2018-05-04 / Көңүл чордонунда
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү  өз  алдынча башкарууларынын форумунун РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары 2018-жылдын 3-июлу Биз, “Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу” аттуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Форумунун (мындан ары – Форум) катышуучулары, ЖӨБ органынын 92 өкүлүнүн; Мамлекеттик органдардын 13, анын ичинде КР Президентинин Аппаратынын, КР Жогорку Кеңешинин жана КР Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлүнүн; ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык коом уюмдарынын 19 өкүлүнүн, жалпы - 124 Форумдун катышуучуларынын атынан, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгесин колдоп, төмөнкүлөрдү белгилейбиз.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, өлкөнүн ар бир жаранынын бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү жана тең салмактуу өнүктүрүү зарыл. Мунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жагымдуу турмуш шарттары түзүлөт. Форумдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү жана тең салмактуу өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй маселелерди чечүү чаралары зарыл деп эсептешет:
 
• пландоонун жана башкаруунун тармактык принцибинен, аймактарды өнүктүрүүнү пландоонун жана башкаруунун бирдиктүү системасын түзүүгө өтүү, жергиликтүү жана мамлекеттик өнүктүрүү программаларынын ортосунда макулдашууну жана өз ара байланышты камсыз кылуу;
 
• мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы иш-милдеттерди тең салмактуу бөлүштүрүү жана алардын талаптагыдай каржылануусун камсыз кылуу;
 
• ЖӨБ органдарын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү маселелерин чечүү, мында алардын муниципалдык ассоциациялары жана союздары аркылуу айтылган бирдиктүү пикирлерин эске алуу;
 
• Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары менен муниципалдык ассоциациялары жана союздары аркылуу жергиликтүү жамааттар ортосундагы өз ара байланышты өркүндөтүү;
 
• Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн аймактык дезагрегатталбаган көрүнүшүн түзүү үчүн маалыматтарды жыйноо жана анализдөө системасын өркүндөтүү;
 
• кабыл алынган мыйзамдардын регионалдык өнүктүрүүгө тийгизген таасирин баалоонун системасын киргизүү;
 
• ЖӨБдүн коомдук маанилүү иш-милдеттерин каржылоодо аймактык ажырымды кыскартуу, бюджеттик камсыздоону теңдештирүүнүн жаңы эффективдүү жана ачык-айкын системасын иштеп чыгуу, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды жеткиликтүү каржылабай коюуну болтурбоо.
 
Форумдун катышуучулары бул маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик башкаруу органдары ЖӨБ органдары менен биргеликте аймактарды өнүктүрүү, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана жарандарга кызмат көрсөтүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн эффективдүү системасын уюштуруу керектигин белгилешет. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, өз ара аракеттенүүнүн бул системасы төмөнкү принциптерге негизделет:
 
• мыйзамдуулук жана социалдык адилеттик;
 
• мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү;
 
• ачыктык жана мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдардын карамагында болгон маалыматка жарандардын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
 
• жалпы мамлекеттик кызыкчылыктар менен жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарынын оптималдуу балансын камсыз кылуу;
 
• жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарды жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын ишке ашырууда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин камсыз кылууда өз ара аракеттенүү жана кызматташуу;
 
• мамлекеттик органдарды жана ЖӨБ органдарын аткарууга милдеттендирген өз ара аракеттенүүнүн ченемдик жол жоболорунун жана механизмдеринин бар болгону.
 
Жогоруда аталган принциптерге негизделген өз ара аракеттенүү системасы ЖӨБ органдары жана мамлекеттик органдар үчүн эффективдүү, ченемдик жактан бекитилип берилген жана милдеттендирилген механизмдерди камтышы керек. Анын ичинде: ЖӨБ органдарынын бардык мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө:
 
• муниципалдык ассоциациялар же союздар менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана ЖӨБго тиешелүү болгон, мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде кабыл алынган башка чечимдерди милдеттүү түрдө макулдашуу механизмин мыйзамдар менен бекитүү;
 
• аймактардын өнүгүүсүн комплекстүү пландоонун бирдиктүү системасын түзгөн мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу (учурдагы сунуштарды эске алуу менен). ЖӨБ органдарынын КР Жогорку Кеңеши менен өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө:
 
• бюджет аралык мамилелерге тиешелүү маселелер боюнча Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдашуу жыйынынын өзгөчө протоколу;
 
• Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн тигил же бул чечимдери жергиликтүү жамааттар- дын өнүгүүсүнө, ошондой эле ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органдарынын – жергиликтүү кеңештердин иш сапатына тийгизген таасирине байланышкан маселелер боюнча ЖӨБ органдарынын ассоциацияларынын жана Союзунун Жогорку Кеңештин алдында милдеттүү түрдө жылдык доклад жасоосун киргизүү;
 
• мыйзам долбоорлорун кароодо ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын бирдиктүү пикирин эске алуунун механизми (мыйзам долбоорлорунун региондорду өнүктүрүүгө таасирин баалоо; ЖӨБнун Жогорку Кеңештеги өкүлү; Жогорку Кеңештеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча өзүнчө комитети ж.б.);
 
• Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларына шилтемеси бар жергиликтүү өз алдынча башкарууга байланыштуу мыйзам долбоорлоруна, бул мыйзам долбоорлоруна тийешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору менен бир пакетте каралуусу тууралуу талап. ЖӨБ органдарынын КР Президенти менен өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө:
 
• КРнын жергиликтүү жамааттарынын абалы жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдарынын жөндөмдүүлүгү жөнүндө жылдык доклад;
 
• КР Президентинин ЖӨБ органдарынын менен үзгүлтүксүз жолугушуусу (мүмкүнчүлүгүн карап көрүү). ЖӨБ органдарынын КР Өкмөтү менен өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө:
 
• жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү жана ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугу маселелери боюнча туруктуу ведомстволор аралык комиссияны же КР Өкмөтүнүн кеңешин түзүү;
 
• Бюджет аралык мамилелер маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдашуу жыйынынын өзгөчө протоколу.
 
Бул протокол бюджет долбоорун КР Жогорку Кеңешине бергенге чейин бюджет аралык мамилелерге карата пайда болгон бардык кайчы пикирлерди жоюшу керек;
 
• региондорду өнүктүрүү программасы шаарларга гана эмес, башка өнүгүү дараметине ээ болгон аймактар үчүн да тийешелүү.
 
Форумдун катышуучулары КР Жогорку Кеңешине, КР Президентине жана КР Өкмөтүнө жогоруда сунушталган механизмдерди актуалдаштыруу жана ишке берүү сунушу менен кайрылат. Ошондой эле төмөнкүлөрдү да сунуштайт:
 
• бул механизмдерди деталдуу түрдө карап чыгып, аны ишке киргизүү үчүн тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдарына караштуу жумушчу топторду түзүү;
 
• аталган механизмдерди мамлекеттик башкаруунун практикасына киргизүү үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлорун жумушчу топтордун күчү менен иштеп чыгуу.
 
Бул Резолюция 2018-жылдын 3-июлунда “Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу” Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Форумунун (мындан ары – ЖӨБ) катышуучулары тарабынан кабыл алынды. Добуш берүү учурунда отурган форумдун катышуу чуларынын баары резолюцияны колдоп добуш беришти. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жазып алынды жана муну протоколдук топтун атынан Форумдун уюштуруучулары тастыкташат.
 
Протоколдук топтун курамында: В. ИСАЛИЕВА, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү; Н. КОЖОШЕВА, “КР Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу” ЮЖБ өкүлү; Н. КУМУШБЕКОВ, “Өнүктүрүү саясат институту” Мекемесинин өкүлү кирген протоколдук топтун атынан Форумдун уюштуруучулары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын жазып алышкан жана тастыкташат.